Чиркей чымындан сурайт:
- Жакын жерде гүл барбы?
- Гүлдөр бар-жогун билбейт экемин, - деди чымын. – Ал эми консерва идиштери, айбандардын кыктары, казылган аңдарда таштандылар толтура.
Ошентип чымын чиркейге тегеректеги бардык таштанды төгүлчү жерлерди шашылып санап берди. Чиркей чымын көрсөткөн тарапка учуп баратып жолунан аарыны кезиктирди.
– Жакын жерден таштанды төгүлчү чуңкур көрбөдүңбү? – деп сурады.
– Таштанды төгүлчү чуңкурлар дейсиңби? Жок, эч жерден көрбөдүм, – аары таң калды. – Бирок бул тегеректен жыты аңкыган миң сан гүлдөрдү таба аласың.
Ошентип аары чиркейге кайсы талаада жоогазындар, кай жерде жакында эле лилия гүлдөрү ачылганын шашылбай айтып берди.
Дос тандоодо сен да жаңылба.
Үлүл менен дарак
Жаздын керимсел жели беттен сылаган күндөрдүн биринде үлүл алча дарагына чыгып баратты. Жаз келгендиктен, алча гүлүн ачып, апакай эле. Алчанын жанындагы бактарда отурган каргалар үлүлдү шылдыңдай башташты:
- Эмне кыйналып даракка чыгасың? Анын мөмөлөрү жоктугун көрбөй турасыңбы? Дарактын да эң бийигин тандаптырсың!
Үлүл даракка чыкканын токтотпостон, аларга жооп кайтарды:
- Мен азыр эле бул дарак башка дарактардан көбүрөк гүл ачканын көрүп турам, демек, анын мөмөлөрү да мол. Мен анын кылда учуна чыккан убакта, алчалар да бышып калган маалы болот.
Которгон Назгүл ОСМОНОВА