Жашооңду түп тамырынан өзгөртөр кеңештер

  • 15.10.2021
  • 3393

Байыркы грек акылмандары жашап өткөндөн бери нечен кылымдар карыды. Бирок адамдардын маңызы дале ошол бойдон өзгөрүүсүз, тек алардын кеңештери азыркы күндө да маанисин жогото элек. Анда эмесе бир нече кеңештерине көз жүгүртүп көрөлү.

1. Сөзсүз үйлөнгүлө! Эгер колуктуң жакшы чыкса, бактылуусуң, начар чыкса, философко айланасың.

Муну айткан Сократ эркектерди үй-бүлө күткөнгө үндөйт. Эгерде тандооң ордунан чыкпай, начар аялга туш келсең, кайгыруунун кереги жок, бирок сөзсүз акылмандуулукка жетесиң.

2. Убакыт – адамдагы болгон байлыктын эң баалуусу.

Теофраст бул айтканы менен өмүрдүн ар бир мүнөтүн текке кетирбей, керектүү жана маанилүү иштерге жумшоого чакырат.

3. Өзгөрүштөрдөн туруктуу эч нерсе жок.

Ар бирибиз өз жашообузду бир жакшы нукка салалык деп кандай гана аракет кылбайлык, күтүлбөгөн кырсыктардан сактана албайбыз. Ошондуктан, Гераклит кандай гана өзгөрүштөр болбосун(эң жаманы болсо дагы), аны баары бир боло турган нерседей кабыл алып, ага кайгыра бериштин кереги жок деп эсептеген.

 4. Бай адам – азга ыраазы болгон адам.

Диоген бул акылман кеңешин байлыкка жана жер бетиндеги жыргалчылыктарга умтулган адамдарга арнаган. Кылымдар бою кубаласаң да жеткирбеген мындай түбөлүктүү куугундан бир да адам бактылуу болгон эмес, анткени адамдын жыйнаган байлыгы дайыма аз көрүнөт. Ал эми напсисин тыя билген адам азга ыраазы, өзү менен өзү гармонияда жашайт. Бул баарынан баалуу нерсе.

5. Эң кичинекей мүмкүнчүлүк да чоң ийгиликтерге жеткизиши мүмкүн.

Демосфен бул ою менен тагдыр берген кандай мүмкүнчүлүк болсо да аны өткөрүп жибербей, туура пайдаланып калууга кеңеш берет.

6. Убакыт – бул эң акылман сот.

Перикл жашоодо талаш жараткан учурларда шашылыш чечим чыгарбоого үндөйт. Убакыт өзү таразалап, бардыгын өз ордуна коёт – күнөөлүүлөр жазасын алат, күнөөсүздөр акылдуурак болуп калышат.

7. Жашоого мени алып келгендиги үчүн атама милдеттүүмүн, ал эми устатыма татыктуу жашоо өткөзүп жатканым үчүн милдеттүүмүн.

Улуу полководец Александр Македонский татыктуу адамдардан кайда болбосун, качан болбосун сабак алууга чакырат. Адам ар дайым өзүн-өзү карап, өстүрүп турбаса, өзүнө да, жакындарына да, коомго, мамлекетке да пайдасын тийгизе албайт.

8. Кандай киши болбосун оңой эле ачууланат. Ал эми туура, керектүү кишиге жана керектүү өлчөмдө ачууланыш ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Аристотель, өз каарыңды көзөмөлдөп, аны туура багыттоону сунуштайт. Мына ушундай жол менен гана оңгулуктуу жыйынтыкка жете аласың.

 9. Жакшы адамдарга абийири менен жашоо үчүн эч кандай мыйзам чыгарып кереги жок, ал эми уят-сыяты жок адамдар мыйзамды айланып өтүүнүн амалдарын дайыма табышат.

 Платон ак ниет адамдар менен гана бирге иштешүүнү кеңеш кылат, ал эми мыйзамды сыйлабаган адамдар көйгөйлөрдү гана жаратууга жөндөмдүү.

10. Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ошону күт.

Фалес Милетский тагдырдын бумеранг сыяктуу кайтаарын, балдар ата-энелеринин улуу муундагы адамдарга болгон мамилелерин туура үлгү катары кабыл алып, келечекте аны өз ата-энелерине карата колдонушарын айтат. Ошондуктан, ал өз ата-энелерине сыйлоо, урматтоо менен мамиле кылууга кеңеш берет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз