Багжан Азат уулу: Тарткылык

  • 16.08.2021
  • 2901

АҢГЕМЕ

Кыныктырган тирчиликтин күндүзгү шоокуму басылып, теребел тегиз күүгүмдөнүп, те алыстагы капчыгайлар үп тартып ныксырап, үргүлөгөн ыргагы термете баштады. Жапырайган жалгыз алачыкта Меркеч абышка байбичеси менен куур талпактын үстүндө үч буттуу тулганын арасындагы үлбүлдөп күйгөн оттун жарыгын көңүлүнө эш кылып, ой деңизине сүңгүп, өздөрүнчө убара.

Жан багуунун каркытында жайы-кышы дебей күнгөйдө жайлап чыгышканы бир канча жылдын жүзү болду. Ал-күчтөн тайып, акылынан азып, мээси бөксөргөн эки картаң кишинин бул жерде жан сакташы оңой дейсиңби?! Көкүрөк черин, дил азабын угар жан адамы жок болгонуна ичтери сыздап, өмүр өтөлгөсүнө өлбөстөй өрнөк болуп орногон жалгыз каралдысынын караанына зар болуп, тагдырга наалат айтып бышакташат.

Ыйлай берип ыйга деле өнөктөнүп калышты бечаралар. Мындай күндүн башка келерин ойломок түгүл, үч уктап түшкө кирбеген оор азап болду алар үчүн. Меркеч абышканын ою алыс-алыстарга чабыттап, Асанкайгыланат...

Меркеч абышка өз учурунда утуру өткөн ургаачыны көрсө эле жылжыйып араң ачылган көзүн тим эле токтоосуз кысып ырбыңдап, илебин имере жалап умсуна тиктеп калчу. Шайыр мүнөзүн жактырып, өз айылындагы кылактаган эчен кыз-келиндер аны көргөндө кыя өтпөй, эч болбогондо бир ооз болсо да сөз күрмөшүп, куйкум тамашаны шаанисине келтире айтып, бөтөнчө кубанычка батар эле чиркин! Ошол балалык чагын ойлосо, жаак ылдый эрксиз куюлган чолок жашын сүртүүгө үлгүрө албай жашыйт. Балалык кандай сонун. Адам баласы ошол эле балалык чагында эркин ойноп, каалаганынча жыргалга марып жашаса эмне?! Анда бул жалгандын түмөн миң түйшүгүн көрбөй жазыксыз жашаган бир макулук болбойбу кокуй.

Бул жашоого жаралат экенбиз, тирүү болсок эле керт башыбыздан баары өтмөйү – чындык. Ал эми көрөр күн, ичер суубуз түгөнгөндө анан биротоло бул жалган менен коштошуп жаныбыз сеп алат. Ооба, жашоо деген бирде жыргал, бирде катаал, кудум эле алкынып аккан агыны күчтүү дайра сыяктуу кылчайбай өтө берет тура.

Меркеч абышкада жаштыктын жалындаган доорун сүрүп, тырмагына киши теңебей, туш келген кыз-келинчектер менен конуп-түнөп, сугалак сезимдин агымына баш уруп, инсандык сезими ээ бербей көзүнө жакканы менен бой кошуп жүрүп акыры бирөөнү бойкат кылып тынган. Ал мына дал азыркы байбичеси эле. Ушулардын баары Меркеч карыянын күнү бүгүнгө дейре топ-толук эсинде сакталуу.

Анда чоңдордун макулдугунан тышкары аргасыз үйлөнмөйгө бекинип, жакын санаган жеңелерине табышмактата ата-энесине айтып көрүштү нускап, тилекке жараша үйлөнүп орун-очок алып калды. Ошентип узун өтпөй эркек балалуу болуп маңдайы жарыла кубанып, тим эле төбөсү көккө жеткендей болгон ошол күнүн алигиче унута койгон жок, кантип унута алмак?! Ойлосо эле тамагы кысылып, ыйга муунат. Көзүн ачып көрүп, бетин ачып өпкөн тек ушул жалгыз баласы болду. Элине тутка, медер болсун деп атын азан чакырып Медер деп коюшкан. Мөөнөтүнөн мурда абийиринен аттап никесиз бойдо калганынын залакасынанбы же тагдырдын бешенесине жазганы ушу болдубу, айтор, андан кийин согончогу канабады. Медер күн санап эрешен тартып эр болуп, эки жагын каранып, чачын суулап таранып кыз-келинчектерге сеп сала турган кезге да жетип, атасы кептенип ургаачыга жакын, сезимтал жүрөгүн баса албай шайыр жигит болуп эр жетти.

Өз жергесиндегилерге кадыр-барктуу, өзү теңдүү курбалдаш достуру менен терезеси теңелген шылуун жигиттерден болуп, канатташ казак, уйгур сыяктуу элдердин да назарына түшүп, ченемсиз алкоосуна татыктуу да болду. Ошондо ышытын баары башталды. Каргашалуу күн болду! Меркеч абышка менен байбичеси экөөнүн кабыргасын кайыштырып, каңырыгын түтөтүп оор күйүткө салган мына ушул окуя. Айтып олтурса жүлүндү көсөгөн күйүт, ат көтөргүс азап... Калың эл жапырт чөп чабыктын түйшүгү менен болуп эмгек кызуу жүрүп жаткан күндөрдүн биры. Ар кимиси элдин алды болуп, баары оокатын тескеп алуунун көйгөйүндө жанын сабап, өз алдынча күйпөлөктөшөт. Медердин санаалаш жакын достору тигил оодан шаарчасындагы атайын бир ресторанда олтуруш кылууну бекитип, алыс-жакындагы досторун түгөл чакырган экен. Иштеп жаткан оокатын таштап коюп Медер да олтурушка элден мурдарак барып дал ортого коюлган чоң үстөлдүн бир четинен орун алды. Аңгыча болгон жок, куйрук улаш биринен сала бири эшиктен кирип келип кызуу саламдашып, андан соң үстөлгө кыдырата жайгашып жатышты.

Түгөл келип болгондон кийин, кымбат баалуу арактар менен пиволорду, ар түрдүү куурмаларды четинен тейлөөчүлөр жабалактап жозуга тизишсе, дагы бирөөлөрү үн жаңырткычтан заманбап чет эл музыкаларын жаңыртып, төбөдөгү ала-жашыл чырактарды жарытты. Шок музыканын коштоосу менен бирге ала-жашыл чырактар жанып-өчкөн сайын жалындуу жаштардын кыялы эргип, көңүлдөрү бир жерге борбордошпой алып учуп, азоо тайча туйлап турду. Мындайда дүнөйөң түгөл, телегейиң тел боло калгансып тим эле оштоно арак-пивону үстөккө-босток кагыштырып, жүрөк толкуткан тос сөздөр менен «өргөлөп» иче берери турган кеп экен.

Азап-кайгы желкеңден басып турса да мындай шаан-шөөкөттүн сонорунда баары унутта калып, бир паста эле кубаныч аза боюңду бийлеп, эрксиз асманда канат каккан кыраан бүркүттөй жүрөк бүтүп, тоону томкоруп, асманды аңтара түшүрүп жиберчүдөй сезимде болот тура, катыгүн! Ооба, булар ичкен сайын чама-чаркы азайып мастап барасса да, кандайдыр бир нерсе азгырып« ич-ич» деп ыкыс кылган өңдүү, түк көрбөй калгансып оозу-мурдунан чыкканча ичип кылгырып, эс учун жоготуп койгончо токтоткону жок. А кыздардын көбү мастап эс-акылын жоготкон. Балдар болсо эмне айтып, эмне койгонун билбей ооздорунан балит сөздөрдү жаадырып, кимдир-бирөөлөргө ызаалуудай оң-тетири сөздөр менен сөгүнүштү. Бир оокумда Медер маңдайында олтурган узун чач, субакай жүздүү сулуу кызга карегин кадап телмире караган калыбында, ою те эки жыл мурдагы экөөнүн ак сүйүүсү жөнүндө болгон иштерге чубай берди.

Анда Медер эми эле мектеп кучагынан айрылып, өз алдынча ар жерде иштеп жүргөн кези. Бир күнү жумуштан түшүп шашылыш эле курсагы ачып кеткендиктен жумуш ордуна жакын тамакканага кирип калды. Терезе жакка ыктай коюлган орундукка жаңыдан көчүк баса берейин дегенде, кер маралдай маңкайган сулуу кыз маңдайында күлүмсүрөп турган турпатын көрүп, эмне кылардын айласын таппай селейе түштү.

– Эмне тамак буюртасыз?

Селейип турган Медер жылан көргөндөй селт эте түшүп, шашып калды:

– Бир кес... кесе сүттүү чай менен, жарым нан берип койсоңуз, – деп тик багып кароодон тайсалдап, орундукка аяр гана көчүк басты.

Чынында мындай сулуу кызды учуратып каларын ойлогон эмес. «Байланышын кантип алам» деген ой мээсине тепкенде – жүрөгү элеп-желеп болуп, өзүнүн кайда экенин эстен чыгарып коё жаздады ошондо. Өзүнүн эмне үчүн жүрөгү согуп, өнө боюнан жан кеткендей шалдая ысып-күйүп, бир башкача сезим эркине көнүп жатканын ойлоп өз-өзүнө айран калды. Бир эсептен ичинин булуң-бурчу жибип калгандай, эң кымбаттуу нерсе таап алган сыңары тымызын кубанып тургансыды.

Бат эле мелт-калт куюлган бир кесе сүттүү чай менен жарым нанды алып жетип келген алиги сулуу ыйбаа менен секин гана Медердин алдына койду. Эртеден бери иштеп, күн түшкү маалга чукулдап калгандан улам курсагы ачып, магдыры кете түшкөн Медер нандан үстөккө-босток сугунуп, чайдан каба-каба ууртаганы менен, кыялы алыгы сулуу кыздын субакай келбетине тартылып, таанышуунун оңутун издеп, жаштыктын албуут сезими кирген буурадай долуланып ээ-жаа бербей алкынат. Мындай көмүскө сезимдин күчүнө алгач жолу арбалып жатканына ичтен туюп-туйбай, негедир делебесин тыюуга буямасы келбей жүрөктү дегдеген ысык сезимдин агымына балкып турду. Дагы эле болбой, тигил кыздын кербездене басып тазалык кылып жаткан кыймылын көз жаздымда калтырбай тиктеген сайын кыздын колу-бутун майда дирилдек басып, ийменип тургандай көрүндү.

«Ишке бүйрө, ачык мүнөздүү, айдай ажарлуу мындай ургаачы менин төбөмө бакыт кушу болуп конгон болсо, анда бул жалгандан артыкча нерсе талап кылбас элем, чиркин!» - деген ойдун жетегинде акылы бириндеп эс-мас болду. Бир маалда эрксизден алиги сулуу кызга кандай суроо таштаганын өзү да сезбей калды.

— Сулуу кыз, сиз бул жерде иштеп жатасызбы?

Жигиттин күтүүсүздөн эле мындай суроо таштаганына апкаарый түшкөн кыз акырындык менен сөз жөнөттү:

— Менин бул жерде иштеп жатканыма сак бир жылдан ашты. Убакыт узарган сайын маянамды да жогорулатып жатат, жаман эмес. Айылда бекер жүрсөң да жүрөт экенсиң, а көрө ушундай турктуу жерден орун таап, чыдап иштесе болот турбайбы, - деди да, күлүмсүрөй сөзүн улады. — А өзүңүз эмне иштейсиз?

— Ээ, өзүм көтөрөгө жумуш алып иштейм, айтор пайда бар, - деп ордунан обдулду эле, кыздын оттуу каректери Медердин бакырайган көздөрүнө кадала кетти.

Ошол тапта бири-бирине жат болгон жыныстыктар көз менен сүйлөшүп, эки жүрөк бирин-бири баамдап-сезип жаткандай ар экөөнү кандайдыр бир түпөйүл сезим эреркетип тургансыды... Ошондон улам Медер бул ашканага дайыма келип туруучу болду. Аны бир маал көрүп турбаса ичи эңшерилип, ага деген көксөөсү жан таптырбай эки көзү төрт, айрылгыстай болуп калды. Анын жүрүш-турушу, адаттагы сүйлөгөн сөздөрү Медерге майдай жагып, ичтен корстон болуп жүрдү. Мезгил өткөн сайын бирдикте өткөн турмуш уламдан-улам аларды данакердей ширелтип, келечектеги күндөрү жөнүндө кең-кесири ой бөлүшүп жүрүштү. Медердин өң-турку анчейин келбеттүү болбосо да, өзүн дайым түзөп, ар күнү жаңылап кийинип, өзүн жасап жүрө турган ак жүздүү, ачык чырай, жүрүм-туруму шайдоот жигит болгонгобу, тигил кыз да Медердин эркине көнүп жактырып калды. Кээде жок нерсени шылтоолоп, иштеген жеринен уруксат суранып Медердин оодан ичиндеги майга алып олтурган кичине үйүнө барып аңгемелешип, кээде конуп да калчу болду. Ошентип кыздын жүрөгүнө да, жигиттин жүрөгүнө да алоолонгон махабат оту туташты.

Аларды көргөн курбалдаш достору да суктанып кош колдоп, бакыт тилеп жүрүштү. Анткен сайын Медердин чекеси жылып кубанганын бир айт! Бир күнү Медер:

— Зейнеп, - деди кыздын жылдыздуу өңүнө үңүлө, - мен сен үчүн бул беш күндүк жашоону мүлдө элестете алар эмесмин. Чынында махабат деген нерсеге эч нерсе бөгөт боло алаар эмес сыягы. Азыр өзүмдү кармана албай турган болуп, күнү-түнү эсимден бир саамга да чыгар эмессиң, алтыным! Эгер макул көрсөң бат жакында үйлөнсөк деген оюм бар.

Зейнеп Медердин суроосуна жооп берүүнүн ордуна кой көзүн күлүңдөтүп, башын Медердин көкүрөгүнө катты. Ансыз да таанышкандан бери Медерге көңүлү түшкөн кыздын бул жоругу той кылууга каршы эместигинин белгиси эле. Кыз көкүрөгүнө башын койгондо анын олоң кара чачынын буркураган жагымдуу жыты Медердин каңылжаарын өрдөп, мас кыла түшкөндөй болду. Анан кебездей жумшак колдорун сыга-сыга кармап бооруна бекем басты...

Ошентип кыз-жигит үйлөнүү чечимине келип жаткан күндөрдүн биринде, элетте ардайым бирге жүрүүчү санаалаш жакын досу Медерди издеп келип, жумуш таап берүүнү өтүндү. Жалгыз иштегенче жанымда жакын адамымдын болгону абзелдүү деп аны өзү менен бирдикте иштөөнү сунуш кылды. Ачык жаркын, ак көңүл Медер Зейнеп менен таанышып жүргөнү беш айга жакындап калганын, чын жүрөгүнөн жактырганынын баардыгын төкпөй-чачпай агынан жарыла айтып да үлгүрдү. Сүйүүгө кол жеткиргенибизде ааламды өзүбүзгө түгөлдөй менчиктеп алган сыңарындай ичи-тышыбызга батпай апырылып, жан бүткөндүн баарына айрөк айта жар чакыргыбыз келет экен. Качандыр бир кездеги болгон кайгы-азаптарыбызды бүтүндөй сүйүү сезимибиз менен жууп, бактылуу турмушка карай бет алууга аракеттенип, элдин бизге чын дилдүү тилектерин, жан эргиткен жакшы сөздөрүн укканга пейилдүү экенбиз. Албетте, Зейнеп экөөнүн жүрөк толкуткан акактай ак сүйүүсүн акыреттик жан досу менен тең бөлүшкүсү, анын оозунан аппак кардай кирсиз аруу тилектерин эшиткиси келип саймедиреп кубана айтып жатканда, тескерисинче, чийки май жегендей саамга деңдароо боло түшкөнүн өзү да сезбей калды.

Медер досунун оозунан мындай сөздү күтмөк түгүл, ойлогон эмес. «Ал кызды мен абдан билем, менин бир казак досум бар эле. Ал майда-барат соодалар менен алектенет. Ушу сен айткан Зейнеп экөө бир жылча махабатташып, ойлобогон жерден Зейнептин боюна бүтүп калган имиш. Жигит көнбөй койгондон улам кыз курсактагы наристени аргасыз түшүртүп салууга мажбур болуп, ортодогу мамилелер сууп, эки ажырым жолго кетишкен имиш. Бул ишти казак досумдун өз оозунан уккамын. Айтып жатып өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап кеткени али эсимде» - деп айтпаспы.

Бул сөздү укканда жер көчүп, асман аңтарылып түшкөндөй айланасы тунарыктап, как төбөсүнөн таштай муздак суу куюп жибергендей болбодубу, кокуй! Ошол түнү Медер таңга көз илгени жок. Канчалык зордонуп көзүн жумса да кирпиктери айкалышпай, калың ойдун чеңгелинен кутула албады. «Зейнеп жөнүндө айтылган бул сөз чын болуп калса, анын шарапаты эмес, кесепети тиерби эмне? Элге, жакын досторума кантип карайм?! Он гүлүнүн бири ачылбаган боз бала кыз албай эле жубан алыптыр десе, эмне дейт? Ушак-айың деген куурайга өрт кеткендей эле заматтын ичинде тарайт эмеспи, соолгур! Иш жүзүндө күнөө өзүмдө, өзүмдүн эрөөн албагандыгымда! Анын өтмүшүн барактай албай, ага ишенгенимде! Баарыдан да ал не үчүн мага андайлыгын бир ооз айтпаган? Көрсө, менин гүлдөй жаш курагыма дак түшүрөйүн деген турбайбы!»... Ушундай учу-кыйырсыз ойлорго чумулуп, өзүнүн жаңылыштыгына арданып жатты.

Эртеси Зейнепти ашканага издеп барып уккан иштин баарын ачык айтып салды. «Андай эмес» деп бир ооз айта албай, тамагы кысылып бышактаган бойдон тышты көздөй жүгүрдү. Медер Зейнепти алам деген оюнан жалтайып, ага кыска гана мындай бир кат жазды:

«Урматтуу Зейнеп, мен сага бир көрүп ашык болуп, өз-өзүмдү жоготуп коё жаздагам. Экөөбүз махабатташкандан бери эчен сырларыбызды айтышып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп эриш-аркак жашадык. Ошол кымбаттуу күндөрдү эгерим унута албасмын. Сени кызганганда чымынды да жаныңа жакын жуутпай, ардактап туруучу элем. Бирок тилекке каршы, акийдемди кар кылып, үмүтүмдү жер менен жексен кылганыңды, карандай эле жаш балача алдап койгонуңду ойлосом жети өмүрүм жерге кирет. Заманам куурулат. Не үчүн ал иштердин чоо-жайын баштан эле мага айтпайсың? Же мени билбей өтө берет дедиңби? Жо, жок! Кыңыр иш кырк жыл болсо да билине турганын эскербедиң. Жаш баланын башын азгырып эл-журтка күлкү, дос-душманга таба кылайын дедиңби? Мейли, кандай оюң болсо да эми мен жөнүндө кыпындай да байланышы калбады. Мындан ары мен өз алдымча, сен өз бактың, өз теңиң менен жүрө бер. Айтаарым, башкаларды мен кептентип алдап жүрүшүңдү түптөн каалабайым, чын сүйсөң, чын сырыңды айтып махабатташ. Бирөөнүн бактысына отурба. Айтор өз бактыңды табышыңа тилектешмин, кайыр кош!» - деп катты аяктаган.

Ошондон тарта ал экөөнүн байланышы үзүлүп, Медер өз алдынча жашап калган. Бирок кийин ошол айрылып кеткен жигити менен кайра табышыптыр деген аңырт эшитти. Мына ошол күндөр Медердин бир мүнөт да эсинен чыккан жок. Көкүрөккө кыттай уюп, ушу кезге дейре арданганынан күйбөгөн жери күл болот. Кынала олтурган бул экөө көзүнө жин көрүнүп, айрыкча жанындагы жигитти мууздап ийгиси, колунан келсе чайнап-чайнап жутуп жибергиси келет. Бир кезде Медердин жаалы сыртына тээп, алиги жигитти пивонун бөтөлкөсү менен чоку талаштыра салып калса боло. Кан төбөдөн «бурк» этти. Бети-башы кызыл жошо канга боёлуп, көзү ала-чакмактап эси оой түштү. Аңгыча болгон жок, кынындагы бычагын сууруп буйдамга келтирбей Медердин дал жүрөгүнө малып калды...

Бир оокумда чукул куткаруу машинеси менен сакчынын машинеси катарлаш жете келишти. Чукул куткаруу Медерди алып жөнөдү. Тигини болсо сакчылар колго алышты. Арак ичип адам өлтүргөн канкор деп алиги жигит кесилип кетти. А Медер болсо кырчын жашында пендечилик сапарына узай берди. Мезгилсиз одүйнө салганына каңырыгы түтөбөгөн адам жок, ата-энеси жалгыз каралдысынын мүрзөсүн кучактап ботодой боздоду да, калды...

Меркеч абышка менен байбичесинин бир мүнөт да жадынан чыкпай, күндүз-түнү кыйноого салган мына ушул каргашалуу окуя. Туугандарына көз каранды болуп, минтип каран күн башына келерин кайдан ойлоду дейсиң! Тарткылыгы ушу болсо өкүнгөн менен не чара! Жаштыгын колдон учурган бул эки алсыз пенденин күнү эми эмне менен тынар?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз