Аскер Сакыбаева: Эстен кеткис балалык...

  • 03.08.2020
  • 4538

ЭССЕ

(Таятам Кудендин, таенем Калбүбүнүн жаркын элесине)

Менин балалыгым алыскы Ат-Башынын Ак-Моюн, Талды-Суу айылдарында, Ак-Сай, Кызыл-Булак, Түз-Ашуу, Босого, Сары-Тал, Жети-Төр, Улуу-Төр деген жайлоолорунда өттү.

Атам Дүйшөналы менен апам Сүйүнбүбүнүн он бир баласы барбыз. Мен он бирден төртүнчү, кыздардан үчүнчүсүмүн. Бала кезим совет доорунун болуп-толуп турган учуруна туш келди. Он бир бир тууган эч кандай кыйналбай чоңойдук. Атам өмүр бою колхоздо бригадир, склад башчысы болуп иштеди. Апам да колхозчу болуп иштеп, бардыгыбызды аман-эсен багып чоңойтту. Азыр эчтекеге таңгалбай калбадыкпы, мен апамдын жалгыз өзү он бир баланын бирин да оорукчан кылбай, эсен-соо чоңойтконуна эмгиче таңгалам!

Балалыгымдагы мен сагынган элестери дайыма эсте турган кымбат адамдарым – таятам менен таенем. Таятам Кудендин үч баласы – эки кыз, бир эркеги бар. Кыздары Сүйүнбүбү менен Таттыбүбү турмушка чыгып, экөө тең он бирден балалуу болушканда таятам төбөсү көккө жете сүйүнүп, ар бир жээн-небересине энчи тартуулап келген. Эки кызынан бирден балдарды багып алды. Улуу кызынан багып алган кызы мен элем.

Ошентип алты жашымда  чөжүрөгөн бир туугандарымдан бөлүнүп, таятам мени атына өңөрүп алып Талды-Сууга келдик. Талды-Сууда колхоздо айдоочу болуп иштеген Кебекбай таекем, мектепте немис тилинен сабак берген Рая таажеңем айылдагы үйдө турушат. Таятам менен таенем топоз багышып, кышы-жайы дебей жайлоодо болгондуктан, таятам экөөбүз ошол эле күнү жайлоого кеттик.

Жайдын толуп турган учурунда айылдагылар “шесть” деп койчу машине менен жайлоого келип түштүк. Жер да башкача чоң, асман дагы бадырайып мага жакындай сезилди. Айлана укмуштай кооздукка бөлөнүп, түркүн гүлдөрдүн, чөптүн жыты мурунду жарат! Топозчулардын беш-алты үйү чогуу конушуптур. Таенем Калбүбү тосуп чыгып, ушундай бир мээрим менен “Акубайым” деп бетимен өөп, чачыман жыттады. Сары самоорго чай коюп, баштыктагы таттууларды жайнатып, каймак, устукан-бышкан этти да коюп, сырттан бир баланы  кошуналарды чайга чакырып келүүгө жумшады.

Таятам сыртта атын карап жүргөн, аңгыча бир баланын:

- Куден ата, сиз кимди алып келдиңиз? – деген үнүн угуп калдым. Таятам:

- Баламды алып келдим, - деди.

- Сиздин балаңыз барбы?

- Ооба, кичүү балам бар.

- Балаңыздын аты ким?

- Баламдын аты – Аскер.

Боз үйдүн ичинен баарын уктум. Ошентип таятамдын бир сөзү менен “эркек бала” болуп калдым! Биринчи жолу жайлоого келгендиктен дароо сыртка чыгышка даабай турам да. Чачымды чоң энем Зулайка аябай майдалап өрүп, учтарын жип менен шырып салган, чачым деле кыска болчу. Кечкисин эрте жатып боз үйдүн капталынан шар аккан сууну, уйлардын кепшегенин, алыстагы топоздордун корулдаганын угуп жатып уктап кеттим. Таенем топоз саанга таңкы төрттө турат. Сегиздерге чейин топоз саап болуп, чакалардагы мелт-калт сүттү көтөрүп келет. Таятам да эрте туруп таенеме жардам берет.

Мен туруп жүктү жыйдым. Тоо бети толо карагайлардын алдындагы ойдуңда шаркырап агып жаткан көк кашка сууга жуунуп келип, самоорго чай койдум. Таятам, таенем мен үчөөбүз дасторконго нан, каймак менен чайга отурдук. Бир маалда жыйган жүгүм кулап, таятам дасторконго жеткизбей тиреп калды. Кызарып чыксам, таятам башыман сылап “апаң көрсөтүп берет, мындан кийин ошондой жыйып жүр”, – деди.

Чайдан кийин таенем мештеги казанга сүттүн баарын куюп от жакты. Мага боз үйлөрдүн ортосунда орнотулган сеператорду көрсөтүп, “тигилерге барып сурап кезекке туруп кел, мен ысыган сүттү куюп барам”, – деди. Бою бир топ узун сеператордун жанына барсам бир аял сүт тартып, балдар ойноп жүрүшүптүр. Кезекти билип алып, боз үйүбүзгө келдим. Мен деле ойногум келип турат, бирок апамдын “таята-таенеңе жардам бер, сүт тартыш, идиш-аягын жуу”, – деген апамдын сөзү эсимен кете элек. Түшкө маал сүт тартып бүттүк, мен чакалардагы мелтиреген көк сүттөрдү таенем айткандай суурлардын ийинине куюп чыктым. Мискей толо жаңы тартылган каймакка нанды батыра малып бурдап жедим...

Сеператордун идишин кезек менен жуушат экен. Колхоз кырк килдик флягаларды топозчуларга бөлүп берет. Таенем эки күндүн биринде эле каймак жууруп казанга кайнатып сары май кылып, аны флягаларга куюп турат. Топоз ферма башчысы Октябрь аке бир убактарда “шесть” айдатып келип, ар бир топозчудан флягалар толо сары майдын салмагын эсептеп кабыл алат. Топозчулардын милдети колхозго сары май тапшырмай экенин кийин түшүндүм. Сүттүн жумушу бүткөн соң, таенем мени ойногонго коё берди.

Тай минген мен курдуу эки бала жүргөнүн байкагам. Топуну баса кийип чыктым. Курманбек, Токтобек деген майлык (кошуна 1-Май колхозунун топозчулары менен кошуна экенбиз) балдар экен. Тең да экенбиз. Бат эле аралашып ойноп кеттик. Боюбуздан узун саргындарды аралап жашынмак ойнойбуз, тоолордун чокусуна чыгып таштардан тайгүлүк коё беребиз, токой аралап карагайлардан чайыр алып сагыз чайнайбыз, тобурчак менен атышып ойнойбуз. Жүгүрүп атып суусаганда шар аккан суудан жата калып ичебиз. Кантип кеч киргенин байкабай, күүгүмдө араң үйгө келдик.

Таятам кечке топозду да, койлорду да кайтарып чарчап келиптир, таенем казанга тамак бышырып, боз үйдүн ичине чырак жандырып күтүп отурган экен. Көрсө, таенем менин кошуналардын балдары менен ойноп жүргөнүмдү билип, жайыма коюптур. Тамакка үлгүрбөй отурган жеримде уктапмын.

Эртеси баягы эле көрүнүш кайталанды. Сүт тартылган соң таенем мени ойногонго жиберди, бирок “курсагың ачканда келип чай ичип анан ойной кой”, – деп бетимден өөп жөнөттү. Токтобек менен Курманбек “балык кармайбыз, жүрү кеттик!” – деди, кеттик. Балыкты баштык менен кармай турган болуп чоң жылтырак баштыктардан алдык. Ойдуңдагы суунун жогору жагында суу жайык болуп агат экен, ошол жерден кармай турган болдук. Бурчук таштын түбүндө суу жай, туптунук агаарын көрүп, балыкты ошол жерден аңдып калдык. Бир маалда билектей болгон боору чаар, жону каралжын балыктар ар кайсы жерден бултуңдап көрүнүп жатты. Болжоп туруп баштыгым менен баса жыгылдым эле, кийимим  гана суу болуп, балык карматпай кетти. Курманбек агасы мурда ушул жерден баштык менен эле балык кармаганын айтып жатат. Айтор, балык кармайбыз деп баарыбыз шалбырап суу болдук, балык бизге карматпады. Баштык менен баса жыгылганда колго балык тийгенин сезип жаттым, бирок кармай албадым.

Кечинде келсем таята-таенем өпкө-жүрөгүн чаап тосуп алышып жаңы бышкан этке, сорпого тойгузуп, таенем чоң таштекке жылуу сууга киринтип жаткырып койду. Ошентип оюнга тойбой жүрүп, чүкө ойногонду да үйрөндүм. Бир күнү Курманбек менен Токтобек “сенин тайың жокпу?” деп ардантышты. Кечинде таятама айтсам, таятам жээрде тайды мага энчилеп берди. Таятам “Аскемдин кийими эле жарашпай жатат” деп бир күнү Кызыл-Булактан алыс жайгашкан  “сынтырдагы” дүкөндөн кызыл кыргактуу калпак, костюм-шым сатып берди. Накта эркек бала болдум да калдым! Кызыл калпагымды кийип,  башка балдардын арасында тайымды чаап жүргөнүмдү көрүп таята-таенем ушунчалык кубанышат!

Таенем койдун, козунун карынын жыдытып тазалап,  шардай үйлөп илет, ага сары май куюп тоңдуруп, ар бир баласына атап коёт. Топоздун сүтүнөн сүзмө куюп, курут кургатабыз. Кээде таенем май курут кайнатат, аны чийдин бетине жаябыз. Жүндөрдү түркүн түскө боёп, арасына чүкөлөрүмдү кошуп кооз кылып боёп берген. Териден жасалган тулупка  кооз чүкөлөрүмдү толтуруп алып, эртеден кечке чүкө атышчу болдум. Таенемдин керогазга быша турган, тегерек, ортосу тешик, туурасы бир карыштай нан бышырган табаасы бар эле. Ошого нан аябай даамдуу бышчу, нан жаңы бышканда сары майга аралаштырып табакка мыкчыкей кылып берет, досторума алып барып бир жыргап жейбиз.

Ал ортодо кыштактан же шаардан туугандар келишет. Момпосуй, жер-жемишти ошондо гана көрөбүз. Кээде картошка ала келишет. Биздин күндө жеген тамагыбыз жалаң эт, камыр, кесме, каймак, нан, курут, кымыз, анда-санда картошка кошулуп калат.

Бир күнү таятам экөөбүз токой аралап, дары чөптөрдү каздык. Көкөмерен, ак кодол, алтын тамыр деген чөптөрдү көрсөтүп, кайсынысы эмне ооруга дары экенин айтып берди. Сарымсак, согон, ышкын каякта өсөрүн айтып, карагат кайсы жерлерде көп өсөрүн да көрсөтүп берди. Ак кодолдун тамырын тазалап, жипке тизип койдук.

Ошентип жай да бүттү. Биз жайлоодон кыштоого, Түз-Ашууга көчтүк. Кыштоодо “землянка” деген тоонун боорунан казылган эки бөлмө үй бар экен, ошондо кыштай турган болдук. Жер үйдүн төбөсүндө төрт бурчтуу терезе бар, ага жылтырак тартылган, ошондон үйгө жарык кирет. Менин милдетим эчки, улактарды ошол терезеге жеткирбей кубалап туруу болду. Бир жолу улак буту менен жылтыракты басып үйдүн ичине кулап түшкөн. Жер үйдүн оозгу кире беришинде флягада суу, ээр-токум, мүшөктөр турат, айтор склад сыяктуу, төркүсү тамак иче турган да, уктай турган да чоң бөлмө. Кыш оор болуп, кар көп жаады. Таятам күндө “землянканын” төбөсүнө чейин кар күрөйт. Кыштын узун түндөрүндөгү эрмегибиз радио, гезит-журналдар, китеп. “Ала-Тоо” журналын таятам да, таенем да көз айнек тагынып алып окушат.

Таятам мергенчи эле, бир күнү таң атпай мергенчиликке кетип түн бироокумда келди. Таенем сарсанаа болуп отуруп, экөөбүз жатып алганбыз. Бир маалда эшиктин “шырт” дегенин угуп секирип турдум. Сырттан таятам кирди, колунда бозала жүндүү кичирээк бирдеме салпылдап жүрөт. Анысын мага карматты. “Байбиче, момунун жүнүн жулуш керек”, – десе да таенем турбай койду. Таятамдын кеч келгенине таарынып калгандай... Таятам отту ичкериштирип, чайнекке суу кайнатты. “Таята, бул эмне?” – десем, “Ээ балам, “Улуу тоого чыктың беле, улар үнүн уктуң беле?” – деген кеп бар. Бул улар, эртеден бери жүрүп буюрганы ушул болду”, – деди. Экөөлөп ысык сууга салып жүнүн жулуп тазаладык. Эртеси таенем бышырып берди.

Бир күнү эртең менен турсак кар ушундай калың түшүп, сырткы эшикти тиреп калыптыр. Таятам бою эки метрден ашык олбурлуу киши эле, ийини менен түртүп  эшикти эптеп ачты. Жанында мен турам. Бир маалда арт жагыбыздан кызгылт бирдеме булаң эте түштү! Таятам “түлкү тура!” – деди. Суу ташыган апкөчтү ала коюп түлкүнү чаап алды. Көрсө, калың түшкөн кардан коргологон түлкү үйгө кириптир.

Кыш узак болуп, кээде жол жабылып калып, бизге каттаган адам болбой жатты. Кээде таятам мергенчиликке чыгып, кийик атып келет. Жалаң кийиктин этинен кара куурдак жеп калабыз. Колхоздон машине келгенде ун, май-чай, картошка самын, айна дегендерди дароо эле ала келишет. Эптеп кыш бүтүп, жазында кайра жайлоого көчтүк.

Жайлоодо былтыркы топозчулар менен кайра кошуна болдук. Токтобек, Курманбек менен түз эле оюнга кирдим. Кыштоодо кошуна жок, болсо да бир топ алыс болгондуктан ойногонго бала жоктуктан зеригип калган элем. Дагы жакшы, таенем жомок айтып, окуп берип, таятам “Курманбек” сыяктуу эпосторду окуп беришип мени жакшы эле алаксытышчу.

Былтыркы кызыл кыргактуу калпагым менен костюм-шым чыпыйып сонун жарашып калыптыр. Бир жашка чоңоюп калган жээрде тайымды минип, кадимкидей топозду кайрышканга, кой кайтарганга жарап калдым. Чүкө ойноп көп учурда утуп алчу болдум. Кээде таятам, кошуна топозчулар, балдар болуп  жылкычылардын айылына кымыз уулап барабыз. Кымызды курсак керилгиче ичип, куйдуруп да ала келебиз. Жайды жайлата оюндун акесин тааныттык, кээде такыр эле көз байланганда келчү болдум.

Ошондой бейкапар жайдын күнүндө атам-апам машине менен жайлоого келишти. Алма, өрүк, дарбыз, момпосуйга туйтунуп калдым. Алар бир конуп конок болуп кетишти. Ошондон кийин негедир таятам да, таенем да ойлуу тартып калышты. Мени аягандай карашат. А мен эртеден кечке оюнга тойбой тоо-токой аралап жүрөм. Балдар менен тайларыбызга минип алып жарышабыз.

Бир күнү эле таята-таенем мени отургузуп алышып, аз күндөн кийин мектепке барышым керектигин, өткөндө ата-энем ошого келишкенин айтышты. Маани бергеним жок. Мектеп болсо болуптур да! Таенем кийим салган куржундун көзүнөн мага чак кызыл көйнөктү сууруп чыгып эртең киеримди айтты. Негедир кыз экеним эсиме даана келе түштү! Эртеси таенем мени оюнга коё берген жок. Бир маалда Токтобек менен Курманбек “эй Аскер, жүрү кеттик!” – деп кыйкырып келишти. Таенем бүгүн менин оюнга чыга албай турганымды айтып, тигилерди кетирип жиберди. Боз үйдүн ичинде дулдуюп бүт дүйнөнү коркутуп, ушунчалык шат жашоомду бузган мектеп дегенди жаман көрүп мен отурдум. Оюнга барбай калганыма ич тызылдайт!

Оокаттын баарын жасап бүткөндөн кийин, таенем мени кыштакка кетүүгө камдай баштады. Бир-эки карын сары майды куржунга салып, таятам сойгон койдун этин чөптөргө аралата жайдык. Кечке маал таенем мени чоң таштекке салып киринте баштады. Киринип бүткөндөн кийин кечээги кызыл көйнөктү кийгизип, чачымды кургатууга жайып койду. Бир маалда так боз үйдүн түбүнөн балдардын үнү чыгып калды. Эмне кыларды билбей турсам, боз үйдүн эшигинен Токтобек башбакты! Көздөрүбүз бир саамга тиктеше түшүп чачымды, кызыл көйнөгүмдү көрүп, башын шарт буруп кетти! Тигилердин  “кыз экен!” – деп кыйкырып тапырап чуркап кетишкенин угуп, кызыл көйнөктү жек көрүп этегимди мыкчып ыйлап жибердим...

Эртеси түшкө маал “шесть” машине келди. Таята-таенем мени шоопурга дайындап, эки куржун көзү толо эт, эки карын майды кошуп салып жиберишти. Байкасам, негедир балдар көрүнүшкөн жок. Тоодон ойго түшө бергенде арыраак кырда тайларын минген Курманбек менен Токтобек машинени узата карап турушуптур! Мен да узагыча аларды тиктеп,  көзүмө жаш тегеренди...

Көрсө, бир жарым жылдай таята-таенемдин колунда жүргөн мени атам мектепке берем деген шылтоо менен кайра алган экен. Бери жакта канча баласы турса да атамдын баласаак экенин ошондо таята-таенемден уккам.

Мектепте жакшы эле окусам да, чүкө ойногонум калган жок, атүгүл биздин тегеректе менден таамай аткан бала жок болчу. Бир жолу үч-төрт жаш улуу кошуна балдардын баарын утуп алдым. Тигилер кадимкидей арданып кыжылдаша башташты эле, мен чүкөлөрдү жыйып алып үйгө шуу койдум. Бирткеден кийин үйгө агам кирип тигилер мени кайра ойносун, утулганын жандырабыз деп атышат деп чакырып жатышканын айтты. Чыкпай койдум.

Үй ичиндеги оокаттарды эмес, сырттагы оокаттарды жасаганга качып турчумун. Мал караганды, көң жыйнап отун жарганды, чөп жыйнаганды, суу ташыганды жакшы көрчүмүн. Чоң энем Зулайка мага кыздын оокатын жасатам деп далай аракет кылды. Зулайка чоң энем ата мекендик согушта абышкасынан ажырап, төрт баласын жалгыз чоңойткон, кайраттуу, иштүү кыйын кемпир болчу. Ийик ийригенди, байпак токуганды үйрөтүүгө көп аракет кылды. Мен ийриген жиптер бөлтөк-салтак болуп, чоң энем мени тилдеп жипти кайра жандырып отурчу. Ал чакырганда укпайын деп, короодо үйүлгөн чөптүн үстүнө чыгып китеп окуп жатып алчумун.

Үчүнчү классты бүткөндөн кийин чоң энем менен апам мага кол машинага тигүүнү үйрөтөбүз дешти. Эң жөнөкөй алжапкыч тигесиң деп жандарына отургузуп жакшы эле үйрөтүштү. Түшүнгөндөй болдум. Экөө эшикти бекем жаап чыгып кетишти. Бир маалда машинанын жиби үзүлүп калды. Ары кылдым, бери кылдым, болбоду. Карасам, терезеде жомок китеп турат. Алдым да диванга жатып алып жыргап китеп окуганга кирдим. Бир убакта эшик ачылып апам, чоң энем кирип келе жатышат. Секирип туруп, качканга даярданып турам! Экөө машина жакты карап эле мени урушуп киришкенде, сыртка чыга качтым!

Эртеси чоң энем  “Көк ийненин к.....н түрткөндү билбесең сени эр албайт, анан кантип оокат кыласың?” – деп адатынча мени тилдей баштады. Мен “эч качан көк ийне менен оокат кылбайм, жалаң китеп окуп оокат кылам!” – деп каяша айттым. Каникулда Жан Грандье деген француз жазуучунун “Чыгаан капитан” деген китебин окуп, ушунчалык таасирлендим. Мектепке барганда (мен анда Талды-Сууда жарым жыл окуп калгам) кыргыз тил адабияттан берген Жапаш агай “каникулда ким кандай китеп окуду?” – деп сурары менен кол көтөрдүм. Кырк мүнөт тынбай ошол китептин мазмунун классташтарыма айтып бердим.

Бала кезде аттан төрт жолу жыгылдым. Кудай жалгап, эч жерим мертинген жок. Таятам убагында ат мингенди жакшы үйрөткөн. Менин атты жакшы минээримди билген атам да Ат-Башыда Булаң-Башта түшүм майрамы болгон сайын “кызымды кыз куумайга салам”, –деп калчу. Бирок бир да жолу кыз куумайга түшпөдүм.

Кийин гана моюн сунуп үй оокатын жасаганга үйрөнө баштадым. Жүн сабап, кийиз жасап, шырдак шырыганды билип калдым. Чоң энем мени гана кайтарып, туура эмес жасаганымды көрсө удулу келген жерден таягы менен жон талаштыра берип калчу! Ошондой токмокту көп жеп көңүлүм калганбы, мен чоңоюп  чоң энем карып калган күндөрдүн биринде аны жетелеп келатып, бөлмөнүн ортосуна жеткенде тегеретип жибердим! Кулап кетеринде гана кайра кармап калдым...

Бардык  үч айлык каникулдарды таятамдыкында өткөрүп жүрдүм. Таята-таенем баягыдай эле мага кагылып-согулушат, аябай эркелетишет, мен да алардыкына эле баргым келип турат. Алтынчы классты бүткөндөн кийин каникулга чыгып, бир топ китептерди жайлоого ала бардым. Арасында Асанбек Стамовдун “Нөшөрдөн кийин” деген китеби да бар экен. Китептен Дыйканбек менен Нинанын бири-бирине жетпей калган сүйүүсүн окуп бүткөндөн кийин шар аккан суунун жээгинде ташка отуруп алып аябай ыйладым... Тогузунчу класстан “Анна Каренинаны” окудум, китепти бүткөндөн кийин анда да короонун артына барып алып аябай ыйлагам.

Өздөрүнүн мээрими менен мага унутулгус балалык тартуулаган таята-таенем бу дүйнөдөн өтүп кетишсе да дайыма мени менен жүрүшөт. Көзүм өткүчө элесиңер көз алдымда болот, асыл адамдарым. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз