Владимир Малягин: Бейкутчулук падышачылыгы

  • 10.02.2024
  • 3558

ПЬЕСА

“Абийир өлгөн жерде, жалган куткаруучу болуп келет”.

КАТЫШУУЧУЛАР:

Жолоочу.

Суу сатуучу адам.

Окутуучу.

Сокур.

Кыз.

Падыша.

Жан сакчы.

Жүк ташуучулар.

Нюта.

БИРИНЧИ СҮРӨТ

Шаар дарбазасынын жанындагы борбордо фонтаны бар аянт. Жай айы, күн жаркырап мемирейт. Фонтандын жанында карапасын жанына коюп суу саткан адам жалгыз олтурат. Айланасына көз салып жолоочу кирет. Чаңдап кирдеген, чарчагаңкы. Суу саткан адамды көрүп, бир көз ирмемге аярлай калып, анын жанына басып келет.

ЖОЛООЧУ. Чөйчөгүңүздү бере турасызбы?

СУУ САТУУЧУ. Саламатсызбы...

ЖОЛООЧУ (оңтойсузданып). Саламатчылык... Мен... мага чөйчөгүңүздү бере аласызбы...

СУУ САТУУЧУ. Суу ичкиң келдиби?

ЖОЛООЧУ. Мага чөйчөгүңүз керек эле. Бир мүнөткө…

СУУ САТУУЧУ. Мына, ал. (Жолоочу чөйчөктү алып фонтанга жакындайт.) Эй, сен эмне кылып жатасың?

(Жолоочу жооп бербей фонтандан сузган сууну жутмак болуп, токтоп калат.)

ЖОЛООЧУ. Бул эмне?

СУУ САТУУЧУ. Бул  мирра – ыйык дарактан алынган жыпар суу.

ЖОЛООЧУ. Мирра дейсиңби?..

СУУ САТУУЧУ. Ооба.

ЖОЛООЧУ. Фонтандан жыпар суу чыгып турабы?  Фонтан толо жыпар суубу?..

СУУ САТУУЧУ. Дал ошондой

(Жолоочу кайрадан чөйчөктү көтөрүп, жыттап көрөт.)

ЖОЛООЧУ. Жомок…

СУУ САТУУЧУ. Алыстан келдиңби?

ЖОЛООЧУ. Мен чоочун өлкөдөн болом.

СУУ САТУУЧУ. Сен биздин коногубузсуң,  демек – бизге өз кишисиз.

ЖОЛООЧУ. Конок дейсиңби? Чакырылбаган конок десең туура болот!

СУУ САТУУЧУ. Биз ар бир келген адамды кучак жайып тосуп алабыз.

ЖОЛООЧУ. Мен суу ичсем дедим эле, аябай чарчадым...

СУУ САТУУЧУ.  Төк алдагыны! (Жолоочу чөйчөктөгү жыпар сууну кайра фонтанга төгөт.) Эми чөйчөктү бери алып кел.

(Жолоочу Сатуучуга чөйчөктү берет, ал карападан бир аз суу куюп, чөйчөктү чайкап кумга төгөт. Эми чөйчөктү толтуруп Жолоочуга сунат. Жолоочу чөйчөктү алып жыттайт. (Сатуучу жылмайып) Иче бер, бул таза суу...

ЖОЛООЧУ. (тынбай жутат). Дагы...

(Сатуучу кайра куят. Тигил дагы ичип жиберет.)

СУУ САТУУЧУ. Дагыбы?

ЖОЛООЧУ. Жок, болду… (Эстей коюп чөнтөгүн аңтарат.) Уксаң... Менде акча калбаптыр... Төлөй албай калдым го... Акча жок...

СУУ САТУУЧУ. Акчабы? Акчанын кереги жок. Мага жакшы сөз айтсаң жетиштүү.

ЖОЛООЧУ. Эмне дейсиң? Акча албайсыңбы? Түшүнбөйм…

СУУ САТУУЧУ. Мага жакшы сөзүңдү айтып бата берсең жетет…

ЖОЛООЧУ. Жакшы сөзбү? Акысы ошол болобу?

СУУ САТУУЧУ. Ооба.

ЖОЛООЧУ. Кызык экен... Андай болсо мейли... Мага жакты.

СУУ САТУУЧУ. Жакшы... А эмнебиз жакты?

ЖОЛООЧУ. Бул фонтан... Сен...

СУУ САТУУЧУ. Ошондойбу… А баарынан жакканы кайсы?

ЖОЛООЧУ. Эң жактырганымбы? Фонтан болсо керек...

СУУ САТУУЧУ. Болуптур… Андай болсо мен сага кайырып беришим керек...

ЖОЛООЧУ. Эмнени кайрып бересиң?

СУУ САТУУЧУ. Сен ашыкча төлөдүң. Мен жылуу сөз сурасам, сен чындыкты айттың. ЖОЛООЧУ. Чындык жылуу сөздөн кымбат турабы?

СУУ САТУУЧУ. Жок, жөн гана салмагы көбүрөк. Бирок мен дагы чындыкты айтсам таарынбайсыңбы?

ЖОЛООЧУ. Айт…

СУУ САТУУЧУ. Мага өзүңө караганда суусаганың көбүрөк жагат.

ЖОЛООЧУ. Рахмат…

СУУ САТУУЧУ. Сага да рахмат…

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Бул жер кандай аталат?

СУУ САТУУЧУ. Бейкутчулук падышачылыгы.

ЖОЛООЧУ. А шаарыңарчы?

СУУ САТУУЧУ. Бейпилчилик шаары.

ЖОЛООЧУ. Бирок эмне үчүн картага түшкөн эмессиңер?

СУУ САТУУЧУ. А карта деген эмне?

ЖОЛООЧУ. Картаны билбейсиңби? Карта – бул адамдар багытынан жаңылбай табыш үчүн түзгөн план…

СУУ САТУУЧУ (тигинин сөзүн бузат.) Ошондо, адамдар таптакыр жаңылышпайбы?

ЖОЛООЧУ (бир аз ойлонуп калат.) Ооба, сен туура айтасың… Албетте, адамдар бардык учурда эле туура жүрө албайт. А сенин атың ким?

СУУ САТУУЧУ. Суу сатуучу.

ЖОЛООЧУ. Жок, мен ысымыңды сурап жатам?

СУУ САТУУЧУ. Ысымымбы? А анын эмне кереги бар?

ЖОЛООЧУ. Башкалардан айырмаланып туруш үчүн да.

СУУ САТУУЧУ. Адамдар ысмы менен эле айырмаланат бекен?

ЖОЛООЧУ. А сенин оюңча эмнеси менен айырмаланышы керек?

СУУ САТУУЧУ. Жүзү жана жан дүйнөсү менен.

ЖОЛООЧУ. А силер ар бир адамды жүзүнөн тааныйсыңарбы?

СУУ САТУУЧУ. Жан дүйнөсүнөн дагы. Жан дүйнөсү бирдей адамдар жок. Сен бизде көпкө чейин жүрөсүңбү?

ЖОЛООЧУ. Мен бул жерге капысынан эле туш келдим...

СУУ САТУУЧУ. Бизде башкача болбойт.

ЖОЛООЧУ. А эмне үчүн?

СУУ САТУУЧУ. Биз тарапка келген жол жок. Бул жерге кээде эле адашкандар келет. Бир нерсе жоготуп издеп жүргөндөр гана келишет. Мисалы сен өзүң эмне издейсиң?

ЖОЛООЧУ. Менби? Алтын издеп жүрөм.

СУУ САТУУЧУ. Мына, ушундай. Бизге дайыма алтын издегендер келет. Бир эле адамдан башкасы. Ал өлгөн кызын издеп келген. Кайгысына чыдабай жер кезип издеп чыккан экен... Биз ага жардам бердик.

ЖОЛООЧУ. Жардам бердик дейсиңби? Кантип?

СУУ САТУУЧУ. Ал өз кызын бизден тапты.

ЖОЛООЧУ. Силерден кантип тапты?.. Кызык... Сен эмне бул жер өлгөндөрдүн падышачылыгы дегени турасыңбы?

СУУ САТУУЧУ. Өлгөндөрдүнбү? Колуңду берчи! (Жолоочу колун бергенден чочулайт, бирок уялгандан Сатуучуга колун сунду.) Байкадыңбы? (мыйыгынан жылмаят.) Мен, балким, сага караганда тирүүмүн...

ЖОЛООЧУ. Бирок ал өлгөн кызын кантип силерден тапты?

(Сатуучу карападан суу куюп ичет)

СУУ САТУУЧУ. Сен туура эмес түшүндүң. Биз албетте, ага башка кыз таап бердик... Бирок ал тигинин кызына тамчы суудай окшош болчу (Чөйчөктү карайт). Мисалы мына бул чөйчөктөгү тамчылардай.

ЖОЛООЧУ (унчукпай туруп). Демек, калгандар алтын издеп келишиптир да?

(Сатуучу унчукпай эки колун эки жакка жаят.) Силер аларга жардам бердиңерби?

СУУ САТУУЧУ. Биз бардыгына жардам беребиз. Албетте, мүмкүнчүлүгүбүздү карайбыз.

ЖОЛООЧУ. Мисалы аларга кантип жардам кылдыңар?

СУУ САТУУЧУ. Алтын бердик.

ЖОЛООЧУ. А эгерде жашыруун болбосо…

СУУ САТУУЧУ. Жашырар эч нерсе жок. Канча алып кете алгандай болсо, ошончо алтын алып кетишти. Албетте, кылгандарына жараша.

ЖОЛООЧУ. Анан ач көздүктөрүнүн айынан алган алтындарын көтөрө албай, чөлдө калып өлүштү да!

СУУ САТУУЧУ. Биз аларга ат-көлүгүн, тамак-аш, суусун камдап, жол көргөзгөнгө киши кошуп берчүбүз. Бири да калбай үйлөрүнө аман-эсен жетип алышты.

ЖОЛООЧУ. Андайлар көп болдубу?

СУУ САТУУЧУ. Аз эмес.

ЖОЛООЧУ. Алардын бири да бул жөнүндө унчукпай жүрүшөбү? Бул сырды элге жарыя кылган бирөө да болгон жокпу?

СУУ САТУУЧУ. Айткандан уялышты да.

ЖОЛООЧУ. А эмнеден уялышат? Уялгандай эмне жаман иш кылышты?

СУУ САТУУЧУ. Алар акчаны кандай жол менен иштеп тапкандарын айткандан уялышат.

ЖОЛООЧУ. Ушундайбы… Ал эмне болгон жол? Мага айта аласыңбы?

СУУ САТУУЧУ. Албетте. Мен ал тургай айтканга милдеттүүмүн. Анткени, ал нерсе сени да күтүп турат.

ЖОЛООЧУ. Аны сен кайдан билесиң?

СУУ САТУУЧУ. Кантип билбейм! Өзүң алтын издеп жүрөм дебедиңби. Демек, алар кылганды сен да кыласың.

ЖОЛООЧУ. Ал эмне болгон «иш»? (Унчукпай калат.) Мен эмне кылышым керек?

СУУ САТУУЧУ. Коркунучтуу деле эч нерсе жок. Болгону аял кишини уруу керек. (Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Анан? Болгону ушулбу?

СУУ САТУУЧУ. Ооба, башка эч нерсенин кереги жок. Болгон шарты – мына ушул аянтта, чогулган элдин көзүнчө аялды жаакка чабышың керек.

ЖОЛООЧУ. Ошон үчүн эле алтын менен төлөйсүңөрбү?

СУУ САТУУЧУ. Ооба, силерде айткандай – туруктуу валюта менен.

ЖОЛООЧУ. (Ойлонуп калат). Бирок мен түшүнө албай турам. Силерге мындай оюндун эмне кереги бар? Ал ошончолук маанилүүбү?

СУУ САТУУЧУ. Биз коркокпуз, тартынчаакпыз. Эч кимибиз бирөөгө кол көтөрө албайбыз, алсыздарга андан бетер. Мындай оюн-тамаша бизге керек.

ЖОЛООЧУ. Бул силердин көңүлүңөрдү ачабы?

СУУ САТУУЧУ. Жок, бирок бизге күч берет. Боорукер, ыймандуу болушубуз үчүн күч берет...

ЖОЛООЧУ. Боорукерби?.. Ыймандуубу?... Өтө эле парадокстуу экен!

СУУ САТУУЧУ. Эч кандай парадокс жок. Жөн гана жаман ишти көргөндө жакшы иш эмнеге керектигин эстейсиң.

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Түшүнсөм кудай урсун... Демек, келгиндер силерге тажрыйба өткөзө турган жандыктар экен да?

СУУ САТУУЧУ. Бирок биз төлөп беребиз. Ашыгы менен төлөйбүз. Өзүң көрөсүң го, алтындан бизде тартыштык жок.

ЖОЛООЧУ. Сен мени ошону көрөт деп ойлойсуңбу?

СУУ САТУУЧУ. А сен эмне, макул эмессиңби?

ЖОЛООЧУ. Билбейм. Ойлонуп көрүш керек.

СУУ САТУУЧУ. Ойлон, ойлон...

ЖОЛООЧУ. Оозум кайрадан кургап чыкты... Сууңдан куйчу!

СУУ САТУУЧУ. Адегенде төлө. Жакшы бир нерсе айт.

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Жок... Мен дагы бир аз чыдайт окшойм.

СУУ САТУУЧУ. Анда чыда.

ЖОЛООЧУ. А эгерде суусаган боюнча өлүп калсамчы?

СУУ САТУУЧУ. Бирок сен өлбөйсүң да. Баары бир жакшы сөз менен төлөөгө мажбур болосуң.

ЖОЛООЧУ. А тамак-ашка эмне менен төлөө керек? Кийимгечи?

СУУ САТУУЧУ. Жакшы сөз менен. Баардыгына – жакшы сөз менен. Болгону – жылуу сөз менен!

ЖОЛООЧУ. А эгерде кимдир-бирөө макул болбосочу, анда андай адамды кантесиңер?

СУУ САТУУЧУ. Каалабагандарбы? Бирок бир да жолу андай боло элек.

ЖОЛООЧУ. Бир да жолубу?

СУУ САТУУЧУ. Бир да жолу.

ЖОЛООЧУ. Эмне үчүн андай?

СУУ САТУУЧУ. Күлкүлүү суроо! Анткени адамдар жашагысы келет!

ЖОЛООЧУ. Ооба, мунуң туура...

СУУ САТУУЧУ. Бирок аларды бул нерсе үчүн күнөөлөбөш керек. Эң биринчи кезекте адам жашаш керек.

ЖОЛООЧУ. Эмнеден биринчи?

СУУ САТУУЧУ. Сүйүүдөн биринчи, боорукердиктен биринчи. Өзүң ойлосоң: сүйүүсүз жашаса болот, ал эми жашоо жок болсо сүйүү болобу?...

ЖОЛООЧУ. Болбойбу?

СУУ САТУУЧУ. Бул табигый нерсе.

ЖОЛООЧУ. А силер адегенде жашап, андан кийин сүйөсүңөрбү?

СУУ САТУУЧУ. Жок андай эмес! Биз жашаш үчүн сүйөбүз.

ЖОЛООЧУ. Демек, жек көргөнүңөр – өлүм турбайбы?

СУУ САТУУЧУ. Сен абдан жакшы айттың... Ооба, дал ошондой жек көргөнүбүз –өлүм.

ЭКИНЧИ СҮРӨТ

Кыз кирет.

КЫЗ. Саламатсыздарбы, сүйкүмдүүлөр!

СУУ САТУУЧУ. Саламатчылык, сүйкүмдүүм!

(Жолоочу тетир бурулат.)

КЫЗ. А жолоочу мени жаман көрөбү?

ЖОЛООЧУ. Саламатчылык.

КЫЗ. Балдар мага бул жерде конок бар дешти. Таанышайын деп келдим.

СУУ САТУУЧУ. Ооба, коногубуз бар.

КЫЗ. (Сатуучуга.) Бүгүн күн аябай ысып турат, а сен – сүйкүмдүү жана жагымдуусуң! (Сатуучу ага суу куюп берет. Кыз ичип жиберет.) Рахмат сага, бир тууганым.

СУУ САТУУЧУ. Өзүңө рахмат, жагымдуум.

КЫЗ. Жолоочу алыстан келиптирби?

СУУ САТУУЧУ. Жолоочулар дайыма алыстан келишет...

КЫЗ. Ал эмне издеп жүрүптүр?

СУУ САТУУЧУ. Өзүнөн сура.

КЫЗ (Жолоочуга). Сен эмне...

ЖОЛООЧУ (Кыздын сөзүн оозунан жулуп алат). Эч нерсе.

КЫЗ. Жок, андай болбойт... Бизге бир нерсе издегендер гана...

ЖОЛООЧУ. Жетишет, мен муну уктум.

(Тыным.)

КЫЗ. Бирок сөздү ооздон жулуп алуу оройлук...

СУУ САТУУЧУ. Ал азырынча биздин шартка көнө элек.

КЫЗ. Жакында көнүп кетет деп ойлойсуңбу?

СУУ САТУУЧУ. Албетте. Эртеңден калбай көнөт.

ЖОЛООЧУ. Эртең элеби?

СУУ САТУУЧУ. Ооба да... Ашып кетсе бир суткадан кийин.

ЖОЛООЧУ. Мен бүгүн эле кетем.

(Тыным.)

КЫЗ. Эмне дейсиң? Бүгүнбү?

ЖОЛООЧУ. Кечке жуук кайра кайтам..

КЫЗ. Жок, мындай болушу мүмкүн эмес!

ЖОЛООЧУ. Болот.

СУУ САТУУЧУ. Сен түшүнсөң – биз меймандоспуз, сага бул жер жагат…

КЫЗ. Жок дегенде бир аз күнгө калбайсызбы?

ЖОЛООЧУ. Калайын деген оюм жок.

КЫЗ. Бирок сен өзүңдү көп нерседен куру кол калтырып жатпайсыңбы...

ЖОЛООЧУ. Уксаңар, менин силерге эмне керегим бар?

СУУ САТУУЧУ. Кайрымдуулук кылгыбыз келет.

КЫЗ. Жана дагы сүйүү үчүн!

ЖОЛООЧУ. Силер менден ач көздүк менен өзүмчүлдүктү көргүңөр келеби, мен ошон үчүн керекминби?...

СУУ САТУУЧУ. Сен жөн эле таарынып жатасың! Сен алтын издеп келдиң да, а биз аны сага беребиз!

ЖОЛООЧУ. Силерге эмнеге таарынмак элем... Мен болгону өзүмдү жоготкум келбейт. Силердин каалаганыңарды бүгүн эле жасап берем да, бүгүндөн калбай кетем.

(Тыным.)

КЫЗ. Бирок сен мени сүйгөнгө да үлгүрбөйсүң да...

ЖОЛООЧУ. А менин сүйгүм да келбейт.

КЫЗ (Сатуучуга). Бул деги кандай адам, кара ниетпи же таш боорбу?

СУУ САТУУЧУ. Билбейм. Бирок өлгүсү келип турат.

ЖОЛООЧУ. Өлтүрөсүңөрбү?.. Сен жана эле биз конокторду сыйлайбыз дебедиң беле!

СУУ САТУУЧУ. Албетте, тийбейбиз.

КЫЗ. Эч качан!

СУУ САТУУЧУ. Мен сени таш боордугуң менен бирге ажалыңды ала жүргөнүңдү гана айткым келди.

ЖОЛООЧУ. Мүмкүн. Бирок мен баары бир  бүгүн кетем.

КЫЗ. Сен кызык адам экенсиң...

СУУ САТУУЧУ. Балким мунуку туурадыр... Эгерде ал таш боордугунан таптакыр кайткысы келбесе, анда биз...

ЖОЛООЧУ. А силер албетте, мага боорукерлик кыласыңар!.. Мен издеп жүргөн алтынды бересиңер…

СУУ САТУУЧУ. Андан кам санабай эле койсоң болот.

КЫЗ. Бирок эмне үчүн бардыгы эле алтын издешет?

СУУ САТУУЧУ. Мындан сура.

КЫЗ. Айтсаң, жолоочу, силерге алтындын эмне кереги бар?

ЖОЛООЧУ. Мен өзүм үчүн гана жооп бере алам.

КЫЗ. Анда айтпайсыңбы!

ЖОЛООЧУ. Мен адамдарды каалагандай башкарган акмактардан бийликти тартып алгым бар. Өз шаарымда акыйкаттыкты орнотсом деп тилейм!

СУУ САТУУЧУ. Анын сага эмне кереги бар?

ЖОЛООЧУ. Элдин жашоосу жеңилдесе дейм... Өздөрүн адам катары сезсе дейм… Анда-мында болсо да алардын бактылуу болушун каалайм...

СУУ САТУУЧУ. Демек, алтын сага адамдарды бактылуу кылуу үчүн керек турбайбы?

КЫЗ. Болбогон кеп!.. Бакыт үчүн сөзсүз эле алтын керек эмес.

ЖОЛООЧУ. А эмне керек?

КЫЗ. Бизде бир аз күн калсаң, ошондо бакыт үчүн эмне керек экенин билесиң!

ЖОЛООЧУ. Силерденби?.. Күмөнүм бар... Силерде... Өтө эле жайлуу сыяктуу...

СУУ САТУУЧУ. Албетте. Жаны жай албагандар бизде өздөрүн жаман сезишет.

КЫЗ. Кызык... А мурда келгендер, дайыма силерде жакшы экен деп айтышчу…

ЖОЛООЧУ. Балким алар сени алдап коюшкандыр?

КЫЗ (Сатуучуга). Бул мени шылдыңдаганды жактырат окшойт!

СУУ САТУУЧУ. Айла жок, чыда!.. Бирок сен дайыма жаалданып жүргөн адам кандай экендигин көрдүң.

КЫЗ. А башкалар эмне мындай ачуулу эмес эле?

СУУ САТУУЧУ. Ак көңүл адамдардын ичинде эң ак көңүлү болгон сыяктуу эле, каардуу адамдардын ичинде да эң каардуусу болот...

ЖОЛООЧУ (анын сөзүн бөлөт). Баштачу ишиңер качан башталат?

СУУ САТУУЧУ. Аны өкүмдарыбыз чечет.

ЖОЛООЧУ. Мен батыраак эле башталышын каалар элем.

КЫЗ. Биздин өз каада-салтыбыз бар...

СУУ САТУУЧУ (аны кескин токтотот). Мейли анда... Мен өкүмдарга ким экениңди, эмнени каалаганыңды билдирейин.

ЖОЛООЧУ. А качан билдиресиң? Анда мындай кыл: азыр дароо бар да, ага айта турганыңды тезирээк айт.

СУУ САТУУЧУ. Азырбы?

ЖОЛООЧУ. Эч токтоосуз.

СУУ САТУУЧУ. Мындай боло элек эле... (Ойлонот.) Мейли... (Кызга.) Сүйүктүүм, мен сени бул адам менен калтырам. Түшүндүңбү?..

КЫЗ. Албетте, бир тууганым.

СУУ САТУУЧУ. Эгерде бирөөлөр суу ичкилери келсе...

КЫЗ. Кам санаба, сүйүктүүм!

СУУ САТУУЧУ. Сен ак көңүл кызсың…

КЫЗ. Сен дайыма мени эркелетип турасың!

СУУ САТУУЧУ. Эгерде өзүң ичкиң келсе, тартынбай иче бер!

КЫЗ. О, бир тууганым, сүйүктүүм, ак көңүлүм, ишенчээгим!

СУУ САТУУЧУ. Болду, болду жетишет!.. Карападагы суу жетпей калбасын… (Жолоочуга.) Мен кеттим.

ЖОЛООЧУ. Ылдам бар.

СУУ САТУУЧУ. Мен көпкө созулбайт деп ойлойм. (Кетет.)

ҮЧҮНЧҮ СҮРӨТ

КЫЗ. Аялга кол көтөргөндө ага жаның ачып, бооруң оорубайбы?

ЖОЛООЧУ. Жок, оорубайт.

КЫЗ. Эмне үчүн ушунчалык таш боорсуңар?.. Баарыңар эле алтын издеп жүрөсүңөр…

ЖОЛООЧУ. Мен акыйкаттык издеп жүрөм.

КЫЗ. Акыйкаттык издейм дейсиң, а бизден алтын алып кетесиң...

ЖОЛООЧУ. Ооба, бирок мен алтынды күчтүү болуш үчүн алам.

КЫЗ. Күчтүүбү?.. А сага күчтүү болуштун эмне зарылчылыгы бар?..  Өзүңдөн алсыздардын үстүнөн үстөмдүк кылыш үчүнбү?

ЖОЛООЧУ. Өз үстүмдөн үстөмдүк кылдырбаш үчүн!

КЫЗ. Баарыңар эле ошондой дейсиңер, а чындыгында жөн гана... жөн гана өзүмчүлчүңөр...

ЖОЛООЧУ. Бирок силер өзүңөр ушуну каалап жатпайсыңарбы! Бул мага эмес силерге керек болуп жатпайбы!

КЫЗ. Силер макул болгон үчүн эле ушул нерсе болууда!

ЖОЛООЧУ. Тескерисинче эмеспи?

КЫЗ. Албетте, жок! Биз эч кимди зордогон жокпуз! Мындай таш боордукту жасабай эле кой да. Биздин арабызда, биздин жакшылыктарыбызды көрүп жашай бер!..

ЖОЛООЧУ. Демек, же таш боордук менен эркиндикти, же боорукердик жана силердин араңарда жашоону тандоом керек тура?

КЫЗ. Ооба.

ЖОЛООЧУ. Болуптур... Мен небак биринчисин тандагам, бул жерде талаштын кажети жок.

КЫЗ. Сен жок дегенде күнөөңдү сезбейсиңби?

ЖОЛООЧУ. А мында сенин ишиң болбосун.

КЫЗ. Эмнеге мынча оройсуң?

ЖОЛООЧУ. Мени жакшы эстеп калышың үчүн. Ажашоодо мындай кылык жарабайт!

КЫЗ. Сен өзүң аткарган рол менен сыймыктанып жаткандайсың...

ЖОЛООЧУ. Мүмкүн.

КЫЗ. Бирок таш боордук менен сыймыктанган жарабайт да!

ЖОЛООЧУ. Ооба, бирок түз жүргөнүң менен сыймыктансаң болот.

(Тыным.)

КЫЗ. Мага өзүң жөнүндө айтып берчи.

ЖОЛООЧУ. Анын эмне кереги бар?

КЫЗ. Мен сени түшүнө албай турам.

ЖОЛООЧУ. Мени түшүнүп эмне кыласың?

КЫЗ. Аны өзүм да билбейм. Бирок эмнегедир билгим келет.

ЖОЛООЧУ. Эмне тууралуу айтып берейин?

КЫЗ. Өз энең жөнүндө... Аялың тууралуу.

ЖОЛООЧУ. Ал көп сөз.

КЫЗ. Бизде азырынча убакыт бар да! Айтсаң, ал кандай адам...

ЖОЛООЧУ. Ким?

КЫЗ. Аялың.

ЖОЛООЧУ Кандай болсун?.. Акылдуу... Ак көңүл... Ал мени түшүнөт.

КЫЗ. А сен аны эркелетесиңби?

ЖОЛООЧУ. Дайыма.

КЫЗ. Сен аны сүйөсүңбү?

ЖОЛООЧУ. Албетте.

КЫЗ. Анда эмне бизди сүйбөйсүң?

ЖОЛООЧУ. А силерди эмне үчүн сүйүшүм керек?

КЫЗ. Адам бардык адамдарды сүйүүгө милдеттүү да.

ЖОЛООЧУ. Жок, мен эч кимге милдеттүү эмесмин! Кимди сүйүштү өзүм тандайм.

КЫЗ. А сен аны тандап алдың беле?

ЖОЛООЧУ. Ал дагы мени тандаган.

КЫЗ. Ал сулуубу?

ЖОЛООЧУ. Дүйнөдөгү эң сулуунун бири.

КЫЗ. Мен аны көргүм келет...

ЖОЛООЧУ. Эмнеге?

КЫЗ. Жөн эле.

ЖОЛООЧУ. Болуптур... Муну кылса болот. (Ал чөнтөк капчыгынан бир нече сүрөттү алып чыгып Кызга сунат.) Ме, көр.

КЫЗ. Бул аялбы?

ЖОЛООЧУ. Ошол.

КЫЗ. Сүйкүмдүү экен...

ЖОЛООЧУ. Сулуу.

КЫЗ. Ал сени сүйөбү?

ЖОЛООЧУ. Албетте.

КЫЗ. А сен аны кайдан билесиң? Өзү айтты беле?

ЖОЛООЧУ. Кеп айткан айтпаганында эмес.

КЫЗ. Анда эмнеде? Жүрөктөн чыккан сөз унутулбайт эмеспи.

ЖОЛООЧУ. Эгерде ишенсең, баары эсте болот.

КЫЗ. А сен ага ишенесиңби?

ЖОЛООЧУ. Өзүмө кандай ишенсем... Жок, туура эмес айттым. Өзүмдөн да артык ишенем.

КЫЗ. Ал балким башканы сүйөр?

ЖОЛООЧУ (Бир тынымдан кийин). Ал мени гана сүйөт.

КЫЗ. Сен ага аябай ишенет окшойсуң...

ЖОЛООЧУ. Аябайбы? Анан кандай ишенмек эле?

КЫЗ. Көп эле ишене бербе.

ЖОЛООЧУ. Кантип - "ишене бербе"? Ишеним бүтүн нерсе. Бөлүп-жарып, ишенүү болбойт.

КЫЗ. А эгерде бүтүн болбосочу? Жарым-жартылай болсочу?

ЖОЛООЧУ. Жарым-жартылай ишеним – бул жөн гана ишенбестик.

КЫЗ (сүрөттөрдү карап). А бул – энеңби?

ЖОЛООЧУ. Ооба, энем.

КЫЗ. Аялың жана энең... Эки аял... А сен аларды ура алат белең?

ЖОЛООЧУ. А эмне үчүн аларды урушум керек?

КЫЗ. Биздин алтынды алуу үчүн.

ЖОЛООЧУ. Болбогон сөздү айтпа!

КЫЗ. Мына, а биздин бирибизди ургандан баш тартпайсың.

ЖОЛООЧУ. Анын эмнеси бар?

КЫЗ. А сен урган аялдын эти оорубайт бекен?

ЖОЛООЧУ. Ал силердин аял.

КЫЗ. Биздинби? А кимдин аялы экенинин айырмасы барбы? Же сен өзүңдүкүнөн башка аялдарды жек көрөсүңбү?

ЖОЛООЧУ. Жек көрөсүңбү дейсиңби? Койсоңчу... Балким мен тескерисинче, баарыңарды сүйөм…

КЫЗ. Мына сага!.. Мен эми эч нерсеге түшүнбөй калдым!

ЖОЛООЧУ. Анын кереги да жок. Мунун бардыгын түшүнбөй эле койгонуң оң.

КЫЗ. Жок, сен кызык адам экенсиң...

ЖОЛООЧУ. Сен жана эле ушинтип айткандай болгонсуң.

КЫЗ. Сен кызык адам экенсиң, өтө кызык...

ЖОЛООЧУ. Кандайча?

КЫЗ. Мен аны түшүндүрүп бере албайм... Мен сага тартылгансып барам... Бирок сени башкаларды айткан сыяктуу жакыным, тууганым, сүйүктүүм дегенге оозум барбай турат... Демек, мен сүйбөйт экенмин да, туурабы?

ЖОЛООЧУ. Мүмкүн ошондой. Кел, бул сөздү токтотолук...

КЫЗ. Бирок мен сен үчүн бир жакшы нерсе жасагым келет, түшүнөсүңбү?

ЖОЛООЧУ. Мага сенден эч нерсенин кереги жок.

КЫЗ. О, сен азырынча эч нерсе биле элексиң... А мен сага жардам бере алам…

ЖОЛООЧУ. Ал эмне болгон жардам?

КЫЗ. Сага бир нерселерди айтып бере алам...

ЖОЛООЧУ. Эмне жөнүндө?

КЫЗ. Сага өтө маанилүү нерселер тууралуу...

ЖОЛООЧУ. Анда айтпайсыңбы!

КЫЗ. Бирок сен эч кимге айтпайсыңбы?

ЖОЛООЧУ. Менби?.. Менин бул жерде айта турган кишим да жок!

КЫЗ. Ооба, бул чындык... Айтып берем, айтып берем...

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Эмнеге унчукпай калдың?

КЫЗ. Азыр айтам... Бул купуя сыр... Айтканга укугум жок...

ЖОЛООЧУ. Купуя сырбы? Анда айтпай эле кой!

КЫЗ. Жок, мен каалабайм... Мен айтам… Сен ура турган аял…

ЖОЛООЧУ. Ии? Ии?..

КЫЗ. Ал биздин аялдар эмес... Бул сенин аялың же болбосо энең.

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Эмне деп келжиреп жатасың?

КЫЗ. Бирок суранам, сен мени жинди экен деп ойлобо! Ишенип кой!.. Дайыма ушундай, дайыма алар үчүн бул күтүлбөгөн окуя!.. Алардын бардыгы, бири да калбай өздөрүн жоготуп, эмне кылышты билбей алактап калышат жана дароо урганга колдору барбайт... А ошол убакта бизге мындай дешет: “Бул маймылдын кебетесин карагыла! Анын жан дүйнөсүндө бүлүк түшүп, ак менен кара кармашып жатат!.. Азыр ал экөөнүн бирин тандайт; ушул көз ирмемде анын кебетеси кандай жийиркеничтүү!.. А биз небак эле тандап алганбыз!.. Биз жакшылыкты тандап алганбыз, биз эч качан бул адамдын кебетесин кийбейбиз.”

ЖОЛООЧУ. Коё тур, мен түшүнбөй турам... Бирок кантип мындай болушу мүмкүн?..

КЫЗ. Мен жүздөрүн көрүп эстеп калам да, анан барып биздикилерге айтып берем.

ЖОЛООЧУ. Кайсы жүздөрдү?

КЫЗ. Сүрөттөгү жүздөрдү.

ЖОЛООЧУ. Эгерде сүрөттөрү жок болуп калсачы!

КЫЗ. О, сен жолоочуларды жакшы билбейт турбайсыңбы... Алардын ар бири аялдарынын сүрөттөрүн жүрөк тушундагы чөнтөгүндө сактап жүрүшөт.

ЖОЛООЧУ. А сен дайыма ушундай кыласыңбы?

КЫЗ. Ооба, үч жылдан бери. Мага чейин башка бирөө болчу.

ЖОЛООЧУ. Бүгүн да ошондой кыласыңбы?

КЫЗ. Албетте! Бул менин милдетим.

ЖОЛООЧУ. Анан алар окшош аялды кантип табышат?

КЫЗ. Мен аны билбейм... Бирок бул жөн гана окшоштук эмес… Бул сенин энең же аялың болот. Анын ар бир кыймылы сага тааныш, ажырата албайсың! Түшүндүңбү? Кыймылы, үнү, күлгөнү…

ЖОЛООЧУ. Үнү дагыбы?

КЫЗ. Ооба.

ЖОЛООЧУ. Таң калыштуу... Бирок алар муну кантип кылышат?

КЫЗ. Мен билбейм... Бизди, бардыгыбызды эле хансарайга киргизишпейт... Дагы уккам... Аны айтпай эле коёюн...

ЖОЛООЧУ. Айт!..

КЫЗ. Бирок бул имиш сөздөр...

ЖОЛООЧУ. Айт!.. Айта бер!..

КЫЗ. Мейли, сурансаң айтайын… Аялың же энең кимиси болорун билбейм… Бирок үйүңдөгү энеңби же аялыңбы, мында болгон окуяны билет... Сөзсүз аларга сенин мында эмне кылганың жетет... Алар өздөрү ушул жерде болушкандай, өздөрү таяк жешкендей эле болушат...

ЖОЛООЧУ. Кантип ошондой кылышат, кантип?!

КЫЗ. Мен билбейм...

ЖОЛООЧУ (Унчукпай турат). Демек, бул башталышы эле турбайбы...

КЫЗ. Ооба, аялың тиги жактан баарын уга билет...

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Жок, мен ага түшүндүрөм... Мен ага баарын түшүндүрөм деп ойлойм...

КЫЗ. Кимге?

ЖОЛООЧУ. Аялыма..

КЫЗ. А энеңечи?

ЖОЛООЧУ. Энем ансыз да түшүнөт… (Ал кызга башкача көз караш менен карайт.)  Сага рахмат. (Кыз жооп бербейт.) Сен татынакай, боорукер кыз экенсиң…

КЫЗ. Жөн гана Өкүмдар менен эл алдында байкуш болуп турушуңду каалаган жокмун.

ЖОЛООЧУ. Сенин көзүңчө дагыбы?

КЫЗ. Айттым го: элдин алдында...

ЖОЛООЧУ. Сага чоң рахмат. Мен өзүмдү татыктуу кармайм, сүйүктүүм...

КЫЗ. Эмне дейсиң?

ЖОЛООЧУ. Байкуш болбойм, сүйүктүүм...

КЫЗ. Жок, баары бир кызык... мындай сөздөр сенин оозуңдан чыкканда таптакыр башкача угулат экен... Уккан адамга кандайдыр… Кандайдыр бир тынчсызданууну пайда кылат...

ТӨРТҮНЧҮ СҮРӨТ

Сокурду жетелеп Суу сатуучу чыгат.

СУУ САТУУЧУ. Сүйүктүүлөрүм, кандайсыңар?

КЫЗ. Эмне?... А жакшы...

СУУ САТУУЧУ. Сүйүктүүм дебейсиңби.

КЫЗ. Жакшы, сүйүктүүм.

СУУ САТУУЧУ. Сен кете берсең болот.

КЫЗ. Рахмат.

СУУ САТУУЧУ. Эркектердин сөзүнө аралашпай ары бара турчу.

КЫЗ. Макул... Жакшы калгыла, сүйүктүүлөрүм...

ЖОЛООЧУ. Жакшы бар, сүйүктүүм.

СУУ САТУУЧУ. О, сен да сылык боло баштадыңбы?.. (Кызга.) Бар, бара бер.

(Кыз кетет.)

ЖОЛООЧУ. Сенин ишиң болбосун.

СУУ САТУУЧУ. (Сокурга.) Сен уктуңбу?

СОКУР. Мен сокурмун, дүлөй эмесмин. Мени фонтанга алып барчы... кудай жалгагыр.

(Сатуучу Сокурду фонтандын жанына жетелеп барат. Аны фонтандын кырына олтургузуп, жылаңаяк бутун фонтандагы жыпар сууга малып коёт.)

(Тыным.)

СУУ САТУУЧУ. Кымбаттуум, жеңилдей түштүңбү?

СОКУР. Жеңилдегенсип калдым...

СУУ САТУУЧУ (Жолоочуга). Бул биздин жергебиздеги эң акылман, эң тажрыйбалуу адам...

СОКУР. Рахмат, менин азаматым...

СУУ САТУУЧУ. Сага рахмат!.. Сен жок болсоң биз эмне кылат элек!..

СОКУР. А силер жок мен эмне кыла алат элем? Силер менин жөлөгүмсүңөр.

СУУ САТУУЧУ. А сен биздин – эң бийик чокубузсуң!

СОКУР. Биздин чокубуз – бейпилчилик.

СУУ САТУУЧУ. А сен – бейпилчиликтин өзүсүң!.. Кандай жеңилдеп калдыңбы?

СОКУР. Жеңилдегенсидим...

СУУ САТУУЧУ (Жолоочуга). Акылман кыйналып жүрөт. Анын буттары ооруйт.

ЖОЛООЧУ. Түшүндүм.

СУУ САТУУЧУ. Сен деле анын көңүлүн алып, жылуу сөз айтсаң болот.

ЖОЛООЧУ. Сенчелик айта албасам керек.

СОКУР. Токтогула, көңүл алгандар ансыз да жетиштүү... (Жолоочуга.) Демек, сен бизден бүгүн эле кеткиң келген экен да?

ЖОЛООЧУ. Ооба.

СОКУР. Эмне үчүн жок дегенде эртеңкиге чейин калбайсың?

ЖОЛООЧУ. Эгерде акылман болсоң, баарын өзүң түшүнөсүң.

СОКУР. Жакшы айттың. Сага эмне кылышты айтыштыбы…

ЖОЛООЧУ. Ооба, билем.

СОКУР. Жакшы. Өкүмдар менен сүйлөштүм. Ал бүгүн эле бүтүрүүгө макулдук берди.

ЖОЛООЧУ. Мен кубанычтуумун.

СОКУР. Шашпа, муну менен эле иш бүтпөйт.

ЖОЛООЧУ. Дагы эмнеңер калды?

СОКУР. Сага чейин келгендер көп жакшы нерсебизди жактырып кетишкен...

ЖОЛООЧУ. Ар кимдин өз табити бар.

СОКУР. Сөзсүз... Бирок сен биз жөнүндө жалаң жаман нерселерди айтасың, а чынында өзүбүз тууралуу жакшы болбосо да, жок дегенде ар түрдүү ойлорду уккубуз бар....

ЖОЛООЧУ. А мен оюмдагыны жашырбай ачык айтканды жактырам.

СОКУР. Ал сенин укугуң. Бирок андай болсо, бул биздин укугубуз – сенден ырааттуулукту талап кылабыз...

ЖОЛООЧУ. Ал эмне болгон ырааттуулук?

СОКУР. Сенин намыскөйлүгүң, баш ийбестигиңди айтам. Башкалардан өзүңдү башкача экендигиңди айткан соң, аягына чейин аны иш жүзүндө көргөзүшүң керек.

ЖОЛООЧУ. Мейли… Мен убадамды берем.

СОКУР. Сен аялды урууга тийишсиң…

ЖОЛООЧУ. Мен муну билем!

СОКУР (Маанайсыз). Ал аял ким болсо да урушуң керек.

ЖОЛООЧУ. Билем, мен даярмын.

СОКУР. Макул... Эгерде ургандан баш тартсаң, анда биз... Биз сени жазалоого аргасыз болобуз... Кыскасы, сен түшүндүң да...

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Ушундайбы... Башкаларга да ушундай шарт коёсуңарбы... Силер ушуну тандоо бердик деп эсептейсиңерби?

СОКУР. Андай эмес. Башкаларга мындай шарт койбойбуз. Алардын бардыгын ургандан баш тартса да жөн коё беребиз...

ЖОЛООЧУ. Бирок аларга алтын бербейсиңер да!

СОКУР. Ооба, алар акчасыз кетишет. Алар көргөн ызалары үчүн алтын алышат. А сен дароо алтын үчүн да, өмүрүң үчүн да төлөйсүң.

СУУ САТУУЧУ. Биз сенин тандооңду жеңилдеттик.

ЖОЛООЧУ. Силер аны мага калтырган жоксуңар...

СОКУР. Эгерде кааласаң, макул де. Башкалардыкы жөнөкөй болчу. А сен өзүңдүн көктүгүңдү кайсы бир идеядай тутуп, ошол үчүн күрөшүп жатасың.

ЖОЛООЧУ. Мүмкүн.

СОКУР. Анда эмне дейлик... Биз сенин идеяңды сыйлайбыз. Бирок биздин өз оюбуз бар. Ар бир адамга өз идеясы кымбат, чынбы?

ЖОЛООЧУ. Бул чын.

СОКУР. Ошондуктан өзүбүздүкүн тебелетпейбиз, аягына чейин аны кармайбыз. А сен өзүңдүкүн аягына чыгар...

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Мен макулмун...

СУУ САТУУЧУ. Бул эң акылман жана тажырыйбалуу...

ЖОЛООЧУ (Сөзүн оозунан жулуп). Шашпа! Бирок силердин адамдар идеямдын маңызын билүүлөрү керек...

СОКУР. Алар билет.

ЖОЛООЧУ. Кантип?

СОКУР. Биз айтып беребиз.

ЖОЛООЧУ. Жок, болбойт! Мен аны өзүм билдиришим керек,өзүм! Буга менин укугум бар, өзүңөр ойлоп көргүлөчү: бул менин идеям да, менин!..

СОКУР (Ойлонуп калат). Сен аны качан айтасың?

ЖОЛООЧУ. Урардын алдында...

СОКУР. Актанганга мүмкүнчүлүк алгың келип жатабы...

ЖОЛООЧУ. Эмне максат менен бул ишке барып жатканымды түшүндүргүм келет!..

(Тыным.)

СОКУР. Мен сенин өтүнүчүңдү өкүмдарга билдирем.

ЖОЛООЧУ. А эмне, өзүң чече албайсыңбы?

СОКУР. Жок. Мен чече албайм.

ЖОЛООЧУ. Жоопту качан алам?

СОКУР. Башталар алдында.

ЖОЛООЧУ. А эгер ал макулдугун бербей койсочу?

СОКУР. Өкүмдардын эрки – мыйзам.

ЖОЛООЧУ. Ага айта бар, мен талап кылам!.. Башкача болсо бул оюнга катышпайм! Мен сөзсүз айтышым керек!..

СОКУР. Сен урушуң керек...

ЖОЛООЧУ. Билем, билем!.. Бирок менин айтканымды сөзсүз айт! Талап кылып жатат де, талап кылды де!

СОКУР. Албетте, айтып барам, бирок...

ЖОЛООЧУ. Дагы эмне?

СОКУР. Мен сенин айтканыңды ага жеткизишимди каалайсыңбы?

СУУ САТУУЧУ. Албетте!.. Эч кимдин ага талап коюуга акысы жок! Өкүмдардан суранышат! Өкүмдардан жалынып өтүнүшөт!..

СОКУР. Бул туура айтат. Сенин суранычыңды жеткизейинби?

ЖОЛООЧУ. Ага талап кылып жатат деп айт... Мен талабымды жеткизип бер деп сенден өтүнөм.

СУУ САТУУЧУ. Даана көк бет неме го...

СОКУР. Жок, бул көк бет эмес. Ал өзүнө өтө эле оор жүк жүктөп алды...

БЕШИНЧИ СҮРӨТ

Окутуучу кирет.

ОКУТУУЧУ. Саламатсыздарбы, ардактуулар!

СУУ САТУУЧУ. Саламатчылык, кымбаттуум!

СОКУР. Күнүң бейпил болсун, Окутуучум.

ОКУТУУЧУ. Үнүмдөн тааныганыңа кубанычтуумун, ардактуум!

СОКУР. Мен бардыгыңарды үнүңөрдөн тааныйм. Бирок сенин өзгөчө жумшак үнүңдү дайыма уккум келет.

СУУ САТУУЧУ. Башкача болушу мүмкүн эмес! Анткени ал балдардын арасында жашайт.

СОКУР. А негизгиси – ал ошол балдар үчүн жашайт.

ОКУТУУЧУ. Чынында ошондой! Жок, сен – акылмандардын акылманысың!

СОКУР. А мен сени  ак көңүлдөрдүн ак көңүлү деп билем...

ОКУТУУЧУ (Сатуучуга). А сен бүгүнкү жайкы күндөй жагымдуусуң! (Сатуучуга суу куюп берет. Ал сууну ичет.) Рахмат сага, ардактуум...

СУУ САТУУЧУ. Өзүңө да рахмат.

ОКУТУУЧУ. А бул жерде коногубуз бар экен да?

ЖОЛООЧУ. Сага айтыша элекпи?

ОКУТУУЧУ. Эмнени?

ЖОЛООЧУ. Силерге конок болгум келбегенин!

(Тыным.)

ОКУТУУЧУ. Демек, мага чындыкты айтышыптыр да...

ЖОЛООЧУ. Накта чындыкты!

ОКУТУУЧУ. Мен бул адам менен сүйлөшкүм келет.

СОКУР. Албетте. Биз барар убакыт да болуп калыптыр... (Сатуучуга.) Мени узатып кой, кымбаттуум.

СУУ САТУУЧУ. Айтканыңдай болот, акылманым.

ОКУТУУЧУ. Кайда барасыңар?

СОКУР. Өкүмдарга барабыз.

ОКУТУУЧУ. Силерден суранам: менден салам айтып, ага деген урмат-сыйымды билдирип койгула!

СОКУР. Сөзсүз айта барабыз.

ОКУТУУЧУ. Жолуңар болсун...

СОКУР. Жакшы калгыла...

(Сатуучу Сокурду жетелеп кетет.)

ОКУТУУЧУ. Кел эми сен тууралуу сүйлөшөлү.

ЖОЛООЧУ. Анын сага эмне кереги бар?

ОКУТУУЧУ. Сени жакшыраак билиш үчүн. Балдарыбызга сен тууралуу айтып беришим керек.

ЖОЛООЧУ. Алар өздөрү көрүшөт да.

ОКУТУУЧУ. Жок, көрүшпөйт. Биз балдарды андай жерге киргизбейбиз.

ЖОЛООЧУ. Эмне үчүн?

ОКУТУУЧУ. Алар бир да жолу чоң адамдардын ак көңүлдүгүнөн, боорукердигинен шек санабоолору керек.

ЖОЛООЧУ. Бирок мен силерге чоочун адаммын да!.. Аялды уруу менен силердин чындыгыңарды далилдейм! Силердикин, меникин эмес!..

ОКУТУУЧУ. Ооба, биз үчүн сен бөтөн адамсың. Бирок балдар өздөрүнүкү менен башкалардын айырмасын жакшы билишпейт. Алар ажырата алышпайт. Акылдарына толук келе элек маңыроо алар.

ЖОЛООЧУ. Алардын маңыроолугун кайдан көрдүң?

ОКУТУУЧУ. Алар ак-караны ажыратып бөлө алышпайт. Алар баалаганды билишпейт… Кандай иш болсо дагы, алар ылгашпайт, а бул – акылсыздык...

ЖОЛООЧУ. А эмне үчүн акылсыздык?

ОКУТУУЧУ. Сен эмне түшүнбөйсүңбү? Ар бир иштин жакшы же жаманы болот. Ар бир адам жакшы же жаман. Албетте, биз аларды жакшы адамдардан кылып өстүрсөк дейбиз.

ЖОЛООЧУ. Анан ийгиликке жеттиңерби?

ОКУТУУЧУ. Эми мактана албайм: оор учурлар болот... Аябагандай оор... мына учурда да ошондойлордун бири менен алпурушуп жатам... Канча жылдык практикамда мындай учур болгону эсимде жок. Айтканын бербеген көк бет, тартипке баш ийбеген кежир!.. Ооба... Бирок ката кетиришке биздин акыбыз жок. Бизден ката кетпеш керек. Сөз менен шапалактын алы жетпеген жерде, биздин башкы мыйзам ишке киришет...

ЖОЛООЧУ. Ал эмне болгон мыйзам?

ОКУТУУЧУ. Селекция мыйзамы.

ЖОЛООЧУ. Эмне дейсиң?.. Силер... силер өз балдарыңарды өлтүрөсүңөрбү?

ОКУТУУЧУ. Албетте, жок. Андай учурлар сейрек болот... Кээ бирде гана… Ошондо да биздин максатыбызды таптакыр түшүнгүлөрү келбеген сасыткыларды.

ЖОЛООЧУ. Сасыткылардыбы?

ОКУТУУЧУ. Эмне таң каласың? Түшүнбөйм... Айтмакчы, сенин балдарың барбы?

ЖОЛООЧУ. Аялымдын боюнда бар.

ОКУТУУЧУ. Төрөлчү кызыңды жакшы көрөсүңбү?

ЖОЛООЧУ. Кыз? Эмне үчүн кыз? Биз уулду болсок деп жүрөбүз.

ОКУТУУЧУ. Жок, мен кыз болуп калса деп сурайм. Кызыңды жакшы көрөт белең?

ЖОЛООЧУ. Ооба.

ОКУТУУЧУ. А эгерде кыз да эмес, эркек да эмес болуп калсачы?

ЖОЛООЧУ. Анан ким болмок эле?

ОКУТУУЧУ. Эгерде кем акыл, тубаса майып, мунжу. Кыскасы, сасыткы болуп алсачы?

ЖОЛООЧУ. Жап жаагыңды!

ОКУТУУЧУ. Ошондой болуп туулса жакшы көрөт белең?

ЖОЛООЧУ. Жаагыңды жап дейм!

ОКУТУУЧУ. Демек, сасыткы туулса сүйүүңдүн бүткөнү да, туурабы?..

ЖОЛООЧУ. Болду, унчукпа, суранам сенден, башка сөз айтпа!..

(Тыным.)

ОКУТУУЧУ. Көрдүңбү... Анан бизди эмнеге жаман көрөсүң? Биз деле дени сак балдарды өстүргүбүз келет...

ЖОЛООЧУ. А мен... Мен сасыткы болсо да жакшы көрмөкмүн… Анткени… анткени ал өзүмдүкү!

ОКУТУУЧУ. Албетте... Сенин жообуң ушундай болмок…Силердин дүйнөңөрдөгү ата-эненин сокур сүйүүсүнүн кадимки көрүнүшү... Айтмакчы, а сенин ата-энең тирүүбү?

ЖОЛООЧУ. Анын сага эмне кереги бар?

ОКУТУУЧУ. Айткың келбесе жооп бербей койсоң деле болот.

ЖОЛООЧУ. Энем тирүү, атам түрмөдө каза болгон.

ОКУТУУЧУ. Түрмөдө дейсиңби?

ЖОЛООЧУ. Ооба, ал кезде мен кичинекей бала болчумун…

ОКУТУУЧУ. Түрмөдө өлүптүр да... түрмөдө...

ЖОЛООЧУ. А бул жерде таң калар эмне бар?

ОКУТУУЧУ. А бизде көптөн бери түрмө деген нерсе жок.

ЖОЛООЧУ. Силер кылмышкерлерди кайда кармайсыңар?

ОКУТУУЧУ. Бизде кылмышкерлер кайдан болмок эле? Эгер балдар туура тарбияланса кылмыш жасалбайт. Биздин балдар “кылмыш” деген сөздү билишпейт, ошондуктан алар эч качан аны кылышпайт.

ЖОЛООЧУ. А сен өзүң ал сөздү кайдан билесиң? Сени деле ошентип тарбиялашкан да!

ОКУТУУЧУ. Биз айрым сөздөрдү балдар жыйырма жашка чыкканда гана биринчи жолу угузуп, ал сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп беребиз.

ЖОЛООЧУ. А эмне үчүн жыйырма жашка чыкканда?

ОКУТУУЧУ. Анткени бул жашка чыкканда аларга ал сөздөр жаман таасирин тийгизбейт.

ЖОЛООЧУ. Ал эмне болгон сөздөр, мага айта аласыңбы, же бул дагы купуя сырбы?

ОКУТУУЧУ. Эч кандай сыр жок!.. Эркиндик, кылмыш, моюнга алуу, азап тартуу, эрдик жана дагы ушу сыяктуу сөздөр...

ЖОЛООЧУ. Эрдик дагыбы?

ОКУТУУЧУ. Албетте.

ЖОЛООЧУ. Бирок эрдик – бул ардактуу, жакшы иш эмеспи!

ОКУТУУЧУ. Аның туура, бирок кереги жок ашыкча нерсе...

ЖОЛООЧУ. Ашыкчабы? Түшүнбөйм!

ОКУТУУЧУ. Эрдик жаман нерселер менен күрөшүү үчүн керек. А бизде жаман иш деген болбойт.

ЖОЛООЧУ. Демек, силерге эрдиктин кереги жок экен да?

ОКУТУУЧУ. Албетте, кереги жок. Анткени бизде күрөш жок.

ЖОЛООЧУ. “Күрөш” деген сөздү да жыйырма жашка чыккан соң билишеби?

ОКУТУУЧУ. Ооба, дагы башка көп сөздөр сыяктуу эле...

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Силерге ысымдын эмне үчүн кереги жогун эми түшүндүм.

ОКУТУУЧУ. Кызык экен, эмнени түшүндүң?

ЖОЛООЧУ. Анткени силерге эрдик жасоонун кереги жок. Ысым – бул эрдик, бул эркиндик, күрөш!..

ОКУТУУЧУ. Эркиндик, күрөш... А башка жагын эмне айтпайсың? Же унутуп койдуңбу?..

ЖОЛООЧУ. Кайсы башка жагы тууралуу айтып жатасың?

ОКУТУУЧУ. Ысымдын башка жагын!.. Ысым – бул кылмыш!.. Бул азап чегүү!.. Бул – жеңилүү!.. Бул кыйналуу!.. Бул моюнга алуу!.. Бул азапка батуу!.. Адамзаттын түбөлүккө кыйналуусу!.. Эмне үчүн буларды унуттуң? (Унчукпай калышат.) Жообуң жокпу?. Анткени, чындык биздики, сен аны жакшы түшүнөсүң. Биз адамдарды кыйналуудан, азап тартуудан, тандоо деген түбөлүккө коркуп жашоодон ажыраттык!..

ЖОЛООЧУ. Ажыраттыңарбы? А анын ордуна эмне бердиңер?

ОКУТУУЧУ. Эмне бергенибизди көрүп турбайсыңбы.

ЖОЛООЧУ. Жок, көргөн жокмун… Менин көзүм силердикинен башкача болсо керек!.. Кана айтчы, силер адамга эркиндиктин ордуна эмне бердиңер?..

ОКУТУУЧУ. Бейкутчулук.

ЖОЛООЧУ. Анда силердин адамдар эч качан эркин болбойбу?

ОКУТУУЧУ. Биздин адамдар эч качан бейкуттугун жоготпойт.

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Мен силерди жалган жолго түшүп адашкандар деп ойлогом, бирок жаңылыптырмын.

ОКУТУУЧУ. Ооба. Биз адашкан жокпуз, туура жолдобуз.

ЖОЛООЧУ. Көрүп турам. Силер буга чындап ишенет экенсиңер.

ОКУТУУЧУ. Чын ниетибиз менен ишенебиз.

ЖОЛООЧУ. Бирок бул адашкандан да коркунучтуу. Силер өзүнө өзү кол салып өлгөндөрдөн да коркунучтуусуңар. Силер – бычымалсыңар.  Өзүңөрдү өзүңөр бычып салып, ошого кубанып жүргөн бычымалсыңар...

(Тыным.)

ОКУТУУЧУ. Сенин бул сөздү айтканың өтө өкүнүчтүү...

ЖОЛООЧУ. Мен оюмдагыны айттым.

ОКУТУУЧУ. Сенин ушинтип ойлонгонуң өкүнүчтүү... Аябай өкүнүчтүү. Анткени, мен сага акыркы жолу түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн жиберилгем...

ЖОЛООЧУ. Эмнени түшүнүшүм керек эле?

ОКУТУУЧУ. Биздин чыныгы максатыбызды. Биздин адамзаттын жыргалчылыгы үчүн койгон бийик максатыбызды, кылып жаткан иштерибизди. Мени сенин көз карашыңды өзгөртүүгө акыркы жолу аракет кылуу үчүн жиберишкен...

ЖОЛООЧУ. Сени ким жиберди?

ОКУТУУЧУ. Өкүмдар. Ал сени бизди туура түшүнүп, биз жөнүндөгү чындыкты өзүңөрдүн өлкөңө айтып барышыңды каалаган…

ЖОЛООЧУ. А мен чындыкты айтып барам!

ОКУТУУЧУ. Кайсы чындыкты?

ЖОЛООЧУ. Чындык бирөө эле!

ОКУТУУЧУ. Туура эмес. Чындык экөө, дайыма экөө, аны сен менден жакшы билесиң.

ЖОЛООЧУ. Демек, мен өзүмдүн чындыгымды айтам.

ОКУТУУЧУ. Албетте. Бирок адегенде бул жактан чыгып алчы.

ЖОЛООЧУ. А, силер мени коё бергиңер келбейби?

ОКУТУУЧУ. Биз жалганчылар эмеспиз, аны өзүң айтпадыңбы, биз айткан сөзүбүзгө, берген убадабызга бекем турабыз. Бирок сен аялды урушуң керек, анын ким экендигине карабай, уктуңбу, ким экендигине карабай…

ЖОЛООЧУ. Мен урганга даярмын!.. Бул жерден кетиш үчүн болсо да сөзсүз урам!..

ОКУТУУЧУ. Мен сенин тилегиңе кошулам.

ЖОЛООЧУ. Демек, силердин балдар мен жөнүндө эч нерсе билбей калышат турбайбы?

ОКУТУУЧУ. Эмне үчүн? Алар сен жөнүндө биздин чындыкты угушат.

ЖОЛООЧУ. Бирок аларга ким айтып берет?

ОКУТУУЧУ. Албетте, окутуучу.

ЖОЛООЧУ. Бирок сен – окутуучу эмессиңби!.. Сен... Сен...

ОКУТУУЧУ (Кол жаңсап токтотот). Сенин эмне деп айтарыңды түшүндүм... Бирок сен жаңылышасың... Анткени мен окутуучунун өзүмүн… Айтмакчы, үч жыл мурда мага бейпилчилик падышачылыгынын тарыхындагы эң мыкты окутуучу деп аталгам...

АЛТЫНЧЫ СҮРӨТ

Кыз кирет.

ОКУТУУЧУ. Сүйүктүүм, келгениң жакшы болду. Менин  кетер убактым болду...

КЫЗ. Жакшы болот, сүйүктүүм.

ОКУТУУЧУ (Жолоочуга). Жакында жолугабыз.

КЫЗ. Ооба, бир аздан кийин башталат дешти.

(Окутуучу кетет.)

(Тыным.)

ЖОЛООЧУ. Кандай, сен баардыгын айтып бердиңби?

КЫЗ. Албетте. Алымдын жетишинче айткандай болдум. Сүрөттөр аябай окшош болду.

ЖОЛООЧУ. Мага кимисин бермей болушту?

КЫЗ. Аны кайдан билейин? Аны азыр эч ким билбейт.

ЖОЛООЧУ. Сенден дагы эмнелер жөнүндө сурашты?

КЫЗ. Кимисин жакшы көрөт экен деп сурашты.

ЖОЛООЧУ. Сен эмне дедиң?

КЫЗ. Мен энесин жакшы көрөт экен дедим.

ЖОЛООЧУ. Эмне үчүн?

КЫЗ. Анткени сен ага толук ишенесиң. Сен андан көз ирмемге да шектенбейсиң.

ЖОЛООЧУ. Мен экөөнө бирдей ишенем!

КЫЗ. Жок. Сен аялыңа энеңе ишенгендей ишенгиң келет, бирок андай кыла албайсың.

ЖОЛООЧУ. Мен жөн гана энемди көбүрөк аяйм...

КЫЗ. Мен мындай сөздү билбейм.

ЖОЛООЧУ. Демек, сенин оюң боюнча, кимге көбүрөк ишенсе, ошону көбүрөк сүйгөн болобу?

КЫЗ. Албетте.

ЖОЛООЧУ. Ошондой болсо кана...

КЫЗ. Бизде дайыма ошондой.

ЖОЛООЧУ. Бизде андай эмес...

(Тыным.)

КЫЗ.  Сен өзгөчө адам экенсиң…

ЖОЛООЧУ. Жана эле айткансың.

КЫЗ. Ооба, бирок дагы эле айткым келип жатат...

ЖОЛООЧУ. Эмнеге?

КЫЗ. Мен өзүм да түшүнбөйм…

ЖОЛООЧУ. Канчадасың?

КЫЗ. Жыйырма үчтө.

ЖОЛООЧУ. Демек, сөздөрдүн бардыгынын маанисин түшүндүрүштү да?

КЫЗ. Ооба, үч жыл мурда.

ЖОЛООЧУ. А сага “сүйүү” деген сөздү кандай деп түшүндүрүштү?

КЫЗ. Сүйүүбү? Бул бейкутчулук.

ЖОЛООЧУ. Андан башка сага эмне дешмек эле... А сен мен жөнүндө ойлонгондо кандай сезим келип жатат?

КЫЗ. Сени ойлогондобу? Мен… Мен тынчсызданып жатам... Мен тынчсызданууну сезип жатам…

ЖОЛООЧУ. Башкача болмок беле... бардыгы туура…

КЫЗ. Эмне үчүн туура?

ЖОЛООЧУ. Анткени сен мени сүйбөйсүң.

КЫЗ. Албетте... Бирок сен кызык адам экенсиң... Эч кимге окшобойсуң…

ЖОЛООЧУ. Бул бардыгыңар ак көңүл, а мен таш боор жаман адам экендигимден.

КЫЗ. Мен аны түшүнөм, ошентсе да... кээде, бир көз ирмемге мага сен жакшы адамдай сезилип жатасың... Бирок бул туура эмес...

ЖОЛООЧУ. Ооба, чынында туура эмес.

КЫЗ. Сени менен эч качан бейпилчилигимди сактай алчудай эмесмин.

ЖОЛООЧУ. Эч качан сактай албайсың.

КЫЗ. Сен аны урбасаң анда сени өлтүрүп салышат.

ЖОЛООЧУ. Мен унуткан жокмун...

КЫЗ. Сен аны урушуң керек. Сөзсүз! Мен сенин жашашыңды каалайм…

ЖОЛООЧУ. Мен дагы ошону каалайм.

КЫЗ. Андан кийин сен кетесиңби?

ЖОЛООЧУ. Кетем.

КЫЗ. Мен сенин тирүү кетишиңди тилейм. Тынчсызданып жатам, сен жанымда турганда, сен жөнүндө ойлогонумда көңүлүм тынчыбай жатат... Мен муну каалабайм... (Унчукпайт.) А сен мен жөнүндө тынсызданган жоксуңбу?

ЖОЛООЧУ. Жок.

КЫЗ. Демек, сен баары бир мени сүйөт экенсиң... Өзүңдү бирөөнүн сүйгөнүн билүү кандай жагымдуу... (унчукпайт.) Алар бул жакка келе жатышат... (унчукпайт.) Коркуп жатасыңбы? (унчукпайт.) Сенден мурда келгендер коркушчу... (унчукпайт.) Сага андан да коркунучтуу болуш керек – анткени аларды өлтүрөбүз дешкен эмес!.. (унчукпайт.) Жок, мен баары бир сени ойлоп тынчсызданып жатам... Мен сенин аман-соо кетишиңди каалайм, угуп жатасыңбы? (унчукпайт.) Эмне жооп бербейсиң?...

ЖОЛООЧУ. Сен алар биякка келатат дедиңби?

КЫЗ. Келатышат.

ЖОЛООЧУ. Сен кетип калчы... Мен жалгыз калышым керек.

КЫЗ. Кетейинби? Жок кете албайм!

ЖОЛООЧУ. Эмне үчүн?

КЫЗ. Мен сени менен болушум керек!

ЖОЛООЧУ. Кимге керек?

КЫЗ. Өкүмдарга! Өкүмдардын өзүнө!

ЖОЛООЧУ. Анда мейли... Бирок жок дегенде арыраак турчу! (Кыз ары басып карап турат. Жолоочу фонтанга келип топчусун чечип, фонтанга сийет.)

КЫЗ. Эй, сен эмне кылып жатасың? Ал жерде касиеттүү жыпар суу да!

ЖОЛООЧУ. Бул – сийдик. Адамдын сийдиги!.. (топчуланат.)

КЫЗ. Мен сени жек көрөм...

ЖОЛООЧУ. Кеч болуп калды, сүйүктүүм... Убакыт калбай калды...

(келе жаткан адамдардын дабыштары угулат.)

ЖЕТИНЧИ СҮРӨТ

Аянтка Сокурду жетелеген Суу Сатуучу, Окутуучу кирип аянттын борборуна келип унчукпай турушат. Эки жан сакчы Падышаны тактысы менен алып чыгышат. Алардын артынан төрт адам чүмбөттөлгөн замбилди көтөрүп келишет. Падышаны тактысы менен фонтандын жанына коюшуп, анын маңдайына чүмбөттөлгөн замбилди жайгаштырышат. Бардыгынын көңүлү Падышага бурулган.

(тыным)

ПАДЫША. Бул ошол кишиби?

СУУ САТУУЧУ. Ообо, өкүмдар.

ПАДЫША. Көрсө ушул экен да... (Жолоочуга.) Сага коюлган шарт эсиңдеби?

ЖОЛООЧУ. Эсимде.

ПАДЫША. Алдыңа ким келсе да жаакка чабасың.

ЖОЛООЧУ. Билем.

ПАДЫША. Өмүрүң, акча, жана үйүңө кайтуу же өлүм.

ЖОЛООЧУ. Түшүнөм!

ПАДЫША (Мугалимге). Буга кандай өлүм күтүп турганын айт.

ОКУТУУЧУ. Сени эритип жиберишет...

(Тыным.)

ПАДЫША. Сен башынан жалган айткан жоксуң, ошондуктан менин кызыгуумду туудурдуң. Бирок сен аягына чейин барышыңды каалайм. Сенин мага жана менин өлкөмө душман экендигиңди билем, ошентсе да сени сыйлагым келет. Билесиңби, сыйга татыктуу душман менен иш алпаруу дайыма жагымдуу... Сен бизди бычымалдар деп атадың, эми өзүңдүн дени таза толук кандуу адам экениңди далилде... (унчукпайт.) Сенин элге айтар сөзүң барбы?

ЖОЛООЧУ. А дегенде элди алып келгиле.

ПАДЫША. Эл бул жерге келбейт. Бизге айта бер.

ЖОЛООЧУ. Эл келбейби?.. Сен эмне менден коркуп жатасыңбы?..

ПАДЫША. Коркуу деген сезим бизде жок. А эмне үчүн билесиңби? Анткени, биз эч качан тобокелчиликке барбайбыз. Айта турган кебиңди бизге айта бер.

ЖОЛООЧУ. Силергеби?.. Жок. Силердин алдыңарда актангыдай эч нерсем жок. (Замбилге бурулат.) Мен тезирээк башташыңарды каалайм.

ПАДЫША. Шашылба.

ЖОЛООЧУ. А мен башташыңарды каалайм...

ПАДЫША. Ашыкпа…

ЖОЛООЧУ. А мен башташыңарды каалайм!..

(Тыным.)

ПАДЫША (Окутуучуга). Баштай бер.

(Окутуучу жай басып барып замбилдин жабуусун ачат.)

ОКУТУУЧУ. Чык. (Эч ким чыкпайт.) Чык деп жатам! (Эч ким чыкпайт.) Чык!... Бүгүн сени эч ким урбайт!..

СЕГИЗИНЧИ СҮРӨТ.

Замбилден кичинекей кыз чыгат. Болжол менен беш жашта. Ыйдан көздөрү шишиген. Ал Жолоочуну карай коркуп бир нече кадам таштайт. Жакын келип туруп калат.

(Тыным)

ПАДЫША. Баштагың келди беле? Баштай бер. (Жолоочу падыша жакка жай бурулат, тиктешип калышат.) Баштай берсең болот.

ЖОЛООЧУ. Ким болсо дагыбы?..

ПАДЫША. Алдыңа ким келсе.

(Жолоочу акырын басып кыздын жанына келет. Олдоксон кыймыл жасайт, кыз чочуп, алакандары менен бетин жабат. Ал кыздын алдына чөгөлөп олтуруп, ага колун сунат.)

ЖОЛООЧУ. Коркпо кичинекей... Коркпо менин карлыгачым... (Кыз алаканын жүзүнөн алат.) Кичинекей алтын кыз, сен кимсиң? Ысымың ким?..

КЫЗ. Нюта...

ЖОЛООЧУ. Нюта... Нютушка... А мен – Володямын.

КЫЗ. Володя...

ЖОЛООЧУ. Канчадасың?

КЫЗ. Жашымбы? Билбейм...

ЖОЛООЧУ. Билбейсиңби... Сага конфет берейин десем, жок болуп жатпайбы... Жанымда конфет жок, түшүнүп жатасыңбы?.. Эгерде сага жолугарымды билгенде!..

КЫЗ. Конфет деген эмне?..

ЖОЛООЧУ. Конфетпи? Бул таттуу... Бул кубаныч...

КЫЗ. Таттуубу...

ЖОЛООЧУ. Бирок менде жок…

(Ал кыздын алаканын колуна алат.)

ЖОЛООЧУ. Сени эмне үчүн уруп жатышат?

КЫЗ. Мен тентекмин... Булардын айткандарын укпаган кежирмин...

ЖОЛООЧУ (Алаканын өбөт). Мени кечирип кой... Менин татынакайым, кичинекей кызым, мени кечирип кой...

КЫЗ. Эмне үчүн кечиришим керек, Володя?

ЖОЛООЧУ. Бардык иштер үчүн, баардыгы үчүн... Кечир мени, сүйүктүүм... Кечирип кой, менин кичинекейим...

КЫЗ. Мен сенден суранам, суранам... күйгүлтүккө түшө бербечи!.. Макул, мен бардыгыңарды кечирем...

(Алаканы менен көздөрүн жабат.)

(тыным)

(Жолоочу өйдө турат.)

ЖОЛООЧУ. Мени алып кеткиле.

ПАДЫША. Ал алсыз болуп чыкты.

ЖОЛООЧУ. Мени алып кеткиле.

ПАДЫША. Сен Окутуучу убада кылгандай жеңил өлүм менен өлбөйсүң. Кандай өлүм менен өлөрүңдү өзүм ойлоп табам, өзүм... (Сакчыларына.) Алып кеткиле!

ЖОЛООЧУ (Кызга). Жакшы кал.

(Аны сакчылар тегеректеген боюнча алып кетишет.)

ПАДЫША. Хан сарайга!..

(Окутуучу кичинекей кызды сүйрөп барып замбилге аркасынан катуу түртүп киргизет. Замбилди көтөрүп кетишет. Окутуучу менен Суу саткыч Падышанын эки жагынан жандап бардыгы чыгып кетишет.)

Тогузунчу сүрөт

СОКУР. Эй, бул жерде ким бар?.. Бул жерде бирөө-жарым барбы?.. (Кыз жооп бербейт.) Бул жерде бирөө калгансыйт... Мени алып кеткилечи, сүйүктүүлөрүм!..

КЫЗ. Жаагыңды басчы!

СОКУР. Сүйүктүүм, сага эмне болду?

КЫЗ. Бул сөздү мага айтпа!.. Экинчи мындай сөздү оозуңа алба!..

СОКУР. Мени жеткизип койбойсуңбу!..

КЫЗ. Өзүң бар, өзүң!.. Сен баарын билесиң, баарын көрөсүң. Бар, каалаган жагыңа кет!

СОКУР. Бирок сен мага жардам беришиң керек...

КЫЗ. Жардам беришим керекпи?.. Жогол!.. Мен эч кимге жардам бергим келбейт!.. Эч кимге, эч качан!.. Жогол көзүмө көрүнбөй, абышка!.. (Сокур кетүүгө аракет кылат. Ал оюн аягына чыкканча, аянтчада чалынып, ары-бери фонтандын айланасында темселеп жүрөт. Кыз ал жөнүндө унутуп, жанаракта Жолоочу экөө турган жерге чөгөлөп олтурат.) Оо, Кудай, мен аны сүйүп калдым... Мен аны сүйөм… Мага кандай оор... Мен аны сүйөм – ошондуктан мага өтө оор!.. Мен аны сүйөм – ошондуктан азап тартып кыйналып жатам... Менин жашагым келбейт! Ансыз жашоо мага кызыксыз!.. Мен аны сүйөм – мен кыйналып жатам... Бирок мындай болбош керек эле да!..

СОКУР. Сүйүктүүм, сүйүктүүм...

КЫЗ. Сүйүктүү экенмин да?!

(Ал Сокурга барып, жаакка чапкылайт. Бир жолу, эки, жолу, үч жолу...

(Тыным.)

СОКУР. Бардыгы үчүн мен күнөөлүүмүнбү?.. (Кыз унчукпайт.) Мени узатып койчу... кудай жалгагыр... (Тыным). Кыз Сокурду жулкулдатып жетелеп чыгып кетет.)

АЯГЫ

Которгон Абирбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз