Зайырбек атындагы адабий сыйлыктын лауреаты аныкталды

  • 19.11.2021
  • 4863

Таланттуу акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты “РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду негиздеген.

Аталган сыйлык жыл сайын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарыларын маалымдаганбыз. Арийне, белгиленген мөөнөткө чейинки 35 жашка чейинки жаш акындардын катышуусу солгун жана калыстардын купулуна толбогондугуна байланыштуу, уюштуруучулар тарабынан конкурс мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган. Адабий конкурстун катышуучулары арасында жеңүүчүнү “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу аныктады.

Конкурс шарты боюнча “Казына” тобунун мүчөлөрү: Үмүт Култаева, Абдыкерим Муратов, Айсулуу Көкөева, Садык Алахан, Амирбек Азам уулу, Жолдош Турдубаев, Тайир Аширбай, Шабдан Сулайманов, Азамат Омош, Түмөнбай Колдошов, Улукбек Омокеев, Абдысамат Сарала жана Олжобай Шакирдин катышуусу менен көркөм талапка жооп берген эки акындын чыгармачылык камылгасы ачык талкууланды. Бири – Айзат Кудайберди кызы, экинчиси – Мелис Маматжан уулу.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мелис Маматжан уулуна 7 упай, Айзат Кудайберди кызына 5 упай берилди.

Сыйлыктын жеңүүчүсү Мелис Маматжан уулуна “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фондунун демөөрчүлүгү менен Зайырбек атындагы төш белги, диплом жана 100 миң сом ыйгарылат.

Эскертүү: 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү. “РухЭш” сайты 2020–2021-ж.ж. (ковидге байланыштуу) уюштуруп келген жалпы үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу аземин ушул жылдын 12-декабрында уюштурат. Учурда үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүп жаткандыктан, кошумча маалымат жакынкы күндөрү жарыяланат!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз