Лев Толстой: Адилет сот

ЖОМОК

Алжирдин падышасы Баукас, анын шаарларынын биринде адилет сот бар, ал чындык менен жалганды жаземдебей билип, бир да шумпай анын жазасынан кутула албайт имиш  дегенди угуп, өзү текшерип көрмөк болот да,  көпөсчө кийинип, жакшы көргөн жоргосун минип жөнөп кетет экен. Айтылган шаарга кире бергенде, бир майып адам кайыр сурап отурган болот, ага тыйын таштап, жүрө берейин десе, кайырчы жармашып коё бербейт. “Дагы эмне сурайсың, кайыр бердим го? – дейт Баукас. – “Кайырды го бердиң. Дагы бир жакшылык кылчы. Аттар менен төөлөрдүн тепсендисинде калчудаймын, шаардын борборундагы аянтына чейин атыңа учкаштыра кетчи”, - дейт кайырчы.

Баукас макул болуп, кайырчыны учкаштырып алып шаардын аянтына келишет. Кайырчынын аттан түшөр ою жок. Баукас: “Келдик ко, түшпөйсүңбү, - десе, тиги камырабай: “Эмнеге түшөм, - ат меники; унчукпай, өз эркиң менен атты бербесең соттошуп айлаңды кетирем, - дейт. Андайда чогула калган эл:  “Майыптын атын тартып алгысы келген  жексур”, - деп Баукасты жемелеп жатышат. Анын сөзүн угаар киши жок. Экөөнүн талашканын угуп, акыры бирөө: “Сотко баргыла, ал силердин талашыңарды чечип берет”, - деди эле, көпчүлүк колдоп кетти.

Ошентип сотко келишет. Сотко келгендер көп экен, арыздангандарды кезек менен чакырып, талашын угуп, чечимин чыгарып жатыптыр. Баукас менен майыптын кезеги келгиче сот илимпоз менен дыйканды чакырды: алар аял үчүн соттошуп жатыптыр. Бир эле аялды дыйкан менин аялым десе, илимпоз менин аялым дейт. Сот аларды угуп, бир саам ойлонуп: “Аялды мында калтырып, өзүңөр эртең келгиле”, – деп койду.

Андан кийин касапчы менен майчы чакырылды. Касапчы баштан аяк кандын тактары, майчы болсо баштан аяк майланышып жылтырайт. Касапчынын колунда акча салган капчык, а майчы - касапчынын капчык кармаган колун кармап алган. Касапчы: “Мен бул адамдан май сатып алдым да акысын төлөйүн деп капчыгымды сууруп чыктым, бул болсо мени колдон кармап тыйындарымды тартып алгысы бар. Ушул бойдон сага келдик, менин колумда менин капчыгым, а бул болсо менин колумду коё бербей кармап турат. Акча меники, а бул адам – алдамчы жексур”, - деди.

Майчы болсо: “Касапчы калп айтат. Бул менден май алганы келиптир. Мен анын карапасына толтура май куюп бердим. Ал бир алтын акчасын алып чыгып аны майдалап бер деп суранды. Мен күмүш тыйындарды алып чыгып астыдагы текчеге койсом, ал ала коюп качкысы келди, мен колунан кармап алдым да сизге алпкелдим”, - деди. Сот бир паска ойлоно калып: “Акчаны мында таштап, эртең келгиле”, - деди.

Кезек Баукас менен майыпка келип, Баукас кандай болгонун айтып берди. Сот аны угуп болуп, кайырчыны сурай баштады. Кайырчы: “Бул калп айтат. Мен атчан келатсам, бул отуруптур. Атыңа өңөрө кет дегенинен, өңөрүп, айткан жерине жеткирип койсом аттан түшпөй эле ат меники дегенге өттү. Бул калпычы жексур адам экен”, - деди.

Сот ойлонуп туруп: “Атты мында калтырып, эртең келгиле”, - деди.

Эртеси сот кандай чечим чыгарат деген ойдо, сот болуп жаткан жерге көп адам чогулду.

Биринчи болуп илимпоз менен дыйкан келди.

- Өзүңдүн аялыңды алып кет, - деди сот илимпозго, - а дыйканга бирөөнүн аялын талашканы үчүн элүү балак урулсун.

Илимпоз аялын алып, дыйкан жазаланды.

Андан кийин сот касапчынын чакырды.

- Акча сеники, - деди. Анан майчыны карап: - А буга жалган жалаа жапкан үчүн элүү балак урулсун.

Андан кийин Бакуас менен кайырчы чакырылды. “Жыйырма аттын арасынан өз атыңды тааный аласыңбы?” - деп сурады сот Бакуастан.

- Тааныйм, - деди Бакуас.

- Сенчи?

- Мен да тааный алам, - деди кайырчы.

- Жүрү мени менен, - деди сот Бакуаска.

Атканага келишти. Бакуас аттардын арасынан өзүнүн жакшы көргөн жоргосун дароо тааныды. Андан кийин кайырчыны чакырып, ал да атты жаземдебей көрсөттү. Кайрылып сот жүргөн жайга келишти.

Сот  ордуна олтуруп, Бакуаска:

- Ат сеники: алып кет. А кайырчыга бирөөнүн атына көз арткан ач көздүгү үчүн элүү балак берилсин, - деди.

Чечим бүтүп, сот үйүнө жөнөдү. Баукас артынан барды.

- Эмне, менин чечимиме нааразысыңбы? – деп сурады сот.

- Жок, ыраазымын, - деди Баукас. – Ошентсе да аял дыйкандыкы эмес, илимпоздуку экенин, акча майчыныкы эмес, касапчыныкы экенин, ат кайырчыныкы эмес, меники экендигин кантип билип койгонуңду угайын дедим эле.

- Аял кимдики экени мындай болду: эртең менен ошол аялды чакырып алып: менин сыя челегиме сыя куюп кой деп сурандым. Аял сыя челекти алып, тазалап туруп сыя куюп койду. Мунун бардыгын тез жана ыктуу аткарды. Демек, ал ушундай ишке көнгөн. Дыйкандын аялы болсо сыя, сыя челек менен иши эмне, андай кыла албайт эле. Ошондо илимпоздуку туура болуп чыгат. Тыйындар кимдики экенин билиш үчүн мындай кылдым: тыйындарды сууга салып койдум да, эртең менен суу үстүнө май калкып калдыбы деп карадым. Эгер майчыныкы болгондо ал тыйындарды майлуу колу менен кармагандан кийин, майдын тактары тыйында болмок. Жылуу сууда май эрип, калкып калат эле. Май жок. Демек, тыйындар майчыныкы эмес. Ал калп айтты.

- Ат кимдики экенин аныкташ кыйыныраак болду. Тиги майып да, сен сыяктуу эле көп аттын ичинен сенин атыңды туура көрсөттү. Бирок мен силерди атканага силер атты таныш үчүн эмес, ат кимиңерди таанырын билиш үчүн алпкелгем. Сени көргөндө ат сени карап окуранып, мойнун созуп калды. Майып жанына барганда чунаңдап артын салды. Демек, ат өз ээсин таанып жатпайбы.

Ошондо Баукас мындай деген экен:

- Мен көпөс эмесмин, мен сенин падышаңмын. Бул шаарга акылман, адилет сот бар дегенди угуп, өз көзүм менен көрөйүн деп келгем. Сен чындап эле акылман сот экенсиң. Каалаганыңды айт. Сен падышанын сыйына татыктуу адамсың.

Анда сот:

- Менин падышам мени мактаганы мага баа жеткис сый. Мындан артык, башка сыйдын мага кереги да жок, - деген экен.

Которгон Марсел ИСАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз