Өзүнө өзү ишенгендер гана баарын жеңет

  • 14.01.2022
  • 2286

Окутуунун жыйынтыгы

Акылман окуучулары менен сүйлөшүп атты. Кокустан залга бир кыздын атасы шашылыш кирди да, эч кимге көңүл бурбастан кызына кыйкырбаспы:

- Сен университетти ушул картаң келесоонун жомогуна алмаштырдыңбы? Бул жерден эмнени үйрөнөсүң?

Кыз акырын ордунан туруп, атасын сыртка ээрчитти:

- Бул мугалим менен баарлашуу эч бир университет бере албаганды, сизден коркпогонду жана сиздин татыксыз кадамыңызга кызарбаганды үйрөттү.

Көпөлөктүн сабагы

Көпөлөк бир жолу өз үлүлчөгүндөгү кичинекей тиликке кыпчылып калды. Муну капыстан өтүп бараткан адам байкап калып, көпөлөк тиликтен кантип чыгарын көпкө тиктеп турду. Биртоп убакыт өттү. Көпөлөк болгон күчү менен чыгууга аракеттене берди. Жардам бергиси келген киши тиликти кеңейтип, көпөлөк сыртка чыкты. Бирок ал шалдайып, тунук канаттары менен араң кыймылдап жатты.

Ал эми тиги киши көпөлөктүн канаттары күүгө келип, анын учуп кетерин күтүп тура берди. Эч нерсе болгон жок!

Денеси алсызданган көпөлөк майышкан канаттары менен жер шыпырган бойдон сүйрөлүп жөнөдү. Ал учууга да дараметсиз эле.

Ага жардам берүүнү каалаган адам кичинекей жылчыкчадан чыккан аракетин, денесиндеги суюктуктун канатка айланарын түшүнгөн жок. Аныгында: жашоо көпөлөктү өсүп, өнүгүү үчүн кыйынчылык менен чел кабыкты таштоого мажбурлайт эмеспи.

Баланы тарбиялоо да дал ушундай. Эгер ата-эне баланын мүшкүлүн анын ордуна жасап койсо, анда алар баланы руханий өсүү жолунан ажыратат. Бала жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө, өз алдынча аракет кылууга үйрөнүүсү керек.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз