Молдо Кылычка татар агартуучуларынын таасири

  • 05.10.2021
  • 5048

«Казалдарды» барактап…

Бүгүнкү улуттук жана дүйнөлүк адабияттын бийик үлгүлөрүндө тарбияланып, бирок китепке Караганда Интернет менен гаджетке оп тартылып бараткан жаштар Молдо Кылычтын чыгармаларын жантыгынан жата калып окууруна көп ишене бербейм. Окубайт деп аларды күнөөлөгө да болбойт.

Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери көп. Ошолордун айрымдарын сомолоп айтсак, бүгүнкү дүйнө цифралык доордун тилкесине кирди, биз кааласак да, каалабасак да жаш муундар үчүн жаңы технологиялар чөйрөсү алардын табигый жашоо ыңгайына айланып, ошолордун ичинен жалаң онлайн режиминде жашоого өткөндөрү көбөйүп барат. Ошонун натыйжасында муундан муунга өтүп келген баалуулуктардын жол-жобосу бузулду. Ушундай шартта окумуштуулар айткан цифралык доордогу миллениалдарга биз Молдо Кылычтай феноменди, адабиятчы К.Асаналиев таамай белгилегендей, «шөкөттөп жасалгалабай», «үстүртөн утурумдук саясаттын кызыкчылыгынан карабай», «өткөндөгү тарыхка, тарыхый мураска реалдуу баа» берип, жеткиришибиз керек. Биз анте албай жатабыз.

Айтса айтпаса төгүнбү, Молдо Кылычка кайрылган акыркы кездеги изилдөөлөрдө негизги көңүл көбүнчө акындын ата-тегинин айланасындагы фактылардын жана большевизмдин апологеттеринин анын чыгармаларына жармаштырган саясий «ярлыктарынын» тегерегине топтоштурулуп, аны элдин кызыкчылыгын ырдаган акын катары көрсөтүүгө басым жасалат. Мындай тарыхый аянты чектелген форматтагы айрым эмгектер жалпы адамзаттык цивилизациядан кабардар, дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын заматта билип алган, илимий тилде центениалдар делген жаңы муунду «Казалдардан» жатыркатары айтпаса деле түшүнүктүү.

Реалдуулук ушундай болуп жаткан соң, биз улуттун эн тамгасы болгон тилибизди, ошол тилде жаралган тарыхый, маданий баалуулуктарыбызды виртуалдык дүйнөгө оой баштаган мууундарга кантип жеткиребиз жана аны жеткирүүнүн кандай жолдору бар? Бул жолду бүгүн маалыматтар селинен абдыраган бүт дүйнө издеп жатат жана ага адекваттуу делген ар кандай концепциялар сунушталууда. Ошолордун онтималдуу деп эсептелгендерине ыктасак, биз аталган миллениалдар менен бирге ошолордун виртуалдык дүйнөсүнө кирип, алар «аш кыла ала тургандай» рухий меню түзүү приоритетине артыкчылык беришибиз керек окшойт. Ошондо натыйжа болчудай жана дүйнөлүк коомчулук үмүт артып жаткан ушул жолду тандоо ылайыктуу сыяктанат.

Балким, ошондо алар Молдо Кылычтын «Зилзалласына» жазган баш сөзүндө (Казань. 1911) эне тилибизде ушундай китептер көп чыгып, элим билимдүү болор бекен деп зар какшаган агартуучу И.Арабаевдин өксүк арманга, үмүттү жандырган асыл тилектерге жык толгон саптарын жүрөгү менен кабыл алар? Балким, ошондо кыргыздардын жазма адабияты болгон эмес деген расмий пикирди бийликтин таңуулаганын билип туруп, тымызын сыймыктануу менен «Кылыч — жазуучу акын» (Кыргызмамбас,1998) деген китепти эргип жазган адабиятчы Т.Саманчиндин кордолгон тагдыры, ошондой жол менен элдин рухий таянычы болгон баалуулуктарды улуттун эс тутумунан жок кылуу аракети алардын өзlүк аң-сезимин ойготор?

Кандай болгон күндө да Молдо Кылычтын мурасын, анын маанисин ушундай жолдор менен жайылтуу ашкере актуалдуу болуп турат. Анткени ал буржуазиянын саясий аренага чыгышы, ар кандай социалдык-саясий идеялардын жайылышы жана капитализмдин империалисттик стадияга өтүшү менен шартталган татаал тарыхый доордун туундусу. Ал күнүмдүк пендечиликтин кызыкчылыктарынан өйдө болуп, өзүн курчаган дүйнөнү жана өзүн өзү таанып билүүгө дилгирленген личносттун символу.

Адабият менен айланышып жүргөн соң Молдо Кылычтын өмүр таржымалын, чыгармаларын окуйм. Окуган сайын, ырасын айтсам, анын жазгыч акын болуп калганы көп ойлондурат. Адабиятчы Г.Саманчин («Кыргызмамбас», 1948) аны эл кыдырып, ашта-тойдо ырдаган эмес, Кылыч жазуучу болгон, XIX кылымдын аягында биринчи ыр жазып, кыргыздын биринчи жазма адабиятын негиздеген деп түшүндүрөт. Адабиятчы К.Асаналиев («Адабият» басмасы, 1990) акындын диний мектептен сабатын жойгонун, диний китептер, ошонун ичинде Чыгыштын поэтикалык чыгармалары менен таанышканын, ошолор анын китептин жана жазуунун артыкчылыктарын көрүүгө, ырларын кагазга түшүрүүгө түрткү бергенин санап келип, анан акын дүйнөгө турмушка карата болгон мамилесин жазуу жүзүндө билдирүүнү өзүнүн зарыл милдети катары карагаy болуу керек деген жоромол айтат.

Эки адабиятчы тең Молдо Кылычтын диний китептер, мусулман жазуучуларынын чыгармалары, араб, фарсы тилинен түркчөгө которулган дастандар менен тааныш болгонун, казактардын өлөң-кысаларын жана татар тилинде чыккан газета-журналдарды окуганын жазма ишине шыктандырган фактор катары белгилешет.

Моюнга алуу керек, адабиятчылардын көркөм чыгарма жаратуунун мыйзам ченемдүүлүктөрүнө жана анын субъективдүүлүгүнө негизделген аргументтеринде ишендире турган моменттер көп. Бирок ушундайча трактовкаланган жоболорду Молдо Кылычтын жазгыч акын болуп калышына мотивация катары кароого болобу?

Ырас, ал изилдөөчүлөр коомдук, саясий ж.б. кубулуштар таптык позициядан ченеп-бычылган, личностко жана анын ишмердигине ушундай алкактан баа берүү тенденциясы күчөп турган драмалуу мезгилде жашаган. Андыктан ушул сыяктуу илимий жоболорго ошол доордун реалиялары катары мамиле кылган жөн. Ошентсе да, мындай мотивация көп канааттандыра бербейт.

Белгилүү го, кандай гана чыгармачылык болбосун, анын түртүлүп чыга турган «старттык аянтчасы», делөөрүткөн идеялык «угуту» болот. Эмне себептеп Молдо Кылыч ыраларын кагазга түшүрүүнү «өзүнүн зарыл милдети катары» караш керек эле? Бул риторикалык суроолор эмес. Бул алгачкы жазгыч акыныбыздын орошон умтулуусун түшүнүүгө багытталган аракет.

Анда оболу Молдо Кылычтын кандай билим алганын тактап алалы. Адабиятчы Т.Саманчин анын мектептен окуп, системалуу билим алган киши эмес экенин, ал ар кайсы молдолордон анча-мынча сабак алганын, бирок китеп окуп, кат жазууга көбүнчө өз аракетинин натыйжасында жетишкенин айтат. Кийинки маалыматтарга Караганда ушундай эле пикирди адабиятчы III.Үмөталиев да айтыптыр (Л.Үкүбаева. Молдо Кылыч «Тил жана маданият», 30.08.2017). К.Асаналиев болсо Молдо Кылыч диний мектептерден кат сабатын ачкан дейт. Ал эми Тарыхчы А.Кубатованын, адабиятчы Л.Үкүбаеванын маалыматтарында Кылычтын агасы Өтөмбай медресе ачып, ал ошол медресеге кирип, 2-З жыл окуганы айтылат («Тил жана маданият», 30.08.2017).

Ушул жерде көңүл бурар бир жагдай бар. Бул «мектеп» жана «медресе» деген түшүнүктөргө байланыштуу.

Эгерде тарыхчы А.Э.Кубатованын («Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы. 1900-1916») жана түрк изилдөөчүсү Эбубекир Гүнгөрдүн («Ала-Тоодогу агартуучу») эмгектеринде берилген илимий маалыматтарга таянып айтсак, «мектептик билими» деген бул башталгыч диний билим. Андай билим эл жыш отурукташкан жерлердеги мечиттердин алдында, ал эми көчмөн калктарда боз үйлөрдө берилген. Мындай билим берген дин адамын дамулла, андан жогору деңгээлдеги медреседе билим бергендерди мударис дешкен. Эгерде Молдо Кылычты бала кезинде окутуш үчүн Батоян молдону Жумгалдан алып келишсе, анда алардын айылында ошол учурда мечиттин да, медресенин да болгону күмөн туудурат. Ушундан улам Т.Саманчин Молдо Кылычтын ар кайсы молдолордон билим алганына, окуганды жана жазганды өзүнүн карандай мээнети менен өздөштүргөнүнө бекеринен басым жасап жатпаса керек?

Ал эми Кочкордо медресе болгону чын. Аны Молдо Кылычтын тууганы Ыбыке уулу Канат (Канат ажы) 1912-жылы Талаа-Булактын сеңирине он бөлмөлүү кылып, астын-үстүн тактайлатып, темир тунуке менен жаптырып салдырган. Анда жергиликтүү жана Уфадан окуп келгендер болуп тогуз мударис билим берген. Алардын ичинде Уфадан медресени бүтүп келген Канат ажынын баласы Ысак да болгон. Ал кезде Молдо Кылыч 46 жашта болчу. Медресени 1916-жылдагы көтөрүлүштө падышанын жазалоочу аскерлери өрттөп кеткен (А.Э.Кубатова. Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы. 1900-191 6-жж).

Ошентип, Молдо Кылыч ошол кезде кеңири колдонулган «кадымчылык» усулу боюнча башталгыч диний билим алган. Тарых изилдөөчүсү А.Э.Кубатованын жана түрк изилдөөчүсү Эбубекир Гүнгөрдүн маалыматтарына таянып айтсак, 2 жылга же 7 жылга созулган башталгыч диний билим алгандар Алиппеден араб алфавитинин тамгаларын 3-6 ай жатташып, андан кийин муунга бөлүп окуганды үйрөнүш үчүн, Аптиекти окушкан. Ошондон кийин гана Куранды, Чаркитепти, Хожа Хафизди, Суфи Аллаярды ж.б. дин маселесине тийешелүү китептерди окушкан. Бул китептер перс тилинде жазылгандыктан, мааниси түшүнүксүз болгон. Сабактар үйрөнүү ыкмасында окутулбай, жаттоо ыкмасы менен жүргүзүлгөндүктөн, окуучулар тил үйрөнө алышкан эмес.

Ушундай маалыматтардан соң мындай бир ой келет: окуткан молдолору тил үйрөтпөсө, көчүп конгон айылда тил үйрөнгөндөй чөйрө же китепкана болбосо, Молдо Кылыч Күн чыгыш жазуучуларынын араб, фарси жана түрк тилдериндеги чыгармаларын кантип окуган? Бул бир жагы. Экинчи жагынан кырктан ашып калган Молдо Кылычтын чыгармачылыгына 1905-жылдан кийин чыккан татар тилиндеги газета, журналдар менен таанышуу кандай таасир берди? А.Э.Кубатованын илимий маалыматында татар эли журналдарды жана газеталарды улуттук тилде чыгаруу укугуна 1905-1907-жылдардан кийин, казактар 1911-жылдан кийин ээ болгону айтылат. Ушул жылдары Токмокто «Таржиман», «Юлдуз», «Идель», «Ялт-юлдуз» газеталарын жана «Шура», «Айкап» журналдарын; Караколдо «Юлдуз», «Нур», «Вакт» газеталарын; Ат-Башыда «Вакт» газетасын алып турган. Ушундай фактылардан соң эмне үчүн газета-журналдар татар тилинде, деги бу татар агайындар кайдан келген деген суроолор ой чабытын тороп туруп алат. Мындай маселелерди такташ үчүн өткөн тарыхка кайрылуу зарылчылыгы өзүнөн өзү чыгып жатат.

Молдо Кылыч жашаган доордо кыргыздардын жашоо-турмушу күнкорчулуктун запкысында өткөн. Ал доордо капиталисттик өнүгүүнүн жогорку стадиясына жеткен империалисттик мамлекеттер дүйнө картасын өз кызыкчылыктарына ылайыктап бычып-бөлүп, кызыкчылыгына кирген мамлекеттерге жашоо ьңгайын, динин таңуулап, алардын байлыгын ар кандай жолдор менен талап-тоноп жаткан мезгил болчу. XIX кылымдын экинчи жарымындагы ушундай опурталдуу учурда кыргыздар Кокон хандыгынан бошонуп, Россия амирине баш ийип калган заман эле. Кантебиз, бул ич ара иттей тытышкан уруучулук чатактан, кошуна калктар менен кырды-бычак абалда болуудан алсыраган кыргыз эли үчүн цивилдуу коомдук мамилелерден үмүттөндүргөн кадам болчу. Дүйнө картасын өз кызыкчылыгына ылайык бөлүштүрүүгө түздөн-түз тийешеси бар империя катары Россия кыргыздарды өзүнө кошулду кылып, эки максатка жетти. Биринчиси, Россиянын чалгындоо иши менен байланышкан императордук география коомунун саякатчылары картага түшүрүп кеткен табигый ресурстарга ээлик кылуу укугун алды. Экинчиси, империянын түштүк чек арасын кеңейтип, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылды. Алардын мындай ийгилиги Ата-Журтубуздун Түштүк чөлкөмүндөгү эркиндигин жан аябай коргогон кыргыздардын эр азаматтарынын жок кылынышы, карапайым калктын аёосуз кырылышы менен коштолгону ошол эле орустардын маалыматтарынан белгилүү. Бул тукум курут болуудан чочулап, баш ийүүгө аргасыз болгон майда калктардын тагдыры.

Укуктук негизде колго тийген аймакты бекемдөөнү Россия империясы «Талаа жобосунун» негизинде кеңири артыкчыктар берилген орус келгиндерин жергиликтүү элден зордоп тартып алынган суусу мол, түшүмдүү жерлерге жайгаштыруу, жерге ээ болгусу келген кыргыздардан орус армиясында кызмат өтөөнү жана проваславие динин кабыл алууну талап кылуу, салыктар санын көбөйтүү, жерди, жерде жашаган жан-жаныбардардын, өскөн нерселердин баарын орус өкмөтүнүн менчиги деп жарыялоо, жергиликтүү калктарга ар кандай чектөөлөрдү киргизүү аркылуу чечти.

Арийне, бул монархиялык Россия империясын Батыштагы башка империялардан өзгөчөлөп турат. Маселен, монархиялык бийлик жоюлуп, парламенттик башкарууга өткөн айрым империялардын колониалдык бийликтери баскынчылык, талап-тоноочулук, катаал мыйзамдарды киргизүү жагынан Россиядан ашса ашкан, бирок кем калган эмес. Ошентсе да алар колонияларга оболу капиталды, өндүрүш технологияларын алып келишкен жана жергиликтүү элдин сабаттуу болушуна, алардан колонисттердин тилин билүүсүнө кызыкдар болушкан. Анткени ошол мамлекеттердин буржуазиясы үчүн өндүрүштү, тилди билген арзан жумушчу күчү көбүрөк пайда табууга өбөлгө түзгөн.

Бул колониялардын байлыгын ызы-чуусуз алып кетүүнүн айла-амалы дечи. Россиянын падышалык бийлиги болсо жергиликтүү индеецтерди кызыл кыргын кылган, кошуна Мексиканын жана Канаданын жерлерин зордоп тартып алган, ал жерлерге америкалыктарды отурукташтырган Американын баскынчылык моделине артыкчылык берген. Мындай саясат акырындап, маалы келгенде жарылар бомба сыяктуу абалды түзөт. Бул Россия империясы үчүн орустарды коргойбуз деген шылтоо менен жергиликтүү элди баш көтөртпөй чөгөлөтүп туруунун бир жолу.

Молдо Кылычтын ышкыбоз-ынтызар балалыгы, акылы жетилген жигиттик күндөрү кыргыздар табиятына жат ушундай коомдук-саясий мамилелерге аргасыз тартылган драмалуу мезгилге туш келди. Ал учурда империалисттердин экспансиясы күргүштөп күч алып, колонияга айланган күнкөр өлкөлөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүп бараткан. Ушундай кырдаалда колонизаторлорго каршы регионалдык чектеги жана улуттук масштабдагы куралдуу көтөрүлүштөрдүн өртү бирде жалындап, баскынчылардын жүрөгүн түшүрсө, бирде жалп өчүп, калктын каны суудай төгүлүп жатты. Ошондо колониалдык эзүүгө туш болгон улуттардын, асыресе ислам дининдеги элдердин алдыңкы өкүлдөрү стихиялуу чыккан, баш-аягы жок башаламандык коштогон боштондук күрөшүн концептуалдуу теорияга жана туруктуу программага негизделген идеология менен камсыз кылуу аракеттерин көрө баштаганын да белгилеп кетүү керек.

Ошолордун ичинен XIX кылымдын аягында мусулман өлкөлөрүнө тездик менен жайыла баштаган диний-саясий панисламизм идеологиясы жана жаш түрктөрдүн «Биригүү жана прогресс» деген ат менен белгилүү буржуазиялык-улутчулдук пантуркизм идеологиясы Россия империясынын колтугунда улуттук укуктары басмырланып, кор болуу ызасын тарткан мусулман калктарына да ар кандай жолдор менен жетип, алардын рухий жактан жаңыланышына жана өздүк аң-сезиминин ойгонушуна позитивдүү таасир тийгизген.

Ислам дининин нускалуу салттарына негизделип, колониялык көз карандылыктан бошонууга, жалпы түрк жана мусулман мамлекетине биригүүгө үндөгөн бул идеялар алардын кылымдар бою эңсеген тилектерине дал келген. Ошондон улам Европа континентине кеңири жайылып, революциялык төңкөрүштөргө желек болуп, монархиялык бийликтерди талкаланууга алып келген, мамлекеттин саясий жана экономикалык негизин өзгөрткөн социалисттик идеялардан ансыз да жүрөкзаада болуп отурган падыша бийлиги бул идеологиянын жактоочуларын (кийин большевиктер бийлиги да) аябай куугунтукка алышкан.

Поликонфессионалдуу Россиянын мындай кыймылдардан чочулай турган жөнү бар эле. Империя борборундагы татар, башкыр жана чет жакасындагы өзбек, казак, кыргыз, түркмөн, азербайжан ж.б. ондогон миллион мусулман диаспоралары кыймылга келсе, өлкөнү ичтен ыдыратып, бөлүнүп-жарылуу коркунучун жаратмак. Панисламизм идеологиясын биринчи негиздеген Жемал-ад-дин аль-Афгани да аны, негизинен, антиколониалдык күрөштүн максатына ылайыкташтырып, колонизаторлорго каршы уюшкандык менен чыгуучу саясий бирикмелерди жана саясий борборлорду түзүү максатын көздөгөн. Алар ошол шартта канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеди же эмне себептен натыйжалуу иштеген жок, ал тууралуу бизде азырынча илимий маалыматтар жок. Бирок мусулман дүйнөсүн түп көтөрө козгоп, тарыхка улуу күрөштөрдүн контурун чийип кеткен бул идеологиянын айрым жоболору Россия империясындагы мусулмандар арасында дүркүрөп өнүм алганы тарыхый чындык.

Ошол жоболордо империалисттик экспансиянын күч алып кеткенинин, анын натыйжасында мусулман өлкөлөрү эзүүдө калып жатканынын башкы себеби катары алардын биримдигинин жоктугу, коом жана жаратылыш жөнүндө илимий-билимдин системалуу өнүкпөгөнү, ошолордон кабары жок элдин караңгылыгы жана түркөйлүгү өзгөчө жанды сыздатуу менен белгиленген. Панисламизм, пантуркизмдин мына ушул улуттук сыймык, ата-бабалар аздектеген эркиндик жана санжыралуу улуттук маданият сыяктуу унутта калып бараткан баалуулуктарды эс тутумда жандандырган жоболору Россия империясындагы мусулмандардын, асыресе алардын эң билимдүү бөлүгү татарлардын, алдыңкы өкүлдөрүн шыктандырып, жадидизм деген жаңы идеологиянын жаралышын шарттаган.

Бул кыймылдын теориялык-практикалык негизин түзгөндөр татар элинин Г.Курсави, Ш.Маржани, К.Насири, Х.Файзханов, З.Бегиев, И.Гаспиринский сыяктуу Байыркы Грециянын, Орто кылымдагы Чыгыштын, жаңы замандагы Батыш философторунун, акын-жазуучуларынын чыгармаларын гана окуган, Европа континентиндеги саясий-маданий окуялардан кабардар алдыңкы ойчулдары, аалымдары жана агартуучулары. Канча айткан менен татарлардын Орто кылымда очор-бачар мамлекети, диний-улуттук жана маданий-тиричилик цивилизациясы, социалдык уюмдашуусу жогорку даражадагы эли болгон.

Өз заманында алар Аравия, Түркия, Иран, Египет, Орто Азия жана Европа өлкөлөрү менен соода-сатык жана маданий байланыштары өнүккөн, ошол өлкөлөрдөн билим алган жаштары арбын болгон. Кылымдар бою уланып келген мындай байланыштар татар коомунда илимий билими бар аалымдардын, товар жүгүртүү өнөрүндө бышкан соодагер-өндүрүшчүлөрдүн, тил билген адистердин, кол өнөрчүлөрдүн социалдашкан катмарынын жаралышына өбөлгө түзгөн. Бирок XVI кылымда татар хандыктары (Казань, Астрахан, Крым) кулатылып, алардын жерин, элин орустар зордоп кошуп алгандан кийин, татарларды куугунтуктоо, күч менен православие динине киргизүү, алардын мечиттерин талкалоо массалык мүнөз алып кеткенде, алардын кыргыз, казак жерине, Орто Азия хандыктарына алгачкы ири миграциясы башталган.

Орус империясынын амириндеги эң эле көп мусулман калкы болгондуктан, татарлар канча бир кылым басмырланып, социалдык, укуктук, диний кысымда жашап келген. Ушундай колу байланган тарыхый кырдаалда татарлар радикалдуу панисламизм менен пантуркизмге альтернатива катары диний-улуттук негиздеги агартуучулук идеяларды тандап алышкан. Алардын көз карашы боюнча ушундай багыттагы аракет гана мусулмандардын алдыңкы илимий билимге ээ болуусуна, цивилизациялык жетишкендиктерди өздөштүрүүсүнө жана өнүккөн Европа өлкөлөрү менен интеграциялануусуна жол ачмак. Анан ушул жылдар аралыгында жадидизмдин илимий жана окуу-методикалык базасы түптөлө баштады.

Тарыхчы А.Кубатованын маалыматына таянын айтсак, маселен, татар агартуучусу Каюм Насыры Чыгыш ойчулдарынын чыгармаларын татар тилине которуп, ошондой үлгүдө өз чыгармаларын жараткан. Ал Казань университетинин илимпоздору менен байланышта татар тилинин грамматикасын жана адабий тилин иштеп чыккан. Биринчи жолу татар тилинде тарых, география, арифметика, гигиена жана илимдин башка тармактары боюнча 40ка жакын аталыштагы китептерди басып чыгарып тараткан. Ал эми алгачкы татар агартуучусу жана реформатору Ш.Маржани антика философторунун эмгектериндеги ойлорду чечмелеп комментарийлеген китеп жазганы, билим берүүгө реформа жүргүзүп, жаңы ыкма менен окуткан медресени ачканы белгилүү. Анын заманга шайкеш реформалык идеяларын колдоого алган Санк-Петербург университетинин чыгыш факулътетинин окутуучусу Хусаин Файзханов мусулман мектептерин гимназиянын программалары менен окутуунун стандартын түзүп, ошондой жол менен аларды университетте билим алууга даярдоонун планын иштеп чыккан.

Жадидизм усулуна негизделген программа менен окуткан Исмаил Гаспиринскийдин крым-татар мектеби жана ар кандай аталышта басылын чыккан татар тилиндеги газета, журналдар жадидизм идеясы менен куралданган агартуучулардын жана мугалимдердин жаңы муундарынын өсүп чыгышын ылдамдаткан.

Мында татар буржуазиясынын салымын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Ага ишениш үчүн 1889-жылы Оренбургга «Хусения» медресесин курган соодагер Ахмет Хусеиновдун сөзүн келтирсек жетиштүү: «... бул башым менен 20 миллион каражатты айландырам, Лондондогу жана Париждеги кеңселеримди башкарам. Бирок бул башымды 12 жыл ичинде араң кол коюуга жана сандарды эсептөөгө үйрөтүштү. Буга менин башым эмес, эски калпалардын баштары күнөөлүү. Мына силер жаңыча окуп жатасыңар. Эртерек билим алгыла. Окууну жана жазууну эле үйрөнбөстөн, эсепти да үйрөнгүлө. Силер, мугалимдер, тезирек окуткула. Биздин фирманын кеңсесине иштей турган билимдүү адамдар эң керек». Мына ушундай шартта тарбияланган жана билим алган татар улутунун билимдүү адамдары Кайра жаралуу доорундагы гений-титандардай караңгылык менен сабатсыздыктын азабын тарткан мусулман калкын билимдүү кылабыз деген улуу максатка шерденип, билим берүүнүн жадидчилик ыкмасын Россия мусулмандарынын арасында ишке ашыра баштаган. Ошого ылайык мусулман мектептеринде диний предметтерден тышкары математиканы, физика, химия, география жана табият таануу сабактарын окутууга өткөн.

Панисламизм, пантуркизм идеяларынан агылып чыгып, диний-улутчулдук ыраң ала баштаган жадидчилик кыймылынын алгачкы маданий-агартуучулук умтулуулары адегенде ички карама-каршылыкка туш болгон. Бир жагынан ал мусулман балдарын өндүрүшү, технологиялары өнүккөн Батыш цивилизациясынын европалык билим берүү системасы боюнча окутуп, илимий билим беребиз десе, экинчи жагынан, канча бир кылым элдин аң-сезимин кунарсыз догмалар менен тушап, ой чабытына монополиялык кылган динден кол үзө алган эмес. Ошондон улам алардын алгачкы кадамдары клерикалдардын катуу каршылыгына кабылган.

Ал эми татар жергесинен башталган бул жаңычыл кыймыл кыргыздардын арасына кантип жайылган? Ушул жадидчилик идеологиясынын жаралышын шарттаган панисламизм жана пантуркизм идеологияларынын алгачкы толкуну кыргыз жерине мусулман өлкөлөрүнөн келип-кетип жүргөн миссионерлер, соодагерлер, билимдүү өнөр адамдары аркылуу тараганы тарыхый маалыматтардан белгилүү. Ошолор жалындап айткан диндештиктин, муңдаштыктын духундагы жан дүйнөгө бүлүк салган маалыматтары жадидзм идеологиясынын кыргыз коомунда өнүм алып кетишине ыңгайлуу кыртыш даярдаган. Анан кыргыз жерине татарлардын келиши, татар тилинде газета-журналдардын таралышы, шаар формасын ала баштаган Пишпекке, Токмокко, Караколго мектеп-медреселер, дүкөндөр ачылып, бирин-серин мануфактуралык өндүрүш жанданып, алардын шаардык маданияттын, коомдук ойлордун очогуна айланышына өбөлгө түздү.

Татарлардын кыргыздар арасындагы агартуучулук ишмердиктери жөнүндө көп эле сөз болуп калат. Бирок алардын биздин жерге кандайча келип калганын элдин көбү биле бербесе керек. Илимий китептерде, Интернетте көчүп-конуп жүргөн маалыматтарга караганда татарлар Россия империясындагы эң көп сандагы мусулман калкы катары зордоп христиандаштыруудан, ырайымсыз кысымдан аргасыз миграцияланганын жогоруда айтканбыз.

Алардын кыргыз, казак жергесине миграцияланышынын экинчи этабы Екатерина II нин доорунда башталган. Мусулман калктары, асыресе татарлар менен башкырлар активдүү катышкан Пугачевдун козголоңунан эси чыгып калган Екатерина II казандык татарларга карата жүргүзүлгөн диний саясатты өзгөртүүгө аргасыз болгон, өзгөртмөк түгүл татарларды Россия империясынын курамына кошула баштаган көчмөн калктарды маданиятташтыруу, исламдаштыруу ишине тарткан, мусулман дини алардын башын бириктирип, башкарганга оңой болот деп эсептеген. Ушундай курска багыт алган Екатерина II нин өкмөтү мечиттерди, диний мектептерди курууга, диний адабияттарды басып чыгарууга, көчмөндөр үчүн казандык татарлардан молдолорду, мугалимдерди даярдоого каражат бөлгөн.

Татарлардын көчмөндөр арасында соода-сатык жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтүлгөн. Ошентип татар калкынан кыргыз, казак жергесине массалык түрдө келишине жана отурукташуусуна шарт түзүлгөн. Ошонун натыйжасында татар тили дээрлик Октябрь революциясына чейин падыша бийлиги менен көчмөн калктардын пикир алышуусуна, жазма маалымат алып турушуна кызмат кылган расмий тилдин милдетин аткарган. Муну бийлик менен мусулман калкына ортомчулук кылган татар тилмечтер, татар тилинде басылып, Орто Азия калктарына келип турган газета жана журналдар ырастап турат.

Татарлардын Орто Азияга миграцияланышынын жаңы толкуну Крым согушунда, татар рекруттары дини бир Түркия менен согушуудан баш тартканда башталган. Миграциянын андан кийинки эң кубаттуу толкундары 1884-жылы жана 1892-жылы Поволжьедеги айланы кетирген ачкачылыктын айынан келип чыккан. Татарлардын илимий, диний билими бар, чарба жүргүзүү өнөрүн, кол өнөрчүлүктү жакшы билген, дин, тил, дил жагынан жакын өкүлдөрү кыргыз жерине мына ушундай кысталыш кырдаалдарда келип, жашап калышкан экен. Алардын келиши кыргыздардын маданий өнүгүүсүнө импульс берип, билимдүү чөйрөнүн түзүлүшүнө негиз салган.

Ошентип, Молдо Кылыч жашаган мезгилдин тарыхый фонунда улутубуздун тагдырына таасирин тийгизип, өзгөрүүлөргө алып келген ушундай орошон окуялар болуп жаткан. Анан алар кыргыз коомуна жана анын Молдо Кылычка окшогон акылы сергек, жаңыланууга жаны кумар өкүлүнө таасирин тийгизет беле же тийгизбейт беле? Аны түшүнүү үчүн акындын өмүр жолуна, чыгармачылыгына байланыштуу фактыларды эске салып көрөлү.

Биз шилтеме жасап жаткан изилдөөчүлөр, маселен, Т.Саманчин, Кылычтын 1911-жылы Казандан басылган «Зилзалласынын» кириш сөзүндөгү маалыматка таянып, анын 20 жашында, тагыраак айтканда 1886-жылдары ыр жаза баштаганын, ал эми тарыхчы А.Кубатова Молдо Кылычтын өтө жакын адамдары кайтыш болгондо, кайгыдан алаксытуу үчүн Мамбеталы деген чүйлүк молдо аны 1880-жылдары үй-бүлөсү менен көчүрүп кеткенин, ал молдонун, ошол мезгилдин ченинде алганда билимдүү, ошонусуна жараша бай китепканасы болгонун белгилешет. Демек, Молдо Кылычтын Чүйгө келиши, ырларын кагазга түшүрүп жаза башташы 1880–1890-жылдардагы кыргыздардын турмушуна өзгөрүүлөрдү киргизген тарыхый окуяларга туш келет.

Ал ошол окуяларды кандай кабыл алганын кесе айтыш кыйын, бирок падыша өкмөтүнүн жергиликтүү калкка жасаган аёосуз кысымдарынан жаралган кыргыз коомундагы протесттик маанай жана панисламизм, пантүркизм идеологияларынын элет жериндеги жаңырыгына аралаш келген билим берүүнүн жадидчилик идеясы Молдо Кылычты кайдыгер калтырган эмес. Ошол кырдаалда окууга, көп нерсени түшүнүүгө жардам берген Мамбетаалы сыяктуу окумал, европалык деңгээлдеги билими бар татар аалымдарынын чөйрөсү анын көз карашын өстүрүп, чыгармачылык ишке шыктандырган деп айтышка негиз бар.

Жаштайынан шарият жолун ыйык тутуп, сыпайы жүргөн, бийлик кумарына азгырылбай, мансаптан, дүнүйөкорлуктан өзүн оолак кармаган Молдо Кылыч, жазган ыраларына караганда, мырза мүнөз адам болгону көрүнүп турат. Ушундай мүнөзү менен ал моралдык, ыймандык чектерди карманбаган, жан дүйнөсү керең адамдарга аралашып кете албай, рухий жалгызчылыктын азабын тарткан.

Классикалык исламдын моралдык-философиялык категориялары менен ойлонуп, динди адамдын көкүрөгүндөгү ыйманы жана ишеними катары түшүнгөн, түркөй коомдун туткунунда буюккан, жан дүйнөсү жаңыланууга ынтызар Молдо Кылычты жадидизмдин диний-улутчулдук жана агартуучулук идеялары улутташтарымды сабаттуу, билимдүү кылам деген улуу максатка умтулуусуна жол ачкан. Ошондон улам ал жаңыланууга үндөгөн ырларды жазган, кырктан өтүп калганына карабай Россия мусулмандарына илимий билимдин негиздерин үйрөткөн жадидчилик ыкмасын Токмоктогу татар мектебинин мүдүрү Закир Халфадан үйрөнүүгө барып, 1910-жылдары айылындагы мектепте балдарды ошол ыкма менен кыргызча окуткан (А.Кубатова).

Ушулардын баары, атап айтканда, Молдо Кылычтын 20 жашында, эр жетип, элге аралаша баштаганында ырларын кагазга түшүрүп, анысын шакирттери аркылуу тарата баштаганы анын мезгил чакырыгына берген жообу катары мотивациялоого мүмкүнчүлүк берет. Демек, анын ыр жазып калышын ушундай тарыхый кырдаалдар шарттаган.

Молдо Кылычтын чыгармалары өз учурунда белгилүү адабиятчылар Т.Саманчин, К.Асаналиев тарабынан ар тараптуу жана жогорку деңгээлде талданып анализделген. Аларга алымча-кошумча киргизүү мүмкүн деле эмес. Бир гана белгилеп кетер жагдай Молдо Кылычтын чыгармаларында эл-жерди таануучулук, орнитологиялык, өсүмдүктөр дүйнөсүнө байланышкан мифологиялык жана адеп-ахлактык тематика басымдуулук кылат. Абай салсаң алар окурмандарынын ушул тармактагы билимин өстүрүүгө жана системага салууга багыталгандай таасир калтырат. Муну Молдо Кылычтын «Жинди суу», «Керме тоо», «Канаттуу», «Чүй баяны», «Бүркүттүн тою» аттуу чыгармаларынан ачык байкасы болот. Алардын ар бирин кылдат талдоого алган чыгаан илимпоз К.Асаналиев ошондон улам «жөн эле аталып чыккан өсүмдүктөрдүн, жан-жаныбарлардын, куштардын аттарынын өзү эле кыргыз жергесинин табиятын таанып-билүүдө канчалык агартуучулук мааниси бар» экенин баса белгилеп жатат. (Молдо Кылыч. Казалдар. Бишкек,1990ж. 16-б.)

Демек, Молдо Кылычтын мындай тематикага атайылап кайрылуусу жадидизмдин табигый жана коомдук илимий билимди мектеп-медреселерде диний сабактар менен кошо окутуу идеяларынан келип чыккан дегенге негиз бар. Ал окуу китептеринин кандай түзүлөрүн жете билбесе да, жаш муундарга ушундай чыгармалар керек экенин интуитивдүү түшүнгөн. Мына ушул фактор анын жазгыч акын болушун шарттаган жана ошондон баштап Молдо Кылыч чыгармаларын эргүү менен кагазга түшүргөнгө өткөн.

Сыягы мектеп, медресе окуучуларынын Кылычтын ырларын жабыла окуп жаттаганы, көчүрүп таратканы, аларды жаш мугалимдер жан баштыгына салып жүргөнү (А.Кубатова) жана ал ырлардын Түндүктүк кыргыздар арасында өтө популярдуу болуп, макал-лакапка айланып кеткени (Т.Саманчин) ошондон окшойт.

Бул популярдуулуктун сыры эмнеде же бул ырларда кандай касиет болгон? Биринчиден, бөтөн тилдеги түшүнүксүз тексттерди жаттаган менен түшүнбөгөн мектеп, медреседеги кыргыз балдарына ал ырлар эне тилинде жазылгандыгы жана көңүлүндөгү ойлорго үндөштүгү менен жаккан. Экинчиден, Молдо Кылычка чейин кыргыздар төкмө-акындарды аш-тойлордо же шарты келгенде угууга мүмкүнчүлүгү болгон. Убакыттын аздыгына байланыштуу угармандар ал ырлардан эмоционалдык заряд алуу менен гана чектелишкен. Ал эми Кылычтын ырлары жазуу жүзүндө болгондуктан, аларды окурман жеке өзү окуп, автордун ойлорун, байкоолорун, көз караштарын, эстетикасын ж.б. куду автор сыяктуу жан дүйнөсүнөн өткөрүп таасирленген.

Негизи жазма чыгарма өзүндө кээ бир баалуулуктардын системасын алып жүрөрү жана кабыл алуучулардын аң-сезиминде эмоционалдык-баалуулуктук ориентир берүүнүн белгилүү бир тибин бекемдөөгө умтулары белгилүү. Ушунусу менен ал адамдын баалуулуктар системасына таасир берип, аны тымызын ойлонгонго, сезимтал болгонго, талдаганга үйрөтүп калыптандырат. Ошол түркөйчүлүк заманда китеп сыңары кабыл алынып тараган Молдо Кылычтын кол жазмалары кат сабаты жоюлган же жөн эле жазма текстке жаны кумар кыргыздар үчүн так мына ушундай кызмат аткарган. Молдо Кылычтын жазгыч акын катарындагы баалуулугу да, улуулугу да мына ушунда.

Абдил ШЕРМАТОВ, адабиятчы

И.Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз