Касым Каимов: Шектүү кадам

  • 06.10.2021
  • 3776

АҢГЕМЕ

Үлп эткен жел болбосо да көл тынчый албай жатат. Тармалданган майда толкундар кубалашып, бирде түрмөктөлсө, бирде жазылып, жээкке серлилүүдө. Демейдеги көгүлтүр ирим азыр киргилденип, чөп-чарды, өсүмдүктөрдүн арбайган тамырларын жээкти көздөй калкылдатып сүрүп келатат. Бир аздан кийин суу үстүндөгү какыр-чикирдин баары толкундун акыркы серпиндилери менен тышка сүрүлмөк. Толкун басылып, ылайлуу ирим тунуп, тоо көлү тынчып, көгүлтүр тартып кашкайып, асмандын күзгүсүндөй мелмилдемек.

Көл тынымсыз кубулуп турат. Кээде бейжайланып ташкындаганда түбү эңшерилип, түндүк бою чамынып, аркырап-шаркырап жөнөгөндө көл бир жакка ооп кетеби деп чочуйсуң. Бирок ал канчалык кубулбасын, жаалданбасын өзгөрүлбөйт, ордунан жылбайт. Ал жаңырып, тазарып турат. Ошон үчүн дайыма жаш, дайыма касиеттүү.

Момунбек жээкте жалгыз келатты. Кум үстүндө суналышып, ыракаттанышып жаткандарга, сууда чабак уруп, сайрандагандарга назар салбады. Мээримдүү жээкте дем алуучулардын арасында өзүн эмне үчүндүр жалгыз сезип баратты. Ал да бу жерге көңүлдү сергитүү үчүн келбеди беле! Оо, анда мындан башка максат жок болучу.

Адамда максатты орундатуу үчүн шарттын болушу дайым эле жетиштүү боло бербейт. Болбосо, Момунбек үчүн дем алууну ойдогудай өткөрүүгө дүйнөдө мындан артык жер барбы?

Момунбек бул жерге жүрөгүндөгү түпөйүл убайымды басуу үчүн арга издеп келген, эч болбосо, бир аз тыныгып, көңүлүн алагды кылып, кубаттанам деп ойлогон. Бирок анын ойлогонундай болбоду.

Ал жылаңбаш өбөктөй басып, эки жагын карабай бет алды кетип баратты. Уу-чуудан алыстап, көл кылаасына сиңип кеткенсиди. Аны менен эч кимдин иши болбоду.

*      *      *

Былкылдаган семиз саздын чети. Чоң көлдөн өрдөк моюн булуң аркылуу бөлүнгөн, камыштуу, чычырканактуу бадалдарга курчалган көлмөкчө. Момунбек ушул жерге жеткенде токтоду. Кандай жерге туш болгонун аңдоо үчүн токтоду...

Көлмөкчө балырлуу, суусунун иреңи ачык эмес көгүлтүр, күңүрт. Анын чет жактары тайыз болгондуктан, кум, чопо, кара ылай, балырлуу чымдар каптаган түбү байкалып турат.

Бул жерге адам келбейт окшойт. Ак чардактары да, чулдуктары да баё. Жадаганда бакалары да чукул бармайынча көздөрүн тостойтуп жата беришет.

Ал саздын четиндеги соройгон жалгыз таштын жанына келип, аны ары-бери карап турду да, ошонун үстүнө жай алып отурду. Жээкте мындан башка көчүк койгудай таш, же алакандай кургак жер жок экен. Ал таш да бир кишилик. Дал гана Момунбек үчүн атайылап коюлгандай.

Ал балырлуу көлмөктү тиктейт. Бул көлмөкчөгө толкун жетпейт. Шамал тийбейт. Суусу дайыма бир калыпта мелмилдеп турат окшойт. Көлмөктү балыр басып, чөп-чар, чириген жыгачтар калкылдайт...

Ал көлмөктү тиктеп отурүп, тобунан ажыраган каркыраны, күн нурүн көрбөй көлөкөдө калган чөптү көз алдына келтирди.... Мезгил өткөн сайын суу бөксөрүп, булуң ичкерип отуруп, көлмөк өзүнчө бөлүнүп, балырга, камышка бастырып, сазга айланып бараткан экен.

Соолуп бараткан көлмөк, өзү отурган сорогой жалгыз таш аны өз өмүрү жөнүндө да ойлонтту.

Анын өмүрүндөгү каргаша үй-бүлөдөн, ачык айтканда, аялы экөөнүн ортосундагы мамиледен башталды. Кимиси күнөөлүү? Момунбек аялын, аялы эрин күнөөлөйт. Бир убакта бир үйдө бир гана күнөөлүү киши бар сыяктуу эле. Анткени аялы эрин күнөөлөй турган. Эри айыпты мойнуна алчу эмес. Акыйкатсыз айыптаганы үчүн аялына нааразы болчу. Ошентип, уруш чыкчу. Бири качырып, экинчиси коргонуп турган кезде басылбаган чатак, анан эрегишүү күчөп, бир үйдөн эки киши тең күнөөкөр болүп турганда басылабы?

Ынтымактын бузулушу Айшанын шегинен башталды. Никени бекем тутуп, күйөөсүнө берилген аял күнүчүл жана дооматчыл келерин Момунбек кечигип түшүндү. «Мага эмне үчүн ишенбейсиң?» — деп кайра аялын опузалап жүрдү. Убагында чечилбей калган шектенүү эркек менен аялдын ортосундагы ишенимге салакасын тийгизди..: Ишенимге шек келгенден кийин ырк кетип, ынтымак өзүнөн-өзү бузулду... Өзүн таза деп эсептеген Момунбек ушундай арзыбаган нерседен үй-бүлөнү кырсык чаларын күткөн жок. Өз жумуштары менен алпурушуп, үйүнөн эрте кетип, кеч келип жүрө берди.

Акырында аялынын нерви бузулуп, баш ооруга жолукту, түшүнүксүз дагы бир ички оору пайда болду, анысы аз келгенсип талмага же арууга окшобогон дагы бир диртилдек оору кошулду. Айша эми кыйкырып, бакырып сүйлөөчү болду. Күйөөсү чычая танганын койбоду. Акырында Айша «мен да сенин жолуңа түшөм, башка эркек менен жүрөм» деп күйөөсүн коркута баштады. Бул сөз эрин аздап коркутту. Бирок андан деле ойдогудай натыйжа чыкпады. Бир күндөрү Айша кызматтан кечигип калчу болду. Оозунан ичкилик буркураган учурлары кездеше баштады. Күйөөсү менен акылдашпай каалаган курортуна каалаган учурда кете берет. «Мага да ден соолук керек, мага да жашоо керек» — деп догурунат. «Керек болсо, мага эрегишпей эле иштебейсиңби!»— деп күйөөсү ичтен тынат.

Айша чынында эле баш оорусунан жана дагы бир түшүнүксүз ички оорусунан айыккансыды. Бирок нерви эпке көнбөдү: кенедей ашык сөздү, радионун катуу чыккан дабышын, жадаганда, күйөөсүнүн көз кыры менен карашын көтөрө албай, эриндери былкылдай баштайт.

Аялына актыгын билгизүүгө, нервди сактоонун пайдасын түшүндүрүүгө кубаты жетпеген соң Момунбек киийинки убактарда эч болбосо өзүнүн нервин сактап калуу максатында чатак чыкканда башка бөлмөгө кире качып, каалганы илип алат же эшикке чыгып, «эми анын жини тарагандыр» деген учурда үйүнө кайтат. Айшанын жүрүшү бузулгандан кийин башка бөлмөгө кире качуунун же эшикке чыгып кетүүнүн эч кандай мааниси болбой калды. Эми аны менен бетме-бет отуруп, ачык сүйлөшүү керек эле. Бирок маектешүүгө көпкө чейин мүмкүнчүлүк болбоду. Аялы кызматтан көбүнчө кеч кайтып, ал келгенче уктап калат, же убактысында келсе, оозунан ичкиликтин жыты буркурап сүйлөшүүгө болбойт, же өзү лекцияга даярданып колу бошобой калат.

Шарттын кыйынчылыгына жана өзүнүн кыйналганына карабастан, Момунбек өзүн мыкты кармады: ачууланбады, албууттанбады, чатак чыгарбады. Мындай татаал жана кылдат маселени жай отуруп, салкын кандуулук менен чечүүнүн керектүүлүгү ар дайым эсинде. Өз аялы менен ийгиликтүү сүйлөшүү үчүн бир гана учур — отпуск маалы калды. Күткөн күн келгенсиди. Айша жумушка барбай, үйдө күйпөлөктөйт: сандыктагы сберкнижкасын алып, кийим-кечесин камдап, баласын төркүнүнө алып барууга даярдана баштады. Диванда газета окуп жаткан эрине чычкан менен оокат кыла турган мышык катары да көңүл бурбады. Эри да анын көңүл бурушуна зарыл эмес эле, ыңгайлуу учурду өткөрүп ийбөө үчүн чала окуган газетасын колунан таштабай диванга оңдонуп отурду. Кайраттанып, тамагын жасап, аялы жанынан өтүп баратканда үн чыгарды:

- Айша! Бир мүнөткө сабыр кылчы.

Аялы аны мыскылдагандай мыйыгынан күлүп койду да, стулду сүйрөп келип, анын дал бет маңдайына отурду.

- Кана, эмне айтайын дейсиң?

- Орчундуу сөз бар.

- Тезирээк айт!

- Мен сени менен сүйлөшүү үчүн бир жыл бою күткөндө сен он мүнөткө чыдабайсыңбы! Ушул да акыйкаттуулукпу?

- Сен качантан бери акыйкаттуу болуп калгансың!

Акыйкаттуулук жөнүндөгү талаш бүтпөй турганын, ага алаксыса негизги айта турган ою айтылбай каларын болжоп, Момунбек кепти ток этеринен баштады:

- Сенин бул жүрүшүң жарабайт. Үйгө дайыма кеч келесиң... Ичкениң арак. Мени менен акылдашпай каалаган жагыңа жалгыз кетесиң. Мени көзүңө илбейсиң... Бул нормальный жашоо эмес.

- Жашоону ким бузганын алиге биле элексиңби?— деди Айша туталанып, эриндери тиртилдей баштады.— Балаанын баарын баштаган сенсиң!

- Жаныңды жебе! Мен эч качан жумуштан кечигип келчү эмесмин. Ичкиликке да жолобойм. Отпускага да өзүмчө кетпейм.

- Ийи...— Айша өңгөчүн тартып, бир топко чейин деми чыкпай, анан барып сөздөрү угула баштады.— Анткор десе! Жалганчы десе! Дагы окумуштуу имиш! Башка катын менен жүргөн сенби же менби? Аларга белек берип, артынан чуркагак сенби, же менби? Эми сопусунуп калган тура! Мен эмне үчүн оорукчал болуп кеттим? Мен эмне үчүн ичип кеттим? Мен эмне үчүн үйдөн безип жүрөм? Ошонун баары сенин азабыңан. Мен мындан ары минтип жашоого чыдай албайм. Министрдин дал өзүнө, керек болсо, андан жогору арызданам! Болду сеники! Кутуруп баратасың!

- Ага эмнеге туталанасың? Көп болсо эркек каадасын өтөгөндүрмүн. Мында моралга каршы эч нерсе жок.

- Тигини, айтканын көр, моралга каршы эч нерсе жок деп. Бузулганым ырас деп эле ачык айтпайсыңбы... моралды ойлосоң.

- Мен оң жолдомун. Өзүң каякка баратасың. Башканы коюп ошону айтсаңчы! — деди Момунбек ачууга алдыргандай айкырып.

Аял электрдин тогу тийгендей дирт этти, ордунан секирип турду. Каны ичине тартып, көздөрү канталап, эки колун арбайтып келип, күйөөсүн эки беттен аткыды. Момунбек андан корккон жок. Аялы эмне болуп кеткенин түшүнө албай, аны бей-жайлыгына чыдабай жинди болуп кетпегей эле деп чоочуду. Бетин ала качкан жок. «Менде өчү болсо алсынчы. Ансыз деле эл карай албай калган бетимди эмне кылса, ошо кылсын» дегенсип аялынын маңдайында көлкөйүп отура берди. Коргонгусу келбей, өз бетинен жадаган эринин көрүнүшү жаалына келип турган аялды бир азга таң калтты. Эсине келтирди. «Өзүнө керек болбогон бетинин мага эмне кереги бар?» дегенсип, сабырланды. Дагы да туйлар бекен?— деп күттү. Эгер былк этсе, эки бетин апчып алып, алаканына салып бермек болду. Бирок күйөөсү былк этпеди. Аял колун бошотуп, үшкүрүнүп отуруп калды.

- Мага жооп бер! — деди коркунуч өткөнүн сезген Момунбек.

- Арсыз! Абийирсиз! Жооп керек имиш! — Ал эринин түйрүп басып кетти да, өз камылгасына киришти. Кандай да болбосун ишти бир жаңсыл кылуу үчүн күйөөсү анын соңунан калбай, такактап жооп күтүүдө. Акырында сөзгө тең болбой, көлөкөсүндөй илешүүдөн арданып, эри жер тепкиледи.

- Сен мени мазактаба! Жетишет! — Анын чачтары саксайып, иреңи бузулуп чыкты. Коргошундай салмактуу күйөөсүнүн ачууга алдырганын көрүп, аны ичинен табалап, сыртында эч нерсени билмексен болуп жүргөн Айша аны ого бетер жинденткиси келди. Чатак чыгышын каалады. Далай убактан бери же урушпай же ачык сүйлөшө албай бук болуп жүргөн аял үчүн ээн-эркин кармашып алуу зарыл сыяктанды. Бирок күйөөсү антүүгө барбады. Күчүн жер тепкилөөгө чыгарды да, буркулдап эшикке жөнөдү:

- Мен кеттим. Минтип жашай албайм.

Анын кеткен-кетпегени баары бир сыяктанды. «Кой, ай» деген сөз укпай өзү эшикке чыгып калды. Жүрүп отуруп, Байтиктин Бас-Бөлтөгүнүн үстүнө чыкканда гана артына кылчайып карады. Шаардын чаңдуу түтүн каптап, тунарып турганын көрдү. Кеч кирип баратты. Ал каякка байырлай турганы жөнүндө ойлоду. Көрүнгөн жерге түнөгүдөй, жаш болбосо, же ушундайда кирип баргыдай кошумча үй күтпөсө, өз очогунун табына көндүм болгон киши темселеп каякка бармак эле? Үйүн көздөй жөнөдү. Аялы да, уулу да үйдө жок экен. Каякка кетишкени жөнүндө эч кабар калтырбаптыр...

Эртеси Момунбек өзү да эки айга отпуска алып, Ысык-Көлгө жол тартты... Мына дем алууда жүргөнүнө бир айдан ашык убакыт болду. Ушунча убакыттын ичинде дем алмак түгүл, баягы ачуусу алиге тарабады. Турмушун ылайлаган убайымдуу суроо чечилбеди.

*      *      *

Момунбек көк ала чачын сыйпалайт, ойго бастыргандай шылкыйып отурат. Албетте, адамдын ойлогону жакшы. Бирок анын ою эч кимге пайдасыз, убайымдуу ой. Ойлонбоюн десе да, көңүлдөн кетпей турган, чындап ойлонсо таканчык кылар учу-кыйыры табылбаган, чубалжыган сары санаа.

Ал көлгө келгенде барыдан мурда ушу сары санаадан качууну алдына биринчи максат кылып койгон. Кереметтүү көлдүн жээгинде дуулап дем алмакчы болгон. Бирок жылуу суу, ысык кум, таптуу күн чубак көңүлүнө аралжы боло албады. Кежигеси жер тартат. Ал түгүл шайыр адамдардын арасында журтта калган итке окшоп үңкүйүп туруштан айбыгып, элден четтеп басып калган.

Мындай болбоо керек эле. Кырктан жаңы ашкан адам түгүл, эр ортонуна баргандар, алтымышты аралагандар деле башына жалгыздык түшкөндө өлбөй-житпей өмүр сүрүп жүрүшөт ко. Жаш келиндерди жандай басып, же алардын бирөөнө үйлөнүп алып, катардан калганын билгизбөө үчүн өңшөңдөй басып, сыр билгизбей жүргөндөр жокпу? Кандай болбосун, жашап калуу керек. Согуп өткөн салкын желден, кашкайган көлдөн, калдайган булуттан, көгүлтүр асмандан, аркайган тоодон — баарынан да дал ушундай жышаан келет.

Жок, мындай болбой турган эле. Момунбек өз алын билбесе, аялы менен мынчалык эрегишүүгө бармак эмес. Ал жашы жагынан болсун, эмгекке жарамдуулугу жагынан болсун, бирөөгө көз каранды боло турган куракка жеткен жок. Аялдар менен тил табышарына, каалаганына үйлөнөрүнө да шектенбейт. Өз мүмкүнчүлүгүн, чындаса, аялдар менен оңой эле жакындаша турганын капкачан эле өз тажрыйбасынан улам байкаган.

Шаарда эркектердин көзүнө көбүрөк илине турган өңдүү-түстүү бир келин бар эле. Көз илешкен аялга сөз илешет. Ал бечара эч кимисинин тузагына түшпөсө да, андан күйөөсү шектенгенин койчу эмес. Уруш-талаш көбүрөк чыкчу. Келинчегин бөтөн көзгө урунтпас үчүн жарашыктуу кийимдерин кийгизчү эмес. Аялга таандык жасалгалуу буюмдарды такчу эмес. Жөнөкөй кийингенде, ал келин кара булуттун арасынан чыга калган айга окшоп, ого бетер сулуу көрүнчү.

Момунбек ошол келинди көп эле көрүп жүргөн, бирок тааныштыгы жок эле. Эмне үчүндүр ал көзүнө жылуу көрүнчү. Аны менен таанышууну эңсөөчү. Бирок батынчу эмес. Бир жолу көчөдө аны менен күтүлбөгөн учурда кезигишет. Токтойт. Ал да токтойт. Момунбек учурашат, ал колун берет. Бу бейтааныш өңдөнгөн келиндин мынчалык жылуу учурашарын күтпөгөн неме апкаарыйт, ыраазы болот, биринчи сүйүүгө туш болгон боз уландай жүрөгү туйлайт. Момунбектин өз байкоосу жана шаардагы Дон Джуандардын айтуусу боюнча ал келин эч ким менен минтип жан-дили менен учурашкан эмес. Оңой эмес турбаймынбы деп, Момунбек кампайып калат.

Келиндин аты Сабира экен. Бөтөн аял менен биринчи таанышуу бактысына жараша анын жан кубантарлык сүйкүмү, экөөнүн ортосундагы жүрөк козгорлук ысык мамиле ал үчүн аялдар дүйнөсүн жаңыдан ачкандай сезим калтырды. Кантсе да андан кол үзгүсү келбей, иланжи болсо, эмне деген ажайып дүйнөгө туш келгенин билүүгө ашыкты. Бирок өзү үй-бүлөнүн ээси, ак никелүү аялы бар экенин эстен чыгарбады. Жаңы жылдын алдында Сабираны атайын жолунан күтүп, целафан кагазына оролгон кызыл гүл сунду. Мындай белекти күтпөгөндүктөнбү, же чексиз ыраазылыктын белгисиби, келиндин ажарлуу бети нурланып, көздөрү бажырайып, аны сүйкүмдүү тиктеп турду.

Аялдардын сезими мынчалык кылдаттыгын, мынчалык курчтугун кезиктириши ушу. Мурда, ал түгүл, аялдарды ыраазы кылууга мүмкүн эмес го деген ишенимде эле.

Көп кыймылдуу көчөдө узакка турууга мүмкүн эместей, Сабира башын ийкеп коюп, жөнөй берди. Момунбек нес болгондой туруп калды, ушул учурда Сабирага арзый турган бир жакшы сөз айта албай калганына, үнсүз сүйлөшүүгө жооп берүү колунан келбегендигине өкүндү. Бирок бул кемчилигин кийинчерээк оңдоду. Анысын кантип оңдогонун өзү да билбей калды.

8-Март. Сабираны куттуктайм деп толкундап кетип өөп алат. Өзү чочуйт. Жүрөгү элеп-желеп согуп, кандайдыр бир кереметтүү сезим пайда болот. «Ырас эле сүйүп калдымбы?» — деп өзүнө өзү суроо берет. Бу шектүү суроосун өзү четке кагат. Жакындыктын, курбулуктун ушунусу — ысыгы, сүйүүгө чейин барышы жакшы. Мындан жакшылыктуу тыянак чыгаруу жарабайт деген орчундуу пикирге келип, ал өзүн өзү кармайт. Аялына деле, башкаларга деле сыпайы-сылык мамиледе болуп, баягысындай зыңкыйып жүрө берет. Арадан бир топ убакыт өтөт.

Бир күнү жолунан Сабира чыгат. Ал Момунбекти атайын күтүп турган экен.

- Мокиш! Эмнеге көрүнбөй кеттиң? — дейт келин «сизден» сенге өтүп.

Бул суроо качантан берки сырдыкана, асылкечтин оозунан чыккандай угулса да, Момунбек токтоолук жана сылыктык менен жоон кайтарат:

- Ушул жерде эле жүрөм. Өзүң көрүнбөйсүң...

Көптөн бери көрүнбөй калганы жөн эле шарт болбогонунан экен го деп, келин эс ала түшкөндөй жылмаят:

- Ошондой эле болсун! Дагы эмне болду деп чочуган элем... Мокиш, сен башкаларга окшобогон, бир сырдуу, кызык эркексиң. Сени менен таанышканыма кубанам. Эгер ишенсең, мен эркектерди жакшы түшүнбөйм. Жакындашсаң эле башкача кабыл алышат. Жөнү жок ыржалактай баштайт. Сени менен таанышканга чейин эркектердин баары ошондой го деп ойлоп жүргөм. Бактыма жараша алардын арасында деле токтоо, аялга мамиле жасоону биле турганын билдим...

- Мен да сиз жөнүндө сонун пикирдемин. Бирок,— ал буйдалып, башкалар экөөбүздүн мамилени кандайча түшүнөр экен?

- Кандай түшүнсө ошондой түшүнүшсүн. Мен сизди сыйлайм, жогору баалайм. Сиз менен чыныгы дос болом го деп кубанам.

- Мен да ошентип ойлойм.

Момунбек чынында андан мындай сөз күткөн эмес. Бул сөздү укканда эмне айтарын билбей калды. Сабира болсо андан көп нерсени күтчүдөй жоодурайт. Момунбек буйдалып калганын көңүлүнө албастан, келип сөзүн улады:

- Мен сизди күйөөм менен тааныштырайые. Сиз мени аялыңыз менен тааныштырыңыз.

Акыркы сөздү укканда Мокең ийне менен сайгандай селт этти. Бирок эч нерсе айта албады.

- Бири-бирибиздин үйүбүзгө катташып туралы, — деди Сабира эч нерседен шектенбей.

Алар ушундай убада менен үйлөрүнө тарашты. Бирок ошондон кийин Мокең Сабира менен көрүшө албады. Анткени аны үйүндө башкача окуя күтүп турган. Өз босогосун аттар менен аялы кекиртектен алды:

- Кырктан ашканда сени кайсы кудай урду? Бул эмне деген жүрүш. Коёт экен десе, барган сайын күчөтүп баратасың...— Аялы күйөөсү менен Сабиранын ортосундагы болгон иштин баарын кошумчасы менен санап чыкты.

Мокең чыркырай баштады:

- Мен таптазамын. Жөн эле таанышканбыз. Эркек менен аялдын ортосунда ойноштуктан башка кадимкидей мамиле болбойбу?

- Үй-бүлөлөрүнөн жашырып белек алышса, көчөдө шынаарлашып кучакташып, өбүшүүдөн уялышпаса, ошонун баары сен үчүн «кадимкидей» болот экен да!

Момунбек аялынын сөзгө келбей ажаандык кылышына капа болот. Эшигин жаап, аркы бөлмөгө кирип кетет. Жалгыз отуруп ойлонот. Сыртынан караган кишиге Сабира экөөнүн мамилеси өөн учурашы, ал түгүл шек туугузары ыктымал. Иш жүзүндө мында эч кандай күнөөкөр адам жок. Тескерисинче, жаңы доордун адамдарына таандык жаңы мамиленин үлгүсү гана бар. Айша түшүнөр... Бир топ чатакташып басылар. Акыры түшүнгөндөн кийин мага ыраазы болор дегеи ойго токтолот.

Айша түшүнмөк түгүл, аны менен айыгышты. Бир топ чатакташып басылмак түгүл, бет карашпай экөө эки тарапка кетишти. Кайрадан ынтымакка келеби, жокпу, кошулушабы, жокпу — чоң суроого айланды.

Момунбек жалгыз. Жалгыз калганын ушу көл жээгинде, сорогой таштын үстүндө отуруп, таамай түшүндү. Андан да кызыгы: өмүрүнүн ушул өксүгүн кайра башынан турмуш өткөрүү менен, же болбосо ара-чолодо көңүл ачуу менен толуктай албасын сезүү. Өмүрү, тагдыры өз аялы камыр-жумур болгонун, ага биротоло көнгөнүн, ансыз жашоонун эби кетери да ушул жерден эсине келди.

Айша үлбүрөгөн ак көйнөкчөн, ак туфличен аялы көз алдына тартылды. Аны курортко жөнөрдөн мурда күзгүнүн алдында ушу көйнөгү менен жасанып турганын бир гана жолу көзү чалган. Ак кийим ага сонун жарашарын ошондо көрүшү. «Айшакан каерде, кантип жүрөт болду экен?» — деп ойлоду күйөөсү.

*      *      *

Айша тоо этегиндеги курорттордун беринде эс алып жүргөн. Бутактары арбайган чоң жаңгак жыгачынын түбүндө ак туфличен, үлбүрөгөн ак көйнөкчөн, ысуулап, желпинип отурган Айша эле. Анын кейпинде жалгыздыктын санаасы жок, иреңи жайдары. Ал кимдир-бирөөнү күтүп отурган. Өз кыялында күтүүнүн ырахатына батып отурган.

Карала шайы көйнөк кийген жаш келин адашып жүргөнсүп, жанына келишин ачык түрдө жактырбаган таризде көзүнүн үстү менен карады. Ушу келин эмне үчүндүр аны көрө албагансып, дайыма аңдып жүрөт. Мүмкүн ушак тараткысы бардыр. Айшанын жактырбаганын байкап, ал келин сөзүн токтоосуз баштады:

- Эжеке! Сиз бекер эле шектенесиз. Мага анын, андай неменин кереги жок.

- Сиңдим, сага эмне керек?

- Сиз алданганыңызды өз убагында билсин дегеним... Ботобай алдамчы, туруксуз...

Башка бирөөлөрдүн ортосуна кийлигишкениңизди туура деп эсептейсизби?

- Эгер билгеним болбосо, кийлигишпейт элем.

- Эмне билгениң бар? — Айша манчыркагандай, анын сөзүн уккусу келбесе да, сыпайкерчилик үчүн гана көңүл бургандай сүйлөдү.

- Ботобай менден калган,— деди жаш келин тайманбай. Тигинин тоотпогонуна тырчыса керек.— Сиз экинчи көңүл жакынысыз...

Айша согончогуна тикен сайгылагандай селт этти.

- Эмне деп жатасың, сиңдим?

- Мага ишенбесеңиз өзүнөн сураңыз. Ага ишенесиз го,— деди да кара шайы көйнөкчөн келин укмуштай жайдарыланып басып кетти.

Айша анын сөзүнө ишенгиси келбеди. Ботобай! Шайыр десе шайыр, жөн билги. Махабатка берилгеничи, Айша үчүн жанын курман кылуудан кайра тартпай турган өткүрчүлүгү! Өзү билген Ботобай ушундай. Башкалар эмне десе ошо десин! Ошентсе да Айшанын көңүлүнө көлөкө түшкөнсүп, ойго малына баштады.

Ошол учурда колуна гүлдесте кармаган Ботобай келди.

- Акиш, зериккен жоксуңбу, жаным!— Ал гүлдү Айшанын колуна карматты.

- Зерикпегендечи! — Аял гүлдү секин жанына койду.

- Кечир жаным! Мындан кийин бир минутага да кечикпейм.— Ал анын маңдайынан сылап өпмөкчү болду эле, аял колун ары түрттү.

- Кечиккен эч нерсе эмес. Эң мурун сен мага жооп берчи? Мени сүйөсүңбү?

- Абдан...

- Карала шайы көйнөктү да ошентип сүйгөн чыгарсың?

- Аа, сени эмнеге тырчып калган десе! — Ботобай күлүмүш болду.— Эгер аны бекем сүйсөм сага жулунат белем?! Аны менен жөн эле убакыт өткөргөм...

Ушу сөздү укканда Айшанын иреңи кумсарып, эриндери дирилдей баштады. Талмасы барбы деп Ботобай элеңдеп, анын башын жөлөмөкчү болду. Айша анын колун кагып жиберип, кош чеңгели менен аны эки беттен аткыды.

Ботобай карбаластап, анын эки билегин кыса кармап, колдорунун муунуна күч келтирип, бетин оңой бошотуу үчүн аракеттенди, туйлады, мөңкүдү. Аялдын тарамыштуу колдорунан араң бошоп, тарбалаңдап качып жөнөдү. Эки бетинен кызыл кан сызылып баратты. Айша бетинен ылдый салаалаган мөлтүр жашына ээ болбой аны соңунан бышактап карап турду, Жанында жаткан гүлдү чачып, ак туфли менен тепкилей баштады.

Өзүнө-өзү нааразы болду. Капаланды. Алыста жүргөн күйөөсүн эстеди. Ал эмне кылып жүрөт болду экен? — деп ойлоду.

*      *      *

Күн ылдыйлаган. Чоң көл тынчып, уйкудагы сулуудай көшүлгөнсүйт. Ак чардактар ойкуп-кайкып учуп жүрүшөт. Алыстан-алыстан пароходдун түтүнү булайт.

Момунбек саздагы көлмөкчөнүн жанында отурат. Үңкүйүп кабак түйүшүнө караганда көңүлү бириңтай эмес. Ал өткөндөгү жоруктарын талдап отуруп, негизги катаны эмнеден жибергенин боолголоду. «Биздин чатагыбыз эмне үчүн ырбады? Албетте, менин тоңдугуман, аялымды жакшы түшүнбөгөндүктөн. Айшанын тырчыганы туура. Эч болбогондо, көңүлүн ыраазы кылып, түшүндүрүп койбогонум — билбестигим. Балким, эң мурун Айша менен макулдашып алып, Сабира менен анан таанышсам болмок экен. Чын эле баарын бүлдүргөн — өзүм. Айшаныкы туура! Миң эсе туура! Менин махабатым, ак кептерим, жүрөгүмдүн жапжалгыз ээси, курорттон аман-эсен келер бекенсиң?» — деген тилекке келди Момунбек.

Реалдуу нерсеге реалдуу түрдө карай билген Момунбек өмүрүндөгү өкүнүчтүү катаны оңдоо үчүн аялы менен мамилесин жакшыртууну биринчи кезектеги ыйык милдет деп баалады. Аны үчүн мүмкүнчүлүк бар. Экөө тең отпускадан кайтышканда, албетте, өткөндөгү ачуулары тарап, канча айткан менен эрди-катын эмеспи, аздап болсо да бирин-бири сагынышып турган кезде сөз баштаса, баары өз ордуна келчүдөй... Бирок алдыда дагы бир топ күн бар. Мурунку бир жарым айдан акыркы жарым айдын өтүшү кыйын көрүндү.

Ошентип, аялы менен жолугушуунун планын көңүлүнө кайра-кайра кайталап, бышыктап отурганда бир жаш жигит энтелеп чуркап келди.

- Агай сизди... баятан бери издеп... - Ал сөздөрүн бөлүп сүйлөп, демин жакшы жыйнай албай турду.

Бул мени эмне үчүн издейт дегенсип, Момунбек аны суроолуу тиктеди. Ушундан түшүнөрсүз дегенсип, жигит колундагы көк конвертти суна койду.

Конверттин бетиндеги жазууну көргөндө Момунбек аны карбаластап шашып ача баштады. Жигитке ыракмат айтууну унутуп, катты үңүлө тиктеп калды. Жигит ага тоскоол болбоо үчүн билинбей тез кетүүгө ашыкты.

Бул Айшанын каты эле. Анда төмөнкүдөй сөздөр жазылгаи экен.

«Кымбаттуу Мокиш! Балким менден кат күтпөгөндүрсүң. Балким сага менин катымдын кереги да жоктур. Анысына кайылмын. Бирок сага бир ооз сөзүмдү билдирбей коюуга чыдай албадым. Сен мени «таш боор экен, мага ырайымсыздык кылды» — деп ойлоп калышың мүмкүн. Антүүгө акылуусуң.

Эгерде ачууга жеңилбей, пендечилик майда намыска алдырбай кенен ойлосоң, менин таш боор эместигими, ырайымсыз эместигимди башкалардан сен жакшы билесиң. Андай болсо, кийинки убактарда сага жин тийдиби деп сурарсың... Мен да ушул катымда сага ошолор жөнүндө айтмакчымын.

Экөөбүздүн ыркыбыз кетип, үйдөн кут учушуна ким күнөөлүү? Сен мени күнөөлөйсүң, мен – сени. Чынында ким? Сен чындыкты, реалдуулукту жакшы көрчү элең, эгер ошол принцибиңен ажырабаган болсоң, мен арай көзүңдү чарай кылып, ачыгын айтсам, сен күнөөлүсүң. Анткени балааны баштаган сен. Сабира менен көчөдө таанышкан, эзилип сүйлөшкөн — сен. Ага майрам сайын белек берип жүргөн — сен. «Анын баары — эркек менен аялдын ортосундагы кадыресе мамиле» — деп түшүндүргөнүңө ишенет элем. Ал эми аны менен көчөдө туруп, тил сорушуп өбүшкөнүңдү эмне менен түшүндүрөсүң. «Тил сорушкан жокмун, жөн эле өптүм» деп мага жооп бердиң. Аныңа да ишенейин. «Жөн эле да өбүшөбү?» — деп кыстап киргенимде кабинетиңе кире качып, ичинен илип алдың. Ошондон бери экөөбүздүн арабыз бузулду. Андан кийинки чапчышууларда мен акыркы суроомду кайталоочу болдум. Бир жолу сен «Мен эксперимент үчүн иштедим» — деп уялбай жооп бердиң. Сакалың буурул тартып, баланын атасы болгондо ушинтип калп айтуудан уялбайсыңбы! «Илим үчүн өбүшүүнүн эмне зарылдыгы бар?»...

Каттын ушул жерине келгенде Момунбек башын көтөрүп алып, сазды былч эткизе тепти.

- Мени кыйын жерден кармаган экен! Чын эле аны эмне үчүн өптүм?! Ушундан жаңылышкан экенмин. Ал менин кокусунан болгон нерсемди туура эмес түшүнгөн окшойт, —деп катты окууну улантты.

... «Сенин экспериментиңдин» маанисин кийин түшүндүм. Менин көз жашыма карабадың. Сен үчүн азганымды, ооруга чалдыкканымы көңүлүңө албадың. Сабира менен дуулдап жүрө бердиң. Сөзүм талаада калып, жүрөгүм муздап, турмуштун кызыкчылыгы кетти. Арданганыман, намысыман өлгүм да келди. Бирок баламы кыйбадым, жана али да картая электигими эстеп, мен да «эксперимент» жасагым келди. Көңүлүмдү ачкым келди. Өмүрүмдүн акыркы курагынын кызыгын көрүп, сенден өч алгым келди... Сен өз максатыңды аткардың... Мен да өз максатымды аткардым...

Бирок бир жыл бою ачык сүйлөшө албадык. Менин оюмча минтип жүрүшүбүз жарабайт. Сен тымпыйсаң да, акырында мен чыдай албадым. Экөөбүздүн мамилебиз жана «эксперименттин» натыйжасы жөнүндө сага жазгым келди. Мамиленин айрым орчундуу учурлары жогоруда айтылды. Ал эми эксперимент жөнүндө айтарым: менин андан көңүлүм калды...

Менин башыман өткөнү ушундай. Эгер аны илимий иштериңе пайдаланам десең, каршылыгым жок. Мүмкүн, мен аны жакшы колдонгон эместирмин, бир жеринен болбосо, бир жеринен жаңылгандырмын. Андай болсо, сен өз экспериментиң жөнүндө мага билдир, мүмкүн сеники оңунан чыккандыр. Албетте, эми кат жазышууга убакыт аз калды. Калган сөздү үйдөн сүйлөшөрбүз»...

Катты бирде кызарып, бирде бозоруп окуп турган Момунбек акырына чыкканда ордунан тура калып, аны тытып-тытып, көлмөккө ыргытты...

- Келесоо! — деди кыйкырып.— Шермендечилик! Менин ишимди эмне үчүн бурмалайт! Акыл-эси ордунда, билими жетиштүү эле го... Жок.— Ал башын чайкады.— Аял эркекке караганда куу, амалдуу! Менин нервиме тийүү үчүн тийишкени го... Шашпа, сени менен жай сүйлөшөм. Өзү да үйдөн сүйлөшөбүз дептир го... Ал да эсине келген окшойт».

Кат ага шибегедей тийсе да, аялынын аман-эсендигине жана сөзгө келгенине ийикти, кубанды. Чоң үшкүрүнүп, айланасына көз чаптырды. Күн кызарып батып бараткан. Үлп эткен жел жок, аба үп болуп турду. Анын сууга түшкүсү келди. Кийимдерин чечинип, сорогой таштын үстүнө коюп, баягы ылайлуу, күңүрт иримдүү көлмөктү кече баштады. Суу жылуу экен. Буттарына ылай жабышып, балырлар илешти. Ал тазараак таштуу жерине келип, сууга чүмүп, денесин жууй баштады. Анан жээкке жакындап, башын чыгарып коюп, денесин сууга жашырып, магдырап жатты. Анын тегерегинде тарбалаңдаган бакалар, бүлкүлдөгөн көнөк баштар ары-бери сүзүп жүрүштү.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз