Ленин башкарган жылдар

<<<<<< Башы

Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы” китебинен

Эгерде сиз болгону жыйырма бештеги Владимир Ульяновдун сүрөттөрүн карасаңыз, ал жашартылган, заары бетине чыккан, көз карашы бульдог иттикинен кем калышпаган кашка баш Черчиллге окшошуп кетет.

Бул ичине темир тыткыч орнотулган адамдын жүзүндөй. Эриндерин ээги менен кошо бек кымтып, тиктегени заардуу, текебер позаны ээлөө менен ар кандай композициянын так ортосунда болсом деген умтулуу байкалат. Бою бастек, башы кашка, арыкчырай, атадан эрте ажырап, агасы даргага асылган бул неме “шашпай тургула, баарыңарга көргүлүктү көрсөтөм!” дегенсийт. Ачуусу чукул, фанат жана туруш-турпатында өзүнө чексиз ишенимдүүлүк бар. Мындай ишенимдүүлүктүн артында – маргиналдын баягы эле тааныш өксүгү жатат.    

Эмиграцияда жүргөн узак жылдар ичинде ал бекерпоздуктан улам ойлонууга убактысы жетишерлик эле, ар нерселерди кыялданып, көз алдына элестетип, план түзгөнгө маш эле. Ичке каткан таарынычтарын түк унутпай, ар кандай варианттарды түзүп, айтор, күч-кайратын корото турган катуу иш деле кылган эмес. 

Ульянов Россияга 1917-жылдын апрелинде кайтып келип, кырк жети жашка толгонун белгилеген. Бул даанышмандык келип калган, кайраты да ашып ташып турган курак эмеспи.

Ошентип ал өзүнө берилген бир өмүрлүк күч-кайратын беш жыл ичинде – 1917-жылдын жазынан 1922-жылдын жазына чейин сарптап салып, анан ооруга тушукту, алдан тайды, чөктү, нерви да жукарып бүттү.

1918-жылдагы митингдердеги портреттеринде — анын арып чарчап, оорукчан экени көрүнүп турат. Саргыш тарткан териси нымшып, тунук эместей, ачкыл жыт да келип тургансыйт. Ичинен да бир жери чирип кеткендейби кандай, айтор, соо эмес. Кыязы, ашказанында да мандем бар. Дем алганы да анчалык таза эмес. Кыскасы, оорукчан адам.

Дүүлүгүү процесси анда өзүн карманууга караганда алда канча жогору. Бул невроздун элементтери. Эч бир жүйөөсү жок өзүнөн өзү дүүлүгүү менен аша чаап кетүү байкалат. Кыязы, ал жөнүндөгү көптөгөн медициналык жазуулар эми биротоло ачыкка чыкпай калды окшойт. Же балким эчак эле жок кылынгандыр. Биздин айтып жаткандарыбыз мындай эле сыртынан жүргүзүлгөн талдоо.

Муну эмне үчүн айтып жатам. Ал өмүрү эч нерсе кылган эмес. Өзүн өзү жалаң куру кыял, үмүт менен сооротуп, арга жок ишенимсиздиктен далай ирет мөгдүрөп чөккөн, бирок кайра эле күйүп-жанып, өзүн коёрго жер таппай турган. Анан кайратын сактап калганынан улам болгону беш жыл ичинде дегеле карабашыл адам жасай албаган көп иштерди кылбадыбы. Чынында дүйнөнү аласалдыра өзгөртпөдүбү.

Ал эч качан фронтторго кыдырып барган эмес: ар кайсы жакка желесин жайган жөргөмүштөн бетер Дүйнөлүк Революция желесинин как ортосунда отуруп алып ар кайсы варианттарды салмактап, башкаларды өзү чечкенди аткарууга мажбурлаган. Кадрларын шахматтай жылдырып ойногон.  

ТРОЦКИЙ ЖАНА СТАЛИН

Жолдош Ленин чыныгы жетекчи жана ченде жок тескөөчү администратор болгон. Кол алдындагылар бир муштумдай ынтымак болбой, дайыма ич ара тытышып, акыйкат издеп жогору жакка – өзүнө кайрылып туруусу керектигин жакшы түшүнгөн. Алардын бири да ашыкча күчтүү болуп кетпеси керек эле. Муну «тизгиндеп жана тең салмактап туруунун системасы» деп коёт.

Ошондуктан салмагы боюнча Жолбашчыга тең №2 адам эсептелген Троцкийге ал Сталинди таап келип атпайбы. Троцкий аскер деңиз эл комиссары жана фронттордун реваскерсоветтеринин төрагасы эле. Ал эми Сталин андан ылдыйыраак — улуттар иштери боюнча эл комиссары жана фронттордогу реваскерсоветтеринин мүчөсү болчу. Троцкий улуту жөөт, бай бүлөдөн чыккан, билимдүү, окумал, көп тил билген, оратор, Петроград Советинин 1905- жана 1917-жылдардагы төрагасы болчу. А Сталин — кедей бүлөдөн чыккан, кыйратып окубаган чала сабат, улуту грузин, колунан куралы түшпөгөн жоогер, партия үчүн карактоолорго катышкан, кыйналып акцент менен сүйлөгөн киши эле. Троцкий кызуу кандуу болсо, Сталин оор басырыктуу жана токтоо болчу. Троцкий каарман жана супермен болсо — Сталин өзүн кемчил сезген, эмгеги бааланбаганына таарынган адам эле, анткени ал деле дайыма күрөшкерлердин алдыңкы сабында болуп, эмиграцияда жүрүп семирбеген, мына бул тазасынган интеллигенттер үчүн башын тобокелге сайып акча таап келбеди беле.

Мына ошол Сталин Троцкийдин буйруктарын аткарбай койгонду өлө жакшы көрөр эле, баарын өзү билгендей кылып, ага көңүл да буруп койчу эмес. Троцкийдин мындан каны кайначу! Партиялык-совнаркомдук кызматтардын тизмегинде бул экөө формалдуу түрдө тең эле: экөө тең РСДРП(б) БК мүчөлөрү, министрлер (наркомдор) эле. Ошондуктан Сталинди кызматтан алууга же аны бирдеме жасатууга мажбурлоого Троцкийдин акысы жок болчу! Аны Ленинге гана шыбап жамандагандан башка колунан келчү эмес! Ленин аны сооротумуш болуп, Сталинди жумшак гана зекип койчу да, абал өзгөрбөгөн бойдон кала берчү!

1918-жылы Сталин Царицынди кармап калууга жетишти, Троцкийге фронтту чоюп берип башына кыйла азапты салды. 1920-жылдагы польшалык согуштун учурунда Сталин чабуулдун өзүнө таандык түштүк канатын түндүк канатка кошуудан баш тартат, анын натыйжасында күчтөр бир муштумга бирикпей, поляктар кызылдарга Вислада көргүлүктү көрсөтүшөт. Жини башына тепкен Троцкий мунусу үчүн эзели Сталинди кечирбейт, бул жеңилүүгө Сталин гана күнөөлүү деп эсептейт. Бирок жолдош Ленин бул жолу да Сталинди коргоп, калкалап коёт.

Жолдош Ленин отуруп алып ой жүгүртөт. Дегеле бу жолдош Троцкий бийликтин көбүн ээлеп алган турбайбы, карасаң муну, тимеле кызыл Бонапарт ко. Мындайлардын далайын көргөнбүз! Жо, бул Троцкийге тең салмак түзө турган, бутунан басып, керек болсо мойнуна таш болуп илинип калчу адам табуу керек. Атасынын көрү, Польшасыз эле жашайбыз, бирок бийликсиз жашоо – жинди болбочу! Ленин чынында эле кеменгер жол башчы болгон, ооба!

Ошентип Ленин кичи жол башчылар — Троцкийге, Зиновьевге, Каменевге каршы тең салмак кылып так ошол кунары жок Сталинди 1922-жылдын мартында генсек кылып дайындаган.

Тили колдур, өзүн кор сезген Сталин буту жерден үзүлгөн сүйлөөк Троцкийди жининен да жаман көргөн жана мунун бийликти тең салмактап туруу үчүн пайдасы зор болгон. Мм... дечи. Бирок Ленин өлгөн соң жолдош Троцкийдин да күнү бүткөн. Кудайын тааныбай кеткен. Сталин ага кандай мамиле жасаганын жете түшүнбөгөн тура. Ал Сталинди башында эле жайлап салганда болмок экен! СССР тарыхы да башка нук менен кетмекпи… Баарыбыз ошондо мынчалык азапка малынбайт элек...

ЖАШЫЛ АТАМАНДАР ЖАНА КЫЗЫЛ КОМАНДИРЛЕР

Түү ата, сүйкүмдүү кадрлар жана китеп беттери көздөн чубурат: пароходдорунан түтүн булатып горизонттон ары интервенттер кетип жатышат — кубанычтары койнуна батпаган приморьерлик шаарлар дуулдап атканы, Николаевге, Херсонго, Одесса... Энеге — чарчап чаалыккан, жүздөрү сүрдүү, тайманбас бошотуучу кызыл армиячылардын колонналары кирип келатат. Дагы бир жерде: өзгөчө бөлүктөрдүн эр жүрөк жоокерлери григорьевдик бандиттерди кармашууда — мас, ачкөз кан күсөгөн шайкелер чолок мылтыктарынан улам атып коюп токой аралап качып баратышат. Мм... дечи. Бирок чарчап-чаалыккан бошотуучу кызыл аскерлер менен жанагы кара мүртөз ырайымсыз бандиттер баары бир эле адамдар. Пиар деп мына ушуну айтат.

1918-жылдын жайында мурдакы штабс-капитан Григорьев Украинадагы каршылык көрсөтүүнүн ири борборлорунун биринин лидери болуп калган. Ага немистердин койгон кишиси ак сөөк гетман Скоропадский жакчу эмес. Дыйкандарга да аз-маз жакчу эмес. Оппозициялык талаа командири Петлюра да Григорьевге жаккан эмес: Петлюра кандайдыр бир тажатма-командалык социалисттик мамлекет түзүүнү сунуш кылган. Григорьев баскынчыларды да жактырган эмес. Дыйкандарды тоноп, шаардык пролетариатты алардын мойнуна миңгизгиси келген суволуч коммунисттерди андан бетер көрөйүн дегенге көзү жок эле.

Дыйкандар болсо жерди бөлүп алып, эч кимге кулдук урбай эркин жашагысы келген! Өзүбүздү эч кимге тонотпойбуз дешкен! Ошентип бийлиги көп болгону менен бирок бийлиги жок бул кымгуутта кайдан-жайдан дагы бир арам тамактар пайда болгондо дыйкандар колуна мылтык алып, чакырылбай келгендердин баарын кууп салыш үчүн отряддарга биригишкен!

Ошентип Григорьевдин партизандык отряддары Украинанын түштүгүндөгү он миңдеген чарчы жерлерди көзөмөлдөп турушкан. Мына ушундай партизандык аймак түзүлгөн. Чоочундар бул жерлерге тумшугун тыга алган эмес. Колу-буту бүтүн, куралы барларды чогулта келгенде элүү миң найзалуу колду мындай эле чогултуп койсо болот эле. Бирок ага жоокер болуп кирген мужук эч кайда барган эмес, мылтыгын тамаркасына көөмп коюп, өзү болсо акырын жерин чукулап иштей берген.

Анан. Бул кайсы бир мезгилге чейин Кремлге абдан жагып турду. Мейли, немистер, актар, петлюрачылар, партизан-дыйкандар («жашылдар») азырынча бири бирин жулмалай турушсун дешти. Андан бизге жеңил болбойбу.

Ал эми 1919-жылдын башында григорьевчилерди интервенттер (грек дивизиясы менен француз полку) жакшылап уйпалап кетишкендиктен, батьканын ок-дарысы биротоло түгөнгөн! Ала турган жер жок! 

Ошондо тайманбас, шуулдаган жана кандай тешик болбосун кирип кеткенге маш большевиктик комиссарлар менен чабагандар Григорьевге биригели деп сунуш кылышат. Сага кол кабыш кылалы, ок-дары, мылтыктарды, дарыгерлерди, ремонт кылар базадан өйдө берели. Сенин козголоңчул армияңды кызыл фронттун бригадасы деп эсептейбиз дешет. Аны кийин дивизия, Григорьевди — кызыл комдив деп атай башташкан. Ал эми фронттун командачысы Антонов-Овсеенконун силерге берчү буйруктары жөнөкөй: дыйкандар буга чейин кимди согуп келишсе, силер да ошолорду согосуңар. Болгону мындан ары биргелешкен аракеттерибизди макулдашып турабыз дешет большевиктер.

Анан 1919-жылдын жазында интервенттер чыгып кетишет да, алар калтырып кеткен шаарларды ошол учурда кызылдардын макамындагы — григорьевчилер ээлешкен!

Андан аркысы да кызык, бирок мыйзам ченемдүү. Шаарларда Совет бийлиги орнотулуп, алар советтик мыйзамдарды жана декреттерди жүзөгө ашырышат. Григорьевчилерди тартипке көндүрүп, туруктуу армияга айландыргылары келишет: бүт жерде «партизанчылыкка каршы күрөш», б.а. демилгелүү козголоңчулардын ээнбаштыгын тыйгылары бар. Аны менен кошо айылдарды кыдырып нанды тартып ала башташат. Большевиктердин бул кылган григорьевчилердин жинин шакардай кайнатат. Муну менен гана чектелип калышпай, Григорьевдин кызыл дивизиясына жолдош Троцкийдин: Батышка! Бессарабияга, Румынияга! бир туугандарга жардам берип, революцияны Европага алып барасыңар деген буйругун угузушат!

Троцкийдин сары эсеби дайыма так чыгат. Григорьев туулган жеринен батышка кетип ошондон ары күмжам болот же ийгиликтүү жүрүш жасап, Дүйнөлүк Революциянын жеңишине салымын кошот, андан ары эмне болорун көрө жатабыз же чагымга алдырып, баш ийбей турган болсо, анда өзүн аскердик буйрукту аткарбаган козголоңчу жана саткын катары репрессиялоого жол ачып берет.

Ошол эле май айында өзүнүн бардык комиссарларын атып, Советтерди жана кедейлер комитеттерин баарын союп, айылдарга жөнөтүлгөн азык-түлүк отряддарын тыптыйпыл кырган соң Григорьев кайрадан эркин атаманга жана дыйкандардын коргоочусу, анан да эми кызылдардын элдешкис сөөк өчтү душманына айланат. (Ага Махнону тымызын кылдат тукуруп коюшат, бирок бул операция туурасындагы икая биздин саякатыбыздын чек алкагынан тышкары).

Натыйжада, большевиктер мүмкүн болушунча Григорьевди пайдаланып алышты, анын мылтыктарынын күчү менен түндүк деңиз тараптагы шаарларда совет бийлигин орнотушту, анан аны бирөөлөрдүн колу менен жан тындым кылышты. Мына чыныгы саясат, либералдуу келжирек мырзалар!

Уландысы>>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз