Жаныбек Маданбек: Буттан бүткөн поэма

  • 26.06.2021
  • 4936

(дастан)

Апам Чүрөк Балбак кызына (1924—1988-жж.) арнайм

(1)

Көк-Теректин болбосом да улугу,

Көңүл-көйүм Көк-Өзөндүн тунугу.

Мен кимдерге окшобоюн,  жүрбөйүн,

Мээм,  дилим,  тилим  кыргыз туюму.

 

Ысыгына,  суугуна да жоромун,

Ырдай сезем элет жердин бороонун.

Кыялымды канат кылып эргиген,

Кыргызымдын бир кырааны боломун.

 

Мен өзүмдүн айта келсем дайыным,

Мекендедим кең Текестин жайыгын.

Корчагиндей болбосом да каарман,

Көкөй кескен бар өзүмдүк тарыхым.

 

Жаң хайдысы[1] болбосом да кыргыздын,

Жарыгымын жерде турган жылдыздын.

Жабыкпастан,  жалыкпастан үйрөнүп,

Жакшы үлгүсү болуп калдым уул-кыздын.

 

Жүрүшү бар,  үлүшү бар «аксакмын»,

Жүрүшүнө кызыгамын жакшы аттын.

«Ат туягын тай басат» дейт,  ал ырас,

Акындыкты тай кезимен баштапмын.

 

Эрегишкен кунанындай баланын,

Эшектерден озуп кетип барамын.

Мисал тартсам жазуучуга өзүмдү,

Мына бүгүн Алыкулдай баралым...

 

Ыйман жакта Теңир,  сыйдын кулумун,

Ырчылыкта Токтогулдун муунумун.

Сырдашалы,  ырдашалы туугандар,

Сынчылыкта Толубайдын уулумун.

 

Кечиргиле,  «мен акынмын» дебедим,

Керекке бир жараймынбы деп келемин.

Буту менен салым кошом деп жүргөн,

Бул тоолуктун «жаман уулу» элемин.

 

Калса дагы ал жогорку окушум,

Кайраттанып ээлейм өнөр чокусун.

Караан болуп жогорлоттум бир номур,

Калпак кийген аз улуттун нопусун.

 

Кешеле[2] эмес талантыма кемдигим,

Кең көрбөймүн «жалган дүйнө» кеңдигин,

Келем издеп кең дүйнөдөн жар эмес,

Кем жандардын эки колдой теңдигин.

 

Кулмырзамын,  кайда мага Аксаткын?

Кудай калыс,  рух жакта сап-сакмын.

Кур денени не кыласың элим оо,

Курбаты[3] бар тоолук кыргыз «саксакмын».

 

Калпак кийип карсайганым неге таң,

Кайсаңдабай карапайым келетам.

Кыргыздыгым тилим менен дилимде,

Кыргызбы деп сурайт кээлер эне-атаң?

 

Уйгурларды мурду менен муртунан...

Улуттарды биз тааныйбыз туркунан.

Бирок мени «ханзубу деп,  хуйзубу»,

Бир далайы жаңылышты сыртыман.

 

Улутумду билмек болсоң тилимди ук,

Улуу тоонун абасындай дилимди ук.

Акча,  укук,  атак деген кур сөөлөт,

Ар-ыйбаалуу акыл,  намыс,  билим кут.

 

Ырдап калсам үнсүз ыйлап киремин,

Ыйлап калсам «ичтен ырдап» ийемин.

Акындыктан ардакталган чагымда,   

Ак калпакты башка кырдап кийемин.

 

Көппү-азбы,   барбы-жокпу билимим,

Көчөдөгү көп пенденин биримин.

Көйрөңдөргө көрүнсөм да жупуну

Көркөм,  таза,  өзүмө чак кийимим.

 

Жокко тете болсо деле киреше,

Жакырлардан күнүм менин миң эсе.

Жашоодо бул куру койбойт Жараткан,

Жакшылыкты,  ден соолукту тилесе.

 

Деген экен «билим – кут» деп атакем,

Демөөр кылып көп айтчу эле апакем.

Көрбөсөм да,  өспөсөм да аталап,

Көкөйүмө ата сөзүн жат этем.

 

Өссөм эгер арча сымак өсөмүн,

Өчсөм деле арча сыяк өчөмүн.

Өзгөлөрдүн чогун уурдап бет күйбөй,

Өмүрдөн бул жарык бойдон өтөмүн.

 

Тагдырыма келбейт менин жалынгым,

Ташты жарып тырмалаган тамырмын.

Тамчы сууга жетпесем да тамызда,

Тамыр жайып өскөнүн көр шагымдын...

 

Билген билет майыптардын намысын,

Билим ээлеп бийик тиктөө  парызым.

Кеп угат деп табиятка,  пендеге,

Келем айтып кем сөз жандын арызын.

 

Тууган эмес  адам керек адамдай,

Тумшуктуунун кереги жок мага андай.

Бүркүт болсо кээде бизге туугандар,

Бирөөлөргө болот аңкоо жагалмай.

 

Биринчи ирет түзүп чыккан «эсепти»,

Билгир кылган киши сөрөй «эшекти».

Мансаптан да илим жолун чоң билген,

Маданбектей ата руху  десекпи?..

 

Кең карасаң – жылдыздарга теңмин мен,

Кем карасаң – уул-кыздардан кеммин мен.

Бутум – кутум,  колум жана канатым,

Бул дүйнөгө адаммын деп келдим мен!

 

Ырчы,  сынчы,  ооба бала «Чыңгызмын»,

Ырысынан жаралган бул кыргыздын.

Изде мени кишилердин дилинен,

Издебегин арасынан «кырмыздын».

 

Орносун деп эл теңдиги,  ырдадым,

Орус сөзүн немис тууган жырбагын.

Баары улут баласындай бир үйдүн,

Бакыт изде,  бай ашат таап жыргагын.

 

Тар кепеде мен ушинтип күйүгөм,

тагдыр эмес,  талантыма күйүнөм.

Жерге кирсин оопа болбойт,  жылытпайт,

Жырткыч болуп жыйып-терген дүнүйөң.

 

Нээтимдеги ушул менин жомогум,

Негир,  сары уул-кызына жоромун.

Чындыгында батыш,  түштүк,  түндүктүн

Чыгыштагы мен бөлөсү боломун.

 

Тилден эмес,  динден эмес,  тилектен –

Тууган тартам кишилерди жүрөктөн.

Кайсы жылы тили буруу бирөөнү

«Калмак,  каапыр» дебей үйгө түнөткөм.

 

Баары жалган бул дүйнөнүн... өлүм ак,

Баарынан да балалыктын көңүлү ак.

Бак талашпай,  так талашпай, эй боорум,

Башыңдагы жамандыкты көрүңө ат.

 

Пейил,  ызат  алтын менен ойномой,

Пенде өтөбү аны менен ойнобой.

Өмүрдөн бул өткөн эчен жакшылар,

Өз башынын көр тирдигин ойлобой.

 

«Балдарыңдын көзүнөн жаш акпаса,

Бар дүйнөңө канаат кылып ак жаша.

Сетерлерди көрүп алып чүнчүбө,

Сенден төмөн канчалар бар,  шат жаша!»

 

Калам угуп элден ушул сүйлөмдү:

«Кандай жашап,  колсуз кантип күн көрдү?»

Бул саптардан окурманым билер дейм,

Буттан бүткөн менин ырлуу дүйнөмдү.

 

Бул ким дебе чачкан жүрөк жалынын,

Бутка кармап келем жашоо жарыгын.

Театрдай созулуп ыр толгогон,

Тигил бетпак «Гүлмайранын» жарымын.

 

Текестеги кыргыздардын кимимин?

Тетик чыккан тентегинин биримин.

Бутун колго,  боюн чоңго тең кылган,

Буюкпаган кишилигим – билимим.

 

«Эки кылым жашаган» бул чологуң,

Элге айтат ал өзүнүн жомогун.

Сурап жүрбөй ар кимдерден,  аңырттан,

Сезгин ырдан Жакенин ким болорун.

 

Жазгандарым чалды-куйду борошо,

Жаан-чачын,  жашоо деген жол ошо.

Мээнет менен изин салып,  мал баккан,

Менин бабам мейкин түздөн обочо.

 

Жазуу  жолум,  калем  канат ушундай,

Жашап келем Асанкайгы тушундай.

Тең,  адилдүү «жер уюктай» жай издейм,

Теңир Тоонун тырмагы жок кушундай.

 

Койчу ошол Коңурбайдын кара атын,

Колтугумда бар менин да канатым.

Алдына өтөм Аксак-Чолок болсом да,

Аккула атты демегендей Манасың!...

(2)

Көк-Теректей көркөм өзөн айылдын

Көл-шал түшкөн көктөмүнө кайылмын.

Жамгырдан соң жашын сүртүп жылмайган,

Жалгыз турган жакадагы кайыңмын.

 

Күн бүркөлсө көздө мончок жаш турат,

Күздө болсо күркөлүү үйдү шаштырат.

Күр-шар этип өткүн өтүп ачылса,

Күлүп турган мен болом жаш аткулак.

 

Булут көчсө жарк-журк этет чагылган,

Бул тагдырга мен ошондой чабылгам.

Көк-Теректин көктөмүндөй,  жазындай,  

Көл-шал түшүп...  Кыш каарына кабылгам.

 

Мен төрөлүп түштүк жактан каз келген,

Мезгил оошуп мээримдүү бир жаз келген.

«Умай энем» сунган жылуу колун маа,

Урук-тууган «кайтараарда» аз жерден.

 

“Кандай жашайт?” - десе бирөө алайып:

“Каапыр муну укпасын, – деп, - калайык...”

Кең дүйнөнүн кенендиги,  пейили

Кеткен экен мен келгенде тарайып.

 

Келиптир деп бул жашоого жаңылыш,

Кеңкелестер кеп кылышкан каңылыш.

Ырас,  анда биздин үйдө болуптур,

Ыйман менен ыймансыздык кагылыш.

 

Урук-тууган үркүп-чочуп кетиптир,

Ултунуптур,  «олда Кудай...» дешиптир.

Уул экен деп сурай албай сүйүнчү,

Уйгур аял киндигимди кесиптир.

 

“Кең дүйнөгө батпай калган наристе,

Келген эмес... берген эмес аны, эсте.

Эгем муну жаратпаган бекерге,

Эң чоң күнөө – периштени кар этсе!”

 

Деп кобурап Умай энем улутунуп,

Денесине баскан экен кымтынып.

Жээриген ал кең дүйнө үчүн каз турдум,

Жесир кемпир кепесинде умтулуп.

 

«Бул  мышыктын каргышына келген-ээ,

Бутун кескен атасы анын делбе де...»

Учуп жатты уламышы ушактын,

Ушул биздин кеп жатпаган жергеде.

 

Билбейм,  атам мышык бутун кескендир,

Бир себептен мени майып эткендир.

Мени көрүп тообо кылгын адамдар,

Мени айтып тукумуңду шектендир.

 

Туну болуп төрөлсөм да бир үйдүн,

Туруптурмун «кенже уул» болуп үйүмдүн.

Турмуш,  жазмыш эмне экенин билдирип,

Туугандардын тообосун бир үйүрдүм.

 

Жасап берип майлуу-сүттүү буламык,

«Жаны мунун бек болсун» деп муңайып,

Кабылбекке,  Канатбекке ини деп,

Кайран энем ысым койгон ылайык.

 

«Маданбектин уулусуң деп Жаныбек»,

Мага дайым үйрөтүүчү ар ирет.

Так чыкканда тилим менин эртелеп,

Таң калыптыр айылдаштар «бали!» деп.

 

Тегим: Деркен,  Балбак,  Балбай,  Эшкожо,

Токой... Белек  бабаларым ээ,  ошо.

Апам – чүрөк,  атам – Мадий эле деп,

Айтып берем сурап калган элге ошо.

 

Кичинемден ээрчип жүрүп апалап,

Кир чалдырбай эс тартыпмын жакам ак.

Кишиликтин жолун апам үйрөткөн,

«Киндик энең Маймунем» деп тапалап.

 

«Тошылаң»[4] деп болуучу чоң таякем,

Тоодой сүрдүү,  окумуштуу зал экен.

Мага жана өз уулуна ысымды

Маани берип уйкаштырган ал экен.

 

«Такылдак» деп үчүм менен төртүмдө,

Тажап кетчү эжем келип төркүнгө:

«Деги,  адам болуп калган турбайбы,

Дедиң эле апа “муну өлтүрбө”...

 

«Бут манжасы кыпчып алып кашыкты,

Бул Жакеним мына ушинтип машыкты» –

деп энекем сыймыктанып мен менен,

Дегинкиси,  башкаларды жашытты.

 

“А,  не болду?!” - дечү келсем үшкүрүп,

«Акчүч» дечү кээде калсам чүчкүрүп.

Жыгылсам же бозек болсом балдардан,

Жетүүчүмүн апакеме күч кылып.

 

Ошондон мен тынымсыз да чыр болдум,

Ооба,  коңшу,  эли-журтка сыр болдум.

Эрегиште,  чүкө ойногон кезимде,

Эки колдуу чеберлерден тың болдум.

 

Кошунанын күн көрсөтпөй кызына,

Коркутчумун жыгып жолдун музуна.

Эчен ирет болдум сийип качкандай,

Эже-жезде,  коңшулардын тузуна.

 

Таранчы деп бир тантык чал болчу эле,

Тамашалап жинге тийип койчу эле.

Арт жагынан башына атып чалманы

Ат үстүнөн кулатканмын чорт эле.

 

Тебетейи ыргып алыс башынан,

Телпелектеп жөө калды эле атынан.

Тил укканмын, таяк жегем энемден,

Тынч жүрбөгөн чубуттардын дартынан.

 

Неге десең,  аламын дейт энеңди,

Нербе чалга мен энемди беремби?

Мээлеп туруп сол бут менен таш алып,

«Ме,  сага!» деп мээсине аткам жебемди.

 

«Мерген» дешип,  «мылтык» дешип бутумду,

Менден далай мыкты чоңдор утулду.

Өз чүкөсүн уттургандар чыдашпай,

Өзгө айылдын ордочусун тукурду.

 

Чүкө баштык толгон кезде томпоюп,

Чемпиондой калар элем компоюп.

«Үлүштөрүн» басып алып чанага,

Үйгө тартчу Ардак иним койкоюп.

 

Ардакбек ал таякемдин уулу эле,

Артындагы жалгыз туяк мууну эле.

Валий,  силиң болгон жоён Токтомуш,

Улаганын тиреги эле,  уугу эле.

 

Ханзу тилин алгач бизге үйрөткөн,

«Хавма» детип тилмеч кылып сүйлөткөн.

Калдайган чоң китептерди барактап,

Ханзу менен маектери үйдө өткөн...

 

Талбай,  кайтпай чүкө атчумун ызгаарда,

Таманымды басып жүрүп муз-карга.

Шылдың кылса «Жылаңаяк баатыр» деп,

Шып сакамды ыргытчуумун кыздарга.

 

Канча жолу агам андан чектеди,

Канча жолу апам капа чекпеди...

Караан түгүл бут тыбышым билдиртпей,

Кайда гана бул шум кадам жетпеди.

 

«Кийин-кийин бутуң ооруйт... көрөсүң,

Күрсө-күрсө жөтөлөсүң... өлөсүң»

Десе энем сөз жандырып бой бербейм:

«Деди элең го “ысык-суукка көнөсүң”.

 

Улуу сөзүн укпай анда эненин,

Улуп калдым кызуусу артып дененин.

Экинчи ирет жетмек экен ажалым,

Эмканага жаткызбаса эгерим.

 

Эки аптадай доктур сайып уколун,

Эсит эчен какшап ооруп көчүгүм,

Катуу чочуп калдым кышта кагынбай,

Карталардан бөлүнгөндөй жөкүрүм.

 

«Кызыл оору» болуптурмун мен анда,

Кызуум артып дары ичирген энем маа.

Эки-үч жума мектебиме бара албай,

Эттен азып алсыраптыр денем да.

 

Ажыздаган ал ошондон бул өпкөм,

Аягымдан аяз кыштын суугу өткөн.

Алып-учуп муз ордого жете албай,

Атаганат,  калдым кызык дүмөктөн.

 

«Менин атым Жаныбек...» деп мактанып,

Мурдагыдай ырдай албай какшанып.

Булбул үнүн туурап айтсам,  калгансыйт –

Бул оозума өпкө-боорум капталып!

 

Ээр ташка минип алып улактай,

Ээ,  ошондо ырдачумун Чубактай.

Ыр үйрөтүп маркум агам ал анда,

Ырдачу эле комуз чертип кулачтай.

 

Кыз кетечик[5],  кол сумкедей ал эле,

Кызыктырган үнтартмабыз бар эле.

Атай,  Мыскал,  Токтогулдун ырлары

Андан чиркин угулуучу шар эле.

 

Агам андан,  мен агамдан үйрөнүп,

Ат-атаксыз артист элек дүйнөлүк.

Келишчү эле кепебизге кепиччен,

Келин-кесек,  кемпир-чалдар сүйрөлүп.

 

Агам анда «Насыйкатты»,  «Булбулду»

Аткарчу эле өйдө карап бир муңдуу.

Үнсүз лам-шүк уюп тыңшап калчумун,

Үлгүрө албай тартканга да мурдумду.

 

Ырас эле энем укмуш кошокчу,

Ырдагандай кошуучу эле кошокту.

Кыз узатуу,  өлгөндөрдү жоктоодо,

Кыйла адамдын муун-жүүнүн бошотчу.

 

Оо,  ошондон ырды калгам түшүнүп,

Оюма алгач ыргак-күүсүн түшүрүп.

Башталгычтан баштап эле ыр жаздым,

«Бала акын»  деп баркталып-күтүлүп.

 

Сүйгүнчүктүү ошол мезгил эсимде,

Сүннөт тоюм болгон тентек бешимде.

Сабак алып энем менен агамдан,

Сан,  тамганы үйрөнгөнмүн жетимде.

 

«Чоң казандын» эли айтып жомок кеп:

«... Чакырыптыр тогуз үйгө конок көп.

Тооп кылып той бериптир тунуна,

Тообо атасы жээриди эле ‹чолок› деп...»

 

Аң-таң калган сүннөтүмө келгендер,

Аш-тамак жеп ак батасын бергендер.

«Уулуңарга кол чыксын!» деп кыйкырган,

Уу-чуу болуп үйдөн улак эңгендер.

 

Ураандаган: «Эки колу жок түштү,

Улуу тоодон ушул үйгө топ түштү...

Оомийин!» деп узап кеткен калың эл,

Ошол кезде жүрөгүмө чок түштү.

 

Энем менин колдоочу пир,  Кудайым,

Эки жолу өмүр берген Умайым.

Мен майыпты мүчөлүмөн ашырып,

Менин далай тарткан эле убайым.

 

Энем,  агам менин алгач устатым,

Эчен жолу берген жакшы нускасын.

Бул дүйнөдө ушул экөө болбосо,

Билбейт элем кат жазуунун ыкмасын.

 

«Ха-ха» дешип орток тилде сүйлөткөн,

Ханзу тилин чоң таякем үйрөткөн.

Ээ,  ошондо «бала тилмеч» атыгып,

Эки адамды бир өзүмдө сүйлөткөм.

 

Ушул улуу үч инсан бар улага,

Узун жомок,  эл оозунда улама.

Билим берген,  акыл берген,  дем берген,

Бири  энем,  бири тайкем,  бири ага.

(3)

Ыйык көрөм аркар,  марал-бугуну,

Ыймандуу эл мен Бугунун уругу.

Уулу болом ысык-көлдүк Момундун,

Умай энем энелердин улугу.

 

Тоо-токойдун корголсо дейм тереги,

Токой ата[6] урпагымдын себеби.

Жери менен жети атасын билбеген

Жетимдиктин, тексиздиктин сенеги.

 

Алдар Көсөө чыккан экен ушу элден...

Ата-тегим айта кетсем ушерден:

Бармагы жок Балбай баатыр бабам ал,

Барган экен коркпой найза,  кишенден...

 

Эң алгачкы эгемендик тууну алып,

Эр Балбайың жоого чапкан чуу жарып.

Агроном,  агартуучу Маданбек,

Ал ошонун небереси,  уулу анык.

 

Атам менин окумуштуу талант жаш,

Ал илгерки «чоңдор» менен табакташ.

Боз кезинде Ташкент кетип окуган,

Болгон экен Сайпидинге сабакташ.

 

«Мадий» эле азан аты оболу,

Маданият,  тил курбаты жогору.

Үрүмчүдө Хүйжаң[7] болуп турганда,

Үлпөт экен «үч аймактын» майору.

 

«Озунган таз бөрк кийген» заманда,

Оор келген ит-мышыктык ага анда.

Окутуучу болуп «төмөн түшүптүр»,

Ооз жалашып жүрө бербей арамга.

 

«Жумур баштар дүнүйөгө дубана,

Жулук кыял анда жатат кур ала.

Ал дабаасын таба албайт дартсыз дил,

Арак бүтсө бөтөлкө ичи кур аба.

 

Киши куну  рух менен билимде,

Ким тең көрсө кулу болуу дилимде.

Акча,  укук,  айласына семирсе,

Андайларды жек көрөмүн түбүндө.

 

Тегиштирбейм арак,  ырды башкага,

Тынсам болду селким менен бакчага.

Арак саткан улан-кызга аң-таңмын,

Андан артык не алмакчы акчага?»

 

Деп айткандай орто кылым Омору,

деги адамдар не кылмакчы оболу?

«Мадий» атын «Маданбекке» өзгөрткөн,

Мына ошол саясийдин бороону...

 

Агартуунун жүрүп алгы чебинде,

Атам ооруп көз жумуптур кезинде.

Эсил эле... деп эстешет көргөндөр,

Энем айткан анын руху сезимде.

 

Ата көрбөй ат жалында мен өстүм,

«Ата...» дебей,  «эне,  апа» деп өстүм.

Аталуудан,  апалуудан кем калбай,

Айылдагы балдар менен тең өстүм.

 

Энеси жок,  паанасы жок эр жетим,

Элсиз жериң,  ал мекенсиз эл жетим.

Экинчи ирет чын төрөлүп эр жеттим,

Эне-атадан эрте калган мен жетим.

 

Терикпеймин... чүнчүбөймүн мен буга,

Тек,  өзүңдүн жоктугуңду чер кылам.

Эч нерседен кем кылбадың мени сен,

Эне өзүңдү не асылга тең кылам!

 

Энем менин бырыш беттүү ак маңдай,

Элжиреп күн,  жаркырап таң аткандай.

“Эне!” десем бет алдымда шылдырап,

Эрме чөлгө мөл булак суу аккандай.

 

Туубаса да тутунган бул энекем,

Турмуш отум,  тузум-даамым,  берекем.

Кан Теңирдин чокусундай бип-бийик,

Касиеттүү жер төшүндөй кең экен.

 

Менче болсо жетпейт дүйнө эч немең,

Мээриминдей тереңдик жок эч терең.

Бул дастаным жазып жатып (энемдин),

Бут кийгизип ээрчиткенин эстегем.

 

Байкуш эне баатыр экен,  пил экен,

Бак-таалайдын нурун сепкен күн экен.

Баптап бактың (сынык чырпык мен элем),

«Багбан пирим» дебей сизди ким этем?!

 

Жамандар ай жанын жеген немелер,

Жаман бол деп бакпайт бизди энелер.

Мени өсүргөн майып дебей,  кем дебей,

Мендей болсоң муну билет элеңер.

 

Энчиленген маңдай тери,  кан-жаны,

Эне деген  адамдыктын айгагы.

Унтуп калса ар ким Умай энесин,

Улуу адамдык касиеттен тайганы.

 

Эркелетип энем мени «Жакен» деп,

Элпек кылган аны-муну апкел деп.

Музоо багып,  уйду айдап,  кирим жууп,

Мен агамды чакырчуумун «Какен» деп.

 

«Жумуш кылат... сенден өйдө Жакеним,

Жууп коюптур батинкеңдин батегин?»

Ызааттаса энем мени,  ал анда

Ичи тарлык кылуучу эле Какеним.

 

Жалаң аяк суу апкелип бир арык,

Жашылчаны,  бак-даракты сугарып.

Үшкүрүнүп моюн-башты тер кылып,

Үйгө кечте кирүүчүмүн кубанып.

 

Анда апам,  ылаңманын даярдап:

«Ай Жакентай тамак ич» деп кабарлап,

Кабак-кашын ымдап гана билдирчү,

Катып койгон кант-набатын мага арнап.

 

Энем ыйык,  энем ысык жер-элим,

Эч кар болбой өстү мына эрениң.

Бутум колдой,  өзүмдү уулдай бар кылган,

Бүт аркасы бир мээримдүү эненин!

(4)

Беш жылдыздуу папке асып мойнума,

Берди энем «чоң башталгыч» койнуна.

Мугалимге:  “9 жашта” деп апам:

«Муну тагдыр колсуз кылып койду да...»

 

Үч сыныптын жетекчиси ынабай:

«Үйрөнүшү,  окушу бүт убара-ай...».

Тизимге алчу мугалимдер баш чайкап,

Турду мени бир шылтоо таап кубалай.

 

Мезгил ошо кылса дагы миң акмак,

Мээримдүүлөр өмүр берген мени актап.

Жоош,  жоомарт Шейшенбектей мүдүргө

Жолуктурган тагдырыма ыракмат.

 

Мүдүрүнө энем барып дат кылды,

Мугалимдер мына ошондон жакшырды.

Мага ылайык кичик парта жасатып,

Маркум мүдүр бир эжейге тапшырды.

 

«Бутуң чечип атың жазчы сынашсын,

Бул молдолор талантыңа ынашсын... » –

деп энекем бары-жогум бышыктап,

Босогосун аттаттырды класстын.

 

Отуз-кырктай окутуучу таң калды,

Ооба,  ошентип мага акыр шам жанды.

Он беш парта үч группадан мен бөлөк,

Отурамын лам-шүк карап тамдарды.

 

Эң соңуна жазган белем атымды,

Эжей кирип жоктомосун чакырды.

Менден башка бар окуучу аталып,

«Мен,  мен» дешип мугалимге бакырды.

 

Жалгыз менин атым чыкпай калганда,

Жат кишидей жалдырадым арманда.

Эжейимдин оюн анда түшүнбөй,

Эрдим тиштеп,  эрегиштим балдарга.

 

Мукактандым,  ызааландым,  киртийдим,

Мугалимге мурдум менен бир тийдим.

«Ала койду бөлө кырккан экен» деп,

Алгаладым,  атаандаштым,  силкиндим!

 

Зыйнан эле мугалимдин ал аты,

Зыкылдатып үйрөтүүчү адаты.

Ал топурак,  аба менен суу болсо,

Андан бизбиз өсүп-өнгөн балаты.

 

Билбей балдар кыйналышчу сабагын,

Бирок мага оңой болчу сабагым.

Үйдөн (мурда) энем,  агам,  таякем,

Үйрөтүшкөн анын адис-амалын.

 

Он манжасын балдар жатса кеч эптеп,

Отурчумун ойчо эле эсептеп.

Ал ошого,  мугалимдер айыптап

Айткан эмес бир жолу да «Эшек!» деп.

 

Экинчи окуу жаздын мээлүүн күнүндөй,

Эжей мени жоктойт эле күлүңдөй.

Бир мезгил ал жоктомодон тыш окуп,

Биринчини чыгаан бүттүм түңүлбөй.

 

Мүдүр мени алтынчы айда мактады,

Мунар кылды мага бийик тактаны.

Миң сан көзгө «Жаныбектен үйрөн!» деп,

Мага сонун чапан сыйлап жапканы.

 

Мен ошондо... мен ошондо мен болдум,

Мектептеги миң балага тең болдум.

Мен ошондон жоктомого алынып,

Мен ошондон ай кашкалуу эр болдум!

 

Мен ошондо бир тургуздум сакамды,

Мен ошондо бир унуттум капамды.

Көрчү,  мага жарашканын,  чактыгын,

Көпкө кийдим ошол сыйлык чапанды.

 

Ошондон мен тик көтөрдүм боюмду,

Ошондон мен көргөнсүдүм жолумду.

Мен ошондо бийик такта үстүнөн

Мектебиме булгаладым колумду!..

 

Мен ошондо бир жубанттым денемди,

Мен ошондо бир кубанттым энемди.

Ал ошондо колум жок деп корунбай,

Атып калдым көр тагдырга жебемди!

 

Делбиреди жаңы чапан үстүмдө,

Дел-сал болуп турдум такта үстүндө.

Билсем кийин,  сыйланыпмын мектептен

Биринчи ирет мен ушундай истилде.

 

Кызыл жагоо тагылганда моюнга,

Кубанычым батпай анда коюнга.

Эң биринчи энем өөп куттуктап,

Элүү тыйын сыйлаганы оюмда.

 

Ошондогу 50 тыйын чоң болчу,

Оо,  азыркы кол жетпеген сом болчу.

Он тыйындан ар күн сайын каржылап,

Оозубузга төрт-беш күндөй «той» болчу.

 

«С» класстын болуп андан серкеси,  

Сынымды укту сабакташтын эркеси.

Окутуучу жок болсо да класстан  

Отуз баштын көрүнчү эле желкеси.

 

Сүрүм анда тете эле хандарга,

Сөзүм өтпөй калган эмес балдарга.

Мугалимдин болуп орун басары,

Буюрчумун сабактарын жазганга.

 

Отуз бала чоро болсо,  мен  Манас,

Отурчубуз таза,  иреттүү,  жым-жылас.

Ар мезгилде байгесинен мектептин

Аккуладай озуп келчү «с» класс.

 

Үчүнчү айда үлгү болуп кыйкыргам:

«Үйрөнөлү пионерлер Лий фыңдан!...».

Коро-копшу ушул күнү арылчу

Кокур-коксук,  керексиз зат кыйкымдан.

 

Манас элем мектептеги «казатта»,

(Мактап өзүн,  дебегиле: жазат да...)

Сыркоолонуп келбей калсам бир топ күн

«С» классым калган экен мазакка.

 

Ошол сынып окшочу эле ордомо,

Оюм аны даңк менен коргоодо.

Окшоп өзүм баатырына мекендин,

Оорак[8] менен алынчумун колдоого.

 

Мектеп болсо кичинекей мекеним,

Мен андагы «кичи баатыр» экенмин.

Ойноо кезим,  ошондогу ишимди

Ойго алсам,  оорактанып кетемин.

 

Комедия жазган кезде ондомун,

Көп жерлерин устаз,  мүдүр оңдодуң.

Мектебимдин оюн-зоогун башкарып,

Мен класстын Шекспири болгонмун.

 

Мона Лиза[9] сызбасам да кезинде,

Мен Да Винчи болгом алгач сезимде.

Эптүү-чебер чүкө черткен бут менен,

Эң биринчи үй сызганым эсимде.

 

Биринен да бири кызык дүнүйө,

Бирок жашайм арым менен сүйүнө.

Байлык,  укук кимден калбайт,  мен анда,  

Башчы болгом бир мектептин үйүнө!

 

Класскому болуп он жыл сыныптын,

Кружокту уюштурдум... чыныктым.

«ШКАдан»[10] калем акы мен алып,

Шыгым артып «шыралгага» кыныктым.

 

Эне, мектеп жөнүндө алгач ыр жазып,

Эргигенмин ич бошотуп... сыр казып.

Ээ,  ошондон эрксиз матап өзүнө,

Эс-мас кылып чыр айлантты бул казык.

 

Кезип андан Алыкулдун күндөрүн,

Кечтим далай Жолон,  Чыңгыз түндөрүн.

Чыгармамдын ичинде мен ойлуумун,

Чын сырына жете албай дүйнөнүн.

 

Улуу билген үч инсаным узаган,

Узагыраак буйрубаптыр туз аган.

Рухубузга мураскерлик кылсын деп,

Ыр калемин калтырыптыр улагам.

 

Бутка кармап Кабылбектин калемин,

Бута кылды  бук сезимди карегим.

Бузбай-чачпай Ырчы уулдай төккүм бар,

Бул жалгандын ички-тышкы алегин.

 

Ээ,  ошентип сынган калем мага калган,

Эрди сыйлоо  элдик сапат... маанайдан.

Этеги жок ыштан алып кийсин деп,

Эрте туулуп кеч калыпмын таалайдан.

 

Ошондо да сөөм артык багым бар,

Ороп турат мени жылуу жалындар.

Атак сурап не кылайын жалгандан,

Атыма шай «Бек» аталган «жаным» бар.

 

Ага-ини,  эже-жезде... жээним бар,

Алыс-жакын ар боорумда мээрим бар.

Киндигимди уйгур аял кескендей,

«Киши иши киши менен» дегим бар.

 

Кыйын кезде кол-бут болгон досум бар,

Кыргыз,  казак,  ханзу,  уйгур... чоочундар.

«Ынак бирдик  ырыс тирдик» экенин

Ызат-сыйлуу билгени ийги оо,  шумдар.

 

Айкөл элим,  тоо тиреген асманым,

Адашпастан жашоо жолун басканмын.

Бүтүрсөм да толук орто мектепти,

Бүтмөк эмес бутум жазган дастаным.

 

Алаксытат... шыктандырат сонундар,

Ачуу-таттуу багым менен шорум бар.

Айыл-апам,  ага-тууган турганда,

Ай кармаган ап-апакай колум бар!

1998-жыл,  февраль

[1] Жаң хайды – Кытай Эл Республикасындагы майып, мунжулардын үйрөнүү үлгүсү, бел-буту шал болсо да өздүгүнөн берилип үйрөнүп, окуп, адис болгон өжөр аял.

[2] Кешеле – кемдик, тоскол, бөгөт, мүчүлүштүк.

[3] Курбаты – билим деңгээли, даремети.

[4] Тошылаң – Токтомуш деген тайкем, кытайдын мурдакы элдик партиясы кезинде аскерий колбашчы, аймак валиси болгон адам. Тошы – анын атын кыскартмалап билдиргени. Лаң – Кытайча бөрү, карышкыр деген сөз. Ошондон коюлган ылакам ысым. Ошогон Валий, Сылың болгон Токтомуш, тоо бөрүсү деп айтылган…

[5] Кетечик – көөнө эскирген сөз, кол сомке, кыздардын кичик бапкеси.

[6] Бугу уруусунун бири (автор)

[7] Мансап аты

[8] Оорак – даңк, сыймык, мартаба.

[9] Леонардо да Винчинин атактуу сүрөтү, Джоконда.

[10] «ШКА» – Шинжаң кыргыз адабияты журналынын кыскартылмасы. Кытай өлкөсүнөн чыгуучу адабий кош айлык басылым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз