Топчугүл Шайдуллаева: Кара жаздык

  • 23.02.2024
  • 3597

АҢГЕМЕ

Таң ата элек. Айылдын ар кайсы жеринен анча-мынча короздор кыйкырып койгону  болбосо эл жапырт уйкуда. Ушул маалда эрте жаздын  сай тараптан соккон муздак шамалына төшүн тосуп чоң жолдун боюнда  үч караан турду. Алардын бири  улам өткөн машинеге кол көтөрөт. Машинелер токтобойт. “Жерге жарык түшкөнчө айылдан узап кетишсе оң болот эле.” Ушинтип ичинен кыжаалат болгон  үч караандын эң улуусу өткөн машинелерди ылгабай кол көтөрө берди. Чоң жолдо машинелер тынымсыз өтүп жатканы менен буларга бири да токтободу.  

Жол боюнда этек-жеңи таңкы шамалга желбиреп, өздөрү үшүп дилдиреп  турган  үч ургаачынын үрүл-бүрүл караанын көп машинедегилер көрмөксөнгө  салып койду.   Беймаал, чоң жолдун боюнда  үч  ургаачынын минтип турганы  не жакшылык болсун деген  айрымдары көрсө да атайын эле токтогусу келбеди.  Таң болсо жарып келатат. Ансайын үч караандын эң улуусу чебелектеп, адегенде жол боюнда турса, эми жол ортосуна чыга калып кол көтөрө баштады. Зуулдап келаткан машиналар ошондо да токтогон жок, аялды  тегеренип өтүп кете беришти.  Оромолун ээгинен алып салынган аял  кайра жол четине чыгып катар коюлган үч чоң сумкенин бирине  чарчагандай отура кетти. Эми кыздары машинелерге кол көтөрө башташты...

Тоо таянган айылда ургаачы ичинде ак жүздүүсү, нурдуусу, сулуусу аз.  Тоонун муздак жели, керээли кечке тынымы жок талаа-ташта өткөн тиричилик убаракерчилиги кыз-келиндердин жүзүн эрте тотуктуруп, белин майыштырып, оозундагы тишин күбүп, бат эле картайтып койчу. Бирок  бул айылда тоонун шамалы да, тиричиликтин оору да жүзүнө из түшүрө албаган бети  айдай тунук, нурлуу, бой келбети шыңга, кашы, көзү кол менен боегондой капкара бир сулуу келин бар эле. Бу келинге көзү түшпөгөн бул чөлкөмдө эркек заты болбосо керек. Бирок келин эки тестиер кызы менен жалгыз жашачу. Канча эркек сугун арткан менен ага үйлөнүп жашаганга келгенде даай алчу эмес. Анткени анын «кара жаздык» аты бар эле. Жыйырма бешке келгенче үч курдай күйөөгө тийип, үчөөсү тең  ар кандай себептер менен өлүп калган. Үч ирет кара кийип, жесир калды. Ушундан кийин эл ага эрин жей бере турган жаздыгы кара - «кара жаздык» деген жаман атты коюп койгон. Келинди өз атынан көзүнчө эле айтышпаса, аркасынан баары  каражаздык дешет.  Ага бирөө жарым үйлөнсө эле өлүп калчудай чочуп калышкан.

Келин чырайына жараша үйүн, короо-жайын, идиш-аягын, кийим-кече, буюм-тайымын   зымпыйта таза кармап, чарбачыл, колунан бычкан-тиккен келген эптүү уз эле. Ага эч ким үйлөнгүсу келбесе да, эркектер баари бир бул аялга тартыла берчү. Айрыкча айылдагы  “чоңмун” дегендер. Алар жогор жактан комиссия же коноктор келип калганда токтоосуз ушул келиндин үйүнө келишчү.  Конок күткөнгө  үйү таза, тамагы даамдуу,  чай сунганга  өзү сулуу келин,  бардык тарабынан төп келет эле. Айылдын аткаминерлери керектүү тамак-ашын  бу келинге көтөрүп алдын ала жетип келишчү. Келин да аларды жер каратпай,  ойдогудай конокторун тосуп, ажаатын ачып берип турчу.

Келин өзү да  буга көнгөн эле. Ар дайым ак дасторкону жуулуу, идиш аягы белен турчу. Кыздарын жалгыз баккан аялдын тиричилиги өп-чап. Мындай конок тосуудан бу атасыз үйбүлө бир топ карымжаланып алышчу. Анын айылдыктар бешенесине бадырайта жазып койгон  «кара жаздык» деген атын сырттан келген коноктор кайдан билсин. Алардын кээлери айжамал келинге акча сунуп, белек берип, жакшы сөзүн айтып, көңүлүн да көтөрүп коюп кетишчү. Алар арасында  сугун арткандар, аны көпкө чейин эсинен чыгара албагандары да болгон.  

Ушундай, бу «кара жаздык» келин айылдагы көптөгөн башка «ак жаздык» келиндер аткара албаган кызматты аркалап, айылдагы аткаминерлердин кызматын өтөп, канча суранып келгендерге кийим-кечесин тигип, канча кыздарга сеп камдашып тиричилигин өткөрдү. Кудай бармагынан айткан менен багы ошол бойдон ачылбады, бир ирет ачылганы калып, кайра эле жабылды. Анын «кара жаздык» экенин билбеген  айылга сырттан келген кызматы бар коноктордун бири муну  бир көрүп жактырып калган. Ал экинчи жолу атайын келин үчүн чоң шаардан  айылга келип, ага үйлөнөрүн түз эле айтты. Аны кыздары менен өзү жашаган алыскы борборго  көчүрүп алып кетем деди. Чочуп кеткен келин өзүнүн «кара жаздык» тагдырын ага ачык  айтууга мажбур болду, болочок күйөө болчу кишинин өмүрүнөн чочулап турганын да  байкуш келин жашырбады. Муну уккан болочок күйөө ойлонуп калгандын ордуна үйдү жаңырта каткырып күлдү:

- Ха-ха-ха, - койсоңчу,  бул жөн эле сөз да, тообо, айылдыктардын таппаганы жок, - деди ал. - Мындайга мен ишенбеймин, менин деле аялым каза болуп калган, ажал жетсе баарыбыз кетебиз. Экөөбүз эми гана кырктан ашсак,  ден соолугубуз жакшы, өмүрдүн баары алдыда.  Сени мындан кийин эч ким каражаздык дебейт, жаздыгыңды ушундай агартам дейсиң, экөөбүз бактылуу болобуз, көрөсүң, - деген эркек тамаша сөзду ыргыта сүйлөп, келиндин көңүлүн көтөрүп, күлдүрүп, бетинен сүйүп, эркелетип бир топко чейин кетпей отурган.

Келин ичинен канчалык кооптонуп турса да, аял да, бу ишенимдүү сүйлөгөн ак көңүл  эркектин сөзүнө жибип арбалды. Макулдугун берди. Бир чети айылынан биротоло кетип калганды өзү да каалап турган.

Эркек бир аптадан кийин келип, тууган урукту топтоп, кан чыгарып, бата алып, анан буларды көчүрүп алып кетмей болду.  Бирок күйөө болчу эркек бир аптадан кийин келбеди, ай өткөндө  гана келинге    булардын айылына жүк машине менен келатып анын узак жолдо  кырсыкка кабылып,  мүрт кеткенин угузушту.  Бул эркек ага үйлөнө электе, бир жаздыкка баш койгонго да үлгүрбөй өлүмгө кириптер болду. Эркекке боору ооруп, өксүп ыйлаган келин  эми өзүнүн  накта «кара жаздык» экенине чындап ынанды окшойт, жакасын кармап, тагдырына биротоло моюн сунду. Бул окуядан кийин  айылдаштары андан  ого бетер четтеп калышты.  

Жылдар өтүп, кыздары келишкен сулуу болуп бой тартты. Эми келин өзүнүн эмес, кыздарынын тагдырын ойлоп оңбогондой ташпишке түштү. Бирөө жарым жуучу түшүп эшигимди аттаар бекен? - деген  ой-санаа келинди чырмап, уйкусун бузду. Кыздарына эртели-кеч, басса-турса  бак тиледи. Бирок «кара жаздыктын» кыздары эбак онунчуну бүтсө да, чырайлуу, ыймандуу болуп чоңоюшса да  кол сураган кишиден дайын жок. Убакыт өтүп жатат. Кыздарынын тагдырына биротоло кейип, эл ичинде чындап басынган келин бир күн бул төрөлүп, өмүр бою жашаган айылынан көчүп кетүүнү чечти. Болгондо да алыс жакка. Анын кашайып «кара жаздык» экенин билбеген жакка...

Өзүнүн бешенесине жазылган кара тактын кыздарыма көлөкөсү тийип калбасын деп изин сууткусу келди.  Кайсы жерде, кайсы элде болсо да  кыздары бүлө күтүп бактылуу болсо экен.  Келин эч кимге кайда барары тууралуу ооз ачпады.  

Өзбекстан тарапка энесинин туугандарын издеп жөнөдү. Бир жакыныраак таякеси барын билчү, барайын деди, анан көрө жатармын деп тобокелге бел байлаган келин үйүн жакшылап кулпулап, эки кызын, кийим-кечесин алган бойдон таң атпай, үрүл-бараңда жолго чыккан эле. Эми минтип машинелер токтобой,  четтеп өтүп, алар да мунун  «кара жаздык» экенин  билип алгандай аялды кыжаалат кылды...

07.03.2006

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз