Дилазык: Идеалдуу дүйнө

  • 09.07.2021
  • 2915

Бир король идеалдүү дүйнөнүн сүрөтүн ким мыкты тартып келсе, чоң байгенин ээси болорун жарыялайт. Королго көп сандаган сүрөтчүлөр өз эмгектерин алып келишти. Алардын ичинен король эки сүрөттү жактырып тандап алды. Эми эки сүрөттүн кимисине байге ыйгарышты чечиши керек эле.

Биринчи сүрөттө тоо арасындагы көл тартылыптыр. Күзгүдөй көл бетинде бир да толкун жок, үч тарабынан курчаган баштарын ак мөңгү баскан кереметтүү кооз тоолор анын тунук бетинде чагылышат. Көпкөк асман, ак мөңгүнүн алдында ак кебездей созулган ак булуттар. Бул сүрөт адамды жаратылыштын сулуулугу менен арбап, жан-дүйнөсүн тазарып, бейкуттукка бөлөп тургансыйт. Элдин көбү бул сүрөттө идеалдуу дүйнө чагылдырылган деп табышты.

Экинчи сүрөттө тоолор тартылыптыр. Тоо баштарын кара туман чулгап, чагылган жаркылдайт. Тоодон ылдый албууттанып, алдынан чыккан тоскоолдуктарды талкалап келаткан сел тартылыптыр. Бул сүрөттө бейкуттуктун изи да жок эле. Король сүрөттү үңүлө карап жатып селдин жээгиндеги аскадагы аянтчада бутактары сууга тиер-тийбес ийилип өскөн даракты көзү чалды. Дарактын арасында балапандарын канаты менен калкалап, уясында бейкапар олтурган кичинекей чымчык тартылыптыр. “Мына идеалдуу дүйнө!” – деди да король байгени ушул сүрөттү тарткан сүрөтчүгө ыйгарды.

Анткени, король бул сүрөттөн идеалдуу дүйнө бул тынч, эч бир көйгөйү жок бейкут жашоо эместигин, идеалдуу дүйнө сырткы кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай жан-дүйнөңдөгү бейкуттукту сактап, жаратылыш менен гармонияда жашоо экенин түшүнүптүр.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз