Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түштү. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан жалына баштады:
- Мени коё берчи...
Карышкыр:
- Макул, сени бошотоюн, бирок сен мага муну айт: эмнеге силер, тыйын чычкандар ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз. Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген.
Тыйын чычкан:
- Адегенде мени даракка коё бер, ошондо айтам. Болбосо, сенден корком.
Карышкыр аны коё берди. Тыйын чычкан бутакка чыкты да, мындай деди:
- Сен ачуулуу болгонуң үчүн күн көрүү сага көңүлсүз. Ачуу – жүрөгүңдү күйгүзөт. А биздин шайыр-шатман жүргөнүбүздүн себеби – биз кең пейилбиз, эч кимге жамандыгыбыз жок.
Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ