Айтматовду арбаган улуу жомок

  • 17.10.2023
  • 7676

ЭССЕ

Кыштын башталышы, шопойгон бак арасындагы сары жалбырактар бурганактаган шамалдан куюн болуп айланып асманга тегерене учуп, айрыкча теңселген теректердин учтарынан бороондун катуулугу айкындалып, үй алдындагы буюм-тайымдар тоголоно добулбас күчөп, кайдан-жайдан келген шамалды коштой алааматты огобетер күчөтүп жатты.

- Ээ, Алла, Алла, өзүң сакта! Ушул күнү да ушундай болобу? – деп үстү камыш менен жабылган бастырмалуу үйдө, карыса да дале күүлүү-күчтүү Айымкан апа эки колун созо өөдө карап, алаамат шамалдын токтошун кудайдан тилеп отурду.

Долуланган, улуп-уңшуган бороондун эрте менен жаркырап чыккан күндөн кийин мынчалык болорун эч ким оюна албаса керек. Анан калса Айтматтан калган бул эски үйдү көп жыл күзөтүп келген какжыраган эшиктин кулпу салар чынжырлуу чагарагы шамалга серпиле, сырттан бирөө каккылагандай үрөйдү учурат.

Ооба, бүгүнкү окуяны карабайсыңбы? Айтматтын Төрөкулунун келинчеги бая бешимден кийин толгото баштаган эле.

“Аттиң, бая шамалдан мурда тигил ылдыйкы айылдагы Үркүнбай молдонун кемпири Зуураны чакырып койгондо?” Айымкан апа өзүнө-өзү наалат айтып өкүнүп атты.

- Оо, Канымжан, Канымжан дейм!

- Эмне дейсиз, апа?

- Ысырыгың калдыбы? Ысырык салчы дагы! – деди Айымкан апа чебелене.

- Ширеңке нымдашып калыптыр...

- Эмне кыбырайсың, болчу тезирээк, ботом, ширеңкең суу болсо да жандыр!

Көздөрүн алаңдатып корккон коңшусу кудай жалгап чыракты күйгүзүп жиберди. Толгоосу бышып, жуурканды мыжыга чиренген келини көздөрү сүзүлгөн абалда эриндери кеберсип алда эмнелерди айтып жатты.

- Нагима! Нагима! Нагима! – деп келининин жанына чөгөлөй кайраттана кыйкырып, колдорун ушалаган Айымкан апа шайыр мүнөз келининин анда-санда гана:

- Апа, апа! – деген сөзүн түшүнбөсө, калган сөздөрүн түшүнгөн жок.

Нагиманын толгоосу улам күчөп барган сайын шайы ооп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калкылдап турду.

Көзүндөгү кылайган үмүт бүлбүлдөй өчкөнсүп, наристеси жөнүндөгү топтолгон таттуу кыялдары сырттагы шамал менен кошо учту.

Жашоонун баатыр марттыгына кайыл, кыпын кармагандай коркунуч да сезилбей, түбөлүк өлүм мага баары бир дегендей абалда жатты Нагима.

Сүйүктүү келининин абалын карап турган Айымкандын үрөйү учту.

Ал келини экөөлөп тиккен бөбөк кийимдерине эрте камылга көргөнүн да кокус жамандыкты алып келеби деп боолголой, кайра капилет келген бузук тилектеринен кайтты.

Ал азыр ушул саам келининин аман калышына керек болсо жанын бергенге даяр эле...

Айымкан апа күнү-түнү өкмөт иши менен жүргөн уулу Төрөкул келип калса келини оңолуп кетүүчүдөй эшикти утурлай карай бир аз болсо да өзүн-өзү соороткон болот.

Ал эми сырттагы жамгыр аралаш бороон күчөгөндөн күчөдү. Кадимки жырткычтай улуп-уңшуган, али адам көрбөгөн, адам добушун укпаган коркунучтуу жаныбар эшикке келип тургансыйт. Бирок Айымкан апага сырттагы коркунучтан да үй ичиндеги коркунуч алда канча айбаттуу болуп турду.

Добулбас урган бороон эшик алдына келип, алда эмнени күтүп жаткансыды. Бул саамда үй жаңырта бакырып ыңаалаган баланын үнү чыкты. Мына ошондо “сан миң кошуундун артынан кеттик” деп буйрук бергендей булуттарды жапырып кууган куюн үй алдынан шашылып жылып жөнөгөнсүдү. Айлана тынчый, ары короодогу тору быштынын да окуранганы даана угулду.

Небересинин киндигин кесип, шашып-бушуп чүргөй салган Айымкан апа нары барып, бери келген сүйүктүү келини Нагиманын маңдай чачынан үч жолу ырым кылып тартып бетинен өптү.

Бороон алыстагандан алыстап кете берди.

Сырт да мемиреп, бир гана жыйырманчы кылымдын келечек генийи – наристе Чыңгыз барылдап ыйлап жатты.

Ал кызыктай бала эле. Төрт жашка чыккан Чыңгыз жомок уккандан такыр тажабады. Көз жашын көл кылып, жомок укпаган күнү чыр салат да турат. Ансыз да уламышты, жомокту көп билген Айымкан апада да эч нерсе калган жок.

Небере деген небере да, ал жомок издеп коңшу айылдарга барчу болду. Күндө жаңы жомок табуу керек. Чоң эне небереге жомок издеп жүрдү.

Отузунчу жылдары катуу ачарчылык апаат элди каптап, балдары үчүн нан, бир ууч машак издеген адамдар, тишинин кирин соргон балдарга кайдан жомок кулагына кирсин. Кичинекей Чыңгыз гана жаңы жомок укпай калган күнү көнөктөй ыйлап, Айымканда да, жалпы үйдө да тынчтык жок. Кобурашып отурган бир топ аксакалдар өз ара:

- Ээ, кетибаткан Айымканбы?

- Кайда жөнөдү?

- Олуя-Атага дейби?

- А, эмне болуптур мынча?

- А тиги небереси, Төрөкулдун уулу такыр ыйлап, жаңы жомок укпаса ооруп калып атыптыр.

- Ээ, кокуй, бул эмнеси, бала деген бала да, баланын айтканын жасай берсе эмне болот?

- Жомок үчүн Олуя-Атага барат деген эмнеси?

- Көп ыйласа, молдого окутуп коюш керек – деди ичинен бирөө.

Ошентип бара-бара Чыңгыздын жомок чыры барган сайын күчөдү.

Айымканды аяган тууган-урук, дос-тамыр түп көтөрө айыл кыдырып, жомок издешип, жаңы жомок алып келишет. Кыскасы, жомок издөө азабын жакындары бирдей тартышты. Ушундай да болорбу...

Баарынын үмүтү кежир баланын пейли бир аз убакыт өтсө эсине кирип, жомокко деген дегдөөсү басылаар, көңүлү кайтаар, Айымкан апанын түйшүгү жеңилдээр деген мерчемде эле. Анан кантмек, бир үйбүлө тургай, баланын жалпы айылды кыйнап жомок издетип, илгери кийин эч кимдин оюна келбеген жумушка салып олтурса. Башканы кой, жомокчу балага ата-энеси да нааразы, бирок ошол жомокко тойбой, улам жаңысын уккусу келгени – баарынан кызык болуп жатпайбы. Кечээ коңшу айылдан өтө бир кызыктуу жомок тапкан Айымкан апа небересин сүйүнтмөккө жүгүрүп келатып жыгылып, бутун ооруксунтуп алыптыр, алда кокуй-ай!..

Ошондой жомок издеп, далайлар чарчаган күндөрдүн биринде Таласка айтылуу манасчы келди. Жомокко тойбогон баланы аксакалдар дароо эле:

- Ай, тиги Жолонбайдын үйүндөгү манасчыга Айтматтын баягы жомок укчуу ыйлаак баласын алып барып көрбөйсүңөрбү, мүмкүн касиеттүү Манас атанын касиет руху колдоп, бала ыйлабай калар...

- Эмнеси болсо да балага “Манас” уктургула! - дешти.

Кичинекей жомокчуну Жолонбайдын үйүнө алып барышты. Жолонбай колунда бар киши көрүнөт, үйүнүн бир бөлүгү чоң мейманкана экен, тебетей кийген жашы кырктан өткөн киши көпчүлүктүн, үй толо адамдардын чок ортосунда өзгөчө бийик уккулуктуу үн менен “Манастын” эң кызык жери "Чоң Казатты" айтып, эркек-аялдын баарын шолоктотуп ыйлатып атыптыр.

Манасчы окуянын эң кызык жерин айтып атканда Айымкан небересин алып кирди. Манасчыны чоң көздөрү менен тигиле тиктеген бала, баамдуу адамдай парасат салып, Манасчыдан көзүн албай чоң энесинин тизесине отурду да чоң дүйнөгө кирип баратты.

Арадан көп убакыт өтсө да кичинекей Чыңгыз манасчыдан бир да көзүн албады. Манасчы “Манасты” токтотту, эл үй-үйүнө тарады. Улутуна унчукпаган Чыңгызды чоң энеси үйүнө алып келди.

Эл жатып уктаганча, демейдеги тынчы жок чыр бала төшөккө кынтайган боюнча мемиреп уктап кетти. Айымкан апа балага жомок издөө абыгеринен биротоло кутулду. Ошентип улуу жомок башталды.

Малик ОСМОНОВ

Малик балбан улуулукту тааныйт

Малик Осмонов менен айтылуу Султан палван Раев 2001-жылы Оштун “Фархат” чайканасында тааныштырган учурду күнү бүгүнкүдөй эстейм!

Макең оозеки сөз өнөрүнүн чебери – чечен, болгондо да жөн чечен эмес, куудул чечен! Айрыкча андагы Бельгиядагы элчи Чыңгыз Айтматовдун, “Береги Европанын чок ортосунда жатып алып, алыс-алыстагы Ала-Тоо мекенимди ойлоп, кыйырсыз санааларга жетеленем...” дегенин дал өзүндөй кыраатын келтире кайталай туурап айтып берип, боорду эзе күлдүргөнү эсте.

Малик кезегинде бүткүл Ферганага легендага айланган Абдырахман, Тапанча – Ибрагим, Баяман балбандар менен бирге жүргөн, өзү да белбоо күрөштүн таанымал чебери. Кийин түптөлүп, эл аралык мелдеш деңгээлине көтөрүлгөн. “Алыш” Федерациясынын уюштуруучуларынын бири. Дегеле улуттук спорт оюндарынын түштүктөгү даңазалуусу – белбоо күрөш жана улак тартыш, эр эңиштин тарых-таржымалынын тирүү энциклопедиясы. Ал 2010-2015-жылдары элдик депутат жүгүн да аркалады.

Малик балбан экөөбүздүн ымалабызды бекемдеген күч барып-келип эле адабиятта. “Жазгандан окуп түшүнгөн кыйын” деп кайсы бир кеменгер жазгандай Макең көп окуп, окугандарын иргеп, эстутумунан элеп, баалап, барктай алган нарктуу окурман. Аны менен баарлашуунун өзү майрам. Өзгөчө алп жазуучу Айтматовду, анын аалам кезген ажайып рух дөөлөтүн балбандын оозунан угуп олтуруп, Нурак Абдрахмановдун “Майда адамдар майда сүйгөндөй, майда сүйбөйлү...” деген саптары керемет аваны менен кулакка жаңырат. Атаңдын гөрү арман, алмуздактан бери айтылып келгендей, асылдын барк-баасын аңдап-түшүнүү ар кимдин эле акыл шыбагасына туш эмес экен да...

Узун сөздүн кыскасы, Малик дос улуу калемгер тууралуу кичкинтай аңгеме жазыптыр. Бирок ушул тепкедей чыгарма менимче жапжаңы жаркын ойду оболотуп турат!

Дүйшөн КЕРИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз