Нуриз Өмүрбаева: Нааразы да, ыраазы да эмесмин

  • 28.12.2021
  • 3016

ТҮНКҮ ЖАЗ
Жаратчудай бир шедевр бул түндө,
Жалгыз адам менмин үйдө жата элек.
Сирень ачкан терезенин түбүндө
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

Кечээгиден неге бүгүн күлкүм аз?
Керек беле ыйлап, сыздап айтышым.
Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,
Силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.

Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,
Бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун.
Ыр жазылбай калган актай баракка
Тартып койдум бир жигиттин тулкусун.

Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек...
2013-жыл

*      *      *

Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек...
Көп жыл өттү. Көксөп алыс жактарды,
Сирени бар үйдөн көчүп кеткенбиз...

Куштарга окшоп катар конгон шактагы,
Кужурашып сүйлөшчү элек кечте биз.
Эстегенде куса менен тартылам,
Ал күндөрдүн табылбасын кеч билдим.

Сагындырат сары парда тартылган,
Терезеси, сирень гүлү эски үйдүн.
Азыр сенин канатыңды жазданып,
Периштелер уктайт. Бакыт ушул да...

Сирень гүлүн отургузгун, жаз алдын
Гүлдөп турсун терезеңдин тушунда.
Сен сүйүүнүн даамын татып, сүйүлүп,
Бүлө болдуң бүркүт мүнөз жигитке.

...Мен сүйүүнүн келеринен түңүлүп,
Чоочун жолду ээрчип кеттим иңирде.
Бул турмуштун жүгүн алгым келбеди,
Жүрөксүдүм, сен белсинген жерлерде.

Нааразы да, ыраазы да эмесмин,
Жалгыздыктын жазасындай кечтерге.
Чырагына чырак кошуп ааламдын,
Чыбыктайым, Чынар болуп көктөдүң.

Жүрөк менен терметкенде балаңды,
Бешик ырын тыңдап турсун Көк Теңир.
Жаккан отуң, жапкан наның, кемегең,
Жарык берип жандандырат бир үйдү.

...Арка-жөлөк акыл болор кездерде,
Алыстыгыгым, алсыздыгым билинди.
Ыйлап келсең, ыйың ачуу кээ бирде,
Кошо түткүм келет барың-жогуңа.

Кайгы-муңду тороп сага жеткирбей,
Калкан болгум келип кетет жолуңа.
Турмуш ушул, өйдө-ылдыйы бир жүрөт,
Тууруң бийик... Турпагына чыдагын.

Көрмөксөнгө салып көптү, билдирбей,
Көсөмдүк кыл, көк тиреген Чынарым!
2021-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз