Валентин Берестов: Илегилек менен булбул жөнүндө икая

  • 25.10.2021
  • 2757

Бир убактарда канаттуулар сайраганды билчү эмес экен.

Күндөрдүн бир күнүндө алар алыскы бир өлкөдө музыкага үйрөткөн акылман карыя бар деп угушат.

Ошондо канаттуулар кеңешип, Илегилек менен Булбулду бул кабардын калп-чынын билип, эгер бул сөз анык болсо уккулуктуу сайраганды үйрөнүп келүүгө жөнөтүшөт.

Илегилек аябай шашма эле. Ал дүйнөдөгү канаттуулардын ичинен чыккан биринчи музыкант болгусу келди.

Ал ушунчалык карбаластап шашкандыктан, акылман карыянын каалгасын какпай, аны менен учурашканды да унутуп кирип барат да, анын кулагына кыйкырат:

— Эй, абышка! Кана, мени музыкага үйрөтө баштаңыз!

Бирок акылман аны адегенде сылыктыкка үйрөтүүнү чечти.

Ал Илегилекти сыртка жетелеп чыкты да, каалганы такылдатты:

— Мына, момундай кылыш керек.

— Баардыгы түшүнүктүү! — сүйүнүп кетти Илегилек.

— Музыка деген ушул турбайбы? — деди да, үйрөнгөн өнөрүн дүйнөгө көргөзүп, мактаныш үчүн ашыгып учуп кетти.

Булбул өзүнүн кичинекей канаттары менен кеч жетти. Ал каалганы акырын кагып кирип, учурашып, тынчын алганы үчүн кечирим сурап, музыка үйрөнгөнү келгенин айтты.

Бул тарбия көргөн кичинекей сылык чымчык акылмандын көңүлүнө төп келди. Ал булбулга өзү билген нерсенин барын чыпчыргасын коротпой үйрөттү.

Ошондон тартып Булбул дүйнөдөгү эң кооз сайраган чымчыкка айланды.

Ал эми шашма Илегилек тумшугу менен такылдатканды эле билет. Андан да башка канаттууларга тыңсынып үйрөткөнүн кантесиң:

— Эй, угуп жатасыңарбы? Мына момундай кылыш керек! Бул накта музыканын өзү! Мага ишенбесеңер, акылмандан барып сурагыла.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз