Зайырбек атындагы адабий конкурска
* * *
- Эсиңдедир...
Бакыт эмес, байрак эмес
Колдоруңа ыр уучтап
жолуккансың. Болгом сага
балалыктай бир үзүм.
Күн көтөргөн балалыктай,
Балалыктай жомокчу,
Балалыктай чачы тармал,
Балалыктай күлкүчү.
Билбейт элем өзүмдү да,
Билбей жаздым ырларды.
Билет элем бар болгону,
Деңиз сендей экенин!
Жүзүндөгү жылмаюуга,
Төрөлө элек сүйүүнү
алмаштырган. Айыбы жок
кичинекей жүрөгүндө
Асманы бар кыз элем.
Көздөрүнө жылдыз конгон,
Көздөрүнөн Күн учкан
Бир сүйүүнү ырдаймын деп,
Кеткен ал кыз алыска.
Айткан жокмун көп нерсени,
Айтсам болот – кыямат.
Калтырбадым сага кат да,
Калтырбадым ыр жазып.
Бир сүйүүнүн жөнүн ырдап,
Бакыт кеткен ортодон.
Жаза белең, жара белең
Же жазыксыз сүйүүбү?
Күтүүлөргө курман болгон,
Күндөн, суудан таптаза
Ырлар жаздым көзү жаштуу,
Ырлар жаздым күлкүсүз.
Жүрөгүңө жамгыр жаабай,
Жүзү тунук кар учпай.
Билем азыр жүрөгүңдөн
Үнүн уктуң шамалдын.
Жалгыз гана сени ырдап,
Ыр жазсын деп сен жайлуу,
Кудай мага берген сени!
Бакыт эмес ыр кылып.
Буту жерге, Күнгө тийбей,
Асман менен чуркаган.
Экөөбүздүн ак сезимди
Улуу жолдор уйпалаган,
Улуу жолдор кошпогон.
* * *
Жашайт элең сен тоолордо,
Жазат элең жасалмасыз ырларды.
Ырдайт элең жарык, күңүрт дүйнөнүн
Жалаң ак кар, жалаң жамгыр кечтерин.
Ак элең сен, ак дүйнө элең,
Айталбаган сөздөрүң да ак эле.
Айтып койгон сөздөрүң да ак эле.
Топурактан бүтпөгөн бу турпатың
Турар эле тумандан да иргелип.
Бир күн келер, бир күн келип,
Турмуш сага сүйлөттүрөт.
Көздөрүңө жарашпаган сөздөрдү
Тартып алат сенден деңиз толкунун,
Тартып алат жүрөгүңдү дүкүлдөк.
Унутасың болгонуңду ымыркай,
Унутасың бөлөнгөнүң бешикке...
Деңиз болбой каласың сен бир күнү,
Оюнчугу болосуң сен шамалдын.
Көп жыл бою талаа болуп ыргалып,
Тонолосуң кыштын муздак суугуна,
Тазарасың кыштын таза жытынан.
Деңиз кирет шондо сенин түшүңө...
Шондо согуп баштайт кайра жүрөгүң.
Азыр эмес, азыр эмес каралдым.
Ошондо кел жолугууга.
Айтып бергин балалыкты,
Ырдап бергин мен жактырган ырларды.
Ачкын мага жүрөгүңдү
Өзүңө өзүң ача элек.
Азыр эмес, азыр эмес, каралдым...
* * *
Мен кетемин жакында,
Калаага түтүн менен туман толгон.
Калаага тоолору жок,
Оорусу көп.
Сен каласың тоолордун арасында,
Ак бойдон, таза бойдон...
Үйрөнөсүң тиктегенге дүйнөнү
тоолордун көзү менен.
Тоолордун үнү менен
жазасың таза ырларды.
Кудайдын көзү менен караганда
бактылуусуң!
Бакытсың - башкаларга берилген энчиленип.
А магачы?
Бакытсың кескиленген.
Жарыксың жүз бөлүнгөн.
Деңизсиң түшүмдөгү.
Эми мен,
Түшүмө деңиз кирбей,
Жазамын унчукпаган Асман ырын,
Жазамын сүйлөбөгөн талааларды,
Жазамын эстеликтер жөнүндө
ыйлай албас.
Жазамын окулбаган китептерди.
Жүрөгүң мен тыңшаган,
Кетемин кичинекей,
Кичинекей жүрөгүмө батырып.
Сен мени алып салгын турмушуңдан,
Силкип сал жүрөгүңдөн алпейим бир.
Мен сага сүйүү эмес,
Болгонмун тандоолордун мекениндей
Мен кетемин жакында,
Калаага түтүн менен туман толгон.
Сен каласың тоолордун арасында
Ак бойдон,таза бойдон...