Федор Достоевскийди бирөөлөр сүйсө, кээси жек көрөт. Бирок биздин күндөргө чейинки анын актуалдуулугун жоготпогон гениалдуу ойлоруна кошулбай коюуга аргабыз жок.
Келгиле, бул адамдын айткан ойлоруна кунт коюп көрөлү:
♦ ♦ ♦
Ким пайдалуу нерсе кылгысы келсе, анын колу таңылуу болсо да көп жакшылыктарды жасайт.
♦ ♦ ♦
Таарынычтарды акыл-эсиңде сактай бербе, кереметтүү көз ирмемдерге орун тийбей калбасын.
♦ ♦ ♦
Негизги идеяң аткарууга кол жеткис бийиктикте болуш керек.
♦ ♦ ♦
Бараткан жолуңда ар бир үргөн итке токтоп таш ыргытсаң, бара турган жериңе эч качан жетпейсиң.
♦ ♦ ♦
Бардык нерсенин чеги болот, аны бир аттап өтсөң кайра артка жол жок.
♦ ♦ ♦
Биринчи кадамды бири да таштагысы келбейт, анткени ар бири күнөө менде эмес деп ойлойт.
♦ ♦ ♦
Китеп окубаганың — демек, ойлонуудан калганың.