Роман Гнатюк: Бери караң, Ленин ким болгон

  • 19.09.2021
  • 4657

Анда эмесе достор, бүгүн биз силерге Лениндин ким болгондугу тууралуу кызыктуу макала даярдадык. Андыктан ынтаа коюп окууруңузга ишенебиз!

СССР учурунда өлкө башчысына табынуу (культ личности) күчтүү болгонун билгениңер бар, билбегениңер бар. Ал кезде Лениндин сүрөтү же айкели чынында эле иконадан же Иисустун сүрөтүнөн да көптүк кылчу. Аны тимеле тумар кылып тагып ала жаздаганбыз (дээрлик ар бир орден-медалдарда, значоктордо Лениндин башы бар болчу). Жүрүшкө чыксак, парадга бассак Лениндин сүрөтүн көтөргөндөр алдыга коюлчу. Ар бир мекемеде бюсту турчу, айткан учкул кептерин ураан катары айтып, бадырайта жазып илип койчубуз.

Чынында эле дээрлик бардык Совет жарандары ал тууралуу чындыкты билген эмес, аныгында ким болгонунан шектенип да коюшпаган. Анын тирүүсүндө айткан-жазгандары өлгөндөн кийин электен жакшылап өткөрүлүп, жарыкка чыгарылган. Ал эми анын жай тургундарды, өлкөнүн бейкүнөө жарандарын асып, атып өлтүрүүгө, сүргүнгө айдоого, концлагерге салууга берген буйруктары, Совет бийлигинин адилетсиздигине каршы көтөрүлгөндөрдү кырууга кыйган көрсөтмөлөрү бекем катылган.

Бул курмандыктардын болгон күнөөсү Ленин сыяктуу ойлонбогону, башка түшүнүктү карманганы эле. Элестүү айтсак, Ленин жаркын келечекти карай кеткен темир жолдун шпалдарынын ордуна бейкүнөө, бирок өзүнө пикирлеш эмес адамдардын сөөгүн төшөгөн.

Ушундай кызылдай чындык кийин дымы чыгарылбай катылган да, Ленинге табынуучулук аны эң адилет, чынчыл, акылман, боорукер жана башка оң сапаттарды чаптоо менен аны Кудай деңгээлине жеткирген.

Мурдагы посторумда жазганымдай тигил же бул жолбашчыга табынуучулук СССР мамлекетинде дайыма өкүм сүрүп келген. Сталиндин культу өткөн кылымдын отузунчу жылдарында түзүлүп, Улуу ата мекендик согуштун алдында гүлдөп өскөн да, элүүнчү жылдардын орто ченинде Хрущев тарабынан жокко чыгарылган. Бирок коммунистер кайра эле Ленинди “боорукер чоң ата” катары көтөрүп чыгып, Сталинди анын окууларын бурмалаган “жүзүкара киши” катары каралашкан, совет эли тушуккан бүт жамандыктын баарын ага үйүп салышкан.

Ленинге табынуучулук советтик балдарга бармактайынан таңууланган. Алардын мээсине мектепке чейин окуп бериле турган «Звёздочка» же «Спутник букваря» сыяктуу китептердин баш жагына “балдар биринчиден апа, Мекен жана Ленин деген үч сөздү билиши керек” деп жазылчу. Мурда жазганымдай чынында эле бул китептер советтик үгүт-насааттын карандай калпы менен толтурулган. Бир топ кийин балдарга Ленин тууралуу диний ыйыктардын окуясынын үлгүсүндө Бонч Бруевич тарабынан ойлоп табылган аңгемелер жыйнагын таңуулашып, “дүйнөлүк пролетариаттар жолбашчысынын” кынтыксыз жашоосунан балдардын кымындай да күмөнү болгон эмес (азыркы Лениндин фанаттарынын сүйүүсү ошондо ойгонгон). 

Балдар тургай эс тарткандардын жашоосуна Лениндик культ дайыма аралашып жүргөн – анын эстелиги СССРдин дээрлик бардык шаарларынын башкы аянттарында турган, анын бюсту бардык мекемелерде, кеңселерде, мектептерде (вестибюлда же лениндик комнатада) турчу. Эгер дубал гезит чыгарылса көбүнчө Лениндин сүрөтү чапталчу. Анан да улам бир жерде “Окуу, окуу жана окуу! деген плакаттар илинип турар эле. Эң кызыгы, бул сөздү мурда Сталин культ болуп турган кезде анын оозунан чыккан деп айтышчу (бул тууралуу мен мурда бир постумда майдалап жазгамын).

Жалпылап айтканда, СССР учурунда Ленинге чындап эле тайынганбыз, бармактай бала кезибизден “Жолбашчыга” таазим эткенди үйрөнгөнбүз. Кыскасы, Ленин тигил же бул түрдө ар бир советтик адамдын жашоосуна аралашып жүрчү. Бирок абдан аз адам гана анын ким болгону тууралуу чындыкты билген...

Чыныгы Ленин ким болгон?

Эми келгиле, чыныгы Ленин ким болгонун аныкталган далилдерден көрөлү. Эгер аны жасалма түрдө жакшы адам кылган советтик жылтылдаган үгүт-насааттарга алаксыбасак, бала кезден башыбызга “кагып” киргизилген баардыгына ак көңүлдүк менен белек тартуулаган, дайыма жылмайып жүргөн “боорукер чоң ата” жомогунун таасиринен алыстасак, бул адам тууралуу чындыкты билсек, анда абдан эле жагымсыз кебетедеги, жасаган жорук-жосундары да адамды коркутчудай бир пенде жаралат. Замандаштары Ленинди кодо бойлуусунан келген, жагымсыз жүзү адамды өзүнөн алыс түрткөн заардуу адам катары эскеришет. Советтик мамлекеттик ишмер Георгий Соломон Ленинди начар оратор, жеткен демагог, өзүн-өзү сүйгөн, каршы сүйлөгөн аңгемелештерин жек көргөн жана өзүнөн башкача ойлонгондорду жеп ийгенден кайра тартпаган адам катары мүнөздөгөн.

Лениндин жакын таанышы философ Николай Валентинов ал тууралуу ушуга окшош пикир айткан: «Жолбашчы абдан куник кебетелүү, жылчык кара көздүү болчу. Орой салыштырсак, анын көздөрү камандыкына окшоп заардуу эле.  Өзгөрмөлүү жүзүнөн саксынган кунт коюучулук, кытмыр күлкү, сустайган муздактык, тайыз ойчулдук, чыныгы жек көрүү чагылып турчу”. Анын ачуулуу көздөрү тууралуу Лениндин замандашы Ариадна Вильямс да эскерген: “Ленин заардуу адам болчу. Өзгөчө анын көздөрү ач карышкырдыкына окшош эле”. 

Ал эми азыр Ленин ким болгонун анын айрым сөздөрү аркылуу талдап аңдаганга аракет кылып көрсөк: 

«Пенза аткаруу комитетине. Кулактарга, попторго жана ак гвардиячыларга каршы айоосуз кыргын-сүргүн жүргүзгүлө; күмөн жараткандарды шаар сыртындагы концлагерлерге тыккыла».

Суроо жаралбай койбойт: концлагерлер ошондо эле бар беле, аларды ким ойлоп тапкан, коммунистерби же нацистерби? Бул суроого туура жооп табыш үчүн өзүнчө изилдөөлөрдү жүргүү керек ко. Кандай болсо да Лениндин 1919-жылдын 19-ноябрындагы концлагер (кебетеси жолбашчы бул жайды абдан жакшы көргөн окшойт) тууралуу дагы бир буйругуна көңүл бурсак:

«РСФСР аймагында жашап жатып бизге каршы чыгып, душмандык аракетке барган 17ден 55 жашка чейинки буржуазиялык түзүлүштүн мүчөлөрүн, чет элдиктерди жана аларды колдогон элдик жарандарды концлагерлерге тыккыла».

1918-жылдын 22-августунда “улуу атабыз Ленин авторлук кылган” төмөндөгү көрсөтмө жанагы «Кызыл террор» деген кыргынга башталыш болуп берген:

«Саратовдун уполномочуну Пайкеске кеңеш берем: кол алдыңдагыларга ишти бекем дайындап, эч кимге эч кандай сурак жүргүзбөй, эссиздик менен убаракерчиликке алдырбай революцияга каршы чыккан кутумчулар менен бизге кошула албай ыргылжыңдангандарды аттыргын».

Төмөндөгү көрсөтмөдө “ак көңүл чоң ата Ленин” өзүнчө берилген буйруктар менен террорду өркүндөтө албасын түшүнүп, аны мыйзамдаштыргандай:

«Сот террорду жокко чыгарбашы керек. Антсек алдамчылык жана өзүн-өзү алдоо болуп калат. Андыктан жазалоолорду түшүнүктүү жүргүзүп, жасалмасыз жана кооздоосуз түрдө негиздөө жана мыйзамдаштыруу максатка ылайык келет”.

Ал эми төмөндө болсо Лениндин «Мелдешти кандай уюштуруу керек?» деген көрсөтмөсүнөн үзүндү:

«...Абдан жакшы план! Аны Дзержинский менен бирге бүтүргүлө. «Жашылдардын» кебетесин кийип (кийин биз ошолорго шылтайбыз) 10—20 вёрст баргыла да кулактарды, попторду, помещиктерди аскыла. Ар бир асылган душман үчүн: 100.000 рубль сыйлык берилет».

Же болбосо “Жолбашчынын” эң эле белгилүү буйругу саналган төмөндөгү көрсөмөдө ал жергиликтүү коммунистерге “дарга асуу планын” тапшырып, барымтадагыларды эмне кылуу керектиги боюнча жол көрсөткөн:

«Кураев, Бош, Минкин жолдошторго жана башка пензалык коммунистерге. Жолдоштор! Беш волостун кулактарынын көтөрүлүшү айоосуз басылышы керек. Муну бүт революциянын кызыкчылыгы талап кылууда. Азыр кулакчылык менен “акыркы жана чечүүчү” согушту аяктачу кез келди. Баарына үлгү болуш үчүн 100дөн кем эмес кулакты, байбачаны жана кан ичкичти асуу керек (ошондо да эл көргөндөй ачык жерге). Алардын бүт эгинин тартып алып, ысымдарын элге жарыялаш керек. Берки колго түшкөндөрдү кечээки телеграммада көрсөтүлгөндөгүдөй жазалагыла. Тимеле алардын өкүнгөнүн, кыйкырып кыйналганын эл жүз чакырымдан угуп, билип, көргөндөй болсун жана алар да кан ичкич кулактарды муунтканга жардамдашкандай болушсун. Буйрукту алганыңарды жана аткарылганын телеграфтан билдиргиле. Силердин Лениниңер”.

Ал эми мында 1922-жылдын 17-майында “ак көңүл чоң ата Ленин” “ихтамнеттерге” (чет өлкөдөгү орус бийлигинин кызыкчылыгын зордук-зомбулук менен ишке ашыруучуларды билдирген саясый жаргон) Латвия менен Эстониянын чек арасынан өтүп барып 100дөн 1000ге чейинки “чиновниктер менен байларды” асуу боюнча берген көрсөтмөсү: 

«Аскердик чараларды көргүлө, башкача айтканда, Латвия менен Эстляндияга кирип барып, аскердик аракеттерди ишке ашыргыла (мисалы, чегаранын кайсы бир жеринен 1 верст ары карай кирип барып, ал жерде кутуруп жаткан жүздөн миңге чейинки байлар менен чиновниктерди дарга асууну Балаховичтин мойнуна илгиле”.

Сөз аягы

Көрүнүп тургандай Совет өкмөтү “шөкөттөгөн” “улуу Ленин” чыныгы Ленинге таптакыр окшобойт. Чынында эле Ленин жагымдуулугу аз, ачуусу ашынган, өлтүрүү менен зордук-зомбулуктун жардамы аркылуу кандайдыр жакшы коом куруларына ишенген жүзүкара пенде болгон. Дал ошол Ленин мамлекеттик саясаттын негизинде эң биринчи болуп массалык өлтүрүүлөрдү (Кызыл террор) ишке ашырган. Дал ошол Ленин СССР аймагында концлагерлерди ойлоп таап, ага өзүнө жакпагандарды күргүштөтө айдап турган. Дал ошол Ленин адамзат тарыхында эң биринчи болуп тоталитардык өлкө куруп, өзүнүн азгырыктуу кыялдарына адам өлүктөрү аркылуу умтулган, эң өнүккөн ХХ кылымда адам баласына советтик идеологиянын ширисин кийгизип, малдан айырмасыз жандыкка айландыра жаздаган.

СССР фанаттарынын Ленинди туура эмес түшүнүп жатканыбызды, анын жогорудагыдай айткандары жалпы текстен жулунуп алып келтирилип жатканын айтып актагандары, айга-күнгө теңеп мактагандары жана башка аракеттери абдан аянычтуу көрүнөт. Совет өлкөсүнүн кийинки жол болбостуктарын Сталин баш болгон кийинки генсектерге шылтагандарычы! Алар Лениндин чыныгы шакирттеринен болуп, ал көрсөткөн жол менен өлкөнү башкарып, ишин улантуучулардан болушкан.

Сөздү улуу акын Сергей Есениндин таамай жазганы менен аяктайлы: «Аларды карап туруп Ленин өлдү деп айта албайсың: кайгырышпады, азаптанышпады, болгону – анын иштерин андан да катаал, андан да уятсыздыкта ишке ашырышканы…»

Роман Гнатюк. thickpolicy.media сайты

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз