Лев Толстой: Эки жолдош

  • 13.11.2021
  • 3263
ТАМСИЛ
Эки дос токой аралап бара жатса, алдыдан Аюу чыга калат. Бирөөсү качууга шашып, даракка чыгып жашынат. Экинчиси жолдо калат. 
Айла жоктугунан ал өлүмүш болуп, жерге жата калат. Аюу анын жанына келип, жыттагылаганда ал демин да чыгарбайт. Аюу баланын бети-башын жыттап, “өлгөн экен” деп ойлоп, ары кетет. 
Аюу кеткенде биринчи бала дарактан жылбышып түшүп күлөт: 
– Эмне болду? Аюу кулагыңа эмне деди?
Экинчи бала: 
– Коркунуч болгондо жаман адамдар жолдошун таштап, качып кеткенге маш деп айтты, – дейт. 

Кыргызчалаган Ырысбай АБДЫРАИМОВ


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз