Гүлсүнай Маамова: Бала

  • 17.07.2021
  • 3070

АҢГЕМЕ

Кичинекей кыз төрдө олтурат; колундагы пластилинди мыжыгып. Колу иште болгону менен көзү төрдөгү сыналгыда. Бир кезде жомок дүйнөсү өзүнө тарттыбы, ишин унутуп бар дитин ошого бурду.

- Ээй тоолор! Менин атамды көрдүңөрбү? - Атасын издеген бала тоолорго кайрылат.

- Жок! – дейт күнгүрөнгөн үн баланын дилине куса уютуп.

Андан ары үмүтү үзүлбөй дикилдеген бала асман толо жылдыздарга термелет:

- Жылдыздар, эй, жылдыздар! Менин атамды көрдүңөрбү? Силер бийиктесиңер, эгер көрүп калсаңар айткыла атама, уулуң күтүп жүрөт дегиле?!

- Жок, балакай! Учурата албадык. Айдан сурап көр. Анын жарыгы бүт ааламга жетет. Балким ай таап берер, сүйүктүү атаңды.

- Ай! Ааламды жарыткан ай! Атамды көрдүңүзбү? Эгер көрсөңүз уулуң сагынды деп айтыңыз. Сизден суранам!

 -Көрдүм уулум. Көрдүм! Атаңа саламыңды жеткирем. Ал албетте, келет! Так секирген баланын кубанычы бир аалам!

Жан дүйнөсү менен жомокко сиңген кыз колундагы пластилинди төргө ыргытканча элеңдеп эшикке шашылды. Эч кимге көрүнбөй үйдөн жылып чыгып, жылдыз толо асмандагы айды бет алып, айылдан сызып баратты.

Эки көзү, үмүтү, тилеги да сан миң жылдыздарда, топтоголок мис илгендей жаркыраган айда.

Кичинекей дөңсөөгө чыгып, эки жагын каранды. Чымчыктай жүрөгү туйлаган кыз:

- Аймама! Аппак ай-мама! Мага момпосуй керек эмес. Менин атамды көрдүңбү? Мен аны сагындым. Равшандын атасын тапкандай таап берчи?!

Наристенин быйтыйган колдору, беттери ысый чыкты. Туптунук асманда жылдыздар коштогон ай каалгып, сүзүп бара жатты. Айдан көз үзбөдү.

… Ай муздак. Ай жапжарык. Ай үнсүз… Айдан жооп күткөн кыздын өңү суз тартты. Кыйлага көзүн үзбөдү, үшүдү, дилдиреди… Жомоктогудай атасын таап алууну абдан-абдан каалады. Кусага баткан карагат көздөрүнөн жаш чайды.

- Эмнеге жооп бербейсиң?!

Айдын унчукпай койгонуна таарынды. Өзүнө батпай уңулдап ыйлап кирди. Бул сагынычтын, ызанын, бир көрүнбөгөн атасына болгон таарынычтын көз жашы эле.

Эмне үчүн аны эркелетип, Сажида сыяктуу жетелебейт атасы. Көйнөк, балмуздак сатып бербейт… Эмнеге бир көрүнбөйт…

- Надира! На-ди-ра! Каякта жүрөсүң? Жети түндө балее барбы быякта! Жүрөгүмдү түшүрбөдүңбү?

Жерден так көтөрүп кейиген энесинин ийнине башын жөлөп, ого бетер жашын төктү…

- Болду! Коркуп калгансың го, апаптайын! Экинчи караңгыда дайдиленчү болбо! Түлкү апкетет.

Кыздын жүрөгү куса менен ызага батып турду. Качанга чейин алдашат… Түлкүдөн деле коркпойт эле. Атасын жок дегенде бир эле көрсө мейли эле…

Сураса энеси айтпай койгон, эми ай да унчукпады…

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз