Өз баасын билүүнүн маанилүүлүгү

  • 24.02.2024
  • 5823

Бир жолу эки матрос өз бактыларын табуу үчүн узак сапарга аттанышты. Жүрүп-жүрүп бир аралга туш болушту. Ал жердеги уруу башчысынын эки кызы бар экен. Улуу кызы келишкен сулуу, а кичүүсү – анча эмес.

Матростун бири жолдошуна айтат:

— Болду, мен өз бактымды таптым, мен уруу башчысынын кызын алам.

— Туура кыласың, улуу кызы сулуу, акылдуу жан экен, сен туура тандадың. Үйлөнсөң үйлөнүп ал да, бактылуу бол.

— Жок, сен мени түшүнбөдүң, досум! Мен улуусун эмес, кичүүсүн алайын деп жатам.

— Сен эмне жинди болдуңбу? Ал… анча деле эмес го.

— Менин чечимим ошондой, мен аны эч качан өзгөртпөйм.

Досу андан ары өз бактысын издеп кетти, ал эми тиги матрос кыздын колун сурап уруу башчысына жөнөдү. Сураштырса алардын салты боюнча калыңына уй беришет экен. Эң мыкты колуктунун баасы он уйга тете.

Ал он уй сатып алып, аны уруу башчысына айдап барды.

— Кол башчым, мен сенин кызыңа үйлөнсөмбү дейм. Мына, калыңына он уйду айдап келдим!

— Мен ыраазымын. Улуу кызым, сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу. Ал он уйга татыйт.

— Жок, сиз мени түшүнбөй калдыңыз! Мен улуусун эмес, кичүүсүн алайын дейм.

— Бул эмне тамашаңбы? Көрүп турасың го... – Ал анча деле эмес.

— Мен дал ошол кызыңызга үйлөнөм.

— Мейли, өзүң бил. Бирок мен акыйкатты сыйлаган адам катары сенден он эмес, үч эле уй алам. Кызымдын баасы андан ашпайт.

— Жок, андай болбойт, мен он уй төлөйм.

Алар үйлөнүп жашап калышты.

Арадан бир нече жыл өттү. Эми өз кемесине ээ болгон саякатчы досу, жолдошунун кандай жашап жатканын биле кетүүнү чечип аралга кайрылды. Жээкке келип кемесинен түшүп, бир ченде жок сулуу аялды жолуктурду. Ал андан досунун үйүн сурап билди. Ал таап барганда досу тегерегиндеги ойноп жүргөн балдарына көз салып отурган экен. Кучакташып жолугушкан соң ал суроо салат:

— Жашооң кандай?

— Бактылуумун.

Аңгыча жанагы жолуккан сулуу аял келип калды.

— Мына, таанышып ал. Бул менин аялым.

— Кантип? Сен эмне, дагы бир жолу үйлөндүң беле?

— Жок, баягы алган аялым ушул.

— Бирок... Ал мындай эмес эле го... Кантип өзгөрүп кетти?

— А аны өзүнөн сура.

Ал аяшына келип ага кайрылды:

— Ыңгайсыз суроо берсем кечирип коюңуз, аяш, бирок менин эсимде калганы... кандай айтсам... мынчалык сулуу эмес элеңиз. Кантип мындай сулуу айымга айландыңыз? Мунун сыры эмнеде?

– Мен тек гана он уйга тете экенимди түшүндүм.

Уламыштан чыккан ойлор

Ар бир уламыш – ойлонуу үчүн эң бир сонун себеп. Бул уламыштан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Албетте, ар бирибиз канча уйга татыйбыз, ушул тууралуу!

Көп учурда өзүбүздү туура баалаганды да унутуп коёбуз. Адам өзүн алсыз, татыксыз, колунан эч нерсе келбеген бир бечара сезген учурлар аз эмес. А чынында ар бир адам кайталангыс. Демек, ар бир адам баалуу.

Өзүн алсыз, жолсуз сезген адам өзү билип-билбей, бул маалыматты айланасында курчаган адамдарга таркатат. Анан башка адамдардын аны ошондой деп эсептегенине таң калса болобу?

А сиз андайлар түккө турбаган адамдар деп эсептеген командадан эмессизби? Өзүңүздү карап көрүңүзчү: сизде баары орду менен – акылыңыз, билимиңиз, турмуштук тажырыйбаңыз, жөндөмүңүз, алдыга умтулууңуз, талантыңыз. Кыскасы, бактылуу болуш үчүн керектүү нерсенин бардыгы бар. Сиздин негизги байлыгыңыз, сиздин эң маанилүү ресурсуңуз – бул өзүңүзсүз. А калгандары өзүңүзгө гана байланыштуу.

Жакшы, позитивтүү жашоонун эшиги, сиздин ички дүйнөңүздөн ачылат. Өзүңүздөгү өзгөрүүлөрдү өзүңүздөн бөлөк эч ким жасай албайт. Буга биринчи кадам – өзүңүздү туура баалай билиңиз, жок дегенде канча уйга татый турганыңызды билип алыңыз!

Айтмакчы, бул уламыштан дагы бир сабак – төлөп берүүнүн маанилүүлүгү. Биз бардыгыбыз жакшы билебиз, бекер келген нерсе бааланбайт жана кор тутулат. Бул табыгий нерсе.

Биздин сокур сезим кандайдыр бир баалуу нерсеге төлөө керектигин шыбырап жаткансыйт. Негизгиси, төлөгөндө да ичиңди оорутпай, чын пейилиң менен төлөө керек. Ошондо гана алган нерсең сага ыракат тартуулайт жана пайдасы тиет.

Дагы, бул уламыш үмүт тууралуу, эч качан үмүттү үзбөө керектиги жөнүндө. Адам тагдырындагы позитивтүү өзгөрүүлөр мүмкүн гана эмес, ал сөзсүз болот! Уруу башчысынын кичүү кызынын тагдыры буга мисал!

Эми кайрадан артка кайрылалык. Өз күчүнө ишенбеген адамдардын өзүнө берген баасын кантип көтөрүү керек?

Биринчиден, өзүнө ишенүү – бул сиздин ушул убакка чейинки жетишкен ийгиликтердин жыйынтыгы. Убактыңызды аябай ушул убакка чейин жетишкен ийгиликтериңизди эстеп кагазга түшүрүңүз.

Эгерде жакшылап ойлонсоңуз, бул тизме бир топ узун экенин көрөсүз.

Экинчиден, күндөлүк жаза баштаңыз, ага күндө кичине, чоң ийгиликтериңизди жазыңыз. Бир ай өткөндөн кийин күндөлүгүңүздү окусаңыз, көп жакшы иштерди аткарганыңызды көрөсүз.

Үчүнчүдөн, өзүңүздүн ар бир жетишкендикке шыктана билиңиз. Бул ыкмаларды колдонуу менен сиз өзүңүздү ишенимдүү болууга машыктырасыз. Көп өтпөй өзүңүз эле эмес, башкалар да сиздин он уйга татый турганыңызды билишет!

Сиздерди урматтаган Альберт Сафин

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз