Өзбек жазуучусу Кучкор Наркабылдын чакан аңгемелери

  • 25.01.2022
  • 3330

БҮГҮН

Кемпир чай ичип отурат. Бир колунда телефон. Уулу эртең мененки тамакты жеп отурат. Бир колу бош эмес – телефондо. Келин казан кайнатып жаткан. Ал да ушундай абалда.

Чоң небереси аркы бөлмөдө чаң соргуч колдонуп жатат. Телефондун экранынан көзүн албайт. Абдыраган. Кичинекей небереси жумшак креслодо отуруп, чөнтөк телефондун экранынан көзүн албайт. Оюн ойноп жатат. Профессор үй-бүлөсүн карап, чочуп кетти. Бул үй-бүлөдө бардыгынын бир колу жок болчу.

ЖАШОО

Жаңы жыл келе жатат. Небереси сүйүнүп: "Өмүрүмө дагы бир жыл кошулду!" Чоң ата ойлонуп: «Өмүрүмдүн бир жылы өтүп баратат...» Небереси:

- Чоң ата, Жаңы жыл келе жатат!

Чоң ата:

- Эски жыл кетип баратат, балам...

ЭССИЗ... ЖАШТЫК

Жаштар лидери жазуучуга таң кала карап:

– Урматтуу жазуучу, келечек уюлдук телефону бар жаштардын колунда экени чындык. Муну моюнга алуу керек.

Бирок жазуучу да жаштар, келечек да уюлдук телефондун колунда экенин түшүнгөн.

КОРКУНУЧ

Дүйнө интернет океанына чөгүп баратат. Адамзат... Адамзат болсо бактылуу. Чөгүп кетпегендей бактылуу...

МАҢЫЗ

— Вася, мейли, куруп калсын, сен агам айткан ок-дары заводуна ишке орношсоң болмок.

– Нина, келесоосуңбу? Кантсе да биздин балдарыбыз бар! Үчөө тең эркек балдар!

– Эмне болуптур?

– Ошол октор баары бир бир күнү атылат ко...

ЭЛИМ

Эл аралык конференциянын башталышына бир нече мүнөт калды. Дүйнөгө таанымал европалык жазуучу дагы эле мени тиктейт: “Мен силердин элиңер жөнүндө көбүрөк билгим келет, алар укмуш эл экен, өзбектер...”. «Ооба, керемет эл менин элим!» деп конференц-залга кайрылам.

Белгилүү жазуучу мени ээрчийт:

- Элиңиз жөнүндө дагы толугураак элестетүү алсам дегем. Анын даанышмандыгын билдирген дагы бир даанышман макал айтсаңыз, — деди сабырыма от жагып.

- “Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер!” деген улуу сөзүбүз бар. Биз ушул сөзгө амал кылабыз, — дедим.

Улуу жазуучу калчылдап кетти. Ал таң калып мени тиктеп, селдейип калды. Ооба, мындай болушу табигый эле. Ал муну түшүнбөйт. Кайдан түшүнсүн.

Кыргызчалаган Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз