Махабат Касейинова: Ыр издеген ушул күндөр курусун

  • 14.12.2021
  • 2768

*      *      *

Айыл, турмуш,  азан-казан,  дүйнө,  күн,
Ай чапчыган сезимдер жок менде бир.
Асылдыктан аласалып баратам, 
Акындыгым билесиңби сен деги?..

Күндө ушул, күткөн нерсем белгисиз,
Күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.
Үй турмушу – үңүлдөгөн бир дүйнө,
Калем сынат, жазыла албай ыр калат.

Бирөөлөрдүн айтып үйүн,  бак-шагын,
Бирөөлөрдүн санап дүйнө,  мал-жанын,
Элдин шары менен жашап үйрөндүм,
Элестете албастырсың калганын...

А ырларчы,  мунарыктайт алыстан
Алда неге таарынгандай карашып...
Анда-санда көз саламын ага да,
Айнектердин чаңын сүртүп баратып.

Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшсө да,
Мендеги ойлор билем бир күн биригет.
... Айнек сүртүп,  алыстарга тигилип,
Акындыгым эске түштү бул ирет.

Айыл,  тагдыр,  азыноолак оокат-жай,
Ай чапчыган сезим кайда мендеги?
Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү,
Акындыгым билчү белең сен деги?..

*      *      *

Көпкө кийдим,  көйнөгүм да эскирди,
Көргүм келбейт бул күндөрү эч кимди.
Карегимде оту барын кусанын
Кимдер билди? Ким билсе да кеч билди.

Уйкусурап атат азыр ак таңым,
Уйкусурайт иш кылганым,  басканым.
Үйүм күңүрт,  күүгүм тартса айлана
Үргүлөөнүн үлгүсүндөй ак шамым.

Күмөн ойлор үмүтүмдү кыскартып,
Күндөн-күнгө өңүм барат суз тартып.
Жүрөгүмөн тыз эттирип миң ирет
Чыгат азыр салмагы оор туз калкып.

Кадимкидей күлүп тосуп күзүмдү,
Баштагыдай жаркыса дейм жүзүмдү.
Көктү жиреп баскан кездер каякта?
Жер бетинен таппай жүрөм изимди…

*      *      *

Алган өңдүү бакыт мени туткундап,
Аяп жашайм өзүмдү анда кысылган.
... Келди-кетти тагдыр болду демекмин,
Кербен өңдүү өтүп кетсе тушумдан...

Бирде аяп,  бирде өзүн жек көрүп,
Ар кыл ойго батат кимдер менчелик?
Башыңды ийип жашоо турмуш каарына, 
Коркоктук же боштук,  балким пенделик...

Бактысы үчүн жарым менен балдардын,
Бар күчүмдү жумшаганым туурадыр.
Багы ачылбай ыйлап кетер көп болсо,
Бала күндөн көөдөнүмө сыйган ыр.

МЕКЕНГЕ
Мекен-эне,  мен түшүнбөй баркыңды, 
Мекен-ата,  айта берип дартымды,
Сурабапмын сендеги абал кандайын,
Сурабапмын бүтүнүңдү,  жартыңды...

Миңи келди миң бир түрлүү сүйлөдү,
Бирок сага  бири чындап күйбөдү.
Кайдан таап, кантип кадап бере алам,
Кымкабыңан катар түшкөн түймөңдү?!

Арыздансаң,  айтсаң  көптүр арманың,
Көркүң кетти тытмаланды жан-жагың.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
Сени бүтүн сакташса дейм балдарым.

Уулум,  кызым менден сага аманат.
Качандыр бир карлыгачтай сабалап,
Жаным сенин асманыңда айланып,
Деним сенин кучагыңдан жай алат.

Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
Сени бүтүн сакташса экен балдарым.

*      *      *

Ал жылдарды карабай өт,  ал жылдар,
Алып учкан жаштык,  мастык чагыдыр.
Бирөөнү ыйга жетелеген жол болуп, 
А бирөөнүн ааламда жок багыдыр.

Ал жылдарды жайына кой,  ал жылдар,
Миң толгонсо,  кайра ордуна келбес иш.
Курган үмүт,  кургак акыл андагы
Бир багытка түштү бекен,  белгисиз...

Келечек күн үлбүрөгөн шам болуп,
Корксо коркуп жүргөн чыгар каргыштан.
Азыр бизге ак,  карасы  керексиз,
Ал жылдарды карабай өт андыктан!..

ЖӨН ГАНА УЗАП КЕТЧИ
Көңүлүм калып бүгүн башкалардан,
Карегим жаштап алам.
Ырымды окуп берем, 
өзүңө арнап жазып
жаттап алган.
Угуп кет ушул жолу суранамын,
Уялап алган санаа жүрөктөгү,
Уюлгуп жаткан муң-зар чыгып кетсин.
Суранам ушул ырым угуп кеткин.
Жапжаңы ыр жазайын анан кайра,
Жарыгым биротоло сүйдүрүп кет.
Шашсаң да жумушуңа,
Шамымды биротоло күйдүрүп кет.
Уккан соң бул ырымды,
Баштаба бирок жаным узак кепти.
Күлбө да,  муңайба да,
Жөн гана ойлуу тартып узап кетчи,
Жөн гана узап кетчи.

*      *      *

Ырларыңыз жүрѳгүмдү эзди,  эх,
Ыйлап туруп окуп чыктым бир кечте.
Жан дүйнѳңүз ооруп анан дирилдеп,
Жазгандырсыз баркыңызды билбеске.

Кай бир кезде жашоо-турмуш,  кѳр-тирлик,
Кандай десем,  чоочун мага,  ѳѳн мага.
Ымандай сыр бул мендеги келиңиз,
Ыр окушуп кайталычы жѳн гана.

Үшкүрѳрсүз,  алда кандай ой басып,
Үй-бүлѳңүз...  аны мен да түшүнѳм.
Билем сизди коё бербес боору ооруп,
Бир селкиге жалгыздыктан үшүгѳн…

*      *      *

Жаңы алган кѳйнѳгүмдү кийип алып,
Жаныңа баргым келди азыр эле.
Утурлап тосуп алчы,  элестетем,
Ушул күн ѳмүрүмдүн жазы беле?

Каарданган кыштын суугун тоготпостой,
Кадимки жаз жыттанган шамал тышта.
Мен эмес,  сагынычтан жабыркашып,
Нааразы болгондор кѳп ушул кышка.

А менчи,  жаңы кѳйнѳк сатып алып, 
Балача кубанычтан күлүңдѳгѳн.
Ѳң-түсүн,  жарашыгын улам айтып,
Кѳп ирет кийип кѳрдүм сүйүнгѳндѳн.

Ѳрѳпкүйм кѳйнѳгүмдү кийип алып,
Ѳзүңѳ жѳнѳйм азыр,  каяктасың?
Жандаган сендей адам бар жанымда,
Жапжаңы кѳйнѳк кантип жарашпасын.

*      *      *

Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени?
Билбейм не деп айтат экен эл мени?
Периштедей деле жашай алмакмын,
Пенделикке түртүп кеттиң сен мени.

Карап коюп күндүн чыгып,  батканын,
Карап коюп булут чалган асманын,
Келем жашап мен да сендей  күнөөлүү,
Бул турмуштун кечип чаңын, баткагын.

Улам барат күндөр чачтай суюлуп, 
Улам жашоо мага кызык туюлуп.
Жамгыр менен бир ыйладым,  тазардым,
Жамгыр болду жашым менин куюлуп.

Тазарса дейм,  ой-тилектер мендеги,
Тазарса дейм бүт адамзат жердеги.
Периштедей келет жашоо кечиргим,
Пенделикке түртпө кайра сен мени.

*      *      *

- Сен жазган ыр сонун экен.
- Сонунбу?
- Сонун экен,  кайра-кайра уккум бар.
Көңүлүмдү көкөлөгөн бүгүнкү
Көтөрүңкү маанайымды сүйүнтүп,
Көпөлөктөй ушул күнү учкум бар.

Ыза болор бир сөз айтып койбогун,
Арсар эмес тунук болсун ойлоруң.
Аалам тынчып таттуу уйкуда жатканда,
Аруулукту ыроологон ак таңда
Абай салчы айтып берем болгонун.

- Жаңы ыр жаздым,  сага жазган алгачкы ыр,
Саамайымды сылап айттың “жакшы экен”.
Бүгүн менде сүйүү кайра жанданды, 
Бүгүн чындап таппай жаттым айламды.

- Сага жазган алгачкы ырым...
- Жакшы экен.
- Сага ыр жазуу кандай бакыт,  бах десең!

ДҮЙНӨ – КҮН
Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, 
Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө.
Аргымактын алыс чабар багытын
Албай жүрөт айрымдары көңүлгө...

Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ, 
Бүтпөс сапар билбейм качан башталган?
Жаңы багыт жарата албай өзүбүз
Жолду басып келатабыз тапталган.

Алгач келип бул дүйнөгө жаралып, 
Ата-энеден алган кезде жаңы ысым,
Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн,
Билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.

Жолугарсың сени билбес жандарга, 
Баалай албас адамдарга жолдогу.
Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамды
Ак тилегиң арнап койчу болгону!..

Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн, 
Ойлонгонум аалам,  асман жөнүндө.
Сен сен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,
Мен мен бойдон калсам экен көңүлдө!..

*      *      *

Ушул чөйрө,  уңгу сөздө маани жок, 
Уккан ушак,  салыштыруу тажатты.
Ишеничим бирок дале өчпөдү
Издеп барам суусу мөлтүр башатты.

А чынында булар мага керекпи?
Бирөөлөрдүн нанды кандай жапканы,
Бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы,
Бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы...

Карегимде калган изди жашырып, 
Көр оокатты улап кеттим дапдаяр.
Кагаз акчаң жетпей жатса бирине
Калем алба,  камыр жайчу тактай ал!

Жайбаракат күн кечирип эрте-кеч,
Жашасаң да өмүр өтүп бир кылым.
Алып-учкан кыялыңды токтотчу
Акындыгың алар үчүн бир тыйын.

Көз жиберип алыс-алыс жактарга, 
Көрүнгөнгө ага берчү жаш кайда?
Ызалыкты алмаштырып күлкүгө
Ыр чиймеле камыр жайчу тактайга!..

Мен тандаган жолдор алып шаштымды,
Сен тандаган жолдон таап бактымды,
Ыр издеген ушул күндөр курусун,
Дагы деле жарата албай жакшы ырды,
Дагы деле жаза албадым жакшы ырды...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз