Альбер Камю: Революционерлер акыры баш кесер болуп тынат

  • 08.10.2021
  • 3974

Адамдар бири-бири менен кармашып, бири-бирин тытышкан мезгил да акыры токтойт. Ошондо бири-бирин түшүнгөнгө макулдашып, ким кандай болсо дал ошондой кабыл алууга көнөт. Теңирдин теңдиги ушул.

***

Революционерлердин бардыгы эң акырында баш кесер же сандырак болуп тынат.

***

Ийгиликке татыктуу жеткенге караганда артынан түшүп жеткен оңой.

***

Сүйдүңбү? – демек, ошол адам менен бирге картаюуга макул бол.

***

Кудайсыз деле такыба жашаса болот.

***

Биз Кудайга эмнеге жалынабыз? Жетүүгө эч мүмкүн эмес тилегибиз орундалсын үчүн.

***

Адамдар алкоголдук ичимдикти эмнеге жакшы көрөт? Адамдын адамдык сезимин уктатып, айбандык сезимин ойготуш үчүн.

***

Жаш улгайган сайын ар ким өз жүзүндөгү бырышка жооп берет.

***

Эркин басма сөздөрдүн жакшысы да, жаманы да болот, бул турган иш. Бирок бир нерсени унутпагыла, эркин эмес басма сөздүн жаман жактары көп болот.

***

Дайыма түз жүргөнгө аракет кылганың – уятсыздыктын белгиси.

***

Ким түшүнүктүү жазса, анын окурманы, ким түшүнүксүз жазса, комментатору болот.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз