Билим дегенге караганда үйрөнүү түшүнүгү маанилүү

  • 01.03.2024
  • 2649

 

Алыста бирине бири караан болуп жүргөн мекендештерибиз бар. Арасында илим-билимге баш койгондору коммуникациялык байланыш үчүн Karaan Global аталышындагы медиа аянтча куруп алышканы кубандырат.

Максаттарысапаттуу контент жаратып, дүйнөдөгү күргүштөгөн маалымат селиндеги жаңылыктарга, окуяларга анализ жүргүзүп, көзкарандысыз медиа катары түзүлгөн. Жалпысынан дүйнөлүк тенденциянын Кыргызстанга тийгизген таасирлерин чагылдырып келишет. Ошондой эле кичинекей мамлекетибиз дүйнөдө кандай чагылдырылып, кандай таасирлерди жаратып жатканын талдоого алган алыскы Германиядагы мекендештерибиз Рахат Жолдошалиева менен Гүлзат Баялиеванын төмөндөгү маегин “РухЭш” сайтынын окурмандарына тааныштырууну эп көрдүк...

О.э. алыста бирине бири тирек, эш болуп жүргөн мекендештерибиздин КАРААН деген аталыштагы көз карандысыз платформасына дайыма баш багып турсаңыздар болот. Медиа сабаттуулук үчүн бул платформа баарыбыз үчүн маанилүү!

Рахат Жолдошалиева

Саламатсызбы, Рахат! Сиз көп өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп, билим тармагында иш алып жүргөнүңүздү билебиз. Учурда кайсыл жакта иштеп жатасыз?

– Рахмат, Гулзат айым. 2017-жылдан бери Германиянын Гамбург шаарында, ЮНЕСКОнун Өмүр бою үйрөнүү Институтунда эмгектенип келем. Биздин институт ЮНЕСКОнун биринчи категориясындагы институттардын бири болуп эсептелет. Негизги жоопкерчиликтеримдин арасына мүчө өлкөлөрдүн өмүр бою үйрөнүү боюнча саясатын өздөштүрүү, потенциалын жогорулатуу, ошондой эле эксперттик анализ, тренингдерди уюштуруу кирет.

ЮНЕСКО уюмунда кайсы кызматты аткарасыз? Кандай маселелерди карайсыңар?

– 29 мүчө мамлекеттерден турган Сабаттуулук боюнча Дүйнөлүк Альянстын секретариатынын жумушу үстүнөн иш жүргүзгөн топту жетектейм. Командабыздын максаттарына 15 жаштан жогору адамдардын базалык сабаттуулугу боюнча улуттук саясатты жакшыртуу, сабаттуулукту өлчөө жана тестирлөө боюнча механизмдерди жана инструменттерди иштеп чыгуу кирет. Андан сырткары, улуу курактагылардын арасында санариптик көндүмдү өнүктүрүү, үй бүлөлүк үйрөнүү жана башка аярлуу катмардагы адамдарга багытталган үйрөнүү программаларды ишке ашырып келебиз.

Билимдин өзөктүү темаларын дүйнөлүк масштабда караган инсан – биздин мекендешибиз экени кубандырат. Мындай кесиптик кызматты аркалаш үчүн абдан чоң эл аралык тажрыйба керек! Алгач эмгек жолуңуз кантип, кайсыл жерде башталган эле?

– Бир топ жыл Кыргызстандын жана Пакистандын университеттеринде билим берүү тармагында эмгектенип, 2009-жылдан тартып Канаданын Торонто Университетинде Билим берүүнү изилдөө онтарио Институтунда докторлук программасында окудум. Ошону менен бирге докторантурада окуп жүрүп, кыска мөөнөттүү долбоорлор менен аралашып жүрдүм. Мисалы, ЮНИСЕФтин Дүйшөмбү кеңсеси аркылуу Тажикстандын Билим берүү министрлигинде үч жылдык билим берүү планын иштеп чыгууга көмөк көрсөттүм. Канадада болсо “Райт Ту Плей” (Right To Play) аталган уюмда мугалимдер үчүн усулдук колдонмону иштеп чыктык. Ал колдонмо оюн аркылуу базалык сабаттуулук жана математиканы үйрөнүүгө багытталган.

Докторантурада окуп жүрүп, Торонто Университетинин өзүндө изилдөөчү болуп бир топ жыл иштедим. Мугалимдерди даярдоо боюнча программада окутуучунун ассистенти болуп да жүрдүм. Кийин Түштүк Суданда гендердик сезимтал педагогика жана билим берүү боюнча долбоорго салым кошуп, ал жакка миссияга бардым. Андан кийин Афганистанда Билим берүү министрлигинде иштеп, бир жылдай Кабулда жашадым.

Сиз менен бир эмес, бир нече жолу ар бир жашап, эмгектенген өлкө жөнүндө сөз кылсак болот экен. Кабулдагы жумушуңуз билим берүүнүн кайсы багытында эле?

– ЮНЕСКОнун Афганистандагы эң көлөмдүү жана комплекстүү долбоорлорунун бири болгон сабаттуулук боюнча долбоордун алкагында иш алып бардым.

Фейсбук баракчаңызда өзүңүз окуган адабий китептердеги ойлорго саресеп салып, окурмандарды кызыктырып жүрөсүз. Китеп окуунун зарылчылдыгын, өмүр бою үйрөнүү түшүнүктөрүн баса белгилеп жазасыз. Ушул нерселер жөнүндө кененирээк сөз кылалы бул маегибизде.

– Жакшы байкаган экенсиз. Жоопкерчилик жогору болгон сайын, стресс ошончолук арбыйт экен. Азыркы жумушумда кээде ушунчалык кыска мөөнөттө жана жогорку деңгээлде иш-чара өткөрүү керек болот. Аны уюштуруу жана даярдоо кылдаттык мамилени талап кылат. Ошондо өзүмдү алаксытуу аракети менен адабий китептерди көп окуй турган болдум. Университетте иштегенде да көп адабий чыгармаларды окучумун. Бирок атайын стресстен арылуу үчүн эмес, көбүнчө ырахат алуу үчүн. Өзү кичинемден адабиятты жакшы көрөм. Атам-апам китеп окуганын көрүп өстүм. Кичинекей кезимде алар китеп окуп жатып уктаганын көрүп, китепсиз уйку болбогондой сезилчү.

Китеп окуу үй-бүлөдөн калыптанган экен да. Кандай сонун!

– Ооба, кичинебизде чоң атабыз китептерден эпосторду үн чыгарып окушубузду суранчу. Ал биздин үйгө келип китеп окуганын кунт коюп угат элек. Бир абам (атамдын агасы) мектеп директору эле, анын өздүк китепканасы ушунчалык бай жана укмуштай кенч сезилчү. Китеп дүйнөсү ушунчалык сырдуу жана дүйнөнүн ачкычы бардай, өзүнө конокко чакырып тургандай эле. Ошондон бери китепке болгон сүйүүм күчтүү. Гамбургда жумушум көп болуп, кол бошобой жатканына карабастан, азыркы табитиме ылайыктуу адабий китептерди издеп, аларды сатып алып, өзүмдүн жеке китепканамды байыта баштадым. Абамдын китепканасы мен үчүн абдан чоң таасир калтырган окшойт. Ар кайсы өлкөдө көчмөн сыяктуу жашоонун бир кемчилиги – көчкөн сайын китептериңди башкаларга белекке берүү, эски китептерден ажыроо.

Бизди суктандырып, мотивация берип фейсбукка китеп окуу боюнча жазганды уланта бериңиз. Билимди дагы кандай өрчүтүп, жайылтса болот?

– Менимче, азыркы доордо үйрөнүү түшүнүгү билим дегенге караганда маанилүү. Билим десек формалдуу алган диплом же сертификат менен чектелип, ийкемдүү түшүнүк катары кабыл алынбайт. Үйрөнүүнү үйрөнүү – бул мезгил талабы. Ушул түшүнүктү кеңири таратсак, көп салым кошот элек.

“Өмүр бою үйрөнүү” дегенди да жазып жүрөсүз, ал өзүнчө бир чоң түшүнүк окшойт?

– Ооба, ал боюнча чоң долбоорлор, аныктамалар иштелип келет. Ага кененирээк, өзүнчө дагы токтолсок болот. Азыркы заманда өмүр бою үйрөнүүгө көбүрөк шарттар бар. Мисал үчүн, өтө көп чыгымы жок арзан курстар, өз алдынча үйрөнө алган бекер платформалар, компьютердик жана мобилдик тиркемелер бар. Ошондой эле түрдүү китептер, китепканалар жайнайт. Чынында азыр маалымат басымдуулук кылган доордо жашайбыз. Бирок кыргыз тилинде жеткиликтүү билим булактары тартыш, бул маселени баса белгилейм! Өмүр бою үйрөнүүнүн шарттарынын бири – бул жеткиликтүү, акысыз, керектүү тилдеги билим жана маалымат булактары. Мамлекеттик саясат мына ушуга окшогон шарттарды түзүү жана башка бейөкмөт уюмдарды тартып кеңейтиш керек.

Ойлоруңуз менен бөлүшүп, маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат! Дүйнөнүн билим тармагына кошуп жаткан салымыңыз абдан зор экенин түшүнүп, сизге күч-кубат, бекем ден-соолук каалайм.

Маектешкен Гүлзат БАЯЛИЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз