Алым Токтомушев: Жолоочум, тааныштырам Жумгал менен

  • 08.01.2022
  • 2943

Жумгал – бейиште эмес.
Эмес ал Швецария да,
ак булут аалам сайган уйкаш чоку,
кыямда күүгүм тарткан сарбан тоолор
турабы өз ордунда,
мезгилдин бороонунда?

Так ошондо дилгир кез, ууз сүйүүм,
тоо эмес, булут менен кошо көчкөн,
алаңдап коркунучтун отун уурдап
бергемин тирүүлөргө көрүстөндөн...

Жумгалда мүрзөлөр көп.
Эпсиз чоң мүрзө сындуу тоолор дагы.
Типтирүү суулар агат мүрзөлөрдөн
негедир тирлик демдин жаагын жанып,
негедир гүлдөр өсөт кындай кызыл,
сөздөрдөй издеп таппас айтылбаган...

Суулардай күкүктөнүп Жумгал акпайт,
Жумгалдай күкүктөнүп агат суулар.
Куту ушу – жазы жашыл, кышы аппак,
кеч калып, эрте келет канаттуулар.

Жумгалда аялдар көп арча тору,
белгисиз себеп менен эрин чанган.
А бирок аялдардан тагдырлар көп
белгисиз себеп менен кетип калган. 

Жумгалда эркектер көп, ноёндор көп,
жыгылып, буту сынган күлүктөрдөн.
А бирок эркектерден бакыттар көп,
белгисиз үрөйлөрдү күтүп көнгөн... 

Аппапак пирин көргүн Кызарт кыздын.
Көрдүңбү?! Көргөн болсоң, ойдуңдагы
апакем, жоолугундай өңдөрү азгын...
О менин кайгым дагы, оорум дагы...
6-январь, 73-ж.

ӨСКӨН ЖЕР
Билбеймин кандай ойлойт башкаларың,
Дуулдадым таң ойгонгон жолуңда айчык.
Түштөрдүн тили менен аскаларың
Тумандуу бир муңайым жомок айтып.

Сүйөнгөм сага – акыркы көз өңдөнгөн,
Өмүрдө канча муңдуу, канча куунак.
Таштардын тили менен өзөндөрүң
Таңшыган табышмактуу ырлар ырдап.

Көрүнгөн Бозбешиктен дүйнө мага,
Дүйнө мага – жармы түн, жармы жарык.
Нурлардын аванында күнкарамаң,
Миңкарама тирлик-демдин жаагын жанып.

Жашадым сууң бойлоп, кыйрыңда ойноп,
Өмүрдүн ысык-суук демин сезип,
Мезгилдин тили менен кылым бойлоп,
Өлбөстөн соккон жайда жер күрөөсү.
1972-73-ж.ж. Январь

СЕНИ СҮЙӨМ
Ш.К...га

Эмнеге сүйөөрүмдү билбей сүйөм,
кайгы, шат мен жашаган күндөй сүйөм.
Төп мага, төрт тарабың бирдей сүйөм,
эмнеге сүйөөрүмдү билбей сүйөм. 

Сүйөмүн атайылап сүйгүм келбей,
Сүйөмүн куттар жанган бир күндөрдөй.
Сүйөмүн тозок дебей, бейиш дебей,
Сүйөмүн атайылап сүйгүм келбей.

Сүйөмүн тагдыр дебей, таалай дебей,
Сүйөмүн кечтер дебей, таңдар дебей.
Сүйөмүн кайсы дебей, кандай дебей
Сүйөмүн тагдыр дебей, таалай дебей.

Сүйөмүн супсун катып сүйөм дебей,
Сүйөмүн сүйөнч кылар бирөө дебей.
Сүйөмүн кызыл дебей, күрөң дебей,
Сүйөмүн супсун катып сүйөм дебей.

Сүйөмүн зыйнат күтпөй, сүйүү күтпөй,
Сүйөмүн жаздай, кыштай, тирүүлүктөй.
Сүйөмүн коркунучтай, сүйүнүчтөй
Сүйөмүн зыйнат күтпөй, сүйүү күтпөй.
14-январь, 72-ж.

ТЫН
I

Баары өлөт бу турмушта:
ата да, апа дагы, эже-сиңди,
дос-тамыр, урук-нурктар, карындаштар...
бу турмушта өлөт баары.
Бул бир чындык тукум кууган.
О билем, жолугуу бар...
Жок кезде Цезарь анда, Венера анда,
жок кезде Рим кулу
жок кезде спарттар да, пацсаттар да
жок кезде жолугуу бар!

II  
Туулуу бар да кайрадан
ата да, апа дагы, эже-сиңди,
дос-тамыр, урук-нурктар, карындаштар...
мезгил бар кайра туулар.
О билем, дүйнөдө бар ажырашуу
кайрадан ажырашуу бар бу дүйнөдө...
дүйнөгө керек кезде:
Цезарь да, Венера да
дүйнөгө керек кезде
Рим кулу
спарттар, пацсаттар да керек кезде...

III
Дарчыдай калт-калт басып тагдырларда
кабылдым шаарга бу
кыйраган да, курулган да шаарга бу.
Наабайчынын көзүндөй жылтырап шамдар жанып
түтүн аккан коргошун – үшкүрүктөй
сандаган кыймылдарды мерей тутуп,
жарыкта бардыгына тооп кылып
кабаарган бу дүйнөгө жоктугуна
кабылдым шаарга бу.
Кабылдым да, ойго чөктүм:
Акын эмес (ата-а, аттиң!)
Падыша болуп алсам болмок экен.
14-январь, 72-ж.

МУЗДАК ЫР
Тып-тынч аккан улан турмуш заңында,
Тынчыбайсың, лоолап күйүп, жалындап.
А мен болсом издеп, таппайм, бир тал чий
Өчүп калган чылымымды жагууга. 

Китеп-жүзгө, гезит-сөзгө ишенип,
Үзгүң келет сан жылдардын кишенин.
Дүйнө болсо дуу дей түшөт, сага эмес
45-өтүгүнө Фишердин.

Акыл-эстин айгышында кан өлүп,
Актыгыңа жатсаң дагы камалып...
Көзсүз түндө түшкөн алсыз шооланы
Сен искейсиң, сезим менен балалык.

Эх, берекем, сен түбөлүк кааласаң,
Эпкиниңде жүрөр элем ар качан.
Бирок билем: жоолугуңдай жыртылам,
Бирок билем: көйнөгүңдөй алмашам.

Өкүнүчтүү болсо дагы бу чындык,
Кайда калдык?! Кайда качып кутулдук.
Эх, берекем, мүрзө дагы жакасын
Агартат да, ал гана эмес ушинтип.

Тып-тынч аккан улан турмуш заңында
Тынчыбайсың, лоолап күйүп, жалындап.
А мен болсом издеп, таппайм, бир тал чий
Өчүп калган чылымымды жагууга. 
23-январь, 73-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз