ТАМСИЛ
Арстан, Эшек жана Түлкү аң уулоого чыгышты. Алар көптөгөн аң-жырткычтарды кармап алышты. Арстан аларды бөлүүнү Эшекке буйруду. Эшек табылгаларды теңме-тең кылып үчкө бөлдү да, мындай деди:
– Кана эми, ала бергиле!
Буга ачууланган Арстан Эшекти жеп салса болобу.
Аңды бөлүштүрүүнү эми Түлкүгө тапшырды. Түлкү олжону бир дөбө кылып үйүп, өзүнө аз гана калтырды. Арстан ыраазы болуп карады да, минтти:
– Акылдуум менин! Мынтип, жакшылап бөлгөндү сага ким үйрөттү?
Түлкү дароо:
– Эшек байкушка эмне болду? – дептир.
Кыргызчалаган Ырысбай АБДЫРАИМОВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR