Эсенбай Нурушев: Улуттук эростун энциклопедиясы

  • 17.10.2021
  • 4293
  • 1

(“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аттуу китептен).

Георгий Гачев “Космо-Психо-Логос” (М.,1995) аттуу дагы бир китебинде учкай түрдө эростун психологиялык комплекстерине кайрылган. Европа үчүн деп ырастайт анда автор, атасын өлтүрүп, апасына үйлөнгөн Эдип комплекси мүнөздүү. Ошондон улам европалыктарда жаштыктын динамизми баркталат, жаңынын, прогресстин культу бар.

Ал эми Азияда, кайсы бир жагынан Россияда тескерисинче эскинин күчү, салт-санаа жогору турат. Философ муну “Рустам комплекси” деп атайт. Рустам - атактуу Фирдоусинин “Шахнамесиндеги” каармандардын бири: ал жекеме-жеке кармашта уулу экенин билбей Сухрабды өлтүрүп койот.

Орус болмушу мындай окуяларды билет дейт Гачев: Иля Муромец, мисалы, уулу Соколникти, Иван Грозный, Петр I, Тарас Бульба өз балдарын тындым кылышкан.

Атүгүл “келинпоздук” (снохачество) - эдип комплексинин тетири көрүнүшү – уулун өлтүрүп, келинине үйлөнгөн адат да жолуккан. Бу көрүнүштүн бейпил, тынч түрү XVIII-XIX кылымдарда орус хуторлорунда эрөөн-төрөөн көрүнбөй, кадересе иш болгонун кезинде бир катар изилдөөчүлөр, алардын ичинде юрист жана публицист Владимир Набоков (кадимки жазуучу В.Набоковдун атасы) белгилешкен. “Кыязы, Россиядан башка бир да жерде өз келини менен төшөктөш болгон кайнаталар кезикпесе керек”, - деп жазган акыркы автор.

Келинпоздук бир катар көркөм чыгармаларда, мисалы, Н.Лесковдун “Бир аялдын турмушу” повестинде, М.Горькийдин айрым аңгемелеринде, “Артамоновдордун иши” романында, башка да авторлордо чагылдырылган. М.Шолоховдун “Тынч Донунда” эле Дарья Мелехова күйөөсү жок кезде кайнатасын азгырганга аракет кылат эмеспи.

Гачевдин оюн улантып, бул тизмеге ошол эле “Шахнамедеги” Судабанын комплексин кошсо болот. Ал – иран шахы Кавустун аялы, ханзаада Сиявуштун өгөй энеси болот. Өзүнө жашташ өгөй баласы Сиявушка ашык болуп, муратына жетпейт.

Сиявуш Ирандан кетип, Турандын баш каганы Афрасиабдын кызына үйлөнөт. Судаба өгөй баласынан өч алгысы келип, аны ушактап, кайнатасына чагым жеткирет. Бузуку тилге ишенген Афрасиаб күйөө баласынын башын алганга буйрук берет. Бу буйрук аткарылса Иран менен Турандын ортосунда кайрадан согуш тутанмак, буга жол бербес үчүн Сиявуш өзүн өзү өлтүрүп тынат. (Фирдоуси. Шахнаме. Т.2. М., 1960. с.97-252. 2963-8052-саптар).

Мындан тышкары кыздардагы эдип комплексинин аналогу - атасы үчүн апасынан өч алган Электранын комплексин (Карл Юнг) эстете кетели.

Эрос чөйрөсүндөгү аталган бул комплекстер кыргыз болмушунда кезикпейт. Бери эле дегенде биздин бүткүл оозеки же элдик көркөм мурастарда буга окшош окуялар жок.

Бизде Эдип да, Рустам да, Судаба да, өз келинине көзүн агыткан кайнаталар да андан бетер болгон эмес окшойт. Эгер болгондо алардын элдик чыгармачылыкта сокур тоомдой болсо да изи калмак. Кокус Фрейд кыргыздар арасында жашаганда, балким, адамзат эдип комплекси жөнүндөгү теорияны, либидо түшүнүгүн билбей калмак беле, ким билет.

Кеп жок, турмушта ноктосун үзгөн, чектен чыккан чекене өрөскөл жоруктар кыргызда деле болсо керек, бирок улуттук эйдос андайларды элдин эстеминен өчүрүп, унуткарып салыптыр. Ошондой осол иштерден, мисалы, кыйыр кайнага-келин, кыйыр кайни-жеңе мамилесине байланышкан ылаңка-ылакаптар айтылып келген, бирок алар маданий комплекске жеткен эмес, болгону интимдүү фолклор абалында калган.

Бул жагынан бизде жападан жалгыз комплекс – “көөлдөгөн көр Көбөш” комплекси бар экенин айтсак болот. Аталаш агасы Манас баатырдын көзү өтүп, кыркы боло элек жатып эле ал каралуу жеңеси Каныкейге үйлөнөм деп чыгат.

Максатына жете албасын билген соң жеңесинин кечирин кыя чаап, эмчегин жара тилет, Каныкей эси ооп калганда, башын кесип салмак болот. Эр Шууту баш болгон бир нече киши ортого түшүп, арачылап калышат.

Алты айлык Семетейди өлтүрмөк болгондо Каныкей уулун Чыйырдыга берип, качырып жиберет да, анын ордуна күңдүн баласын бөлөп койот. Көбөш бешиктеги баланы Семетей деп ойлоп, наркескен менен алты бөлө чабат. Акыры кайран энебиз Каныкей кайненеси Чыйырдыны баштап, Семетейди көтөрүп, төркүнүнө – Букарга кире качып, “алты арамдын” касабынан кутулат (С.Каралаевдин варианты).

Бул эпизоддо эпос агасы каза болгондо жакшы тилек менен жеңесин кайнисине никелеп койгон ата салтын айрөктөйт, мындайга бардык эле ургаачы макул боло бербестигин эскертет. Экинчи жактан ургаачы затынын жеке ариет-намысын идеал деңгээлинде даңазалайт.

Дегеле биздин “Манас” үчилтиги кеңири мааниде кыргыз болмушунун энциклопедиясын билдирсе, сөз болуп жаткан теманын алкагында улуттук эростун да энциклопедиясы экенинде шек жок. Эпосто аялдардын ар кыл типтери, алардын ар түрдүү мүнөздөрү көрсөтүлөт.

Каныкей менен Айчүрөктү, маселен, эллин маданиятындагы агапенин – теңирден буйруган сүйүүнүн, Платондун андрогиндер жөнүндөгү уламышындагы өз жартысын издеп тапкан каармандардын кыргызча вариациясы, кыргызча түшүндүрмөсү деп айтканга болот.

Айчүрөк кудай өзү атаа кылган теңин издеп, ак куу болуп кубулуп, жер кыдырып жүрүп, Семетейдин Акшумкарын алып кетип атпайбы да, кушун издеп Семетей өзүнүн экинчи жартысын – Айчүрөктү таап атпайбы. Ал эми эпостогу Кайыпдан кызы Карабөрк, Шооруктын кызы Акылай, “Семетейдеги” Чачыкей жана башкалар өз жартысын таппай калган, агапеден кур калган каармандарга кирет.

Мындан тышкары “Саринжи-Бөкөй” эпосунда кайсыдыр бир мааниде келинпоздук (снохачество) комплексинин ишке ашпаган кыйыр түрү бар сыяктанат.

Эпосто Бөкөй бир тууганы Жамгырчынын уулу Саринжиге кудалап койгон колуктусу Берметке үйлөнгүсү келет. Окуя мына ушул иштин тегерегинде өнүгөт. Күрөш узакка созулат жана көптөгөн азап-тозоктордон соң Саринжи менен Бермет тилегине жетет.

Жогору жакта кыргыздын бүткүл элдик көркөм дасмиясында Фрейд айткан комплекстер тикелей формасында кезикпейт деп белгилебедикпи. Ошол эле учурда биздин элдик көркөм мурастар символдорго бир топ эле бай келет. Бул болсо, америкалык атактуу антрополог, этнолог жана азыркы маданият тааным (культурология) илиминин “атасы” атыккан Лесли Уайттын (Leslie White) аныктамасы боюнча, өнүккөндүктүн белгисине кирет.

Уайт “маданий комплекс” деген түшүнүктү сунуш кылган социология менен социалдык психологияны сынга алып, бул илимдер маданий көп түрдүүлүктүн табиятын, улуттук маданий айрымачылыктарды түшүндүрүүдө бизге иш жүзүндө эчтеме бере албаганын, алар толугу менен батыш цивилизациясынын - бир гана маданияттын алкагы менен чектелип калганын белгилеген.

Уайт маданиятты турмуштагы көрүнүштөрдүн, жашоо тажрыйбасынын ичкертен түптөлүп-түзүлгөн системасы катары аныктап, ал бүт бойдон символдорго көз каранды болот деп эсептеген.

“Бүткүл маданият (цивилизация) символго багыныңкы абалда турат. Дал ушул символ түзө билүү жөндөмү маданияттын пайда болушуна алып келген. Символсуз маданият болмок эмес, адам да кадимки айбан бойдон калмак”, - деп жазган ал. (Л.Уайт. Избранное: Наука о культуре. Часть I. М., 2004).

Ушул өңүттөн алганда, кыргыздын адабий мурастарынан сөз болуп жаткан темага тиешеси бар символдордун өзүнчө эле топ жылдыздарын көрөбүз. Кожожаштын Зулайкасы, Эр Төштүктүн Кенжекеси, Курманбектин Канышайы, ошол эле Олжобай менен Кишимжан, Аксаткын менен Кулмырза, Ак мөөр менен Болот, Жеңижоктун “Көксулуусу”, Барпы апыздын “Мөлмөлү”, Боогачынын “Үкөйү” жана башка дастандар менен уламыштар улуу “Манас” эпосунан башталган улуттук эростун энциклопедиясын толуктаган уңгулуу символдорго кирет.

Бул казынаны Чыңгыз Айтматов өлбөс-өчпөс эки символ – Жамийла менен Даниярдын, Раймаалы менен Бегимайдын (“Кылым карытар бир күн”) улуу махабат дастандары менен толуктады.

Ким билет, балким, мезгил өтсө буларга Чыңгыз менен Бүбүсаранын баяны да кошулуп калышы ажеп эмес.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - cialis single dose

    The PCT PPH pilot program with both the JPO and the EPO became effective on January 29, 2010, and will remain effective until January 28, 2012 <a href=https://ciali.top>where to buy cialis online</a> As soon as he got off blood pressure chart for kids the carriage, he felt something was wrong in the atmosphere

Комментарий калтырыңыз