Билгенден билелегиң көп: кызыктуу фактылар

  • 18.08.2021
  • 3528

♦ ♦ ♦

Жираф тилинин учу менен кулагынын ичин жалай алат.

♦ ♦ ♦

Бегемоттун сүтү күлгүн түстө болот.

♦ ♦ ♦

Крокодил тилин сыртка суна албайт.

♦ ♦ ♦

Алкоголдун бир аз эле дозасы, чаянды жинди кылып, ал өзүн-өзү чагып өлөт.

♦ ♦ ♦

Мышык даамды анча сезе албайт, анын тилинде даамды ажырата турган 473 рецепторлор бар (адамдыкы 9000).

♦ ♦ ♦

Чымындар укпайт.

♦ ♦ ♦

Иттин алдыңкы буттарында бештен, ал эми арткы буттарында төрттөн тырмактары бар.

♦ ♦ ♦

Мышыктын жаактары эки жакка кыймылдабайт.

♦ ♦ ♦

Бразилияда балдар уктап жатканда  алардын кирпиктерин жеген таракандын түрү жашайт.

♦ ♦ ♦

Чегирке арткы бутундагы тешиктер аркылуу угат.

♦ ♦ ♦

Акула туурда өз баласын жеп албас үчүн табитин жоготот.

♦ ♦ ♦

Жер шарындагы кумурскалардын жалпы салмагы, планетада жашаган бардык адамдардын салмагына барабар.

♦ ♦ ♦

Аялдардын чач өрүмүндө 200 000 миң тал чач бар, ал үзүлбөй жыйырма тонна жүктү көтөрө алат.

♦ ♦ ♦

Дүйнө жүзү боюнча бир адамга бир тоок туура келет.

♦ ♦ ♦

Адамдын кареги өмүр бою өсүүсүн токтотпойт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз