Караевдин аңгемелерине адабий анализ

  • 07.05.2020
  • 3587

Өмүрбек Караевдин “Таймаш” аттуу тандалган аңгемелер жана повесттер жыйнагындагы аңгемелерди окуп жатып, автордун тилинин жатыктыгын, көтөрүп чыккан көйгөйлөрдү ачып берүүдөгү стилдин, ыкмалардын кылдаттык жана чеберчилик менен колдонулгандыгын, жазуучунун аңгеме жазуудагы мол тажырыйбасын дароо байкоого болот.

Прозалык чыгармалардын аңгеме жанры башка жанрларга (повесть, роман) салыштырмалуу кыйла татаал келет да, дасыккан чеберчиликти талап кылат. Себеби бул жанрдын көлөмү чакан болгондуктан, көтөрүп чыккан теманы ачып бериш үчүн аңгеменин тилинде, сюжетинде, композициясында ашыкча эч нерсе болбошу керек. Бардыгы зымга тизгендей орду-орду менен колдонулуп, автордун берейин деген ою болушунча электен өткөрүлүп чыгышы керек. Башкача айтканда, “тоодой ойду томуктай сөзгө батыруу” дегендик. Мына ушулардын баары өз орду менен ишке ашканда гана чыныгы аңгеменин элеси жарк этип көрүнөт.

Дал ушул өңүттөн алып караганда, Ө.Караевдин аңгемелери дасыккан чеберчиликтин, кылдат сүрөткерликтин, жатык жана ийкемдүү тилдин, ыңгайлуу стилдин, турмуштук мол тажырыйбанын жана да чыныгы чыгармачылык аң-сезим менен кылынган мамиленин толтосунан сарыгып чыккан шире сымал окурманды кайдыгер калтырбайт. Окуп бүтүп, оюңду бир жерге топтой албай отуруп кала турган абалдарга туш болосуң. Бул туурасында адабиятчы К.Абакиров өзүнүн “Ө.Караевдин чыгармаларына сереп” аттуу макаласында: “Адамдардын адамдык жүзүн, жашоо образын жана философиясын баштан аяк ачы берүү максаты роман сындуу кең понарамалуу жанрларга мүнөздүү болсо, аңгемеде андай мүмкүнчүлүк жок. Муну билген мыкты аңгемечилер бир үзүм турмуш, көнүмүш көрүнгөн адамдык мамилелер жана көз караштар, алардын турмуштун өзүндөгүдөй көп түркүн айкалышы аркылуу роман же повестке ылайыктуу жогоркудай максатты чакан форматта, үнөмдүү жүзөгө ашырууга умтулушат. Алардын чеберчилиги чоң мазмунду аңгеменин формасына сыйдырууда таасын көрүнөт. Ушул өзгөчөлүктү жакшы түшүнгөн Ө.Караев азыркы кыргыз адабиятындагы мыкты аңгемечилердин бири десек болот. Сюжеттик-композициялык жактан тыкан уюштурулуп, артыкбаш деталдардан, эпизоддордон арытылган, көп сөздүүлүктөн алыс турган, стилдик маданияты толук калыптанган анын аңгемелерин М.Элебаев менен Т.Сыдыкбековдун, М.Гапаров менен А.Саспаевдин (ж.б.) салттарын жаңы өңүттө улаган, аңгеменин улуттук адабиятыбыздагы көрөңгөлүү уюткусунун наркын түшүрбөгөн чыгармалар катары баалаганыбыз абзел” [Ала-Тоо журналы, №11 саны, 2016-жыл, 158-б.].

Жазуучунун аталган жыйнакка кирген аңгемелериндеги көтөрүлгөн көйгөйлөр ар түрдүү келип, кыргыз коомчулугун эки башка (союз убагындагы жана эгемендүүлүк жылдарындагы) учурундагы тарыхый кырдаалдарды, элдин социалдык-маданий, саясий-эканомикалык абалын чагылдырып турат. Маселен, “Өткөн экен бир өмүр”, “Оомал-төкмөл дүнүйө”, “Сезимдеги козголоң” “Тогуз булак баяны” аңгемелеринде советтик бийликтин кыргыз элине кылган мамилеси, коммунистик партиянын үстөмдүгү сырттан келген жетекчилердин эмес, өзүбүздүн ичибизден чыккан жетекчилердин колу менен жүргүзүлүп, эл үшүн алып, адам тагдырларын каалагандай калчагандыктарын, кошоматчылыктын, өзүн гана ойлогон өзүмчүлдүктүн, буйруктан башка эч нерсе аткара албаган коркок, жалтак атка минерлердин бейнелерин чеберчилик менен таамай-таасын, элестүү  ачып бергенге жетишкен.

Мисалы, “Оомал-төкмөл дүнүйө” аңгемесиндеги колхоз башкармасы Арууке Калкожону колхоздун ачкачылыктан кырылып жаткан коюна чөп бербей койгондугу үчүн камчы менен сабап, анысы аз келгенсип  НКВДнын колуна салып берет. Бирок өзү да колхоздун коюн кырып алганы үчүн соттолуп кетет. Ал эми “Өткөн экен бир өмүрдө” райондон келген уполномочундун өктөм сүйлөгөн сөзүнөн коркуп, айылдагы Момун чалды эл душманы деп арабага салып берген Мергенбайдын образы да бир топ элестүү түзүлгөн. “Сезимдеги козголоң” аңгемесинде советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилишинин себебин жакшы түшүнө албаган Майып Мамбет советтик бийликтин бул кылганын туура эмес деп чечип, каршы чыгат. Бул төрт аңгемеде советтик бийликтин адилетсиздигинен, мамлекеттин келечеги үчүн эл көзүнчө күйүп-бышканы менен иш жүзүндө “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген”, “казак-кыргыз жоо болсун, кара башым соо болсун” деген принциптерге таянып иш кылган коммунистик партиянын абалын ачыктап берет.

“Шахмат”, “Дүмүр”, “Жашоодогу бир сабак”, “Суу талаш”, “Тирүүлөй жетим”, “Апам жөнүндө”, “Куурап калган мажүрүм тал”, “Ээр чапкан адам” аңгемелеринде турмуштук ар кыл жагдайлар жайынча гана баяндалып, ал кырдаалдарга, турмушка карата адамдардын мамилеси, оң жана терс сапаттары өз деңгээлинде мыкты чагылдырылып берилген. Мисалы, “Шахмат” аңгемесинде Руслан, өзүнө  шахмат ойногонду үйрөткөн татар чалды анын көзүнүн азиздигин эске алып, балалык сезимдерге арбалып, алдап утуп алгысы келет. Муну байкаган абышка Русланга көңүлү ооруп, аны жаман көрүп калат. Ошондон көп өтпөй бала шахмат боюнча шаардык мелдеште биринчиликти багындырат жана жеңишин өзүнүкү эмес, татар чалдыкы деп эсептейт, анын элесинен кечирим сурайт. Бул көрүнүштөн адабиятчы К.Абакиров, жогоруда сөз кылган макаласында мындай жыйынтык чыгарат: “Демек, тестиер Руслан мыкты шахматчы гана эмес, мыкты адам болуу жолунда экендигине ишенсек болот. Кеп ушунда” [Ала-Тоо журналы, №11 саны, 2016-жыл, 154-б.].

Бул аңгемелер союз убагындагы колхоз-совхоздордогу элдин жашоо-турумушун чагылдырып турат.

Ал эми “Багбан чалдын тагдыры”, “Кресло”, “Чек арадагы эски там”, “Апам аман болсунчу”, “Куу чирендин өлүмү”, “Эки тагдыр” аттуу аңгемелери менен союз тарап, эл карайлап өкмөттүн колун карап, кыларга иши жок көчө-көчөдө туш келди басып, карта ойноп, аракка берилип кеткен элдин абалын көз алдыга даана тарта алган. Мисалы, “Багбан чалдын тагдыры” аңгемесинде атасынан мураска калган алма багын сугарып, бутап, дарылап, түшүмүн сатып, кем-карчысын толуктап, базар экономикасына ыңгайлаша жашай баштаган Жумаш аксакалдын өмүрүнүн соңку ирмемдери баяндалат.

Күндөрдүн биринде анын алма багына чоочун эки бала келип, көчө жактагы алма бактарыңды бизге сат, ансыз деле булар карып калыптыр, кыйратып түшүм бербейт, андан көрө биз буларды сизден сатып алып, эшик жасайлы, бизге да, сизге да акча болуп калат, макул десеңиз ордуна жаңы көчөт тигип берели деген балдарга Жумаш аксакал көңүлдөнбөйт. Ошондон көп өтпөй абышка кемпири экөө кыздарыныкына кетип, бир жумадан кийин келсе, көчө жактагы алма бактарын белгисиз бирөөлөр кыйып кеткен болот. Урууну табам деген аксакалдын ою таш кабат. Аны шаардагы тактай тилген ишкана короосуна киргизбей, аким менен милиция тил эмизип иттен чыгарып коёт. Анысы аз келгенсип жаратылышты коргоо коомунан эки жигит келип түшүм берип, абаны тазалап турган бактарды биздин уруксатыбыз жок кыйып алганыңыз үчүн жооп бересиз, айып пул төлөйсүз деп опузалашып, протоколго кол койдуруп алып жаткан жеринен Жумаш аксакалдын “карыган башы барак үстүнө шалак дей” түшөт. Бул аңгемеде өлкөдөгү өзгөрүүнү, баары акча табуунун амалын издеп, абийир, ынсап дегенден кол жууп, “заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген принцип менен жашай баштаган адамдардын типтүү образын (чиновник, милиция, ишкерлер) кыйла таасирдүү түзө алган.

“Апам аман болсунчуда” замандын агымына ыңгайлашып, акча табуунун жаңы жолдорун таба баштаган бир кыргыз үй-бүлөсү тууралуу баяндалат. Союз тарагандан кийин эл сыяктуу эле ишсиз калган Бөкөмбай таякесинин жардамы менен тегирмен иштетип ирденип кетет да, пейили бузулуп, кошуна кемпирди акыркы сапарга узатууга  келгендерди үйүнө киргизгиси келбей бир тырчыса, эл кеткенден кийин аялы экөө “бирөөнүн ичи доңуз, бирөөнүн ичи деңиз” дешип, арча түтөтүп аласташат да, байкоостон жаңы салган үйүн өрткө алдырып алышат.

Аңгемени К.Абакиров төмөндөгүдөй жыйынтыктайт: “Жарданып карап турган элдин бири да жардамга келбейт. Колунан баары келип турганда эч кимге жардамы тийбеген немеге эл ушундай “жооп” берет. Бөкөмбайдын көзү мына ошондо гана ачылат. “Дүнүйө колдун кири” экенин, эң башкысы, баарын эл менен бир көтөрүү, бир көрүү керектигин түшүнүп, апасынын “өрттөнсө үй өрттөнгөндүр...”, “муну менен өмүр бүтпөйт да” деген сөздөрү ага дем болот. Адам өмүрүндө чанда кездешип, жашоого болгон көз карашын, мамилесин кескин өзгөрткөн мындай кырдаалдын сабак болчу жактарын Ө.Караев кургак акыл-насаат айтпай, турмуштун өзүндөй ынанымдуу жана чебер сүрөттөп берет” [Ала-Тоо журналы, №11 саны, 2016-жыл, 154-155-б.б.].

“Кресло”,  “Куу чирендин өлүмү”, “Эки тагдыр” аңгемелеринде өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийинки мамлекеттик чиновниктердин кошоматчыл, бюрократчыл, төрө пейил, “пулуң болсо кулуңмун” деген образдарын; мамлекеттеги акча, тааныш аркылуу жүргүзүлүп жаткан кадр саясатын жеткилең иштеп чыгып, мыкты деңгээлде көркөм жалпылай алган.

Мамлекетибиздин көп жылдардан бери бирден бир көйгөйү болуп келе жаткан чек ара маселеси жана биздин өлкө аркылуу мыйзамсыз түрдө чет мамлекетке ташылып кетип жаткан баңги зат көйгөйү “Чек арадагы эски там” аңгемесинде кабыргасынан коюлуп, бүйүр кызыткан сюжеттик сызыктар аркылуу таамай сүрөттөлүп берилген. Аңгеменин жалпы фонунда кеп Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси тууралуу болуп жатканын баамдоого болот. Автор чыгарманын башында: “...Бу тамдын өзгөчөлүгү ушу, үч бөлмөлүү үйдүн жарымы бир өлкөгө карайт да, калган бөлүгү экинчи өлкөнүн аймагында. Анын сыры эң эле жөнөкөй, кечээ жакында бөлүнгөн эки өлкө эбегейсиз чоң империянын тутамында эле, ошол империя кумдай эшилип кулап калган кезде ушул үйдүн дал ортосунан чегара өтүп жатпайбы. Убагында эч күмөн ой жок салынган үч бөлмөлүү үй ошентип экиге бөлүнүп каларын ким билиптир” [Караев Ө.: “Таймаш”, 2015: 146-б.] дейт да, Өзбекстан Республикасын кыйыр түрдө: “...Күүгүм кирип калган. Тартиби катуураак өлкө тараптан алка-шалка терге түшүп баягы тааныш бала кирип келди” [Караев Ө.: “Таймаш”, 2015: 146-б.] деп атайт.

Аңгемеде троптун түрлөрүнөн болгон метафоралык ыкма арбын колдонулган. Саргалдай апанын жармасын ичебиз дегендер эки өлкөдөн агылып келип турат. Ал киши кеп болуп жаткан чек арадагы эски тамдын ээси. Үйдүн эшиги биздин өлкө тарапта жайгашкандыктан, “тартиби катуу” өлкөнүн жарандары чек арадан өтүп келип жарма ичүүгө аргасыз болушат. Бул ыңгайсыздыкты жоюу үчүн коңшу өлкө тараптан да эшик ачылат. Бул көрүнүш менен автор, өлкөбүздүн дүйнөлүк жана КМШ деңгээлиндеги пайдалуу да, пайдасы аз да келишимдерге кол коюп, койнун ачкан, же болбосо экс-президентибиздин тили менен айтканда, “Кыргызстан наш общий дом” деген саясатын кыйыр түрдө метафоралык жол менен чагылдырып тургандай элес калтырат. Албетте, бул аңгеме  түздөн-түз аталган эки өлкөнүн чек ара маселесин анык чагылдырган деген пикирден алыспыз. Чыгармада турмуш чындыгы механикалык түрдө кандай болсо ошондой көчүрүлбөстөн, адабиятын нормаларына ылайык троптун түрлөрү аркылуу көркөм жалпылаштырылган. Биз мындай түрдөгү чыгармаларды окуп жатканыбызда, С.Кайыпов агай айткандай, көркөм чыгарма катары барактап жатып, азыркы абалдан кабар берген социологиялык анализ-синтез бар экендигин, социологиялык булак катары карап жатканыбызда көркөм адабий чыгарма экендигин эске алсак кыйла туура болчудай.

Жазуучунун чыгармачылык ишмердүүлүгүндө турмуштун, көбүнесе, негатив жактарын баяндап, таргедиялык финиш менен аяктаган жактары көбүрөк учурарын байкоого болот. Бул өзгөчөлүктөн улам (башка кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылыгында да бул өзгөчөлүктү байкоого болот), О.Ибраимов агай айткандай, биздин элдик оозеки чыгармачылыкта улуу эпосубуз “Манас” башында турган кенже эпосторбуз “Эр Табылды”, “Курманбек”, “Жаңыл Мырзалардын” трагедиялык финиш менен аяктагандыгы менен байланышы барбы деген суроо кайрадан коюлат. Биздин оюбузча, дал ушул суроонун жообун алыш үчүн бул багытта бир катар илимий иштердин жүргүзүлүшү керек деп ойлойбуз.

Автор чыгармаларында пейзаждык сүрөттөөлөрдү, анын ичинде бак-дарактар менен жалбырактарды, тоолор менен талааларды, аба ырайынын ар түрдүү абалын чеберчилик менен колдонгон. Булар каармандардын образдарын ачууда, сюжеттин татаалданып-чиеленишинде, кульминациялык чекке жетип чечилиш жолдорун карай багыт алышында алмашылгыс каражат катары кызмат өтөйт. Мисалы, жамгыр жана жалбыракка байланышкан эпизод “Өткөн экен бир өмүр” аңгемесинде мындайча берилет: “Мергенбай эмне дээрин билбей, не оозунан сөз кетип, сезиминен ой качып, шалдыра, отуруп калды.

Сыртта күүгүм кирип боз түшүп күз жамгыры акырын-акырын себелеп келди. Терезеинин түбүндөгү чоң чынар теректин жалбырактары бирин-серин каалгып түшүп, терезени чырт-чырт урат” [Караев Ө.: “Таймаш”, 2015: 18-б.], ал эми “Суу талаш” аңгемесинде теректер тууралуу сөз болот: “Тулаң чөптөр түбөлүктү ашкерелеп жапжашыл. Бака теректер дүпүйүп зор болгон экен” [Караев Ө.: “Таймаш”, 2015: 63-б.]. “Багбан чалдын тагдырында” бул өзгөчөлүк айрыкча таасирдүү берилген: “Күзгү күн ала булуттардын арасына кирип кетти. Аны коштоп жел жүрдү. Баятан бирин-серин түшүп жаткан жалбырактар бапырап кетти. Ансайын бак-дарак жылаңачтанып көрксүз боло баштады. Зээн кейиткен маанай. Айрыкча өмүр күндөрү саналып калган карт адамдар үчүн көңүлсүз ойлорго алдырган жагдай” [Караев Ө.: “Таймаш”, 2015: 121-б.]. Жазуучунун обораз жаратууда, сюжет түздүүдө  бул түр предметтерди тандап алышы анын төрөлүп-өскөн жеринен таасирлениши менен байланыштуу болуш керек деген ойдобуз. Себеби чыгармачыл адамдар жашоону өзү жашаган аймактын өзгөчөлүктөрү аркылуу таанып-билет жана аны өз чыгармачылыгында сөзсүз чагылдырат. Когнитивдик лингвистикага байланыштуу эмгектердин баарында ушундай аныктама берилет[1]. Ө.Караевдин туулуп-өскөн айылы “чырпык сайсаң чынар болуп баш алган” касиеттүү Сары-Өзөн Чүйдүн Кегети айылы экендиги биздин жогоруда айткан оюбузду далилдөөгө жетиштүү деп ойлойбуз.

Жыйынтыктап айтканда, Ө.Караевдин кыргыз адабиятынын аңгеме жанрында өзгөчө орду бар экендиги талашсыз. Анын кыска жана нуска жазылган аңгемелеринде кыргыз элинин өткөн кылымдагы жана өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдарындагы жашоо-турмушу, баалуулуктары, коомдук-саясий абалы элестүү чагылдырылып берилген. Жазуучунун чыгармалары дагы тереңден каралып, бир катар илимий иштин объектиси боло аларын айта кеткибиз келет.

Аны менен катар ар бир жазуучу өз чыгармачылыгы аркылуу кыргыз адабий тилинин деңгээлин бир баскычка жогору көтөрүп жүрүп олтурат. Автордун аңгемелери  эне тилибиздин өнүгүшүнө, калыптанашына, жаңы табылгаларга ээ болушуна салым кошкондугу менен да баалуу.

Жакшылык Ынтымак уулу, КТМУнун Коомдук илимдер институтунун магистранты

Колдонулган адабияттар:

1. Караев Ө.: “Таймаш”, Бишкек, “Турар” 2015-ж.;

2. Абакиров К.: “Караевдин чыгармаларына сереп”, Жаңы Ала-Тоо, 2016-ж., №12 саны;

3. Кыргыз тилинин сөздүгү, КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, “AVRASYA PRESS” Бишкек, 2010-ж.;

4.Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Мамлекеттик тил жана энциклопедиялык борбору, Бишкек 2009-ж.

5. Маслова В.А., “Лингвокультурология – учебное пособие”  Москва, academia 2001-ж.;

6. Маслова В.А., Пименова М.В. “Коды культуры в пространстве языка”. Санк-Петербург, 2015-ж...


[1]    1.Маслова В.А., “Лингвокультурология – учебное пособие”  Москва, academia 2001;

      2.Маслова В.А., Пименова М.В. “Коды культуры в пространстве языка”. Санк-Петербург, 2015;

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз