Бир күнү тоок менен коён жашынмак ойнойт. Тоок күлгө оонап-оонап көмүлүп, эки бутун соройтуп жатып калат. Коён ары издейт, бери издейт, таппайт. Акыры баштыгын жанындагы куурайга илип жеңилгенин мойнуна алат:
- Тоок курдаш, чыга бер. Таппадым.
Ушул учурда баштыгынын алдынан тооктун үнү угулат:
- Баштыгыңды алып койчу коёнегим, тапкан экенсиң илгичти.
Чочуп кеткен коён баштыгын алаары менен тоок тура келет. Эми коён жашынып тоок издейт. Издебеген жери калбайт, бирок таппайт. Акыры чарчаганда кууланган тоок кубанычтуу үн салат:
- Коён дос, чыга бер, мен сени көрүп турам!
Ошол замат бадалдардын арасынан коён чыга келет.
Эми балдар, салмактап көрсөңөр: экөөнүн кимиси айлакер?
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ