Турсунжан Темиркан: Карегиме каткан ырлар

  • 03.08.2021
  • 2999

АРМАН
-Сырың барбы?
-Сырдуумун.
-Муңуң барбы?
- Муңдуумун.
Ажаты аз алабарман дырдуунун.
Жөнчүлүктө көп иштерге ыгым жок,
Жөнүн билбей жумур жилик кылгуунун…

- Сының барбы?
- Арманыма жетбей жүргөн өөнүм бар.
- Кандай арман?
- Эрме чөлгө эриндери кезерген,
Булутумду бура тартпай эгер мен,
Тамчы болуп тамсам деген көөнүм бар…

- Билесиңби тегиңди?
- Билем, бирок окшош эле адаммын.
Алмустактан аз көрбөгөн азапты,
Өтүнөйүн тамыры бир  даракты,
Айырмалап оозун ачпа какарт баскан жарамдын…
- Кыялыңда не кымбат?
- Мага берген аппак сүтү апамдын.
Ошол ак сүт өбөк болгон өмүргө,
Ак тилегин аттиң кантип актаармын.
Анан арбып өкүнүчүм, шаттыгым,
Карегимде тама албаган жаш калдың…

- Жактырасың эмнени?
- Жарык көрүп жашап келген мекенди.
- Кайда барып карысаң да болот ко?
- Кой, айтпайлы  андай алсыз бечелди.
ЫРДАЙ БЕРИП
Ырдай берип ызылдаган куурайды,
Унутупмун ыргайды.
Ырдай… ырдай, кызый… кызый келгенде,
Калпагым да башыман ооп кыңайды…

Ырдай берип кыздарды,
Как жүрөктө каткан шири сыз калды.
Как сулуулар кара көзүм кашайтып,
Ээрчип кетти эби үстөм тыңдарды…

Ырдай берип өткөөл бербес кашаатты,
Өкүнгөндө өксүк басып, жаш акты.
Өктөм чыкты өңгөлөр,
Ырсыз эле терип буудай, машакты…

Ырга кошуп тоолорду,
Ыр тизмеги тоодон бийик зоо болду.
Ырымды угуп тили чыккан ымыркай,
Ырдан өңгө билбей турган моо болду…

Ырдай берип бечелди,
Билбептирмин бечел кылган кеселди.
Ырга алданбас ырайымсыз бу өмүр,
Буйтаң кагып көшөрдү…

Ырдай берип өңүмдү да түшүмдү,
Жетишкеним ушулбу?
Арсалаңдап, айгай салып жинигип,
Урбаса экен ыйык ырдын кусуру…

Бир акылман айтат:
- Андай болбойт ыр деген,
Ыр дегениң келет миң бир түр менен,
Шаттык менен келет кашкөй муң менен…

Аласалган толкундардай шар менен…
Бороон куштай каар менен…
Аккуулардай наз менен… 
Ай-ааламдын акыйдеси – ар менен…
Антип-минтип ыр кунарын суз кылбай,
Алты эчкиңди абдан багып ал берен…

ЖАЛГЫЗ ГАНА

Жалгыз гана үнүм бар,
Жалгыз гана муңум бар.
Жанар тоодон наар алып,
Жайнап өскөн гүлүм бар.
Жалгыз гана күнүм бар,
Жалгыз гана айым бар.
Жасаманы түшүнбөй,
Жалдыраган жайым бар…

Жалгыз түшөр изим бар,
Жалгыз обон ырым бар.
Жактырбаган жамандар,
Жалаңдаган тилим заар…

Дүйнө барат дүбүрөп,
Өтөр өмүр – күбүлөт.
Өмүр үчүн өрөпкүйм,
Жүргүм келбей кибиреп.

Тоонун тентек суундай,
Таштан ташка урунмай.
Тарпылдаттың эй өмүр,
Тарпаң мүнөз кулундай…

Кимиңерге тар болом?
Кимиңерге кең болом?
Кимиңерге тең болом?
Кимиңерге жем болом?

Жалгыз арман санаамда,
Жалгыз күнгө жылынып.
Жалгыз күнүм – аруулук,
Колдо тилейм сыйынып…

Тегеренген кара жер,
Телегейиң мага бер.
Теңдигиңдин курманы -
Болсом болду, ала бер.

Жалгыз азоо ырыңды
Ырда жүрөк ырда сен.
Ыйлап өткөн күнүм бир,
Куунап өткөн жылга тең.

Арманыма оттугум,
Ата мекен коштугум.
Ак тилегиң аздектеп,
Өтсөм болду жок муңум…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз