Нуриз Өмүрбаева: Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен...

*     *     *

Таштап чыктым күндөрүмдү  бороондуу,
Бул сапарым кайсыл жерден токтомок?
Кетем бүгүн  узатканым жок өңдүү,
Кайтып келсем тосуп алчум жок болот.

Таштап чыктым жакын деген адамды
Багым эле толбос дагы, кемигис.
Жолдор бөлүп, мезгил бөлүп араны
Жолукпаспыз, кааласак да эми биз.

Таштап чыктым жамгыр, карлуу калааны,
Санаага бай, сараң эле жыргалга.
Айталбадым ушул жолдун азабын,
Тагдырынан жеңил чыккан ырларда.

Таштадым мен, барымды да, жогумду
Жолго чыктым, жүрөк менен көп күйгөн.
Өткөн күндөр торобосун жолумду,
Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен...
2018-ж.

*     *     *

М.ге

Деңиз толкуйт, жамгыр тынбайт, бул күндөр
Сенин дагы алды бекен тынчыңды?
Ордуң толбой ыйымда да, күлкүмдө,
Жашайт менде сен тууралуу бир чындык.

Оор күндөрдү, тытмалаган туш туштан.
Бир күч болуп, күлкү менен жеңгенбиз,
Аман чыксак деп тилеген бир кышта
Азгырды эле экөөбүздү кең деңиз.

Ошол кыштын жылуулугун кеч билдим.
Арабызда азыр деңиз толкуну...
...Кечире албайт болчусуң сен эч кимди,
Мен  эч кимди сагына албайт болчумун...

Сен билген ый жүрөгүмдү эзгенде
Бир барууга, балким ичтен ардандым.
Мен жаркыган, мен толкуган кездерде,
Сен деңиздин бир жээгинде каржалдың.

Арып-азып чарчаганда бул жолдон,
Көп билинди катарымда жоктугуң.
Жаркылдаган жаштыкты ушул гүлгө окшош
Уурдап бүттү орой тагдыр, от-кылым!

Сенин дагы алды бекен тынчыңды,
Айтпаганың, айтпаганым бир кабар?
Өзүңө окшош өжөр, көкбет бир чындык,
Сага жазып, сен укпаган ырда бар...
2019-ж.

*     *     *

Өлдү дешти... Ажалга ким көнбөгөн?
Ичтен сыздым,  карекке жаш толбоду.
Мерез болуп калган сыяк өңдөнөм,
Мени баштап алып жүргөн жолдо бу.

Өлдү  дешти, ичээр суусу түгөнүп,
Өлүм сага ким каршылык кыла алсын?
...Акыретке узатканы баратып,
“Ак бугуну” угалы деп сурандым...

Көргөн күнү көп күлдүрдү, ыйлатты,
Боло алдыбы бул өмүрдө бактылуу?
...Жолдо барам, жүрөгүмдү сыздатты,
Жоготуунун арман күүсү “Ак бугу”...

Сабыр айтып, сапарлаштар жубатты:
"Ыйманы ысык, пейли таза жан эле".
...Баардык доорду жашап өткөн сыяктуу,
Байыркымдай, тарыхымдай бар эле...

Айтпай кетти ак-карасын дүйнөнүн,
Неге күлдү? Неге көпкө жашыды?
Бири ыйлап, эстеп анан бирөөсү,
Өлгөнүндө өсө түштү кадыры.

Өлдү дешти, ичээр суусу түгөнүп,
Өлүм - чындык. Ким каршылык кыла алсын?
Акыретке узатканы баратып,
“Ак бугуну” угалы деп сурандым...
2019-ж.

*     *     *

Нарсулуу Гургубаевага

“Кантип жашап жаттың экен, жаралуум”
Калаада ошол ыйын, муңун мен билген?
Терезеңде улуп кыштын шамалы,
Эстеттиби жаратыңды эскирген?

Жашасам деп, жашай албай кыйналгам,
Өгөй дагы, өздөй эле шол калаа.
Уурдап баарын узап кеткен жылдардан,
Жашадың сен сүйүү күтүп, жол карап.

Жашадың сен жазыш үчүн Күн ырын,
Жандүйнөңдү тытмалатып туш-туштан.
“Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун”,
Сен сагынган деңиз үнүн уктурсам...

“Деңиз мени унутпасын, айт” дейсиң.
Деңиз кантип унуткарсын деңизди?
Балким сага керек эмес эми эч ким,
“Балким сага өчкөн жарык жетиштүү”.

Бурганактуу, кар-жамгырлуу тагдырга,
Көтөрүмдүүм, сен сыяктуу ким түттү?
Кылым муңдуу, ырың муңдуу... А сыртта,
“Бир качанган, бир жалтанган жыл бүттү”.

Жаштыгыбыз жолдо-түздө короду.
Жүрөктөгү максатыбыз бөксөргөн
Өмүрдү алды. Ушул боштук толобу?
Көңүл калды “жакшы” деген көптөрдөн.

Бир сүйүүнүн жолун карап, дирилдеп,
Жаштык кыска, жалп өчөрүн унуттуң.
Билем, азыр мага бейпил түн тилеп,
Адатыңча муңдуу, мукам ыр уктуң.

А бөлмөңдө үзүл-кесил шам жанып,
Аярлаган “жарым бактың” жанды эзет.
Кыярган өң, “кырк бир жаның” жанданып,
Кыш да өтөт, шамал токтойт, жаз келет...

*     *     *

Чарчатат ушул турмуш башаламан,
Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп.
Арманым, арызымдан тажабаган,
А деңиз жанымдагы жалгыз досум.

Жашоонун жасалмалуу шаңы менен,
Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим.
Жандарды жүрөгүмдү тааный элек,
Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.

Боштукка боюн таштап жылдар өлөт.
Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө.
Күнүмдүк жанган отко жылынам деп,
От жакпай койгон экем жүрөгүмө.

Жарыкка батпаган жан кайда батат?..
Жалган деп жашаганым чыным экен.
Сурабайм бакыт. Бактым алда качан,
Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.

Ыйласам болмок бүгүн, себебим көп.
Баягы оттуу нур жок карегимде.
Жашоонун өзү мага кереги жок.
Бакыттын эми мага кереги не?

Кезинде жаным менен жуурулгансып,
Кусалык жашачу эле жүрөктү эзген.
Керексиз бир сүйүүгө сыртым салып,
Сүйүктүү болгум келген күндөрдү эстейм.

Мен анда билбептирмин сүйүлүүдөн,
Сүйүүдөн жүрөк бир күн баш тартаарын.
“Кечир” деп катты баштап, катты аяктап,
Кете алсам, кетет элем таштап баарын.

Кете албайм. Өз колумдан шөкөттөлгөн,
Бул жашоо капас мага каалгасы жок.
Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбастыр от.

Өтпөстүр эми сүйүүм көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбайт бир от.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз