Индия эл жомогу: Амбе жана Рамбе бир туугандар

  • 12.10.2021
  • 2664

Көп чычкан жашаган үйдө бир алгыр мышык бар экен. Арбын чычкан арасында алгыр мышык албетте, ток жашайт. Бирок көп жылдар өтүп мышык карып, мурдагыдай чычкан кармаш оңой болбойт. Айласы кеткен мышык көпкө ойлонуп бир куулукка бармай болот. Ошол максатта чычкандарды чакырып мындай дейт:

- Урматтуу чычкан журту. Өз өмүрүмдө абдан жаман жаныбар болгонумду моюнга алам. Эми минтип о дүйнөгө кетериме аз калганда Кудайга тобо келтирип, жасаган күнөөлөрүмдү жууш үчүн ага ар убак сыйынып, ак жашагым келет. Андыктан мындан ары силерге тийбейм, үй ичинде каалашыңарча ээн-эркин жүрө бергиле. Бул Жараткандын алдында берген чын сөзүм, улуу убадам. Бирок бир гана мындай талабым бар: күнүгө эки маал – эртең менен кечинде тизилип алып мага урмат кылгыча алдымдан өтүп тургула. Мага ошол эле жетиштүү.

Муну уккан чычкандар абдан сүйүнүп, макул болушат. Дароо катарга тизилип мышыкка бөгүлүп-чөгүлүп урмат көрсөткүчө жанынан өтүшөт. Демейде кылт эткен чычкан жылт койгуча илип алчу мышык момурайып тынч. Буга кубанган чычкандар өтүп бүтүп, акыркы чычкан алыстагыча кайран мыкең аны шып илип, бир заматта жей салат. Чычкандардын бири да муну байкабайт. Ошентип мышык менен түзүлгөн келишим боюнча аңкоо чычкандар күнүгө эки маалдан анын алдынан өтчү болушат. Мындан пайдаланган мышык экөөндө тең бирден чычкан илип алып курсак тойгузуп жүрөт.

Бирок чычкандардын арасында Амбе жана Рамбе аттуу эки бир тууган бар эле, алар башкалардай аңкоо болбогондуктан чычкандардын улам азайып баратканын байкап, саксына башташат. Мышык акыркы чычканды жеп койбош үчүн бири катардын акырына туруп, экинчиси алдына чыгып, мышыктын жанынан өтүп баратып бири-бирин минтип чакырат:

- Рамбе бир тууган, барсыңбы?!

- Бармын Амбе бир тууган, бармын!..

Мындан улам мышык күндө жасап жүргөн амалын ишке ашыра албай ачка калат. Эртеси күнү да чычкандар тизилип алып мышыктын жанынан өтүп баратканда эки бир тууган үн алышат:

- Рамбе бир тууган, барсыңбы?!

- Бармын Амбе бир тууган, бармын!..

Бул жолу да ачка калган мышык кийинки – үчүнчү ирет ушинтип жолу болбой каларында ачуусу менен арттагы Рамбени кармамакчы болгондо ал буйт берип көздөн кайым болот. Мындан улам мышык берген убадасына турбаганын байкап калган чычкандар бытырай качып, эми эч кимиси карылыгы жеткен ага карматпас болушат. Ошентип ачкалыгынан күндөн күнгө арыктап, арыктаган сайын кичирейгенден кичирейген мышык бир убакта таптакыр эле көздөн кайым жок болуп кетет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз