Турсунжан Темиркан уулу: Өргө умтулуп өрттөй жанат  замана

Акын Турсунжан Темиркан уулу 1973-жылы Кытайдын Текес ооданынын Көк-Терек айылында төрөлгөн. 1995-жылдан бери ар кайсы басма сөз беттеринде чыгармаларын жарыялап келет. Ал алгач ыр, андан соң аңгеме, сын макалары менен окурмандар назарынан түнөк таба баштаган. Кийинче поэзиялык чыгармаларын гана жарыялап келет. «Өмүр-ай» аңгемелер жыйнагынын автору. Казак-кыргыз «Дулдул» адабий сыйлыгынын лауреаты.

Автордун толуксузга кирген чагынан баштап эки кулагы оору себебинен укпай калган. Ошого карабастан ал жашоону эки көзү менен гана эмес, көкүрөк көзү менен күзөтүп, дүйнөнүн дүбүртүн жүрөгү менен тыңдап, жан-дүйнөсүн ыр менен бөлүшүп, поэия менен сырдашып, сүйүктүү жары жана эки уул, эки кызы менен бактылуу жашап келет.

Автордун чыгармачылык дымагы канчалык бийикке талпынып турганын  төмөнкү ырларына ой токтотуп окусаңыз байкаарсыз балким...

Баккелди Дүйшеев, Кытай Эл Республикасынын жараны

ТУУЛГАН ЖЕР

Жашоо сурак –
Жообун издеп дуулашып,
Кетти эчендер ыраат көрбөй куурашып.
Сага бер деп тилер элем туулган жер,
Тагдыр мага берем десе бир бакыт...

Түн болбосо болбогондой бүрүл таң,
Турмуш жолу эмес тура сызыл шаң.
Сенде эмес айып менин өзүмдө,
Батинкемдин боосун басып жыгылсам.

Жакшы-жаман жакалашып дүрбөшкөн,
Жашоо жалаң эмес экен гүл көктөм.
Эч качан да сен айыптуу эмессиң,
Ак көйнөктү өзүм кийип кирдетсем...

Таасын таалай аз жолуккан толумдуу,
Тагдырга бул көөнүм канча оорунду.
Кечир сага таарыныпмын далай жол,
Мокок бычак кессе дагы колумду...

Анын баарын кабылдаган, чыдаган,
Аяр жаның өзүнчө кең бир аалам.
Билем дале сага сөөнүп турармын,
Кезим болсо Керкашкадан кулаган...

Менин дүйнөм мейкиниңе карызбы?
Таңдын тал-тал кирпигине токтосом,
Татынакай илебиңди кошпосоң.
Батар күндүн карагине кат жазып,
Жылдыздарга аны издетип жоктотом…

Дүүлүктүрүп дүр-дүйнөмдү күндө сен,
Кантем анан камсаноомду билбесең.
Сабагыман учуп түшкөн үрөндү,
Сабылдырып шамалыңа издетем…

Айтып коюп – күлүп жаша, шат жаша,
Жөлөбөдүң колтугуман аксасам.
Жоругуңа жооп бере албайт окшоймун,
Мөңгү болуп кыл чокуңа  катпасам…

Жүрөлү деп мен да эсен, сен да эсен,
Жүдөрүм чын жүрөгүмдү сезбесең.
Булак болуп тунганымды туйбасаң,
Буулуга агып океанга мен кетем…

Айтканымды арман де же арыз де,
Менин  дүйнөм  мейкиниңе карызбы ээ?
Желге учурсаң желкениңде кетермин,
Чыңгызхандын ак булуту таризде…

АТАМА

Аргымактай атырылса ай, күндөр,
Арымына арманымды жайдым мөл...
Адаммын деп алчаң басып жүргөнүм,
Арбындатат шаттыгымды, кайгымды өр...

Үзө албай көр түйшүктүн чидерин,
Үмүтүмдүн ишке ашарын тиледим.
Узак-узак уламышка бөлөгөн,
Учугумдун сенде экенин билемин...

Сага ээрчип тоога чыктым, кубандым,
Бийиктиги-ай! Баш айланды, тунардым...
Изин чалып тоо мырзасы илбирстин,
Тагдырына таңдай кактым улардын...

Арбын экен шорум дагы, багым да,
Айбат бердиң аласалган чагымда.
Менин ээнбаш, эркелигим... тургансыйт,
Сенин ар тал сакалыңдын агында...

Өз дүйнөңө өзүңсүң деп тараза,
Өргө умтулуп өрттөй жанат  замана.
Кейиткеним түшөр сени эсиме –
Кебим өтбөй калган кезде балама...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз