Мелис Маматжан уулу: Шамалда кумдан дубал курмай болдук...

  • 07.06.2021
  • 15111

Зайырбек атындагы адабий конкурска

Ыйла, бөбөк

Сыртта жамгыр мууну бошоп шолоктойт,
Тар бөлмөдө турмуш күүсүн тыңдаймын.
Ыйла бөбөк, көз жашыбыз опокшош,
Сен сыртыңдан, а мен ичтен ыйлаймын.

Бороон улуйт муңум менен эшикте,
Бекем турам муз күндөргө көшөрө.
Сенин ыйың мен терметкен бешикте,
Менин ыйым жарык жуткан көчөдө.

Туйлап, тердеп жуурканыңды ачасың,
Өзүңдү-өзүң таппай жаткан сыяктуу.
Жарык издеп балким  ыйлап жатасың,
Жандырайын бөлмөдөгү чыракты!

Бөбөгүм-ай, туйдуң бекен санаамды?
Буюккан күн чөк түшүрдү чамамды.
Бул бөлмөнүн ичи сага караңгы,
Бул бөлмөнүн сырты мага караңгы...

Чыгыш-батыш, түндүк-түштүк уюлдай,
Биз адамдар алыстыктан алыспыз.
Сенин ыйың тирүүлүктүн ыйындай,
Өлүү жандай биз ыйлабай калыппыз.

Жүрөгүмдө боздоп турат ыр-шамал,
Тазартайын көз жашыңан дүйнөмдү.
Ыйла бөбөк, ыйла мейли, ыйлап ал,
Үйрөтүшөт кийин жалган күлгөндү.
Үйрөтүшөт сага жалган күлгөндү.

*     *     *

Доошун угуп турдук үнсүз жамгырдын,
Дүкүлдөгөн мезгил сааты шашпачы!
Өкүмүнө моюн сунуп тагдырдын
Өмүрүңдүн түшкөн тура ак чачы.

Жолугуштук ый көчөдөн. Айыптуум
көрөр замат жүрөк сынды, Күн сынды.
Кечки күздөй салкын тартып калыпсың,
Өзгөртүптүр мерез турмуш күлкүңдү.

Кир дүйнөнү каректерде тунутуп,
кобураштык. Бирок баары кеч дедим.
Ак жоолукчан турганыңды унутуп,
Шарф оронгон мезгилиңди эстедим.

Мейли мени айыптасаң айыпта,
Жеңилсек да сүйүү үчүн күрөштүк.
Биз экөөбүз жетпеген соң бакытка,
Неге бакыт туурасында сүйлөштүк?!

Өткөн күндү ырлар менен өгөөлөп
жүрсөм дагы бакыт конбойт туурума.
Биз бакытка жетпеген соң экөөлөп,
Бакыт деген ысым койгун уулуңа.

Бакыттын бар экендигин сездирип,
Бакыт деген ысым койгун уулуңа.

*      *     *

Азыр мен сени таппай ооруймун да,
Азыр мен өзүмө-өзүм дарыгермин.
Аралык ортобузда сынган күзгү,
Андан биз көрө албайбыз айыл жерин.

Жашоону балалыктай элестетип,
Шамалда кумдан дубал курмай болдук...
Сүйүүнүн жеңишине чогуу жетпей,
Сүйүүнүн согушунда курман болдук!

Чертилбейт кайра эми эски күүлөр,
Жомокко сиңип кеткен эскерүүлөр.
Экөөбүз кезикпейбиз, кезикпейбиз...
Экөөбүз кезиккенде жол түгөнөр!?

Көкүрөк үнү

Изимди аппак карга таштагым бар,
Көлчүккө бут тийгизбей жашагым бар.
Ылайга жууруп салып турпатымды,
Ылайдан кайра өзүмдү жасагым бар.
Бөксөрүп өзүмө-өзүм толбой турам,
Билсеңер туман баскан жолдо турам.
Атамдын жалгыз уулу болгон менен,
Адамдын анык уулу болбой турам.

Адашып түшүп акча базарына,
Жанчылдым бул жашоонун азабына.
Көө болуп колум турат от жагалбай,
Карарган бул турмуштун казанына.

Өзөктү өстүрбөстөн балталадым,
Өзүмдү бүлүндүрдүм, талкаладым.
Өлкөмө мөндүр төгүп турса дагы,
“Өлбө” деп өз жанымды калкаладым.

Табалап күлбөй кайра түздөгүлө,
Тамырда кан айланат үзбөгүлө.
Тазалык, аруулукту издеп кеттим,
Жоголсом айылыман издегиле...
Жоголсом кыштагымдан издегиле.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз