Өмүрбек Караев: Кийит

  • 26.01.2022
  • 2498

АҢГЕМЕ

Кыргыз деген кызык эл. Каада-салты эң эле көп. Заман өзгөрөбү, муун алмашабы - кеп эмес. "Эл эмне дейт" деген карандай сактаныч баш мээни эзип турат. Каада-салт сактоонун бараандуусу кийит кийгизмей шарапаты. Кийит кийгизүүнүн даражалуу да, туздуусу да кыз алып бала үйлөнткөндө, болбосо кыз берип куда күткөндө жасалчу жөрөлгө. Өзгөчө кыз берген тарап не сыйлуу, не даражалуу болот.

Маркабайдын алты кызы бар эле. Жоро-жолдоштору айтып калчу: "О сага пенсияга чыгып өкүмөттөн акча үмтөтүп деле кереги жок, улам бир кызыңды узатып калың алып, кийит кийгениң эле жетет". Жөн жеринен сөз чыкпайт да, ошондой эле болду. Биринчи кызын бергенде оокатту жерге туш болгон экен, кудай бетин салбасын калыңга да марып, кийити опосуз кымбыт баалуу болду. Кыздын атасына башына суусар тебетей, үстүнө костюм шым кийгизди, кыз алган куда бапыраңдап кийит кийилиши керек деп костюмун кийгизе салды эле, жеңи чолоюп, курсагы тиреп, топчулары топчуланбай калды. Ал жагдай эсепке алынган жок, негизгиси кийиттин кымбаты эле, анын ордун кыргыз аялдар ылдам эле табышат, андыктан анча көӊүл бөлүүнүн деле кереги жок, кымбат баалуу костюм кийген кыздын атасы, чөнтөк-башын аңтарып ырымы деп акчасын карматты кудасына. Эки куда кучакташып калышты, кыйкырык, ызы-чуу, ырдап жибергени бар, бийлеп атканы канча.

Жыл айланбай экинчи кызын узаттты, баягы костюмду жаңы кудасына кийгизишти. Анын шаан-шөкөтү да укмуш болду. Үчүнчү кызын күйөөгө бергенде капкара пальто кийип келди. Аялына айтты, сураныч жасаганы:

– Ушул кийит көңүлүмө дал келип турат, өзүм эле кийип алайынчы, конокко кийип барганга ылайык экен.

Аялы шар:

– Сен кийбегенде ким киймек эле, – деп жойпуланып тим болду.

Маркабай каадаланып, ылайыгы келген жерде кудам кийгизген пальто деп мактана калып бир эки жерге кийип барып келди.

Карым-катыш деген оңой эмес. Кымбат пальтонун тагдыры мүшкүлдүү өңдөндү. Маркабайдын кайын таекеси жетимишке чыгып той берип жаткан экен. Көздөй кайнисине көзгө толумдуу кийит кийгизбесе болбойт.

– Ылайыгы ушул пальто, – деп калды аялы.

– Үстүңдөн сыйырып алып да бирөөгө кийит кийгизчү беле! – деп үтүрөңдөмүш болду Маркабай.

Үй саясатын жүргүзүү башынан эле аялында болчу. Жаш өткөн сайын чарба саясаты акырындык менен өтүп кеткен. Аялынын айтканы айткан, дегени деген. Эбак чечилген ишти түшүндүрүмүш болду аялы.

– Мал энчилесек кымбатка түшүп калабыз, костюм шым апарсак жупуну болуп калчудай, ушу пальтону эле жапканыбыз ылайык. Сага дагы кудайдын буюрганы тургандыр.

Ошентип кара пальто кадырланып дагы бир адамдын көңүлүн алды.

Маркабайды аскер комиссариаты чакырып калды. А жерге сөзсүз аскер белети менен баруу керек. Маркабай аскер белетин издеп көпкө убараланды. Үйдү сапыра издешти, табылбады. Айла канча, Маркабай аскер белеттин ордуна паспортун алып аскер комиссариатына келди.

Камдык тизмедеги жөнөкөй аскерди комиссардын орун басарларынын бирөө кабыл алды. Аскер белетинин жоголгонун угар менен өңү-түсүн өзгөртүп коркутуп кирди:

– Аскер белетин жоготуу чоң кылмыш экенин билесизби? - деди ал.

– Билем, билем,- кантсе да айыл адамы эмеспи, аскер адамынан сүрдүгүп, сууга түшкөн тооктой бүрүшүп калды.

– Дүйнө жүзүндө кырдаал курчуп, коопсуздук маселеси өзгөчө көңүл борборунда турганда камдык тизмедеги ар бир жарандан кыраакылык талап кылынат. Сиздин бул жоругуңуз жакшы эмес. Мен муну тездик менен командарге билдиршим керек,- дегичекти Маркабай ордунан тура калды:

– Анте көрбөңүз, анте көрбөңүз! Утурумдук бир айласын табыңыз. Шашылыш болуп калды, дагы издеп көрөлүк. Аскердик белетим кайда жоголмок эле. Учуп кетчүдөй канаты болбосо, басып кетчүдой аягы жок болсо, тытып ыргытып жиберер кичинекей балдар деле жок үйдө. Бир айласын табыңыз, чоң сураныч, - деп жалдырап кирди.

– Аскер белет деген ар бир жарандын негизи документи да, - ого бетер сүрдөндү орун басар.

Жагдай татаалданып кетпесин дегенсип:

– Бүгүнчө бир айласын табыӊыз, мен да бир керегиӊизге жарап калармын.

– Айласын тапканда кандай?- деп аскер адамы оокат үмтөткөнсүп жоошуй түштү.

Ниетин дароо илип кетти Маркабай:

– Быйылкы төлдүн башы болгон чоң кара козу бар, бышып турат, ошону тирүү десең тирүү, союп десең союп, жиликтеп айткан жерге жеткирип берейин.

Ушундай сөздү күтүп тургансып, шарт чечилди ачкер адамы:

– Союп эле келиңиз,- деди ниетин тактады: – Эртеңкиге, мына бул дарек боюнча,- деп алакандай кагазга дарегин жазып карматты. Анан ордунан тура калып :

– Мен турганда бул жакка боло турган чакырык боюнча бир камтама болбоңуз,- деп каадалуу узатып койду.

*      *      *

Маркабай эң кенже кызын турмушка берди. Кулак кагыш сөздөр дароо коштолду, жаңы кудалар жөн жай жашашкан айылдын карапайым кишилери экен. Эл оозунда элек жок, сөздөр сүйлөнө берет, куданы эч ким тандабайт эмеспи. Өзү деле карапайым бүлө да. Ушуларды угуп-билип кыз тарап кийит жупуну болуп калса капа болбойбуз деп ниеттенип келишкен. Жаңы кудалар деле башкалардан кем болбойлу деген немелер окшойт, баш кийитке Маркабайга кубулган кара пальто кийгизишти. Анын өлчөмү бап келип раса жарашып калды. Ойдогудай болгонуна эки тарап тең ыраазы. "Эми муну өзүм эле кийип алайын, аял дегениң азгырма болчу эле, заматта эле будамайлап жок кылып жибермей адаттары көп" деп ой чуркаткычакты бирөө обон созуп калды, кудаңыз тимеле заказ берип алдырган окшойт, жалаң тойлорго кийип жүрүңүз. Ушул сөз Маркабайга ого бетер дем болду.

Кыргыздын кызык окуясы үйгө келгенде болду. Жагып калган жарашык пальтону дагы бир кийип көрөйүн деп Маркабай аялынан суранды. Аялынын көңүлү жок:

– Киерсиң убагы келгенде, – деп мулжуңдап койду.

Дилгир сезим жанды жай алдырар эмес, кайра суранды Маркабай. Бу саам аялы үндөгөн жок, кара пальтону каадаланып үстүнө жапты. Оңдонуп кийип атып кобуранып алды Маркабай:

– Илгери бир кызымдан ушундай кийит кийип келдим эле, экинчи жолу куюп койгондой пальто кийип жатканымды карасаң, – деп жагалданып күзгүгө бир көрүнөйүнчү деп жөнөп калды, негедир ички төш чөнтөгү дулдуят, этикеткасы чыгар, мынча эмне калың деп бейкапар колун салып сууруп чыкты эле…көргөн көздүн айыбы жок, баягы жоголгон аскер белет! Мындан он жыл мурун дайынсыз жоголуп, жиги билинбей калган аскер белет!

Эстеди, ара чолодо аскер белетин кармалап отуруп, үчүнчү кызынан кийип келген ушул пальтонун төш чөнтөгүнө салып койгонун. Учурунда эсине жара кирип эстей албай койгонун карабайсыңбы. "Кайран гана кара пальто! Он жыл ичинде канча адамга кийит болуп кийилип, алардан көңүлүн алдың экен, канча жерди кыдырып, колдон колго өттүң экен, эми минтип кайра өз колума келип отурасың". Ошого да тобо деш керек. Белети табылганына кубанайын деди, негедир жүрөк булкунган жок, көрсө, Маркабайдын жашы аскерге даярдыктан өтүү курагынан өтүп кетиптир, азыр аскер белеттин ага кереги деле жок болуп калыптыр. Ошондон уламбы, аскер белетим табылды деп аялына деле, кыздарына деле сүйүнчүлөп бапыраңдаган жок.

Кара пальтодо катылган аскер белеттин аӊызы мурун да айылган эмес, бу саам да орунсуз болуп ойдо жашап кала берди.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз