ТАМСИЛ
Карга үзүм эт таап алып, даракка конду. Түлкүнүн эт жегиси келип, ага жакындады:
– Эх Карга! Сени карасам, алдагы кооздугуңа жана тулку-боюңа караганда падыша болушуң керек эле да! Эгер үнүң дурус болгондобу, сөзсүз падыша болмоксуң.
Муну уккан Карга оозун ачып, үнүнүн барынча каркылдап коё берди. Ошондо оозундагы эт ыргып кетти. Түлкү этти илди да, минтип жылмаңдады:
– Эх Карга, сенде акыл да болгондо чыныгы падыша болмоксуң, – деди да жолго түштү.
Кыргызчалаган Ырысбай АБДЫРАИМОВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR