Жылкычы Жапиев: Үч жүз жыйырма тепкичтүү үй

  • 16.12.2021
  • 2717

АҢГЕМЕ

Жеӊиш майрамы ал үчүн ыйык. Бул күнгө кан кечип жүрүп жеткен. Далай полктошторунан ажырап, өлүктөрдүн үстү менен басып, чөп чапкандай кыйраган чабуулда аман калып, үй бүлөсүнө кайрылып келген. Эки жолу жаракат алып, дарыланган соӊ кайра согушка кирген. Москва четиндеги согуштан Берлинге чейин пулемётту жөө сүйрөп жеткен. Жеткиче тѳрт жыл ичинде төрт пулемётту алмаштырды. Үчөө ар кайсы мамлекеттерди душмандардан бошотуу согушунда талкаланды. Расчёттогу далай жоокерлерден ажыраган. Төртүнчү пулемёту менен Жеӊишти тоскон. Анан согуш бүткөндөн кийин үйүнө кайтаарда душмандарга ажал чачкан ошол каралжын жашыл боёк менен сырдалган пулемётун өөп кош айтышкан. Ал экөө сырдаш, бирине бири опол тоодой ишенич артып, жөлөк-таяк  жанбирге дос болучу.

- Сен экөөбүз антыбызды так аткардык, убадада турдук. Душманды жеӊдик. Кайыр, кош!- деген Абит аскерден бошоп кетип баратканда.

Эшелон жолдон вагондорун улам калтырып отуруп Абит түшкөндөн кийин акыркы үч вагон андан ары борборду кѳздѳй кетти. Кичинекей вокзалда аскер кийимчендер толтура, тосуп келгендер да кѳп.

Тосуп келгендер менен аскер адамдары кучакташып, өбүшүп, ыйлашып көрүштү. Заматта чуру-чуу түшүп, аталарын тааныбай калган балдар апаларына качып, ыйлап жүрүштү. Атасын тааныгандар апасынан мурда жетип барып, аталарын моюндан кучактап, токтоп турган вагонго түшүп, кайра кетип калчудай жармашып коё беришпейт. Абышкалар жүрдү сакалынан ылдый жашы куюлуп. Беттерин кат-кат бырыш-тырыш баскан кемпирлер кемшеңдеп, кѳздѳрүнүн жашын этектери менен сүртүп, булар жүрүштү согуштан аман-эсен келген балдарын чын кѳргѳнүнѳ жетине албай. Аталарын тааныбай качып ыйлаган киченекей наристелерден бѳлѳктѳрүнүн кѳздѳрүнѳн чыккан жаштар тѳрт жыл бою күнү-түнү тыным албай күткѳн кубанычтын, сүйүнүчтүн жашы болучу.

Атчандар, арабалар вокзалдын айланасында толо. Жонуна боз баштыктарын асынып, эки балдак менен чолтоңдоп жүргѳндѳр бар. Эки колдоп таягына салмагын салып сүйѳнүп, кадам таштаган сайын ээгин тиштеп, кыйналганынан тердеп кеткен жарадарлар жүрѳт. Кээ бирѳѳлѳр бир колуна таяк кармап, аксап, эки жагын элеңдеп, тууган-туушкандарын издейт. Башын таңгандар, колун таңгандар бар. Айтор согуштан кайткандардын жарадарлардан соолору, соолорунан жарадарлары арбын, теңме-тең. Анан бир аздан соӊ аскери, жөн адамдары аттуулары аттарына минип, арабага түшүп, унаалары жоктор жөө жөнөп кетишти. Эртеден бери азан-казан элге толгон вокзал менен тээ капакайдагы согуш ѳртү ѳчкѳн чѳлкѳмдѳн жеңиш алып келишкен жоокерлерди тартып келип,  кошумча арткы бош темир жолго токтоп турган күрөӊ кызыл вагон экөө ээн калды.

Буерде эч өзгөрүү болбоптур, Абит аскерге кетип бараткандай эле экен. Ошол эле үйлөр, көчөлөр, дарактар. Бардыгы тааныш. Адамдар гана суюлуп калыптыр.

Бул чакан шаарча райондун борбору болгондуктан кант заводу, машина-трактор станциясы, килем токуучу фабрика, эт комбинаты, автобаза, балдардын оюнчуктарын жасоочу, идиш аяк чыгарган заводдор иштей турган. Согуш жылдары эт комбинаты менен кант заводунан башка өндүрүш ишканалары курал-жарак, ок-дары жасоочу багытына өтүп кеткен.

Ошол аскердик курал-жарак жасап калган ишканаларды эми эл керектөөчү жөн-жай буюмдарга кайра куруу милдети турду. Адегенде Абит идиш-аяк заводун, анан килем фабрикасын калыбына келтирүүдө кара жумуштарында иштеди. Ошерде жүрүп үйлөндү, Сакия кыш бышырган жерде иштөөчү. Кийин Абит да ошерге которулду, жумушу кыйла оор болгону менен акчасы жакшы болучу.

Бардык жерде: дыйканчылыкта, мал чарбасында, курулушта, фабрика-заводдордо кол жетишпеди. Фронттон кайтып келгендер мурдагылардын ордун толуктай алышпады, согушта курман болгондор көп экендиги ошондо сезилди.

Бир күнү аскер комиссариаты Абитти чакыртып жибериптир. Адетте алар чакырганда башынан сылачу эмес, бүтпөй жаткан жумушка салчу же согушта жөн согушпай палан-түлөн күнөө жасапсыӊ деп НКВДга салып берчү.

Абиттин чочулай турган эчтемеси жок, төшүндө үч ордени, жайнаган медалдары бар, туткунга түшкөн эмес, Власовдун командасында болбогон. Деген менен кооптонуп келди. Келсе, өзүнө окшогон беш-алтоо жүргөн экен, бул жакка эмнеге чакыргандарын эч кими билбейт.

Комиссарга чогуу киришти, комиссардын жанында жашы элүүлөрдөн өтүп калган кашка баш адам олтуруптур. Ал да согуштан келген окшойт, үстүндѳ эски гимнастёрка, аскер галифе шым, бутунда офицер ѳтүк. Райондук МТСтин директору экен, жумушчу кол жетишпей, ишке чакырып келиптир. Адегенде шопур менен тракторчунун курсун окутуп, колдоруна күбөлүк берип, анан жумушка алышат экен. Шарты бардыгына жакты, дароо макул болушту. Ошентип, Абит МТСке кетти. Тракторчунун окуусун бүтүп, беш-алты жыл катары менен трактор айдады. Андан соӊ шопур болду. Кийин МТС жоюлуп, анын машине, тракторлору, шаймандары чарбаларга таратылды. Абит көмүр кампасынын машинесин айдап калды. Кардарларга көмүр тартат майлуу-көөлүү болуп. Ишинен макталып, көп жылдар бою “Ардак тактада” сүрөтү илинип турду башкаларга үлгү болуп.

Жашы элүүдөн өткөндө көзү начарлап кетти, согуштан алган жаракатынын кесепети дешти догдурлар. Ден соолугуна байланыштуу аны таразачылыкка которушту.

Пенсияга кетирбей, каруу-күчүӊүз бар, иштеп бериӊиз деп суранышты. Абит жок дебеди, милдетин аткарып жүрдү. Ошентип, кээ-кээде каргыш алгыр согуш майданы түшүнѳ киргени болбосо, бардыгы жакшы болучу, турмуш да өз көчү менен өтүп аткан. Ажал чачкан ажыдаардан аман-эсен келип, антип тынч турмушта жашап атканына шүгүр, ѳзү таанып-билгендерден эле нечеси апаат болуп, ыйманы айтылбай атам тааныбаган жердин топурагын жамынып сѳѳгү ошоякта кала бергендер канча! Дайын-оту жок, белгисиз тагдырга туш болгондордун саны кѳп. Ажалы жок болсо кубаныч менен азабы теңме тең ѳмүр деген ѳтѳ берет экен. Ошо, бардыгы ойдогудай болучу...

Абит бир күнү жумушка келатып, музга тайгаланып кетип, бутун сындырып, кокустап  калды. Карып калган адамдын сөөгү оӊой менен бүтпөдү, көпкө ордунан турбай жатып, анан ѳйдѳ турганда таяк менен жүрдү. Ошол кезде жаман ооруга дуушар болгон кемпиринен ажырады, ѳзүнүн каруусу кайрылбай таяк колунан түшпөй калды. Эш тутканы жалгыз кызы болду.

Кызы тубаса майып, эки буту теӊ таканчык бербей, эки балдак менен жүрөт. Адегенде ата-эне тагдырдын бул жазмышына катуу кайгырышты, жаратканга жалынышты, жалбарышты, дабаа издешти. Алпарбаган догдуру, көрсөтпөгөн табыбы калган эмес, бардыгы теӊ “бул айыкпайт, түзөлбөйт” дешкен. Кийин айла түгѳнгѳндѳ  тагдырга баш ийбеске арга калбады, кыздын амандыгын гана тилеп калышкан. Сыртынан тымпыйып жүргѳнү менен Абитти азыр да кѳп ойлонтот, ушул кызы үчүн болсо да төшөк тартып жатып калгысы келбейт.

Мурда мектептерге, жыйындарга, аскер комиссариатына согуштун ардагерлерин көп чакырышчу, Абит көргөн-билгендерин улам жашып, ыйлап отуруп айтып берчү. Баарынан да Украина жергесинде фашисттердин ачкадан алсырап, кабыргалары бирден саналып арыктаган жүздѳн ашуун тѳрт-беш жаштар чамасындагы балдарды жүк ташыган машинеге салып келип, аңга тѳгүп туруп тирүүлѳй кѳмгѳнүн айтканда буркурап ыйлап жибере турган. Бирок ушуларды айтып бергенден кийин денеси жеңилдеп, кѳкүрѳгүндѳгү муз эригендей сезчү ѳзүн. Аз болсо да эс ала түшчү. Согуш ардагерлери менен жолугушуп, чер жаза сүйлѳшчү.

Бутун кокустатып алгандан кийин анын бардыгы калган, Жеӊиш майрамында гана муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү келип, белектерин тапшырып, акчалай жардам көрсөтүп, көӊүлүн көтөрүп кетчү. Ал күнү Абит согуштан келген эски гимнастёркасын кийип, төшүнө орден-медалдарын жаркырата тагынып алат. Анан илгери трактор айдап жүргөндө салган үч бөлмө үйүнүн арт жагындагы тактайга олтурат жолду карап. Аер кышкысын күнѳс, жайында кѳлѳкѳ. Ары-бери өткөндөр карыя менен учурашып, майрамын куттукташат, кээлери жанына келип, ал-жайын сурашат. Абышкага мындан бөлөк урматтын кереги жок, ал учурда абышка өзүн өтө бактылуу сезет.

Ошондой күндөрдүн биринде Абиттин үйүнүн жанына эки машине токтоп, ичинен салабаттуу кийинген адамдар, телекамера көтөргөн эки жигит менен бир кыз түштү. Абит үйүндө эч нерседен капарсыз олтурган, анан эле машинеден түшкөндөр бир кучак гүл көтөрүшүп, карпа-курпа кирип келишти. Абиттин оозу ачылып калыптыр.

- Чоӊ ата, туулган күнүӊүз кут болсун!- дешти келгендер.

- Ыракмат, ыракмат,- деди карыя көзүнө жаш алып. Ал кемпири өлгөндөн он  жылдан бери туулган күнүн унутуп койгон, аны менен иши болбой калган. Кемпири барда бул күндү унутпай, үстѳлгѳ таттууларды жайнатып, Абит жакшы кѳргѳн тамагын жасап, анан бир чүтѳк арак алып келчү да эрин туулган күнү менен куттуктап, чекесинен ѳѳп, экѳѳ ѳткѳн-кеткенден кеп салышып, жаштык кездерин эстешчү. Кызы дайым дасторкондо чогуу олтуруп, экѳѳнѳ ырдап бере турган.

Кемпири ѳлгѳндѳн кийин кызы эки-үч ирет атасынын туулган күнүн белгилѳѳгѳ аракеттенген, бирок таттуу нерселерди жасоо ага кыйын болучу, эки колу менен балдак кармап, аш жасоо ага жеңил эмес болучу. Бир жолкусунда жыгылып кетип, отко колун күйгүзүп алган тырыгы дале бар. Ошондо атасы мындан кийин убара болбой эле койгун деп чын пейилден суранган. Кызы ал күнү атасына кѳрүнбѳй, тагдырына таарыныч этип, кѳзү шишигенче ыйлап, кѳксѳѳсүн сууткан. Кыз маал-маалы менен жашырынып ыйлап алгандан кийин кѳкүрѳгүндѳгү ачуу нерсе тарап кете турган. Анан бир мезгилге чейин кѳкүрѳгүндѳ кат-кат болуп ыйламайын эрибеген ачуу нерсе кайра чогулуп калмайын жѳн эле жүрѳт. Ал кезде кыздын кабагы жарык, маанайы ачык болот. 

Телеоператор Абитти камерага тартып, журналист маек куруп, суроо-жооп болду. Муниципалдык уюмдан келген өкүлдөрдүн ичинен шакылдаган кыз:

- Чоӊ ата, сиз биздин шаар боюнча эӊ улуу адамысыз. Сизден улуу бирөө бар болучу, катуу оорудан кийин ала жазда кайтыш болуп кетти, эми сиз бардыгынан улуусуз,- деди. Ошол шаардык газетада ал адамга некролог жарыяланып, анда “узакка созулган катуу оорудан кийин шаарыбыздын эң улуу адамы дүйнѳдѳн кайтты” деп жазылган. Шаардык уюмдун ѳкүлүнүн эсинде ошол текст калыптыр.

Карыя башын ийкеп койду.

- Көп жашаӊыз, өмүрүӊүз узак болсун, оорубаӊыз,- дешти ак тилектерин билдирип.

Абит ыраазы экендигин айтты.

- Мына бул термостон ысык чай ичип жүрүӊүз, муну шаарыбыздын мэри берип жиберди. Өзү келип, сиздин колуӊузду бекем кысам дебаткан, бирок чогулуштан чыга албай калды. Эмне мүдөөсү бар экен, сурай келгиле, дайым жардамдашабыз деп айтты,- дешти.

- Ыракмат, ыраазымын айланайындар. Силер мени сыйласаӊар силерди кудай сыйласын.- Кѳптѳн бери мындай жылуу сѳздү укпай калган Абит кубангандан үнү каргылданып, баладан бетер көзүнүн жашы куюлуп кетти.

- Сиз шаардын мэриясынын чечими менен шаарыбыздын  “Ардактуу атуулу” наамына ээ болдуӊуз.- дешип, абышканын төшүнө белги тагышты, ийнине кооз тасма байлашып, колуна мамлекеттин Герби түшүрүлгѳн кызыл күбөлүк карматышты.

Абышка кубангандан бир топко жашарып кеткендей болду. Буга баарынан да кызы аябай сүйүндү. Мурда, энеси тирүү кезинде мындай кубанычтар тез-тез кайталана турган. Андан бери кызынын маӊдай жарылып, чындап сүйүнгөнү ушул, карыя өзү деле чүнчүп кеткен, эми дем байлап, мурда каруу-күчкѳ толуп турганда жасаган эмгектеринин үзүрүн эми кѳрүп, кадыр-баркка ээ болгонун ойлоп, өзүн элге-журтка кадыресе керектүү адам катары сезип калды. Мынтип ѳкмѳт тарап кѳңүл буруп аткандан кийин ѳз баркын ѳзү баалабай жүргѳн окшойт. Өзгөчө, Абитти телевизордон көрүшкөндөн кийин кошуна-колоӊдору, тааныштары куттук айтышып, аны ого бетер сыйлап калышты. Бул ушинтип жѳнѳкѳй жүргѳнү менен кадырлуу абышка экен дешти. Анын атагы бүтүндѳй республикага маалым болду.

Ошол кубанычтуу күндөн кийин турмуш кайра мурдагыдай көнүмүш нугунда өтө берди. Атасы менен кызы экөө бирин бири эш тутуп күн кечирип келишет. Карыя эч кимге дооматын арткан жок, жардам сурап эч жакка кайрылбады, үстүндө үйү турат, алдында ашы бар, кудайдан ден соолуктан башканы тилебейт, өмүр тилегенде деле сексенден ашып кетти, бул оӊой жаш эмес, ажалы жеткиче жашап турар, ажалы келгенде кайрылбас жакка кете берет, чочулаганы эле жалгыз кызынын тагдыры. Ал деле кудайдын мойнуна салганын көтөрүп, күнүн көрөт. Тирүү адамдын өз ырыскысы болот. Ырыскы түгөнгөндө адам өлөт. Ал эми тиги дүйнө деген барбы, жокпу, ал бөлөк маселе. Ага чейин бул дүйнөнүн ыракаты дейбизби, түйшүгүбү, тирүүлүктүн милдетиби, айтор күн менен түн алмашып турган бул дүйнөнүн мыйзамына баш ийүү ар кимдин парзы.

Абиттин бир арманы - теӊтуштарынан ажырап калганы. Сырдаша турганы, сүйлѳшѳ турганы калган жок, кошуна-колоӊдору жаш, өзүнөн көп кичүү, булардын кызыкчылыгы бөлөк, Абиттин айткандарынын көбү аларга жомоктой туюлат. Ал деле кийинки кездерде мурдагыдай чечилип сүйлөбөйт, алжып калган абышка эмнени айтыбатат дебесин деп сактанат. Бирок карыя токсонго таяп калса да акыл-эси ордунда, мээси мурдагыдай, жаш курагындай тунук болбогону менен айнып калган жери жок, ой жоруусу түз.

Ооруп, узакка төшөк тартып жатып калгандан чочулайт, анда эле өзү түгүл майып жан кызын кошо азапка салат. Басып жүрүп мүрт кетсем деп тилейт. Басып деле жарытпай калды, үйдүн ичинде сүйрөлүп жүрө берет, сыртка чыкканда эшик алдындагы үч тепкичи бар, ошол үч тепкич ага үч ашуудай, таягына жөлөнүп төмөн түшүп, кайра тирөөчкө тартынып жогору чыгат кыйналып.

Он жылча мурун, кемпири кайтыш болгондон кийин  эрмек болуп чай ичишкендей, казан-аяк кармап, тамак-аш даярдаганга тыӊ аялдар деле чыккан, бирок Абит үйлөнгөн эмес, элден уялган, алдан-күчтөн тайыганда мынтип кыйналып калары оюна келбептир. Эми абышканын кебетесин көргөн кемпир-кесектер азыр бир-эки жолу келип жардам бербесе, үйүнө кирип, эрди-катын болуп жашаганга эч бири макул боло койбос. Ошо кезде элден уялбай-этпей бир кемпирди кийрип алганда, андан бери бир топ жыл өтүп кетти, эмдигиче бири бирине көнүп, бир жууркан жамынышпаса да кызыкчылыктары окшош болуп калмак экен. Эми мейли, мейли болбогондо кайда бармак эле, айла кеткенде мейли дейсиң да, карылык деген ушул, карылыктын түйшүгү менен каадасын тартыш ар ким-ар кимдин энчисине тийе бербес, жаш курагында жайралгандар толуп жатпайбы!

Догдурлар колунан келгенин аябайт, абышканын дени-кардын текшерип,  көзөмөлдөн өткөрүп, дарыларын берет, жаш кезиндегидей ден соолугун кайрыш эч кимдин колунан келбес, кыйналып-кысталса да ушул турушу менен дагы бир аз жыл тирүү чыдап берсе оӊой олжо эмес.

Абит тыӊ кезинде шаардын базарларын, дүкөндөрүн кыдырып, кызына түр калемдерди, түркүн боёкторду таап келип берчү. Буерден табылбаса, эрикпестен үч-тѳрт сааттык жол жүрүп, борбор шаардан сатып келе турган. Ал эми кызы сүрөт тарткан кээ бир боёктор өтө таӊсык болчу. Кызы тарткан сүрөттөрүн мурда тааныштарына, мектептерге, кеӊселерге белек катары берчү. Кээде кардарлар атайын келишип, өздөрүнө керектүү сүрөттөрдү тарттырып алышчу. Андай кезде алкышын айтышып, акысын төлөп кетишет. Кудай кызына ушундай шык берип койгонуна Абит өзгөчө сүйүнө турган. Анан кызынын  оозунан чыккан кагаздарын, боёкторун, таар, түр калем, кыл калем, айтор керектүүлөрүн жердин түбүнөн болсо да таап берчү.

Сүрөт тартуунун көп ыкмалары менен таанышсын деп, кызын көркөм өнөр курсуна эки жыл бою алып барып жүргөн. Андан ары да окуусун улантса Абит жок дебейт болучу, кызынын көӊүлү үчүн колунан келгендерин аянмак эмес, беш жыл болсо да жеткирип турмак. Бирок кызы окуусун уланткан жок, атасын аяды, ушул окуум жетишет деп койгон.

Азыр абышка кызына боёк, таар сатып бере албайт. Кызы тааныштарына, кардарларга акчасын берип, керектүүлөрүн алдырып, сүрөттөрдү мурдагыдай көп тартпаса да ишин токтоткон жок, бирок бекер таратпай, сатып калды. Үйдүн бир бөлмөсүнө тартылган сүрөттөрүн илип коюшат, сүрөт акысына кымбат сурашпайт, жергиликтүүлөрдүн кээ бирөөлөрү буерден жакшы тартылган сүрѳттѳрдү тандап, арзанга алып, башка жактарга барып, кымбатка сатып, ортодон пайда табышкандар бар. Чет жактан келген туристтер гана алган сүрөттөрүнө жакшы төлөп беришет. Бара-бара кыз такшалып, анан сүрѳт тартуунун эстетикалык ыкмаларын ѳз алдынча китептерден окуп үйрѳнүп, ой жүгүртүүсү ѳзгѳрүп, улам кийинки тарткан сүрѳттѳрү элди кызыктыра баштады. Айрым бир иштерин сүрѳт музейи сатып алды. Кыз адегенде сүрѳттѳрүн сатып алгандар анын майыптыгына боору ачыган үчүн жардам катары акча берип жатышкандай ойлоп жүргѳн.

Имиш-имиштен угушуп, күндѳрдүн биринде шаардык гезиттин кабарчысы келип, кыздын сүрѳттѳрүн кѳрүп, ал жѳнүндѳ кенен макала жазып жарыялады. Эки-үч сүрѳттѳрүн гезитке чыгарды. Ошондо Абит карыя бир кѳтѳрүлүп алды, кызынын ишине ыраазы болду, дени-карды соо болсо, эл катары турмуш куруп, бала-бакыралуу болбойт беле деп арманын ичинен айтты. Анан кызы тарткан ар бир сүрѳттү кѳкүрѳгүндѳ ушулар менин жээн неберелерим деп ѳзүн ѳзү ошол арманына дары катары карманды. Кызы жаңы сүрѳт тартып бүткѳндѳ карыя аны ары-бери жагынан кармалап, ѳѳп, кѳкүрѳгүнѳ кысып, сылап, эркелетет. Анан ичинен сүрѳттѳрдү мунусу кыз бала, бул уул бала деп бѳлүп алды. Жээн неберелери уламдан улум кѳбѳйѳ берди. Абит ушуну ойлоп тапканына ыраазы.

Бир курдай борбордон сүрѳт музейинин ѳкүлдѳрү келип, кыздын тарткан сүрѳттѳрүн кѳрүшүп, жакшы баа беришти. Боёктордун айкалыштарын, алган темасын, жараткан образдарын, кѳркѳмдүгүн баалашты. Айрым бир кемчиликтерин адис катары белгилешти. Кыз буларга аябай ыраазы болду. Алар үч сүрѳт сатып алышты, кыз бул меймандарга кѳк асмандын фонунда тартылган атасынын сүрѳтүн тартуу этти. Бул сүрѳт кыргыздын кадырлуу карыясынын образын чагылдырган кийинки сүрѳттѳрүнүн бири болучу. Ал “Түбѳлүктүүлүктүн астындагы ѳмүр” деп атала турган.    

Кызы эми каражат чогултуп, үйдү кеңитип, оңдотсом деп тилек этип жүрѳт. Үйдү оңдоо атасынын колунан келбей калганын билет. Согуштан кийин салынган үйдүн эскилиги жетип калды, ырас, дагы сөөгү жакшысынан турат, дубалдары калыӊ, кыштары кыпкызыл болуп бышырылган, сапаты мыкты, миӊ жылга былк этпейт. Үстүндөгү чатырын алып жиберип, дубалын дагы үч-төрт кышка көтөрүп, анан шыбагын жаӊыртып, үстүн кайра жаап, терезелерин чоӊойтуп койсо койкойгон үй болот да калат. Анан үйгѳ улай сүрѳт тартчу кѳркѳмкана тургузуп алса, эч нерседен кем болбой, чыгармачылык менен алектене бермек.  

Кызы ушул оюн атасына айтканда абышка аябай сүйүнгөн. Ким эле кенен, жарык үйдө жашагысы келбесин, Абит эмне жасоо керек экенин көрүп, билип, көзү жетип турат, жашыраак болсо үйүн өзү оңдоп алмак, азыр көзү жеткени менен колу кыскарып калган кез. Карылык келгенде өзүӊ менен өзүӊ кармашып калат экенсиӊ, ал эми убакыт болсо ууру мышыктай жылып, билинбей мурдагыдан алда канча тез өтөт, тез өткөн сайын көп нерсеге кайдыгер болуп, атүгүл өмүр деле анчалык баркталбай калат окшойт.

Абит жетимиштен өтүп калганда түнкү уйкусунан ойгонуп кеткенде кээде кайдан-жайдан экенин ким билсин, өлүм эсине түшүп, мээсине орноп  калчу, анда ал өлүмдөн коркуп кетчү, эч нерсени сезбей, туйбай жатып калып, анан жерге көмүлүп, караӊгы көрдө жатканын элестеткенде көзү умачтай ачылып, уйкусу качып кете турган. Көмүлгөндөн кийин сөөгү сөпөт болуп, денеси ирип, чирип, анан топуракка айланып кеткенин каалоочу эмес, бирок ар бир башта өлүм ак экенине ишенчү. Ошондой чалды-куйду оюнан кутулуу үчүн ѳткѳн мезгилине кайрылса, анда эле куурагыр согуш түшѳт эсине. Ал эми согуш ѳлүмсүз болмок беле, кырылган жоокерлер, ѳлүм чачкан октор, жарадарлар, талаада каршы-терши жаткан ѳлүктѳр... 

Азыр, токсон таяп кеткен курагында өлүмдөн чочулабай калды, жандуу нерселер эртели-кеч баары бир өлөт, андан эч ким кутулуп кетпейт деген ишеничиби, кайратыбы, кайдыгерлигиби, көкүрөгүнө бекем орноп калган. Анан бул жашоо, турмуш түбөлүк деген түшүнүктүн чексиздигин көз алдына элестетип, ага акылы жетпейт, ишенбей кетет. Түбөлүктүн да акыры, чеги болуу керек деп ойлойт, чеги жок болсо, анда кете берет, кете берет, кете берет... Чеги жок нерсени элестете албай, башы ооруп чыгат, ошондо барып айланкөчөк ойдон бөлөккө алаксытат өзүн. Алаксыганы эле ушул, кудайдын кудуретчилиги менен майып кызы балдагын ыргытып жиберип, өзү басып кетсе, асмандан издегени жерден табылып, бул жарык дүйнөгө, кудайга ыраазылыгы артмак.

Кемпири тирүү кезде там артындагы тырмактай жерди жаз алды менен Абит экөөлөп күрөктөп, анан аерге түрлүү жашылчалардын көчөттөрүн олтургузуп, кышкы оокатынын далайын ошерден камдап алчу. Алма, өрүк, алча, карагат, кулпунай, шабдалы, жаӊгакты сатып алышчу эмес. Жемиш дарактары гүлдөгөндөн кийинки суукта далай жолу түтүн салышып, үшүктөн аман алып калышкан. Эки-үч жөөктөн пияз, картошка, капуста, ачуу-татуу калемпир, дагы түрлүү жашылчаларды итапкан жыйнап алыша турган. Ошонун шары менен кийин деле ошол тырмактай короосунан алган түшүмдөрү  экөөнүн чыгымдарына бир топ сеп болуп берчү.

Абит таягына салмагын салып, кыйналганына карабай, короосун алынын жетишинче иштетип жүрдү, кийинки төрт жылда өзү араӊ басып калганда айласыздан токтоткон. Кызы да аракет жасады, бирок атасы аны аягандан таптакыр каршы болуп, күрөк карматпай койгон. Бардыгы мүмкүнчүлүккө жараша болот, жөнү жоктон жаныӊды кыйнаба, өлбөгөндөй оокатыбыз бар, анчалык кыйналып баратсак, өкмөттөн, шаардын чоӊдорунан жардам сурасак алар жок дебейт, куру кол жибере койбос, эмне мүдөөӊүз болсо айтыӊыз, кайрылып туруӊуз дешпеди беле. Өзүбүздө жетиштүү болуп турса, өлүмтүгүмдү артып эмнеге бармак элем, андан калса экөөбүзгө анчалык деле көптүн кереги жок, дасторконубуз куру эмес, кардыбыз ток деген кызына. Кызы да макул болгон бул акылга. Ошондон бери короосу каралбай калган, адегенде бул көзгө комсоо көрүнүп жүрдү, кийин көнүп кетишкен. Жемиш дарактары жылда гүлдөп, мөмө байлап, бышып, жерге төгүлүп калат. Ал жемиштер жерде жайнап жатканы аянычтуу көрүнүп, мынча оокаттын ысырап болгону көӊүлдү чөктүрүп жиберет экен, карыя кошуналарын терип алгыла деп чакырып келет. Жаш балдарга дарактын бутактарын сындырбай жемиштерин жегиле дейт. Кээ бирөөлөр жемиштен терип алышып, абышка акча сунушат, абышка чок баскандай секирип, колун артына катып, мынча оокатты жерге төгүп таштабай терип алганыӊарга ыракмат деп аларга ыраазылыгын айтат.

Ошентип, Абит карыя кызы экөө эл катары жашап, күн өткөрүп келишти. Кыз тарткан сүрөттөр барган сайын оозго алынып, боёктордун айкалышы көргөндөрдүн көӊүлүнө толуп, кардарлардын саны көбөйдү. Кардарлар көбөйгөн сайын сатылган сүрөттөрдүн баасы жогорулады. Кичинекей үй-бүлөнүн кирешеси өсүп, оокат-тиричиликтери тыӊып, карыянын дары-дарымектерин кенен алып калышты. (Согуштун катышуучусу катары дарылар ага арзан баада сатылчу.)

Кызынын иши оӊолуп баратканына атасы кудайга тобо келтирип, сүйүнүп жүрдү. Эмдиги жылы кудай буюрса үйүн бая айткандай оӊдотуп алганга кудуреттери жетип калат. Карылыгы менен оорусу болбогондо, турмуштары жаман эмес. “Жашыӊда кылгын мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген ушул экен, кызынын майыптыгына карабай окутуп, өнөр үйрөткөнү ырас болуптур. Андан калса кызы айтканынан кайтпаган өжөр, бир тырмышып алса, ал иштин өтөсүнө чыкмайын жаны жай албайт, ал жагынан атасы менен энесин жаспай тартыптыр.

Быйыл жаз эрте келди. Дарактар эки жума чамасында эртелеп бүр ачып, гүлдөп, мөмө байлап калды. Жаздын мындай жакшы болушу күздөгү бышыкчылыктын далили катары бааланат. Былтыр кыш катаал болуп, кеч чыгып, түшүм анча болбой, азык-түлүк, тамак-аш кымбаттап, эл бир топ кыйналып калган. Өзгөчө мал-жандуу дыйкандарга кыйынчылык келген. Аба ырайынын быйылкы шарты жаман көрүнбөйт.

Ошо жаздын жакшы шартынын бир күнүндө кайдан-жайдан катуу шамал келди. Батыш тарап карарып-түнөргөнүнөн адамдар жамгыр келаткан экен деп ойлошту. Бирок бир тамчы жааны жок карандай шамал сокту. Жаӊыдан жалбырактарын ачкан дарактар солкулдап ийилди, оор бутактары сынып, өзөгү көӊдөйлөнүп калган кээ бир карт бактар кулады. Ошондой өзөгү көӊдөйлөнгөн карт дарактардын бири Абит чалдын картаң үйүн басып калды. Үйдүн талкаланганы аз келгенсип, электр зымдары кайчылашып от чыгып, үй тыптыйпыл өрттөнүп кетти. Карыя менен майып кызынын ажалы жок экен, тирүү калышты.

Нечен жыл туруп жыгачтары кагыраган эски үй ылампа май куйгандай дүрт эте түштү. Өрт өчүргүчтөрдүн аракетинен эчтеме чыккан жок, биягына суу сээп басса, тиягынан жалын күчөйт, тиягын басса бул жактан алоолойт. Заматтын ичинде карт үйдөн додо күл менен ыш, кѳѳ баскан жылаңач дубалдар калды карарып.

Абит менен кызы экөөнүн турган турушунан башкасынын баары күйдү;  жыйнап жүргөн акчасы, тартылган сүрөттөрү, боёктору, кийимдери, документтери, айтор жыйган-тергендеринин бардыгынан айрылып, соксоюп олтуруп калышты.

Кѳргѳн-уккандардын бардыгы экѳѳнү чындап аяшты, ѳздѳрү араң оокат кылып жүргѳн немелерге убал болду дешти. Колунан келген жардамдарын аяшкан жок: жаңы болбосо да жарамдуу кийим беришти, акча-тыйын чогултушту, чоңдорго кайрылып, арыз жолдошту, кайрат айтышып, келечектен үмүттѳрүн жандырышты. Абышка менен кызы экѳѳ тең буларды эш тутуп калышты.

Бул жаман окуядан кийин Абит менен кызы экөө үч-төрт күн кошуналарыныкында жүрүштү, андан соӊ туугандарыныкана баш паанек этишти. Муниципалдык уюмдар, кайрымдуулук фондулары да жардам беришти. Анан боорукер адамдар Абиттин ой-боюна койбой, табияттын кырсыгынан жапа чегип, үйүнөн ажырап калды деген кагаздарын толуктап, шаардын мэринин өзүнө алып киришти. Абышканы мэр дароо кабыл алды. Сылык учурашып, кагаздарына көз чаптырып, абышкага көӊүл айтып:

- Үйүӊүздөн ажырап калганыныз биздин көзөмөлдө, аксакал. Баарыбыз билебиз, ошол эле күнү айтышкан ал окуяны. Азыр сизге эч жардам бере албайм, мен сиздей кырсыкка кабылган адамды алдап, тил эмизгенди жаман көрөм. Сизге бѳлгүдѳй мэриянын даяр үйү жок. Карылар үйүнө барып жашаӊыз,- деди.

- Кызым бар, майып,- деди Абит.

- Аны да билебиз, экөөӊөрдү теӊ орноштурабыз, талаага кароосуз таштабайбыз, аксакал,- деди мэр.- Керектүү кагаздарды даярдап туруп бүгүн эле жеткирип коёбуз.- Мэр абышканы аягандай жылуу жылмайып карап койду. 

- Өзүбүзчө бир бөлмө үй эле болсо жетет кызым экөөбүзгө,- деди карыя.

- Ошо карылар үйүнөн кызыӊыз экөөӊүзгө деп бир бөлмө бөлүштүрөбүз,- деди мэр саатын карап.

- Анда мен кызым менен сүйлөшөйүн, анан бир чечимге келербиз,- деди чал. –Кыз экѳѳбүзгѳ бир эле бѳлмѳ үй жетет.- Абышка мурдагы сѳзүн дагы айтты.  Ал карылар үйүнө баргысы келген эмес, эгерде ал жакка бара турган болсо, анда мэрге кирбей эле өз алдынча бүтүрүп алмак болучу. Кызым менен кеӊешейин деп шылтоо этти.

Ошентип, абышка кызы экөө тууган-туушкандарыныкында жүрүп калышты, жөндөп баса албаган карыган адамга бөтөн үй-бүлөгө батыш кыйын болду; керилип жатпайт, ээн баса албайт, дайым кысылат. Мындан көрө ошол карылар үйүнө кетип калсамбы деп ойлоду, ырас, өзү жалгыз болгондо көздү жумуп салып ошоякка өтүп кетмек, кызын аяды, өзү эми канча жашамак эле, бойго жетип, төрүнөн көрү жакын болуп турган чак, абышканын мамлекетке өтөгөн кызматын ойлошсо, чоӊдор баш калкалагандай бир кепе берер, көзү өтүп кетсе ал кепе кызына калат, мураска бере тургандарынын баарын өрт жалмап кеткен, ал эми кызы өзүнчө калганда эч качан үйгө жетпейт. Абдан боор оорушса майыптар үйүнѳ жайгаштырып коюшат, ушу жашка келгиче ѳз үйүндѳ жашап кѳнгѳн  кызга аерде кыйын болот, ары тур-бери тур деген сѳздѳр чыгат. Ар кимдин ар кандай кыялы бар, элдин баарына жагыш кыйын. Жердигинен жоош ѳсүп, алдым-жуттум менен иши жок кызына оорчулук келиши мүмкүн. Анын алты саны аман, дени соо болсо чал мынтип түйшүккѳ түшмѳк эмес, эл катары жүрѳ бермек. Карыя ушуну ойлоду.

Жеӊиш майрам күнү Абитти куттуктап, шаардын мэри менен өкмөт башчынын орунбасары келди бир топ жөкөрлөрү коштоп. Кызы экөө шаардын чет жагындагы туугандарыныкынын биринде баш паанектеп турган болучу. Абышканын эки колуна эки кучак гүл карматышып, башына калдайган ак калпак кийгизишип, тууганынын үй-бүлѳсүн түгѳл, алардын үстүнѳ кошуна-колоңдорун чакырышып, телевизорго тартабыз дешип элди чогултушуп, анан ошончо адамдар Абитти тегеректеп турушту. Карт жоокерди Улуу Жеңиши менен куттукташып, жардашып тургандар майрамдык шаң түзүшүп, тынбай кол чаап, тележурналисттер Абитке микрофон сунушту, операторлор камерага шыкылдатып тартып жүрүштү. Өкмөт башчынын орунбасары кызматындагы боёлгон капкара чачын желкесине түйгѳн орто жаштардагы сулууча аял колундагы ачкычты темир шакекчесинен салаӊдата өйдө көтөрүп, операторлор камерага тартып алгыча бир паска кармап туруп:

- Чоӊ ата, мына бул сиздин үйүӊүздүн ачкычы, ал үйдө азыр убактылуу жашап туруӊуз, буюрса кийин бөлөк жерден ѳзүңүзгѳ энчилеп үй беребиз. Жеӊиш майрамынын урматына өкмөт менен мэрия ушундай чечим чыгардык. Убактылуу болсо да конушуңуз жайлуу, керегеси майлуу болсун!- деди.

Тегеректеп тургандардын бардыгы дуулдата кол чаап жиберишти. Карыя сүйүнгөнүнөн жүзү жадырап, үнү каргылданып, ыракматын айтып түгөтө албай, тигилердин колдорун өпкүлөп, канчалык карманганы менен көзүнүн кубаныч жашын тыя албай койду. Бардыгынын маанайлары жаркып, майрамдын жышааны жүздөрүнөн сезилип турду. Абиттин көз алдына согуш бүткөн кабарды алгачкы ирет уккан мезгили тартылды; туш-тараптан чыккан тарсылдаган мылтык добуштарын жоокерлердин “ураалаган” үндөрү басып кеткенин, генералдар, офицерлер, моряктар, катардагы жоокерлер аскердик чиндерине карабай, бирин бири кучакташып куттукташканын, көздөрүнөн кубанычтын жашы ушинтип төгүлгөнүн, согушта курман болгондорду эстеп алып ыйлашканын эстеди...

Эртеси күнү карыя ачкычын чөнтөгүнө салып, туугандары аны машине менен үйүнө жеткирип келишти. Астананы аттаар менен чачылага деп бир баштык ар түркүн момпосуй кѳтѳрүп алышкан. Абышка жолдугата ачкычты кокус жоготуп жибербейин деп колуна алып, кайра улам бир чөнтөгүнө салып, акыры кызына өткөрүп берип жаны жай алды. Эми абышка убактылуу болсо да бутун кенен сунуп, үйүндө өзү бий, өзү хан дегендей, кызы экөө бири бирине жөлөк-таяк болуп кудайдын берген ырыскысы менен күн кечирип турар. Азырынча ушерде жашап турса, кийин буюрса ѳзүнчѳ тийиштүү үйлүү болот экен. Мынтип кыйынчылык мезгилде кѳңүл буруп, камкордук кѳргѳндѳрүнѳ чоң ыракмат, айтор өкмөт талаага таштабас, өркөнү өсүп, ийгилик коштосун. Чал ушуну ойлоду.

Үй шаардын түштүк тарабындагы он алты кабаттын, эӊ үстүндө экен. Карыя кѳчѳ аралап жүрѳ албаса да шаарды алаканга салгандай карап, ѳзү алдуу-кубаттуу кезде басып жүргѳн жерлерин кѳрүп, жаш чагын эстеп,  ыракатка батсын дешсе керек. Тыӊыраак болсо карылыктын каадасынча эки колун аркасына алып, жай кадам шилтеп, эртели-кеч, тынч кѳчѳгѳ түшүп алып аралап жүрмѳк, кыймыл жасап, денесине  кан тарамак, ѳзү да сергек болмок, азыр антмек турсун, кара жанын араӊ алып жүргөндө ага мындай ыракаттын кереги не!

Абышканын туугандары асман тиреген он алты кабат үйдүн алдына келип туруп калышты, буерде лифт иштебегенине көп болуптур, үйдүн тургундары ууруп-чуурап, жөө-жалаӊдап өйдө чыгып, төмөн түшүшөт экен. Карылары жогору да барбай, төмөн да түшпөй үйлөрүнөн чыкпайт дешти. Жалгыз-жарым кемпир-чалдарга кошуна-колоңдору, тааныштары, туугандары тамак-аш ташып беришет экен. Лифтти оңдогуча Абиттин туугандары кызы экѳѳнү ачка калтырбай, колдон келген жардамдарын аяшпас. 

Туугандары Абитти өйдө жетелеп чыкмай болушту жөлөп-таяп. Тепкичтери тик  экен. Жаш балдар куушуп ойноп жүрүшөт, азык-түлүк салынган желим баштыктарын көтөргѳн аялдар, эркектер өйдө баратышат тердеп-кургап. Таштанды салган ийдиштерин кѳтѳргѳндѳр сырттагы челектерге тѳккѳнү тѳмѳн түшүп келатышат, айтор адамдар кыйма-чийме. Жогору чыгып бараткандардын  кээ бир жашы өтүп калгандары ар бир кабатка жеткенде колундагыларды жерге коюп, өздөрү эс алышат. Бардыгы тагдырына моюн сунуп, чарчаганы эле болбосо, күлүп-жайнап, жүздөрүнөн капалык сезилбейт.

Абит тердеп-кургап экинчи кабаттын жарымына араӊ жетти, ар бир оюрмасы он тепкичтен экен, ушерге эс алайын деп айтты. Өзүнө караганда кызы тыӊдык кылды, буерге чейин анча кыйналбай кош балдагын таянып чыгып келди.

- Бул үйдө үч жүз жыйырма тепкич бар экен,- деди Абиттин туугандарынын тестиер баласы.

- Кантип билдиӊ?- деп сурады коштоп келгендердин бири.

- Эсептедим,- деди бала көзүн бакырайтып, сѳз айткан сайын мыртыйган ичке сѳѳмѳйүн койкоңдото кыймылдатып .- Ар бир кабаттын жарымы ондон тепкич, ал эми бир кабат менен экинчи кабаттын ортосу жыйырмадан тепкич, үй он алты кабат, ошондо бардыгы болуп, үч жүз жыйырма тепкич. Ушинтип эсептедим...

- Сен чоң математик турбайсыңбы,- деди келгендердин бири баланын кѳңүлүн кѳтѳрүп.

- Лобачевский болоюн деп калган турбайбы,- деди дагы бири калптан жылмайып.

Бала кѳзүн кыбыңдатып, оң колу менен ѳзүнүн кѳкүлүн сылап койду.

“Мен он тепкичин өттүм, дагы үч жүз ону бар” деп ойлоду карыя баланын эсебин уккандан кийин. Ага калган тепкичтер кыяматтын шатысындай, түгөнбөгөндөй  сезилди. Бирок кудай деп акырындан жылып кете берсе, акыры бир кезде мынча тепкичтердин бардыгын басып өтөт, корко турган эч несе жок, өзү көрүп келген согуштан да оор болуп кетиптирби. Анда деле душмандардын огу тийип, жаракат алып, кайра айгып, кайратынан ажыраган эмес. Ошол согуштагы жеӊишти денесиндеги терисин жарып чыкчудай мелт-калт толгон кайраты алып келген. Аны кайраты эч качан таштап кетпеди, Абит ѳзү карып калса да кайраты ушунча жашка чейин сүйрѳп келди. Кайраты ысыкка эритпей, суукка тоңдурбады, аркага жѳлѳк, алдыга ѳбѳк болду. Чалдын кайраты ѳчпѳс экен. 

Абышка кайратына таянып, дагы он тепкич өйдө жылды, жылып келип дагы эс алганы олтурду. Бул он тепкич Абитке он ашуудай сезилди, нечен курдай жанын таштап жибере турган болуп барып, тиштенип ушерге жетти. Жонунан тер куюлуп кетти.“Кудай кубат берсе, үч жүз тепкичи калды”- деди оюнда. Согушта жүргѳнүндѳ, согуштан кийин деле турмуштун ѳйдѳ-тѳмѳнүндѳ, ачуу-татуусунда, кемпиринен ажыраганда да мынчалык кыйналбаган. Чалдын токсон ашкан жашы менен кошо ѳмүрүнүн жиби ичкергендей кайраты да кетилип баратса керек.

Абитти коштоп келген үч-төрт тууганы карыянын ою менен болуп, анын кыйналып келатканын кѳрүштү, жөлөп-таяп, шаштырбады. Жогору, он алтынчы кабатка көтөрүп чыгып кетели дешти, Абит баш чайкап болбой, өзүм чыгам деп койду. Эми дагы он-ондон жыйырма тепкичке жетип алса, ары жагында он үч кабаты калат экен. “Кѳрүнгѳн тоонун ыраагы жок” дешет. “Ѳлбѳгѳн адам акыры алтын чѳйчѳктѳн суу ичет” дегенди эстеди. Анын алтын чѳйчѳгү он алтынчы кабаттагы бир бѳлмѳ үйүндѳ күтүп турат. Кийин буерден кетип, ѳзүнѳ тийиштүү үйгѳ киргенде ошол алтын чѳйчѳгүн кошо ала кетет.   

Абышка бир кездеги толуп-ташкан кайратына ишенди. Азга дем алган соң карыя ордунан турганы таягына салмагын салып обдулуп барып, кайра олтуруп калды, туруп кеткенге каруусу жетпеди, көкүрөктө кайраты уюганы менен тулкусун карылык ээлеп калыптыр, жалгыз кайраты карылыкка таканчык бербеди. Денесинде жетиштүү каруу-күчү болбогондон кийин жалгыз кайраты өзүнчө огожо боло албасын сезди абышка.

Карыянын өӊү кумсарып, жүзүнөн каны качып, жаны жер тартып кетти. Тиштенип, бирдеме сүйлөмөк болду. Жанындагылар чочулап карап калышты. Ал сүйлѳй албай, үнү чыкпай калганын билдирбеске аракет жасап, жасалма жылмаяйын деп ойлоду, бирок эрди-оозу өзүнө баш ийбей, көзү сүзүлүп баратты. Сүзүлүп барып, дубалга сүйөнүп, олтуруп калды. Анан айланасы күүгүм тартып барып, бир заматта караңгы түштү. Караңгылык менен кошо дене-боюнун кыйналганы ың-жың жоголуп, жаны жай алып калды. Чал ушуну гана сезди акылы менен. Андан аркысын сезүүгѳ чалдын чамасы келбеди, сүзүлгѳн бойдон жатып калды.

Тепкичтер менен ѳйдѳ-тѳмѳн чыгып-түшүп бараткандар бир саамга токтой калышып карап турушат да, абышканы тааныбагандан кийин ийиндерин куушуруп тим болушат. Алардын бири да Абиттин жаңы кошуна экенин билишкен жок, бирѳѳнүкүнѳ мейманчылап келатса керек деп болжошту. Айрымдары балким ушул үйдѳ  жашаса керек дешти, ал эми кѳбү эчтеме ойлошподу. Бул он алты кабаттуу, үч жүз жыйырма тепкичтүү үйдѳ жашагандар ѳз кошуналарынан бѳлѳктѳрдү билишпейт, кѳбү бири бирин тааныбайт, таанып-билүүнүн деле кажети жоктой.    

Абышкага тез жардам чакырышты. Машиненин жарк-журк эткен маяк отун күйгүзүп, сиренасын кыйкыртып, карыяны ооруканага алып кетишти. Мээсине кан куюлуп, инсульт болуптур дешти.

Ооруканага жетер менен дары-дарымектерин сайышып, догдурлар күнү-түнү тыкыр кѳзѳмѳлгѳ алышты. Үч күндѳн ашса, аман алып каларын айтышты.

Кызы кыймылсыз жаткан атасынын жанында жарым күн отуруп, жарым күн кѳзү ачылбай, шишигенче ыйлады. Ал атасын аяды, ѳзү жѳнүндѳ эчтеме ойлободу, атасынан кийин ѳзүнүн турмушу оюна да келбеди. Атасына жардамы тийбей, ыйлагандан бѳлѳк эч нерсе колунан келбегенине, майып болуп калганына кейиди. Майыптыгына чындап ачууланды, ары-бери жүгүрүп жүргѳндѳргѳ ичи күйдү.

Түш жарымдан кийин кызды туугандары үйүнѳ алып кетишти, эртең кайра алып келебиз дешип. Анда деле кыз тыйылбай ыйлай берди. Атасына керек десе кызы ѳз жанын бергенге даяр болчу. Ал анын болоттой бекем ою, артка кайтпас, олку-солкусуз чечими эле!  

Абит эки күндөн кийин эсине келип, көзүн ачып, ооруканада жатканына түшүндү. Кызы, туугандары абышканын оӊолуп баратканына сүйүнүштү, ооздорунан келме түшпөй, кудайлап турушту. Биз колдон келгендин бардыгын жасап атабыз, мындан аркысы кудайдын колунда дешти догдурлар. Кызга бул догдурлар ѳздѳрү айткан кудай болуп сезилди, атасынын ѳмүрү догдурлардын колунда тургандай туюлду. Алардын ар биринин колдорунан адам ѳмүрлѳрү чууруп турган сыяктуу элестеди.

“Жашасын догдурлар!”- деди кыз ичинен. Атасы жакшы болуп кеткенден кийин буерге атайын келип, догдурлардын портреттерин сѳзсүз тартамын деп ойлоп, ал портреттердин кандай болорун элестеди. Анан буларга алкышын билдирип, сүрѳттѳрүн тартууламай болду...  

Абышка эртеси кайра жыгылды, бул жолкуда догдурлар аман алып калууга алы келбей, экинчи жолку инсульттан кайтыш болду деп бүтүм чыгарганга аргасыз болушту.

Абышканын тууган-туушкандары маркумду аруу жууп, расмисин жасап, салт менен кѳмүштү. Токсондон ашып кеткен карыянын жашына жеткиле деп тажияга келгендерге бата беришти. Сѳѳк кѳмүүгѳ келгендердин кѳбү абышканын майып кызын аяшып, ошого боор оорушту. Кудайдын башка салганын кѳрѳт да дешти. Кыз да кудайдын башка салганын кѳрѳмүн деди ичинен тигилердин аяшканын сезип. Ага башка түйшүктѳрдүн баардыгы бир, ал эми атасынын ѳлүмү бардыгынан аянычтуу болду. Ал атасын ѳлүп калат деп бир да ойлогон эмес, экѳѳ бири бирине эриш-аркак болуп жүрѳ берчүдѳй сезилген. Үй жѳнүндѳ эч нерсе оюна келбеди. Ушунча сүрѳт тартып жүрүп, атасынын тирүү кезинде портретин тартпаганына чындап ичи ачышты. Ѳзүн ѳзү жемеледи, ошого акылы жетпегенине ачууланды. Эми деле тартса болот, бирок тирүү кезиндегиге кайдан жетсин, кѳзүнүн тереңинде катылуу сырды, кубаныч менен кайгыны жетиштүү чагылдыра албасын сезди. Бирок баары бир “Атамдын портрети” деп сүрѳт тартууну ѳз алдына эң башкы милдети катары баалады. 

Кечээ кечинде телеберүүнүн  бир каналынан бийлик өкүлдөрү Абит карыяны Жеӊиш майрамы менен куттуктап, ага убактылуу жашоого берилген үйдүн ачкычын тапшырган салтанатты көргөзүштү. Атасы кубанып, күлүп-жайнап олтурду. Камкордук кѳргѳндѳргѳ ыраазы экендигин айтып, кубанычтын жашын тыя албай койду. Кучагына толгон гүлдүн арасынан жүзү жайнап кѳрүндү. Ѳзүн бактылуу сезип турганы жүзүнѳн дааны кѳрүндү. Куттуктап келгендер абышкага ден соолук, бакубат турмуш каалашты. Эми бир аз жылдан кийин жүз жашка чыкканыңызды чоң салтанат менен белгилейбиз, бир кылымдык мааракеңизди биздин шаардын гана эмес, бүтүндѳй республиканын деңгээлинде ѳткѳрѳбүз, биз азыртан эле сиздин салтанатыңыздын пландарын түзүп койдук дешти. Абышка келгендерге алкышын айтып, мага окшогон кемшейген абышканы силер колдосоңор, силерди кудай колдосун деп батасын берди, бардыгына жакшылык, ийгилик каалады. Тигилер коштошуп кетип баратканда абышка кѳз жашын тыя албай ыйлап жиберди. 

Кызы ушунун баарын телевизордон көрүп отуруп, далайга солкулдап ыйлады. Анан кызынын кѳз алдына атасы кѳмүлгѳн топурагы жапжаңы мүрзѳнүн үстүндѳ иретсиз чачылып жаткан түркүн түстѳгү гүлдѳр, гүлчамбырлар, кара ленталар элестеди.

Кыздын түшүнѳ кийин он алты кабаттуу үйдүн оюрма тепкичтери кѳп кирди. Бир жолку кѳргѳн түшүндѳ кыз ѳзү сопсоо, улам бир кабатка жүгүрүп чыгып, тѳмѳндѳ калган атасына кайра кайрылып келет. Атасы бир тепкичке чыгып, экинчисине олтуруп эс алат. Ошентип далайда барып үчүнчү кабатка жетет да, ошердеги бир каалганы ачып, ичине кирип кетип, жаап алат. Кызы эшикти такылдатып, атасын чакырат, ыйлайт. Биздин үй үстүдѳ, буер биздики эмес, башкалардыкы, жүрү кетебиз дейт. Атасынан жооп болбойт. Кыз ыйлап, каалганын алдынан кетпейт. Анан түн түшѳт. Бир кезде караңгыда каалганын ары жагынан ичкериден: “Кызым, мен ушерде калдым, буерде апаң бар экен. Апаңды таап албадымбы. Сен ѳзүбүздүн үйгѳ баргын, буерге батпайсың”, - деген атасынын үнү күңүрт угулат. Кыз олтура берет. Атасынын үнү дагы чыгат. Кыз анан барып ойгонуп кетет...   

Улуу Ата Мекендик согушка катышып, жеӊиш менен кайткан бул шаардын эӊ улуу карыя адамы, ардактуу атуулу дүйнөдөн кайтты деген кабар жеткен соӊ мэриянын тийиштүү бөлүмү Абит карыянын үй сурап кайрылган арызына баланча жылдын түкүнчө күнү өлдү деген белги коюп, бул иш кагаздарды караӊгы жертөлөдөгү архивге өткөрдү. Ошол бойдон абышканын ѳмүрү менен жалгыз ѳтүнүчү тамам болду.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз