Италиян эл жомогу: Гандзирри көлү

  • 07.09.2021
  • 2741

Мессина жерине бир бай келиптир. Ал ушунчалык бай экен, өзүнүн канча байлыгы бар экенин да билбептир. Ал жерден Гандзирри көлүнө сейилдеп чыгат да анын сулуулугуна суктанып, жактырып калат. Эми байлардын бирдемеге кызыкса  аны сатып алгысы келген жаман адаттары бар эмеспи. Сураштыра баштайт:

– Бул көл кимдики?

– Королдуку, – деп жооп беришет.

Бай түз эле королго барат.

– Улуу урматтуум, көлүӊүздү мага сатпайсызбы?

– Эмнеге сатпайм! – дейт король. – Баасы келишсе сатпагандачы, сатам.

– Канчага баалайсыз?

– Кымбат деле сурабайм. Гандзирринин түбүн алтын тыйындар менен каптап чыгасыз, анан тыйыны мага, көл сизге, так бөлүшүп алабыз.

– Жарайт! – бай кубанганынан кыйкырып жиберет.

Байдын оӊой эле макул боло койгонун көрүп, арзандатып жиберген экем деп коркуп кетет король, анан шашылыш кошумчалайт:

– Коё туруӊуз, мен аягына чейин айтып бүткөнчө. Тыйындар капталы менен тизилиш керек.

– Жок, сиздин королдук улуу урматыӊызга, мунуӊуз өтө эле кымбат, тыйындар жалпагынан жатыш керек.

– Кырынан! – каршыгып калды король.

– Жалпагынан! – өжөрлөнөт бай.

Бул күнү кечке чейин баасына макулдаша алышпады. Бирок эртеӊ менен Гандзирринин үстүнөн күн жаркырап көтөрүлгөнүн көргөн бай түз эле королго чуркап барды.

– Э, улуу урматтуум, мейли, сиз айткандай болсун.

Эртеси эле бай алтын тыйындарды ташыта баштады. Жүз качырга куржун жүктөлгөн кербен туура жыйырма күн эртеӊ менен келип, кечинде кетип жатты. Көл жээгинде алтын тоодой үйүлдү. Анан тыйындарды көл түбүнө тизе башташты.

Король тыйындар капталынан, тыгыз тизилгенине өзү көз салды. Жээктеги алтындар азайып, көл түбү алтын балыктын кабырчыгындай жаркырай баштады. Эми акыркы күнү, акыркы саатта, акыркы мүнөттө, бай көлдү өзүнүкү деп эсептеп калганда жападан жалгыз бир тыйын жетпей калбаспы.

– Бир тыйындан эмне болмок эле, - деди бай. - Бул анча маанилүү эмес го.

– Кантип маанилүү эмес! – кыйкырып жиберди король. - Эмне, мен ушул укмуш кооз көлүмдү бекер бере коёт деп ойлоп жатасызбы? Алып келиӊиз акыркы тыйынды!

Чындыгын айтканда байдын байлыгынан эч нерсе, бир тыйын да калбаптыр. Аны бай королдун көзүнчө мойнуна алгысы келбейт.

– Мен эми бир тыйын үчүн бүт кербенди ары-бери айдатмак белем. Анча эле болуп баратса ошол жетпеген  тыйынды карызга берип туруӊуз.

Эми болгон чындыкты силерге айтпаса болчудай эмес. Көрсө, королдо бир да алтын тыйын калган эмес экен. Чоӊ тойлор менен бал маскараддар, ак сарайдагы айымдарга кымбат белектер казынаны кагып түгөткөн экен. Королдун казынасы чоӊ добулбастан да көӊдөй, бош калган экен. Бирок король аны кантип билгизмек. Анда айтат дейт:

– Менин король экенимди унутпа! Мен бирөөгө карыз бергендей, жүргөн бир сүткор эмесмин! Акча жетпегенден кийин Гандзирри  көлүн сатып албайт!

Байдын абдан жини келди.

– Андай болсо, – деп кыйкырды бай, – силердин көлдүн кереги жок! Бул акчага мен көл эмес керек болсо деӊиз сатып албаймынбы. Бай кайрадан тыйындарды көл түбүнөн алдырып, качырларга жүктөттү.

Ошентип бул соода болбой калды. Бай деӊиз сатып алдыбы, анысын биле албадык. А бирок казынысынан бир тыйын табылбай калганына король өмүрү өткөнчө өкүнүп жүргөн дейт. Анда кандай байлыгы ашкан король болорун элестетип көрсөӊөр болмок!

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз