Кандай эс алыш керек? Классиктердин кеңеши

  • 23.08.2021
  • 3150

Жайдын жадыраган күндөрүн бош өткөзбөй кандай кубанычтуу көз ирмемдер менен толтура алабыз? Биз атактуу жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн жана музыканттардын мемуарларына көз жүгүртүп көрдүк. Анда эмесе быйылкы жылдын жайы ортолоп калса дагы жайкы көңүл ачууңарды улуу классиктер менен бирге ойлонуп көргүлө.

Федор Достоевский

Балалык кыялдарыңарды ишке ашыргыла. Мисалы, кыштын узак кечтеринде эскерип туруу үчүн кызыктуу саякатка чыккыла.

Мен Берлин, Дрезден, Висбаден, Баден-Баден, Кельн, Париж, Лондон, Люцерн, Женева, Генуя, Флоренция, Милан, Венеция, Вена жана башка жерлерде эки жолудан болдум, ушунун бардыгын туптуура эки жарым айда кыдырып чыккам! <...> Ал жактарга барууну мен эң кичинекей кезимден, окуганды алигиче биле электе, ата-энем жатар алдында окуп берчү Радклифтин романдарын оозумду ачып, бир таң калып, бир суктанып угуп, уккандарым кыштын узак түндөрүндө түшүмө кирип жүргөн убактарда эле кыялданчумун.  

Акыры кыялыма кырк жашка чыкканда жеттим, албетте, канчалаган убакыт өтүп кетсе дагы, кыялымдагы нерселердин бир азын эле көргүм келген жок, мен баардыгын, эч нерсесин калтырбай көргүм келген. <...> Оо кудай, мен бул саякаттан канча нерсени күттүм эле! <...> Мына эми үйдө олтурам, жайкы жүрүшүмдөгү көргөндөрүмдүн ичинен кайсынысы көбүрөк эсте калды экен?...

Валентин Серов

Деңиздердин жээктеринде курорттор бар экенин унутпагыла. Жаратылыштын керемет сулуу жайларына: тынч булуңдарга, аскалуу жээктерге, сырдуу үңкүрлөргө барып жан-дүйнөңөргө ыракат тартуулагыла.

Биз көпкөк асмандын алдында күн нуруна чагылышып агарган аскалардын ортосунан өтүп бара жаттык. Көз алдыбыздагы мейкиндиктен кара-көк тарткан Кара деңиз көрүндү, ал барган сайын кеңейип баратты, бирок поюз асканы карай чукул бурулуп, катуу ышкырып алды да туннелге кирип кеттик: көздү байлаган караңгы, думуктурган аба, кайрадан жарык дүйнөгө чыгып, кайрадан айланаңды көргүң келет. Акыры чыктык – аппак дубал сыяктуу аска күн нуруна чагылышып, көздү уялтканын айтпа. Мынакей өрөөн: дүпүйүп өскөн бак-дарактардын ары жагындагы эки аппак асканын ортосунан ачык-көк тарткан булуңдун тасмадай бөлүгү көрүндү. Биз бараткан жол аскалардын алдынан өтөт экен. Аскалар байыркы Крымдын жомоктогу шумдуктуу жаныбарларынын баштары сыяктуу, бизди карап, байкап турушкандай сезилет. Аңгыча деңиз жээгинен Севастополь көрүндү, бирок кайрадан туннелге кирип кеттик. Андан соң жээк менен бара жаттык: бул жерде суу бирде жашылт, бирде кызгылт тартып кубулуп турат экен...

Валентин Серовдун энесине жазган катынан. 1880-жылдын жайы.

Лев Толстой

Алыска барбай эле эс алса болот. Негизгиси – жагдайды өзгөртүү.

Кымбаттуу Николай Николаевич, сиздин сонун жазылган төрт катыңызды алдым.<...> Мен алты аптадан бери талаада жүрөм, сиз менин кандай ыракатка батып жүргөнүмдү элестете да албайсыз <...> Башкырлар менен кымыз ичем, алардан жылкыларын сатып алам, ат чабыштарды уюштурам, айдаганга жер тандайм, эгин жыйноого киши жалдайм, буудай сатам, уктайм. Кудай буюрса 15-августун тегерегинде Ясныйга барып калам, бир аз эс алып алып сизге кат жиберем, ошондо жолугабыз деп үмүттөнөм...

Федор Шаляпин

Эмгек өргүүсүнө чыкканга эч кандай мүмкүнчүлүк табылбаса, долбоорлордун аралыгындагы тыныгуулардын убагында жакшы эс алууга аракеттенгиле.

“Кечээ Лозаннадагы концертте ырдадым, онунда Венадагы концертте ырдайм <...> 31-майда менин концертим Парижде өтөт, а 20-июнда пароходго олтуруп алыскы сапарга аттанам. Буэнос-Айресте жай бою болом. Албетте, булардын баары жакшы дечи, бирок бир жайды өткөзүп жибергеним өкүнүчтүү. Күн көрбөй калган жаман. Айрыкча мен үчүн. Аз гана күнү калат экен, айла канча, ошого каниет кылам да”.

“Бул жайда эс ала алган жокмун, Түштүк Америкага барып ырдадым: Буэнос-Айресте 10 кеч, Чилиде 5 кеч, Парагуайда 3, Бразилияда 1 кеч, ошентсе да параходдо ары карай 16 күн, бери карай 16 күн жүргөндө жакшы эс алдым, ал тургай семирип да кеттим”.

Антон Чехов

Өзүңөрдү эркин, бош сезгенге үйрөнгүлө. Каалап турсаңар, ал тургай жалкоолукка да жол бергиле.

“Силерге бир нече аңгемемди жибердим. Эгерде жалкоолонбосом, мындан деле жакшыраак жазып, көбүрөк жиберсем болмок. Жайында мен аябай жалкоо жанга айланам. Канча аракеттенсем да мындан кутула албадым”.

“Азыркы тапта Москвада жашап жатам, кат жазсаңыз ошол жакка жибериңиз. Жалкоолугум үчүн кечирип койгула! Жай – эч нерсе кыла албайм... Акындар гана өзүнүн кагаз иштери менен айлуу түн, сүйүүнү бириктире алышат... Сүйүүлөрүн билдиришет, ошол эле маалда ырларын жазышат... А биз кара сөзчүлөр – бизде иш таптакыр башкача...”

Михаил Нестеров

Жаңы сезимдерди издегиле. Шаардын сейил багына чыккыла, албетте, сүйгүлө.

Бир жолу Ушаков шаарынын сейил багында тез утушка ээ болуучу лотерея ойнолуп калды. <...> Эриккенден улам мен дагы сейил багына бардым. Белет сатылып жаткан көк жайыкта баш байгеге сайылган уйду утуп алабыз деп үмүттөнгөндөр көп экен. Мен ал жерден капысынан эки тааныш эмес айымды көрдүм, алар уфалыктар (мен уфалык айымдардын бирин да калтырбай таанычуумун) эмес эле.

Айымдардын бири кыска бойлуу толугунан келген ак жуумал, а экинчиси узун бойлуу, кебетеси келишкен аксаргыл кыз болчу.. <...> Алар четте жайгашкан кичинекей шаардын карапайым жашоочуларына кошулбай, көңүлдөрү куунак, ар нерселерди сүйлөшүп обочо жерде бөлүнүп турушту. Алардын Москвадан же Петербургдан экени айдан ачык көрүнүп турду.

Менин көңүлүм толугу менен ошолорго бурулду. Тилекке каршы, алар тууралуу бир нерсе айтып берер тааныштар көрүнгөн жок. Дүйнөдөгү бардык нерселерди унутуп, бейтааныш айымдарды карай баштадым, алар мага аябай жагып турду, өзгөчө узун бойлуусу керемет экен. Аны менен жакындан таанышканымдан кийин, аны көптөн бери, а балким төрөлгөндөн баштап көрүп-билип жүргөн сыяктуу сезилди. Анда мага жакын, сүйкүмдүү бир нерсе бар эле...

«Көргөн билгендерим жөнүндө. 1862–1917-жылдар. Эскерүүлөр», Бап «Уфа. Биринчи сүйүү»

Петр Чайковский

Күн жаркырап тийип турган жылуу күндөргө кубангыла, жайкы хоббиңерди табууга аракет жасагыла.

Менин кымбаттуу досум! Мен сиздин кечээги телеграммаңызды алып абдан кубандым.<...> Эгерде жай айы ушул убакытка чейинкидей болуп көрбөгөндөй жылуу жана сонун болсо, бул жолку мекениңиздеги өткөзгөн күндөрүңүз, былтыркыга караганда жагымдуу болоруна ишенем. Бул жайда Кудайым бергендей жыргал эсимде жок. Менин отургузган гүлдөрүм шумдуктуудай ачылды. Мен барган сайын гүл өстүрүүгө кызыгым артып бараткансыйт, эгер карылык келип музыкалык жөндөмүм төмөндөсө, гүл өстүрүүго башотум менен киришем го деп өзүмдү сооротуп жүрөм...

Надежда фон Мекке жазган катынан. 30-июнь 1890-жыл, Фроловское айылы

Николай Римский-Корсаков

Кантип туура тамактаныш керек? Жашылча жемиштерди көп жегиле. Аларды жууп жегенди унутпагыла!

Бородин музыкага арбалып мас адамдай жүрөт, а менин милдетим музыка менен иштөө болсо да ага толугу менен кирише албай жатам, ошондуктан бүгүн эртең менен музыканттар менен болдум, эртең эртең менен да, кечинде да аларга барам. Күн аябагандай ысык, бүгүн көлөкөдө эле 26 градус; эки жолу сууга түштүм... Кечээ да, бүгүн да базарга бардым, алча сатып  алып бир топ эле жедим, албетте, адегенде аны муздак суу менен жуудум (бул үчүн мени мактасаң болот). Азырынча акыл-эсим жайында: чочконун этин жебейм, бир жолу гана Небольсиндердикинен кайнатылып бышырылган колбаса жедим, – бирок анын зыяны жок. А ашкабакты күн сайын жейм, анан кой этинен жасалган тамактардан ичем – бул жерде кой эти абдан даамдуу.

Аялы Надежда Римской-Корсаковага жазган катынан. 11-июнь 1881-жыл, Николаев

Татьяна Григорьева

Источник: culture.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз