Түгөлбай Сыдыкбеков: Биз, эне тилибизди абдан начар билебиз

  • 29.10.2021
  • 3290

Кыргыз кыргыз болуп жаралганы бу дүйнөдөн канчалаган залкар, асыл адамдар өттү. Биринин кеби кыргызды даңктаса, биринин сүрү кыргызды сактап келгени тарыхта айтылат, жазылат. Арийне, биз таберик тутар улуттук дөөлөт ошолордун артында калган чыгармалары, асыл кептери эмеспи. Эмесе өтөлгөлүү өмүр сүргөн улуулардын кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган маектеринин бирин жарыяламакчыбыз. Ал – залкар жазуучубуз Т.Сыдыкбеков менен Т.Орокчиев агабыздын төмөндөгү маеги...

О.Тенти: Кыргызда Мекен деген сөз бар. Ушул сөздүн тегерегинде адам баласы эс тарткандан бери далай ойлорун ортого салып келүүдө. Ал туурасында далай акындар ырлар жаратышса, сөз чеберлери эң сонун ойлорун ортого салып атын даңктап, күчүн күн нуруна теңеп келишет. Түкө, мына сиз Мекенибиздин жазуучусу катары, биздин замандашыбыз катары ушул сөздү чечмелеп берсеңиз?

С.Түгөлбай: Мен бул сурооңо жооп айтуудан мурун деле ошол энциклопедиялык кыска, так аныктаманы Далдын сөздүгүнөн келтирейин. Ал: "Отечество - страна в которой человек родился и гражданином которой он состоит". Мына ушундай аныктаманы берип келип, ал киши дагы мындай мисал келтирет. Маселен, Ломоносовдун төрөлгөн кыштагы - Холмогорка шаарына жакын Денисовка. Бул Ломоносовдун Родинасы, Мекени дейт. Родина+картошка. Картошканын эң алгачкы өнгөн жери - Америка, демек, картошканын Мекени Америка экен. Мына ошондой эле бизди алсак, айталык, кенгуру, аны кыргыз бөрсө дейт. "Боорунда бар капчыгы, бөрсө деген жаныбар" деп илгертеден бери эле "Манаста" айтылып келген. Носорогду кыргыз герик дейт. Дагы эле "Манаста" "Герикке кошуп аргышып" деген сөз бар. Маселен, ошол бөрсөнүн Мекени - Австралия. Менин айтайын дегеним, адам, жаныбар, өсүмдүк, ал гана тургай элибиз, жаратылыштын ар кандай кубулуштарына чейин Мекенге байланыштуу.

Качан эс тартып Мекен деген сөздүн маанисин түшүнө баштаганымда менин көз алдымда так өзүм төрөлгөн конуштагы биздин боз үй турган журт элестелет. Энем "Түгөлбай төрөлгөндө биз Бөйрөк конушта отурганбыз. Биздин боз үйдүн алдында жалпак таш бар эле" дечү. Кийин мен эс тартып, биздин Бөйрөк конушка келип калганымда, "баягы биздин конуш, биздин боз үй турган жер болду бекен?" деп, жанында жалпак таштан улам ошол конушту издечүмүн. Ал эми сага белгилүү көчмөн калк тоолуу жерлерде үйдүн эшигин кайсы жакты каратып тигет? Маселен, өзөндүн боюнда болсо суу аккан жакты каратып тигишет. Эшигин тоону каратып үй тикпейт.

Күн чыгышты же күн батышты каратып үй тиккен учурлар өтө сейрек, көбүнчө үйлөр өзөн бойлоп, шамалдын ыгына карап тигилет. Мына ошондон улам мен дагы өзүм төрөлгөн конушка келип, "Ии, биздин үйдүн эшиги мына бул жерди карап турган болуш керек, а таш бул жерде, демек коломтонун орду, мен киндик кан тамган жер ушул экен" деп ошол жерге имерчиктеп, ошол жер менин көзүмө алда кандай сонун, жылуу көрүнчү эле. Ошол конуштарга келип айлананы караганымда көк чөп өнүп турса мага ого бетер жылуу, ого бетер ажайып көрүнөр эле.

Ошондон улам мен ошол төрөлгөн жерден тартып дүйнөнү тааный баштадым. Дүйнөнү көрө баштадым. Биздин Кеңсуу - жер соорусу, кыштактын турган жери да жайлоо. Бул менин курулай мактоом эмес. Бул сөздү сен барсаң да, ким барса да айта турган сөз. Мына ошол жер соорусунун табыйгатын, жаратылышын, чөп-чарын, гүлүн, жан-жаныбарларын, дегеле бардык көрүнүшүнө чейин мен тааныганда эң алгачкы ошол менин төрөлгөн жерим өбөлгө болду. Бала кезимде канаттууларды абдан жакшы көрүп, күйкөнүн, бактектин, көгүчкөндүн балапандарын бакканды жактырар элем. Күйкө көбүнчө жаш карагайларга, балатыларга уя салат. Мен күйкөнүн балапанынын бирөөнү темир канат болуп калган кезде үйгө алып келдим. Анда апам: "Балам, бул балапандын уясы - өзүнүн Мекени. Сен уясынан алып койдуң эле, энеси капа болот. Анын үстүнө сен кармап койгондон кийин балапаны кишинин жыты жыттанып, сасыткы кылып коюшу да мүмкүн. Жаман болбодубу. Сен ушул күйкөнүн балапанын алып барып ордуна салып койгун" дечү.

Мен апамдын сөзү менен балапанды алып келип өз уясына салганымдан кийин, алыс барып, "сасыткы кылып салабы" деп далайга чейин акмалай берчүмүн. Анан ошондо энеси жем алып келип баласына бергенин көргөнүмдөн кийин аябай кубанып калчумун. Үйгө келгенде кудуңдап сүйүнүп энеме "Ой эне, мен карап турдум, күйкөнүн энеси келип баласына жем берди" десем, "сен аларга тийбей жүргүн. Биз башыбызга оор күн келип, тентип-тербип жүргөнүбүздө эмне болдук эле? Баягы курсагыңдын ачканын билесиңби?" деп энем кайра суроо берер эле. "Ооба, ачка болгонум эсимде, билем, эне" дейм. Бала көбүнчө оорчулук түшкөнүн унутпайт. Ал тим эле фото кагазына түшүрүлгөндөй эстелик болуп калат.

Эки жашымда ушундай эки учурду такыр унутпайм. Бул туурасында "Жол" романына жазсам, кээ бир адамдар ишенишпей, мени тамашага чалгандар да бар. Мындай унутулгус окуялар өз башынан өтпөсө андай адам эки жашында эмес, алты жашын да билбей калышы мүмкүн. Ал гана эмес, тогуз жашындагысын да билбеген кишини жолуктурдум. Ар бир киши өз түшүнүгүн өзүнүн баамы, өзүнүн турмушу менен өлчөйт. Мен ошентип күйкөнүн ж.б. уясын жылына жашаган жеринен караар элем, таң каларлык бир нерсе - бардык канаттуу, бардык жаныбар бир жылда уя салган жеринде болот экен.

Биздин Кеңсууда Керкей, анда Таштумшук деген да жер бар. Мына ошол Таштумшукта жолго жакын жерде бир жалпак чоң таш болор эле. Анын алдына жети, сегиз жаштагы балдар кирип кетсе бата тургандай коңулу да бар эле. Күндөрдүн биринде энем "жогорку жактан эчкилерди айдап келчи" деп калды. Ошол тумшуктан жогору жайылып жүргөн эчкилерди айдап келиш үчүн бара жаткам. Бала деген ойнойт да, таш ыргытып, коңул-бобулду карап дегендей. Ошентип мен ойноп атып жанагы таштын алдындагы коңулда сойлогон жыланды көрүп калдым. Аны көрдүм да, ал эмне кылар экен деп делдейип карап туруп калдым. Баягы жылан мени көрдүбү, көргөн жокпу - анысын билбейм, жай сойлоп барып көлөкөлүү түпкүргө ийрилип жатып калды. Анан мен кете бердим. Бир нече күн өткөндөн кийин дагы келсем, ал дагы эле ошол жерде же акырын сойлоп жүргөн болот, же ийрилип уктап жаткан болот. Ошол жыланды ошол коңулдан кийинки жылдары да көрдүм. Мына көрдүңүзбү, көрсө жан-жаныбарлар дагы өзү Мекендеген жерди таштабайт экен.

Мына биздин жерде Көлтөр деген көзөл жер бар. Терең, көк жашыл, кадимки акындар ырга кошо турган укмуштай керемет көл. Анын тунуктугун сага бир эле салыштыруу аркылуу айтайын. 1929-жылы анын жээгинде отурган элек. Күндөрдүн биринде жамгыр жаап калды. Бир аздан соң ал ачылып калды. Күн ачылып кеткенден кийин тоонун абасы ушунчалык таптаза болуп калат. Тоодо болгон киши муну сөзсүз байкоого тийиш. Ошондо кымыз ичип отурган кишилер "Сен барып бир кийик аткын, кымыз ичип атабыз. Жүрөк күйүп кетти. Куурдак куурутуп жейли" дешти. Анан биз ошол Көлтөрдүн жээгиндеги бийик тектирчеге барып отурдук.

"Жаандан кийин кийик жайытка чыкчу эле" дешип алар туш-туш жакты карай башташты. Ошондо алардын бирөө мындай деп калды: "Балам, сен жаш эмессиңби, көзүң курч эмеспи, карачы" деди. Мен ошондо 17де элем, эгер муну айтсам сага калп болор. Мен көлдү карасам, көлдүн бетинде, анын тегерегиндеги тоодо кандай жаныбар болсо, кандай көрүнүп турса, ошонун баары дапдаана чагылып турчу да. Мына ошо көлдүн жээгинде бир зоо бар. Ал зоодо, биздеги карыялардын айтымында тээ илгертеден бери бүркүт уялайт экен. Ошол бүркүттүн балапанын кишилер аркан менен түшүп, бакан салып алып турушкан. Мына ошого карабай ошол жерге дайым бүркүт уялоочу. Менин Турсунаалы деген орус тууганым бар. Ал дагы бүркүт аламын деп ошол зоого аркан менен түшкөнү алиге эсимде. Жан-жаныбарлар үчүн да байыр алган, өзү уялаган, укум-тукум өстүргөн жери өзүнө кымбат.

Ал эми сен мага айтып жатпайсыңбы жазуучу деген сөздү. Бул жазуучуну гана кубантпастан же жазуучуга гана дем бербестен, бүтүн боорунда жан баккан, дем алган, ырыс-кешик тапкан жан-жаныбарлардын бардыгы дегендик. Ар бир буту менен басып, мурду менен тынган акыл-эстүү киши Мекенди аябай баалайт. Мекен үчүн бардык эмгегин жумшайт, төрөлгөндөн тартып көзү өткөнчө иштеген иши, эмгеги Мекенге арналат. Албетте, анын күн көрүүсү, укум-тукумду улоосу үчүн анык. Бирок ал кайра келип эле Мекендин иши. Маселен, бул күндөрдө биз суу чыкпаган жерлерден суу чыгарып жатабыз. Кургак чөлдөрдү дагы гүлгө ороп, не түркүн өсүмдүктөрдү өстүрүү менен ондогон кыштактар, шаарлар пайда болууда. Бул биздин бу күндөгү турмушубузда өзгөчө темпте жүргүзүлүп жаткандыгы далилдөөнү талап кылбайт.

Мындан тышкары, Мекенибиздин бурчтарындагы фабрика, заводдор салынып, шахталар ишке киргизилүүдө. Мына ушунун бардыгы Мекенге болгон камкордук, "бардыгы Мекен үчүн, келечектеги урпактарыбыз үчүн" деп иштеп жатабыз. Ата Мекендик улуу согуш жөнүндө айтсам, ошол кезде жоокерлерден кат келер эле. Мен "Биздин замандын кишилери" деген романды жазарда ошол каттарды көбүрөөк байкаштырдым. Жоокерлердин ата-энелерине жолугуп, совхозчулардын айткандарын да көбүрөк иликтедим. Каттардын биринде "биздин үйдүн жанында эки кайыңды эстегенимде Мекен көз алдыма турат" деген саптарды окугам. "Ошол кайың көктөсө экен, куурап калбаса экен, ошол кайың үчүн жанымды берүүгө даярмын" деген каттар бар. Көрдүңүзбү? Ошол үчүн Мекенге баа берүү, Мекенди баалоо деген өтө кыйын нерсе. Мекенсиз киши патриот боло албайт. Бул сөздөр өткөн акылмандардын алда-качантан берки айткан аныктамасы. Адам баласы деле кайсы заманда болбосун, төрөлүп, эки аяктап баскандан тартып таманы тийген, киндик каны тамган жер Мекени да. Ал үчүн адам баласы бардык күчүн, жакшылыгын, эмгегин Мекенге жумшайт.

О.Т.: Туке, жогоруда жакшынакай мисалдарды келтирүү менен токтолуп өттүңүз. Буга сиздин миңдеген окуучуларыңыз күбө болуп окушат чыгар. Жогоруда канаттуу туурасында да кызыктуу кеп салдыңыз. Баарыбызга белгилүү айтылуу комузчу Шекербек Шеркуловдун "Ак тамак, көк тамак" деп аталган жакшынакай күүсү бар. Ушул күүнү угуп, анда канаттуулардын Мекени менен байланышын элестетели?..

Т.С.: -"Ак тамак, көк тамакта" канаттуулардын жар салышканы өтө жакшы сүрөттөлөт. Бул күүнү канча уксам да ошончо толкунданып, мемиреп угам. Бул өтө баалуу нерсе. Сен айткандай комуздун күүсүндө, мейли дастандарда болсун, дээрлигинде Мекен жөнүндө сөз болот.

О.Т.: Эми Туке, кийинки суроого өтө берсек. Орус тилинде "Родина-мать" деген сөз бар. Бул өзгөчө Ата Мекендик улуу согуш жылдарында өзүнүн теңдешсиз бийиктигин көрсөткөн эле. Согушту жеңиш менен аяктап, жыйырма миллиондон ашык эр бүлөбүздөн ажырап, Мекенибиздин үстүнө ачык асман жараткан жеңишти быйыл кырк бешинчи ирет тосуп отурабыз. Мен бала кезимде чоң энем бар эле. Токсон бир жашында каза болду. Ал киши сөздөн сөз чыгып, эртели-кеч сүйлөшүп отурганыбызда Эне Мекен деген сөздү айтканын угар элем, кийин кыргыз тилинде окуп, кыргыз адабияты менен таанышканымда бул сөздү эмнегедир жолуктура албадым. Мына ушул түшүнүктү сиз кандай баалар элеңиз? Мындай түшүнүк болгонбу же болбогонбу? Чоң энемдин бул сөзүнө кошуласызбы же кошула албайсызбы?

Т.С.: Эгер бул түшүнүк илгертен жашап келбесе, сенин токсон бир жашка чыккан чоң энең айтпас эле. Ал түшүнүк мурда болгон. Эне - үйдүн куту, үйдүн чырагы, үйдүн касиети. Балдардын энеси, жубайынын жакын досу, жолдошу. Эненин мойнундагы вазыйпа абдан касиеттүү нерсе. Мына ушундан улам ар заманда, калк башына оор кыйынчылык келген кезде, капыстан жоо келип элди чаап турган учурларда Мекендин башында ата менен эне да турган. Бир заманда биздин бабаларыбыз жай жаткан учурда сырттан келген душман капилет кол салып, чоң чабыш болуп, эки жүз миң боз үй өрттөнгөнү тарыхта жазылган.

Эки жүз миң боз үй эки жүз миң түтүн. Ошол эки жүз миң түтүн үйдү асыраган киши ким? Эң башында эне да. Ошол боз үйдүн жыгачын ата жасаса, анын ички бардык жасалгасынан тартып, сыртындагы кийиздерине чейин жасаган - эне колу. Мына ушунун өзүнө Ата Мекен, Эне Мекен дегенибиз да туура келген сыяктанат. Экөө бирин-бири толуктап, бирине-бири айкашкан түшүнүк болуп турбайбы. Бул экөөнү бири-биринен бөлүп айтууга болбойт. Ал гана эмес, мен Эне Мекен деген сөздү бөтөнчө белгилеп айтар элем. Ал асыл, касиеттүү сөз. Эне Мекен деген сөз мурун айтылып келип, биздин жазуучулар жазышпаса, алардын баамына илинбей калса, мен муну жазуучулардын кемчилиги деп айтар элем.

Өзүмдү баш кылып, биз кыргыздын жазуучулары калкыбыздын дүйнөсүн таанууда бир топ эле мүчүлүшпүз. Муну моюнга алышыбыз керек, кыскасы, биз, эне тилибизди абдан эле начар билебиз, эгер жаш акындар андай болушса бир аз кечиримдүүрөк болор эле, ал эми бапыйган аксакал жазуучуларыбыз кээде чоркок, жарды тил менен сүйлөп турганын учуратабыз. Өзүм дагы кээде көп сөздөрдү табалбай иликтеп, эл арасына чыккан учурларым болот. Атайын карыя кишилер менен маектешкен учурларым аз эмес. Тилди билүү, эне тилин үйрөнүү деген сөз – бул Мекенди сүйүү дегендик. Азыр эл арасында тилди начар билген адамдар бар, бирок дагы эле болсо тилдин чордону, эң сонун сөз - ошол эл арасынан чыгат. Бул мындан ары дагы өнүгөт. Ар нерсе өзүнүн тогузунчу толкуну сыяктуу өнүгүүнүн үстүндө болот. Мекен бул баарынан мурда эне тил деп айткан экен. Мамлекетибиздин негиздөөчүсү, улуу көсөмүбүз, биздин партияны түзүүчү Владимир Ильич Ленин: "Мы любим свой язык и свою Родину" деп дал ушундай кыска, өтө так аныктама берип отурат.

Эне Мекен деген сөз тээ илгертеден бери келе жаткан сөз го? Калк башына кыйындык дайыма келип турган. Алаамат, кыйынчылыктарда эне баланы да коргогон, үйдү, ал тургай жоокер жолдошун да сактаган. Энесинин энелик кубаты, касиети өтө зор. Ошол үчүн Эне Мекен деген сөз байыртадан келе жаткан сөз.

Маектешкен Тенти ОРОКЧИЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз