Бир адам дүйнө кыдырып жүрүп, өзү да байкабай, суранган адамдын каалоолорунун бардыгын ишке ашыра турган чоң дарактын түбүнө уктап калат. Албетте, ал дарактын сыйкырдуу күчү бар экенин билбейт.
Уктап турса курсагы аябай ачып калган экен. Ошондо ал: “Атаңдын көрү-ай, дасторкон толтура тамак болсо кана” – деп кыялданат. Көзүн ачып жумгуча үстүндө түркүн-түркүн тамак-аш жайнаган дасторкон салынат алдына. Ачка неме бул кайдан келди деп ойлонуп олтурбастан курсагын тойгузат.
Курсагы тойгон соң суусап, суу ичкиси келет. Анын бул каалоосу да орундалат. Алдында кумганга куюлган муздак, туптунук суу пайда болот.
Сууну ичкенден кийин ойлонот: “Тамак-аш менен суу кандайча пайда болду? Булар мени шылдыңдагысы келип жаткан жин-шайтандар болсо керек!” — деп кобуранат.
Ал сөздү айтар замат тигини мыйыгынан жылмайган жин-шайтандар тегеректеп алышат.
Адамдын жүрөгү түшүп кыйкырып жиберди: “Булар мени өлтүргөнү келишти!”
Чындап эле жин-шайтандар аны өлтүрүп салышты!
Тыянак: Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ