Мухаммед пайгамбар намаз окуган Кудустун баяны

  • 16.01.2022
  • 3584

Кудус шаары кимдер тарабынан канчанчы кылымда пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок Нух пайгамбардын небереси Хамдын уулу Кенандын урпактары курдурганы баяндалат. 3000 жылдык тарыхы бар Кудус шаары дүйнөдөгү үч динди карманган адамдар үчүн ыйык саналат. Жөөттөр Азирети Сулайман сыйынган батыш тараптагы дубалдын калдыктарынан калган “Ыйлоо дубалын” ыйык эсептешип, ошол жерде дубасын окуп, ыйлашат. Ал эми христиандар Иса пайгамбар болжолдуу түрдө көмүлгөн жерге тургузулган чиркөөгө (храм Воскресения Христова) сыйынып келишет. Мухаммед пайгамбар Миражга көтөрүлгөн жер Эль-Акса мечити болгон. Ошондуктан мусулмандар үчүн да өтө чоң мааниге ээ.

Тарыхка көз жүгүртсөк, Кудус шаары жалпысынан 23 жолу бийлик алмаштырып, 52 жолу талоонго учураган. Кудус Палестина менен Израилдин чок ортосунда жайгашкан. Ошондуктан эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кудусту Израил Иерусалим деп атап келет. 1967-жылы Израил Чыгыш Кудусту алты күндүк кандуу кармаштан кийин өзүнө каратып алган жана борбор шаар кылууга аракет кылып келишүүдө. Бирок дүйнө коомчулугу муну расмий тааныган эмес. Андан кем калышпаган Палестина да келечекте курулчу Палестина өлкөсүнүн борбору Чыгыш Кудус болот деген үмүттө. Акыркы маалыматтарга караганда шаарда 800 миңдей калк жашайт. Алардын 64% жөөттөр, 32% мусулмандар, 2% христиандар түзөт.

Кудус тууралуу тарыхтагы маанилүү 40 маалымат

1. Кудай таала тарабынан ыйык болушу буйрук кылынган Эль-Акса[1] жайгашкан шаар. Жер жүзүндөгү эң эски экинчи жана эң ыйык үчүнчү мечиттин жайы. Көптөгөн диндер ушул жерге түшкөн. Ар бир карыш топурагында нечендеген пайгамбарлардын эскерүүлөрүн жана издерин камтыган ыйык шаар – Кудус.

2. Үч диндин атасы Азирети Ибрахим жана жубайы Азирети Сара Кудуска жакын жердеги Себуда жашаган. Экинчи уулу Азирети Исхак ушул жерде төрөлүп, 160 жашында көз жумган. Андан башка Жакып, Жусуп пайгамбарлардын кабыры дал ушул жерде.

3. Азирети Лоттун жаштыгы өткөн жер. Ал кийинчерээк Лот көлүнүн айланасында жашаган калкка элчи катары дайындалган.

4. Азирети Муса жана Азирети Харун жөөт уулдары менен Эгипеттен чыгып, Кызыл деңизден өткөндөн кийин Алла таала Кудуска баруусун буйрук кылган. Азирети Мусанын күмбөзү өзүнүн тилеги менен ушул аймакта.

5. Азирети Давут Кудусту жер жүзүнүн борбору деп жарыялаган.

6. Азирети Сулаймандын буйругу менен шаар жиндер тарабынан курулган.

7. Азирети Сулайман курдурган ыйык шаар Вавилон падышасы Навуходоносор тарабынан өрттөлүп, талкаланган. Көптөгөн жылдар бою кандуу согуштун мекени болуп калат. Эли сүргүнгө айдалат.

8. Азирети Захария Кудуста араа менен таарылып, Азирети Йахянын башы алынган.

9. Азирети Мариям Эль-Аксанын чыгыш тарабындагы бөлмөсүнөн чыкпастан, Раббинин периштелер тарабынан жиберген ырыскысы менен азыктанган.

10. Азирети Иса кошуна шаар Вифлеемде атасыз туулуп, наристе кезинде сүйлөгөн. Кудус шаарында адамдарды динге чакырган. 33 жашка чыкканда Кудус шаарында Алла таала менен байланышууга чыккан.

11. Акыркы пайгамбарыбыз (Мухаммед) хижрадан кийин 17 ай Кудусту кыбыла катары карап, намаз окуган.

12. Пайгамбарыбыз Миражка чыкканда алгач Буракка[2] минип Меккеден кийин Кудуска барган.

13. Көзү көргөн жерге кадам шилтеген Буракты Эль-Аксанын дубалдарына байлаган.

14. Пайгамбарыбыз Кудуста дин жайылтуу иштерин жасаган.

15. Вавилондуктардан кийин ромалыктар тарабынан кайрадан талоонго учураган. Бирок Рома императору Адриан шаарды кайрадан оңдоткон.

16. Византия императору Константин бул шаарды христиан динине өткөргөн. Энеси Элена экөө жасалма кудайларды талкалатып, Ыйык Мазар чиркөөсүн курдурушат. Азирети Иса жуунган таш бешик, кийинчерээк Стамбулга Бешикташка алып келинген.

17. Бир нече кылымдан кийин халиф Азирети Умардын буйругу менен ислам ордосу бул шаарды каратып алышат.

18. Халиф Азирети Умар шаарды тазалатып, ислам динин жайылтуу үчүн Убайда ибн аль-Самитти казы кылып дайындаган.

19. Атактуу имам Убайда ибн аль-Самит да ушул аймакта жерге берилген.

20. Халиф Азирети Осман Кудус элин жакырчылыктан куткару үчүн көптөгөн эмгек жасаган.

21. Азирети Муавия Сириянын акими болуп турганда халиф Азирети Османды өлтүргөн башкесерлерди табуу үчүн Кудус элине ант берип, өзүн кийинки халиф катары жарыялаган.

22. Абдул-Малик ибн Марван жана Сулайман ибн Абдул-Малик да өз бийлигин жарыялоо үчүн Кудусту тандашкан.

23. Омейя халифи Абдул-Малик ибн Марван пайгамбарыбыз Миражга чыгууда баскан таштын үстүнө мечит курдурган. Ошол күндөн тарта ал мечитти Эль-Акса деп эсептеп калышкан. Кийин уулу Аль-Валид ибн Абдул-Малик Эль-Аксаны кайрадан курдурган халиф болуп калган.

24. Жер титирөөдөн зыян тарткан Эль-Аксаны Аббаси халифи Абу Жафар аль-Мансур оңдоткон.

25. Абдурахман Эвзаи,

26. Рабиа аль-Адавия, Бишр аль-Хафи, Сериюс Сакати сыяктуу аалым достор жашаган.

27. Тынчыбаган согуштардан улам жок болуп бараткан шаарды Фатимад халифаты кайрадан калыбына келтирген.

28. Селчук бийлиги башкарып турган 25 жыл аралыгында бул шаарга дүйнөнүн төрт бурчунан аалымдар агылып келген. Имам Газали көптөгөн сабагын ушул шаардан өткөн.

29. 1099-жылы каргыш урган Крестүүлөрдүн жүрүшү (Крестовые походы) бул шаарды басып кирип, Фатимад халифатынан шаарды тартып алган. Крестүүлөр мусулман менен жөөттөрдү кырып таштаган.

30. Селчук халифи Нур ад-Дин Занги шаарды кайрадан бошотуп алган.

31. 1185-жылы Кудус ордосунун Каирден Шамга бараткан мусулман кербендерине жасаган чабуулунан башталган согуш эки жылдан кийин Салах ад-Дин Айюбинин шаарды каратып алуусу менен аяктаган.

32. Крестүүлөрдүн жортуулунан 145 жыл өткөндөн кийин Кудус түрктөрдүн колуна өткөн.

33. Мемлүк султаныМухаммед ибнь Калаун 40 жыл бийлик жүргүзгөн.

34. 1517-жылы Явуз Султан Селим Кудусту мемлүктөрдөн бошотуп алган.

35. Сүлейман Султан Эль-Аксаны курчатып дубал, ал эми Хүррем Султан медресе курдурган.

36. 1799-жылы Наполеон Кудус шаарында Жеззар Ахмет Пашага жеңилген.

37. 1870-жылы жөөттөрдүн көчү Кудусту каптаган.

38. Султан Абдул-Хамид II Палестинага көчкөн жөөттөрдүн агымын токтотуу аракетин жасаган. Шаарды кайрадан оңдоткон.

  1.  
  2. 1948-жылы Израил мамлекети пайда болду. Ошондон бери Израил-Палестина кармашы уланып келүүдө.

Даярдаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Элб-Акса – мусулмандар үчүн ыйык жайлардын бири жана мусулмандардын алгачкы кыбыласы болгон деген ишеним бар.

[2] Бурак – пайгамбарыбыздын Миражка чыгуу үчүн минген унаасы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз