Решат Нури Гүнтекин: Туюк махабат

  • 26.02.2024
  • 3154

АҢГЕМЕ

Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, балким, жолугуп да каларбыз. Өзүмдү азыртан эле сиздин сүйгөнүңүз, сөйкөлүү кызыңыз деп эсептегендиктен, сиз менен жолугууну уят, айып бир иш деп ойлобойм. Үйдө жалгыздыктан бук болом. Каттарыңыз мага жан эрмегим болор…»

Он алты жашка келген ар бир окуучу сыяктуу эле Расим үчүн да бул жашоодо бирөөнүн сүйгөнү болуп, аны сүйүүдөн артык эч нерсе жок эле. Катты окуур замат жүрөгү алоолой түштү. Өзү өмүрүндө көрбөгөн бул бейтааныш кызды элбе-делбе болуп катуу сүйүп калды. Кечинде киного бармак эле, барбады, бөлмөсүнө бекинип алып, өзүн сүйүп калган бул бийкечке келиштирип бир узун кат жазды.

Катты почто кутусуна салган сайын дароо он жашка чоңоё түшкөндөй керсейип калар эле. Атым Бедиа деген бул бийкеч Расимдин каттарына үзгүлтүксүз жооп жазып, эгер бир-эки күн кат жазбай калса, кыямат-кайым салчу: «Сизди канчалык сүйөрүн, сиздин каттарыңыздан башка көңүл жубатары жок экенин айткан бир байкуш кыздын эки көзүн төрт кылып күттүргөн туурабы? Анан калса каттарыңызды да ченеп-бычып кыска жазасыз. Дагы бир өтүнүчүм, каттарыңызды бир аз окула тургандай кылып жазасызбы?»

Боз улан кечинде эртелеп бөлмөсүнө кирип кетет да, ашыгына жагыш үчүн сааттар бою кайра-кайра көчүрүп, китептей узун каттарды жазчу. Бедиа анан калса ар нерсеге кызыккан дилгир кыз болуп чыкты. Кээде мындай суроолорду берет: «Үйлөнгөндө бал айыбызды өткөрүү үчүн Италияга барсакпы же Швецияга барсакпы? Бул эки өлкө кандай болду экен? Эли кантип жашап, эмне иш кылат болду экен? Ал жактарга барыш үчүн кайсы деңиздерден, кайсы өлкөлөрдөн өтүш керек?» Же болбосо: «Сен Абдүлхак Хамиттин «Эсберин» окудуңбу? Абдан жаккан жерлерин жазсаң, мен да окуюн…»

Боз улан кызына уят болбош үчүн география жана адабият китептерин аңтарып, ал сураган маалыматтарды топтоо үчүн күнү бою жан талашчу.

Бедиа бир катында ага минтип таарынды: «Сиз менен сөзсүз жолугайын деп кечээ мектептен кайтчу жолуңуздан күттүм. Бирок бир жаш кыздын сүйгөнү экениңизди унутуп, абдан жаман кийинип алыпсыз. Үстү-башыңыз, бут кийимиңиз баткак экен. Кичинекей баладай болуп досторуңуз менен алыштыңызбы? Муну көрүп, сизди уят болбосун деп, жаныңызга бара албадым.»

Расимдин өлбөгөн төрт шыйрагы калды, капа да болду. Ошол күндөн тартып абдан тыкан, таза кийине турган болду.

Бир жолу Бедиа анын мектептен чыгар менен үйгө кетпей, кечке чейин көчөдө жүргөнүн айтып даттанды. Өзү минтип ал деп үйдө ыйлап отурса, ал башка кыздар менен жүрөт болду бекен?

Расим бул дүйнөдө Бедиаман башка эч бир кызды сүйбөйм деп карганып кат жазды, көчөдө баса албай, кокусунан учураган кыздарга көзүнүн кыры менен да карай албай турган болду.

Бир күнү кечинде Расимдин апасы Недиме айым жубайы Ахмет мырзаны аза күткөндөй тосуп алды. Ыйламсырап: «Ах, мырзам, башка түшкөндү сураба. Уулубузга Бедиа деген бир балакет кыз жабышыптыр. Бүгүн Расимдин бөлмөсүн жыйыштырып жатып, каттарын таап алдым. Балабыз колдон чыгып баратыптыр. Бир айласын тап», - деп муңканды.

Ал эми Ахмет мырзанын эч бир кызыккан түрү көрүнбөйт, тескерисинче, кыт-кыт күлүп турат. «Коркпо, айым», - деди ал шыбырап. «Ага ашыктык каттарын жазган кыз менмин. Балабыздын жалкоолугу арткандан артып бараткан. Мектептеги мугалимдер да, мен да канча аракет кылганыбыз менен жакшыраак жазганды да үйрөтө албай койдук. Акырында ойлонуп отуруп ушул айланы таптым. Расимдин кызга кат жазып жүрүп жаңы жазууну үйрөнөрүнө, быйыл кийинки класска көчөрүнө ишенем. Чынын айтсам, мен да эски жазууну бир убакта сага кат жазып жүрүп үйрөнгөн элем.»

Түрк тилинен которгон Таалай АБДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз