Бир жолу кышында дыйкан токой аралап келатса алдынан шайтан чыгат. Экөө сүйлөшө кетип, дыйкан шайтанга “сен” деп кайрылат. Шайтанга мунусу жакпай калып мындай дейт:
- Сен эмне, сенсирейсиң эй?! Мен сенден канча жаш улуумун!
- Мен шайтандардын жашын билбейм. Мага жаш эле көрүнүп атасың, - дейт дыйкан.
- Мен өтө көп жашка чыккам. Эгер сен азыр канча жашка чыкканымды болжолдоп туура айтчу болсоң, мен сага үч кап алтын берем, - дейт шайтан.
Дыйкан ойлоно түшүп мындай дейт:
- Мага ойлонгонго убакыт бер. Эртең дал ушул убакта, дал ушул жерге келсең канча жашта экениңди айтам.
- Мейли, - дейт кыларга иши жок шайтан.
Дыйкан ары ойлонуп, бери ойлонуп, эртеси шайтандан мурда келип, бадалдардын арасында жашынып жатат. Ал шайтан бул жерге пайда болору менен күкүкчөсүнөн үн салып чакырат:
- Күкүк, күкүк, күкүк!...
Муну уккан шайтан абдан таң калганынан сүйлөнүп жиберет:
- Жер жүзүндө токсон тогуз жылдан бери жашап келатсам да, күкүктүн кышында үн салганын биринчи жолу угушум! Кудая тобо-о!..
Дыйкан бир азга жашынып жатып, жаңы гана пайда болгонсуп шайтандын жанына басып келет.
- Кана айт! Мен канча жаштамын? – дейт шайтан.
- Сен быйыл токсон тогуз жашка чыгыпсың! – дейт дыйкан ишенимдүү.
Өзүнөн башка эч ким билбеген жашын билип койгон дыйканга таң калган шайтан өз сөзүнө турбаска аргасы калбайт. Ошентип үч кап алтынга ээ болгон дыйкан жыргап-куунап жашай баштаптыр.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ