Мамлекеттик тил күнү өттү, бүттү, эски адат улана берет

  • 01.10.2021
  • 4267

23-сентябрда мамлекеттик тил күнү белгиленди, Президент куттуктады, өкмөт башчысы дагы тиешелүү жетекчилер адаттагы куттуктоолорун айтуу менен кутулушту. Ал эми кыргыз тилинин абалы мындан ары өзгөрүп кетерине ишеним жоголуп, үмүт өчүп бара жатат.

Президент өз сөзүндө “Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бизге каалоо гана керек. Биз, өзүбүз үлгү бололу деп азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп баштадык. Мындан сырткары, дагы бир топ иш-пландар бышып жетилип турат. Ошондуктан, бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам!” деди.

Буга чейинки президенттер да болжол менен ушундай сөздөрдү айтышкан, бирок эмне өзгөрдү, кеп ушунда.

Коңшу, казак, тажик, өзбек элинен айырмаланып, бир гана биз эне тилибизди аба менен суудай зарылдык менен колдоно билүүдө көйгөй бар экенин дүйнөгө жар салып келебиз. Кыргыз тилин бардык деңгээлде колдоно турган тилге айлантуу биринчи кезекте ар бир адамдын анан мамлекет башчысынын, андан кийинки жетекчилердин милдети экендиги белгилүү. Бирок чыныгы абал кандай?

Жаңылбасам, 2020-жылдын 1-январынан тарта эле бардык мамлекеттик иш кагаздар толугу менен кыргыз тилине өтүүсү боюнча ошол кездеги Президенттин жарлыгы чыккан. Азыркы абалга караганда жарлык ишке ашкан эмес. Тилди бардык деңгээлде пайдалана билүү, чындап иш кагаздарын  кыргызчалатуу жарлыктар менен ишке ашпайт, тилдин иштей билүүсү адамдардын каалоосунан көз каранды.

Баштан өткөн ишти айтайын. Эки жыл мурда Улуттук статистика комитетине кыргыз тилдүү басма сөз катчысы керек деп, жакшы адамдар суранганынан макул болуп иштөөгө бардым. Жетекчиси мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, кыргызча эле сүйлөгөн адам эле. Маектешүүдө кыргыз тили комитетте абдан өксүп турганын, иштин баары орус тилинде гана жүрөрүн, менин негизги ишим бул жердеги жазуу иштерин кыргызчалатуу керектигин айтты. Кыргыз тилине кылар кызматым бар экен деп адегенде ишти демдүү баштап, котормосуна чейин кийлигишип баштадым. Чын эле орус тили гана өкүм сүрүп турат, жыйындарда анда-санда Президенттин жарлыгы чыккандыгын, иш кагаздарды кыргыз тилинде жазыш керектигин айтып коюшканы менен иш жүзүндө орусча кете берерин көрдүм.

Байкасам, сыртка маалымат таратуучу, мекеменин сайтына маалымат жарыялоочу жана дегеле сыртка кандай маалыматты чыгарыш керектигин чечкен жерлерде жалаң орус тилдүүлөр же орустар гана иштешет. Демек, алгачкы маалымат орус тилинде жазылат, анан кыргызчага которулат. Басма сөз релизи орусча жазылат, кыргызчага которулат. “Кыргыз тилинде жазбайлыбы?” десем, “биринчи орун басар орус, ал кыргызча түшүнбөйт, ошол киши маалыматтын чыгышына жооп берет, ошон үчүн орусча жазыш керек. Дегеле биз адегенде орусча жазганга көнгөнбүз” дешти. Жок дегенде орусча, кыргызчасын чогуу жарыя кылалы десем, орусчасы чыга берсин, сен анан которуп чыгарып кой дешет. Бир-эки жолу атайын которбой койсом, аны деле байкап, эмнеге которгон жоксуң деген киши болгон жок. Дегеле кыргызча чыккан маалыматты ал жерде деле, башкалар деле эч качан окубай турганы көрүндү.

Жума сайын өтүүчү басма сөз жыйындары орусча өтөт, кыргызча суроо берилсе гана айтылбаса, дегеле колдонулбайт экен. Кыргыз тилинде айтуу зарыл болсо, телеканалдардын, радио, сайттардын журналисттери жыйындан кийин атайын калып, кыргыз тилинде сүйлөтүп жаздырып кетишет. Менин басма сөз жыйынын кыргызча өткөрүү тууралуу айтканым суу кечпеди, статистиканын өз спецификасы бар, бир сандан жаңылсаң баары туура эмес болуп калат. Бияктагы көп жылдык тажрыйбасы бар адамдар айтсын, башкысы орусча болсо да туура маалымат жетсин дешти. 

Карачай улутундагы бир адис кыргызча мыкты сүйлөөрүн билип, “жыйындарда жок дегенде сиз кыргызча сүйлөбөйсүзбү?” десем, “менин жетекчим кыргыз, бирок кыргызча түшүнбөйт, ал түшүнүшү үчүн мен орусча сүйлөшүм керек. Кыргыз тилине бул жерде муктаждык жок болуп жатпайбы” деди.

Мени ишке алган жетекчи көбүнчө чет өлкөлөргө иш сапарга кетет, алар бүтсө Кыргызстанды аралап иш сапарлайт, анда-санда өзү жыйын өткөрөт. Ал кыргызча сүйлөгөнү менен кызматкерлери орусча сүйлөшөт. Мекеменин негизги ишин биринчи орун басары орус жигит жүргүзөт, өкмөт, башка мекемелер, эл аралык донорлор дегеле сырткы дүйнө менен карым-катышты ошол жигит тейлейт. Демек, бардык иштер орус тилинде жүрөт. Ошол жигит бир жолу “кыргызча үйрөнүп жатам” деп калды, бирок сүйлөгөнүн көргөн жокмун.

Баса, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча бир мугалимди жалдап, ал кыргыз тилин кызматкерлерге окутуп жүрдү. Бир жолу кызматкерлер “Кыргызтесттен” кыргыз тили боюнча тест өтүп келишти. Кыргызча билбеген, акцент менен сүйлөгөндөр да биринчи тепкичтен өтүшүптүр. Таңгалдым... Менимче, бардык эле мамлекеттик мекемелерде абал ушундай, көп жылдан бери эч өзгөрүү жок.

Ал жерде эки ай иштеп, бир чети айлыгынын аздыгынан, экинчи жагынан мамлекеттик кызматта иштеген адамдын тили, сөзү кыска болушу керектигине өмүр бою эркин иштеген жаным көнө албай кетип калдым.

Улуттук статистика комитетинде азыр жетекчи алмашыптыр, бирок биринчи орун басары баягы орус жигит дагы эле ордунда, демек, ал жерде абал жогоруда жазылгандай болсо керек.

Мамлекеттик иш кагаздары чындап кыргыз тилинде жүргүзүлүшү үчүн биринчи кезекте эмне кылыш керек? Биринчи кезекте ар бир мамлекеттик мекемедеги документтердин бардыгы адегенде кыргызча жазылышы зарыл! Адегенде орусча жазып, анан кыргызчалаганды караманча токтотуу керек! Демек, орусча жазылган документтер кабыл алынбай, бардык документтерди кыргыз тилинде жазып келүү талабын ошол жердин жетекчиси талап кылганы туура. Жетекчи бир жума ушуну талап кылып, анан кайра эски адатына түшүп орусча кете берсе, мамлекеттик иш кагаздары эч качан кыргыз тилине өтпөйт. Жок эле дегенде бир-бир жарым жыл документтерди адегенде кыргыз тилинде жазуу талап кылынганда гана иш кагаздар чындап кыргыз тилине өтөт. Антпесе эч качан өтпөйт. Бул бир.

Экинчиден, кыргыз тилин үйрөнүү оор, кыргыз тилин жакшы үйрөткөн мугалимдер жок, жакшы усулдар жок деген сыяктуу шылтоолорду токтотуу керек. Кыргызча эң сонун үйрөткөн мугалимдер да, методика да бар экендигин кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан чет элдиктер далилдеп келе жатышат. Демек, кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматкер, кайсы улуттан болбосун, жакшылап аракет кылса кыска убакытта кыргызча үйрөнүп алса болот. Үчүнчүдөн, министрликтер, мамлекеттик мекеме-ишканалар чындап кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүп жаткандыгын көрсөткөн иш-чаралар байма-бай өтүп турушу керек.

Ар бир адам Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз тилин билбегенине намыстанган күн келерин көрөр бекенбиз?

Аскер САКЫБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз